Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 31-октябры № 101
Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 19-ноябрындагы
№58 “Автомобилдерге май куюучу станцияларды куруу үчүн
жер участокторун берүүгө мораторий киргизүү жөнүндө”
токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер жана Жарандык кодекстерине ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алып, Бишкек шаарынын аймагында автомобилдерге май куюучу станцияларды берүү, куруу процессин мындан ары оптималдаштыруу, экологиялык, техногендик коопсуздукту камсыздоо, транспорттук айрылыштар маселелерин чечүү максатында, ошондой эле Бишкек шаардык кеңештин сессиясынын протоколдук тапшырмасына, газ толтуруу станцияларынын өкүлдөрүнүн бир канча кайрылууларына байланыштуу, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 19-ноябрындагы №58 “Автомобилдерге май куюучу станцияларды куруу үчүн жер участокторун берүүгө мораторий киргизүү жөнүндө” токтому төмөнкү мазмундагы 2-1, 2-2-пункттар менен толукталсын:
“2-1. Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүнөн автомобилдерге май куюу станциялар демонтаждалган учурда, демонтаждалгандын ордуна Аалы Токомбаев көчөсү, Абсамат Масалиев проспекти, Дооронбек Садырбаев, Лев Толстой (Дооронбек Садырбаев көчөсүнөн Тайшетская көчөсүнө чейин), Юлиус Фучик көчөлөрү, Жибек Жолу проспекти, Курманжан Датка, Шабдан Баатыр көчөлөрү менен чектелген аймактардын чегинен сырткары башка жер участогун №1 тиркелүүчү чиймеге ылайык берүү мүмкүн”.
2-2. Бишкек шаарынын деталдуу пландоо долбоору иштелип чыкканга жана бекитилгенге чейин бошотулган жер участоктору пайдаланылбасын.”.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кенештин регламент, укук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына (В. М. Лисниченко), муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (У. Е. Адылбеков) жана Бишкек шаарынын вице-мэри Б. О. Дюшембиевге жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |