Редакцияот 31.10.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2014-жылы 31-октябры № 104

Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү

мамлекеттик ишмери Дүйшөналы Жабиновдун

атын түбөлүккө калтыруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык  аталыштар жөнүндө” мыйзамына ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын топонимика жана атын түбөлүккө калтыруу боюнча жумушчу комиссиясынын отурумунун 2012-жылдын 22-октябрындагы №4 протоколун эске алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын “Учкун” конушундагы аты жок көчөгө Дүйшөналы Жабиновдун аты ыйгарылсын (чийме тиркелет).

2. Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык  башкармалыгы (Б. Ж. Берикбаев), “Бишкек шаарынын архитектура жана шаар курулушу боюнча башкы башкармалыгы” мамлекеттик ишканасы (Б. А. Абдиев) учёттук жана  инвентаризациялоо маалыматтарына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселеси, шаар курулушу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (У.Е.Адылбеков) жана Бишкек шаарынын вице-мэринин милдетин аткаруучу А.М. Рыскуловага жүктөлсүн.

 

Тѳрага

М.А.Аманкулов