Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 19-ноябры № 58
Автомобилдерге май куюу станцияларын долбоорлоо жана куруу үчүн жер участокторун берүүгө мораторий киргизүү жөнүндө
(Бишкек шаардык кеңешинин 2014-жылдын 31-октябрындагы № 101, 2019-жылдын 2-апрелиндеги № 94, 2024-жылдын 4-мартындагы № 113, 2024-жылдын 29-августундагы № 143 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Бишкек шаарынын аймагында автомобилдерге май куюу станцияларды курууну тартипке келтирүү, экологиялык, техногендик коопсуздукту камсыздоо, транспорттук жол берүү маселелерин чечүү максатында, ошондой эле "КСДП" фракциясынын лидери А.К.Кайыповдун, "Республика" фракциясынын лидери М.К.Жеенчороевдин, "Ата-Мекен" фракциясынын лидери С.С.Салиевдин, "Замандаш-Современник" фракциясынын лидери Т.Ж.Сагыновдун кайрылууларына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын 18-статьясынын 15-пунктунун негизинде, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жумушчу комиссиянын төрагасы К.К.Конгантиевдин маалыматы эске алынсын.
2. Бишкек шаарынын аймагында автомобилдик май куюучу станциялар үчүн жер участогун бөлүүгө жана аларды курууга мораторий 2033-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөткө белгиленсин.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 113 токтомунун редакциясына ылайык)
2-1. Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүнөн автомобилдерге май куюу станциялар демонтаждалган учурда, демонтаждалгандын ордуна Аалы Токомбаев көчөсү, Абсамат Масалиев проспекти, Дооронбек Садырбаев, Лев Толстой (Дооронбек Садырбаев көчөсүнөн Тайшетская көчөсүнө чейин), Юлиус Фучик көчөлөрү, Жибек Жолу проспекти, Курманжан Датка, Шабдан Баатыр көчөлөрү менен чектелген аймактардын чегинен сырткары башка жер участогун № 1 тиркелүүчү чиймеге ылайык берүү мүмкүн.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2014-жылдын 31-октябрындагы № 101 токтомунун редакциясына ылайык)
2-2. Бишкек шаарынын деталдуу пландоо долбоору иштелип чыкканга жана бекитилгенге чейин бошотулган жер участоктору пайдаланылбасын.
Автомобилдик май куюучу станциялар үчүн мораторий менен белгиленген чектерде жайгашкан мурда берилген жер участоктордо төмөнкүлөрдү куруу жана долбоорлоо үчүң функционалдык багытын өзгөртүүгө уруксат берилет:
социалдык объекттерди;
гүлбакчаларды, сейилбактарды же жашыл зоналарды;
социалдык, маданий жана тиричилик багыттагы объекттери менен көп ярустуу токтомолорду жана унаа туруктарды, ошону менен бирге, эксплуатацияга киргизилүүчү аянттардан социалдык, маданий жана тиричилик багыттагы объекттер 30%дан көп эмес болушу керек.
Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана шаар куруу документтерине каршы келбөөчү башка объекттерди
(Бишкек шаардык кеңешинин 2014-жылдын 31-октябрындагы № 101, 2024-жылдын 4-мартындагы № 113, 2024-жылдын 29-августундагы № 143 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Бишкек шаарынын мэриясы:
а) автомобилдерге май куюу станцияларды долбоорлоо жана куруу үчүн жер участокторун бербесин жана табыштама кабыл албасын;
б) автомобилдерге май куюу станцияларды долбоорлоо жана куруу үчүн жер участокторун максаттуу багытын өзгөртүү жүргүзбөсүн.
4. Бишкек шаардык архитектура жана шаар курулуш башкармалыгы автомобилдерге май куюу станцияларды долбоорлоого жана курууга табыштаманы иштеп чыгууга кабыл албасын жана уруксат берүүчү документтерди бербесин.
5. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик жана жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А.Дж.Джунушалиев) жүктөлсүн.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 113 токтомунун редакциясына ылайык)
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы |
| М.Аманкулов |