Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 17-сентябры № 205
Жергиликтγγ бюджеттен
кошумча акча каражаттарын
бѳлγп берγγ жѳнγндѳ
Ош шаарынын мэриясынын, атуулдардын жана мекеме-уюмдардын жергиликтγγ бюджеттен кошумча акча каражаттарын бѳлγп берγγ жѳнγндѳгγ каттарын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2014-жылдын 16-июлундагы № 16, 2014-жылдын 22-августундагы № 17-жана 2014-жылдын 15-августундагы № 20-токтомдорун ошондой эле сессияда чыгып сγйлѳгѳн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2014-жылдын 16-июлундагы № 16, 2014-жылдын 22 - августундагы № 17 жана 2014-жылдын 15-сентябрындагы №20-токтомдорунун негизинде №1-тиркемеге ылайык жергиликтγγ бюджеттен кошумча акча каражаттарын бѳлγп берγγгѳ жана бекитилген бюджетке ѳзгѳртγγ киргизγγгѳ макулдук берилсин (тиркеме тиркелет).
2. Ош шаардык балдар сγт ашканасы муниципалдык мекемесинин 2014-жылдагы бюджетинен 200,0 миң сом акча каражатын аталган сγт ашканасына кызматтык автомашина сатып алуу γчγн Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын титулдук баракчасына которууга уруксат берилсин.
3. Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгына, Ош шаардык каржы башкармалыгы менен биргеликте башкармалыктын 2014-жылдагы титулдук баракчасынын эсебинен 4700,0 миң сом акча каражатын таап шаардагы ирригациялык курулуштардын оңдоо иштерине жумшоосу жана аткарылган жумуштар боюнча жылдын жыйынтыгы менен отчет берγγсγ милдеттендирилсин.
4. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).
5. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б.Эргешов) жγктѳлсγн.
Ош шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
У.Примов |
Ош шаардык Кеңешинин
2014-жылдын 17-сентябрындагы
кезектеги XX сессиясынын
№ 205 - токтомуна №1-тиркеме
Бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2014-жылдын 16-июлундагы отурумунун №16-токтомуна ылайык жергиликтγγ бюджеттин эсебинен бѳлγнγγчγ кошумча акча каражаттарынын тизмеси:
-5,0 миң сом акча каражатын 2014-жылдын жергиликтγγ бюджеттин аткарылуусунун 9-айынын жыйынтыгы менен Кыргыз Улуттук жазуучулар союзунун мγчѳсγ К.Шадыбековго Ч.Айтматов жѳнγндѳ ыр тγрγндѳгγ жазылган китепти чыгарууга жардам иретинде;
-50,0 миң сом акча каражатын 2014-жылдын жергиликтγγ бюджеттин аткарылуусунун 9 айынын жыйынтыгы менен Ош шаарындагы «Манас-Ата» аймактык Кеңешинин кеңсесинин айланасын темир тосмо менен тосууга;
-200,0 миң сом акча каражатын 2014-жылдын жергиликтγγ бюджеттин аткарылуусунун 9-айынын жыйынтыгы менен Ош шаардык клиникалык ооруканасынын нейротравматология бѳлγмγнγн жаңы аппарат туруучу жайына тосмо бѳлмѳ куруу γчγн;
-858600 сом акча каражатын Ош шаарынын мэриясынын жана Ош шаардык Кеңешинин кызматкерлерин 2014-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен сыйлоо γчγн 2014-жылдын бюджетинин 6 айынын киреше бѳлγгγнγн ашыкча аткарылуусунун эсебинен. Ош шаарынын мэриясы: 642900 сом, Ош шаардык Кеңеши 215700 сом.
Бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2014-жылдын 22-августундагы отурумунун № 17-токтомуна ылайык жергиликтγγ бюджеттин эсебинен бѳлγнγγчγ кошумча акча каражаттарынын тизмеси:
1. Тѳмѳнкγ маселелерге Ош шаарынын 2014-жылдын бюджетинин 6 айынын киреше бѳлγгγнγн ашыкча аткарылуусунун эсебинен акча каражатын бѳлγп берγγгѳ макулдук берилсин:
-125680 сом акча каражатын Ош шаарынын мэриясынын жеке турак-жай куруу, жер пайдалануу жана турак-жай маселелери боюнча департаментинин кызматкерлерин 2014-жылдын жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен акчалай сыйлоо γчγн;
-45640 сом акча каражатын Ош шаарынын мэриясынын инвестиция тартуу жана тышкы экономикалык байланыштарды ѳнγктγрγγ комитетинин кызматкерлерин 2014-жылдын жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен акчалай сыйлоо γчγн;
-57212 сом акча каражатын Ош шаарынын мэриясынын ѳнѳр-жайын жана ишкердγγлγктγ ѳнγктγрγγ башкармалыгынын кызматкерлерин 2014-жылдын жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен акчалай сыйлоо γчγн.
Жалпы сумма: 1 342 132 сом
Бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2014-жылдын 22-августундагы отурумунун №17-токтомуна ылайык бекитилген бюджетке киргизилген ѳзгѳртγγлѳрдγн тизмеси:
2.Ош шаардык жолдор башкармалыгынын 2014-жылдагы титулдук баракчасында Ош шаарындагы Навои кѳчѳсγндѳгγ кѳпγрѳнγн курулушуна каралган акча каражатынын эсебинен:
-10,0 млн. сом акча каражатын Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын 2014-жылдагы титулдук баракчасына жергиликтγγ бюджеттен кошумча γлγш катары каржылануучу иш чараларды каржылоо γчγн (соофинансирование);
-1900,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын мэриясынын ремонт иштерине, жабдыктарды алуу жана кызматтык сапар чыгымдары γчγн;
-5,0 млн. сом акча каражатын Ош шаарынын МЖК конушундагы отказандын оңдоо иштерине;
-1500,0 сом акча каражатын Жапалак айылдык башкармалыгына караштуу Кеңеш айылындагы балдар бакчасынын курулушу γчγн бѳлγп берγγгѳ макулдук берилсин.
3.Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын № 187-токтомунун негизинде 2014-жылга Ош шаарындагы мектептердин 1-4-классстарынын окуучуларына тамак-аш уюштурууга бѳлγнгѳн 19,0 млн. сом акча каражатынын 12900,0 миң сомунун жана «Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасына техникалык иштен чыккан автоунааларын оңдоо γчγн бѳлγнгѳн 1,0 млн. сом акча каражатынын каржы булактары жоктугуна байланыштуу аталган акча каражаттарын Ош шаардык жолдор башкармалыгынын 2014-жылдагы титулдук баракчасында Ош шаарындагы Навои кѳчѳсγндѳгγ кѳпγрѳнγн курулушуна каралган акча каражатынын эсебинен бѳлγп берγγгѳ макулдук берилсин.
4.Ош шаарынын капиталдык курулуш башкармалыгынын 2014-жылдагы титулдук баракчасындагы жалпы каралган акча каражатынын шарттуу γнѳмдѳлгѳн бѳлγгγнγн эсебинен 306,0 миң сом акча каражатын Ош шаарындагы Космонавтар сейил багын жарыктандыруу иштерине Ош «Шаарсвет» электр жарык тармактар ишканасына бѳлγп берγγгѳ макулдук берилсин.
5.Ош шаарынын бюджетинин 2014-жылдын 1-январына карата калдыгындагы 6750,0 мин сом акча каражатынын эсебинен 1,0 млн. сом акча каражатын Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын шайлоочулардын алдындагы суроо-талаптарын аткаруу γчγн бѳлγп берγγгѳ макулдук берилсин.
6.Ош шаарынын Байтемиров кѳчѳсγнγн № 72-γйγнγн тургуну Р.Атырованын γйγнγн чатырын жабуу γчγн 50,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын бюджетинин 2014-жылдын 1-январына карата калдыгындагы депутаттардын шайлоочулардын суроо-талаптарын аткарууга каралган 1,0 млн. сом акча каражатынан бѳлγп берγγгѳ макулдук берилсин.
Бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2014-жылдын 15-сентябрындагы отурумунун №20-токтомуна ылайык бѳлγнгѳн акча каражаттарынын бекитилген бюджетке киргизилген ѳзгѳртγγлѳрдγн тизмеси:
1.Футбол боюнча Кыргыз Республикасынын жогорку лигасындагы командалар арасындагы чемпионатты ийгиликтγγ ѳткѳрγγгѳ «Алай» футболдук клубуна кошумча 2194,0 миң сом жана соттун чечимин аткаруу γчγн Ош шаардык А.Суйумбаев атындагы стадионго 556800 сом акча каражаттарын Ош шаарынын 2014-жылдын бюджетинин 6 айынын киреше бѳлγгγнγн ашыкча аткарылуусунун эсебинен бѳлγп берγγгѳ макулдук берилсин.
2. Оштогу «Жылуулуккамсыздоо» муниципалдык ишканасынын от казандарын даярдоого, электрэнергиясына болгон карызын тѳлѳѳгѳ керектелγγчγ 12 млн. сом акча каражатын ссуда тγрγндѳ, кайтарым мѳѳнѳтγ 2014-жылдын 20-декабрь айына чейин жергиликтγγ бюджеттин киреше бѳлγгγнγн 6 жана 9 айларынын аткарылуусунун жыйынтыгы менен бѳлγп берγγгѳ макулдук берилсин.
3.Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын 2014-жылдагы титулдук баракчасында «Ош-Тазалык» ишканасына атайын техника жана таштанды таштоочу контейнерлерди жасатууга каралган каражатынын эсебинен 252400 сом γнѳмдѳлгѳн акча каражатын «Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасына таштанды таштоочу контейнерлер турган жайларды оңдоп ремонтто иштерине бѳлγп берγγгѳ макулдук берилсин.
4.Ош шаарынын бюджетинин 2014-жылдын 1-январына карата калдыгындагы депутаттардын шайлоочулардын суроо-талаптарын аткарууга каралган акча каражатынын эсебинен тѳмѳнкγ маселелерге акча каражатын бѳлγп берγγгѳ макулдук берилсин.
-120,0 миң сом акча каражатын Ош шаардык Кеңешине эмерек, компьютер, кеңсе жабдууларын алуу γчγн;
-50,0 миң сом акча каражатын «Интеграция» мγмкγнчγлγгγ чектелген адамдарды колдоо коомдук фонду тарабынан мγмкγнчγлγгγ чектелен адамдардын катышуусу менен республикалык музыкалык фестивалды ѳткѳрγγсγнѳ жергиликтγγ бюджеттен жардам иретинде;
-200,0 миң сом акча каражатын Ош шаардык жараандарды тейлѳѳ бюросунун 2014-жылдагы бюджетине кошумча иретинде;
-50,0 миң сом акча каражатын «Кыргыз Журтум» фонду тарабынан «Эне бала менен бактылуу» аттуу жана башка иш-чараларды ѳткѳрγγсγнѳ жергиликтγγ бюджеттен жардам иретинде;
-40,0 миң сом акча каражатын Ош мамлекеттик Ѳзбек музыкалык-драматикалык «Бабур» атындагы театрынын Тγштγк Кореяда маданият жана исскуство ишмерлеринин «Экспо-Азия 2014» аталыштагы иш-чарасына катышуусуна сапар чыгымдары γчγн;
-50,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Ак-Буура кѳчѳсγнγн № 94-γйγнγн тургуну Г.Молдошеванын II топтогу майып, талма оорусу менен ооруган кγйѳѳсγн дарылоого жардам иретинде.
5.Ош шаардык мэриясына, Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын 2014-жылдагы титулдук баракчасынын γнѳмдѳлгѳн каражатынын эсебинен Космонавтар скверинен И.Раззаков проспектиси аркылуу суу ѳтγγчγ трубаларды орнотуу жумуштарына кошумча 393766 сом акча каражатын бѳлγп берγγсγ милдеттендирилсин
Ош шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси: |
С.Маматалиева |