Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ынтымак айылдык Кеңешинин (5 – чакырылышы) кезектеги XII – сессиясы
2014-жылдын 3-апрели № 12/5
Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2014 – жылдын 14-мартындагы“Ынтымак айыл өкмөтүнүн жер боюнча комиссиясынын отурумунун 2014-жылдын 18 - февралындагы “Ынтымак айыл аймагына караштуу Беш – Буркан, Ынтымак, Арык – Бою айылдарына жана Каримберди бөлүмүнө элди социалдык жактан тейлөө обьектерин курууга жер аянттарын ажыратып берүү жөнүндө” № 1 - протоколун бекитип берүү тууралуу” № 44 – токтомун бекитүү тууралуу
Ынтымак айылдык кеңешинин сессиясы сессиянын күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2014 – жылдын 14-мартындагы“Ынтымак айыл өкмөтүнүн жер боюнча комиссиясынын отурумунун 2014-жылдын 18 - февралындагы “Ынтымак айыл аймагына караштуу Беш – Буркан, Ынтымак, Арык – Бою айылдарына жана Каримберди бөлүмүнө элди социалдык жактан тейлөө обьектерин курууга жер аянттарын ажыратып берүү жөнүндө” № 1 - протоколун бекитип берүү тууралуу” № 44 – токтому бекитилсин.
2. Ынтымак айыл аймагындагы Беш – Буркан айылынын Кызыл – Кыя көчөсү менен Андалип көчөсүнүн кесилишиндеги бош жерден социалдык обьектилерди куруу үчүн 0.05 га жер аянты ажыратылып берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ынтымак өкмөтүнө тапшырылсын.
Ынтымак айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Усонов. |
ТОКТОМ
Ынтымак айыл өкмөтүнүн жер боюнча комиссиясынын отурумунун 2014 - жылдын 18 - февралындагы “Ынтымак айыл аймагына караштуу Беш – Буркан, Ынтымак, Арык – Бою айылдарына жана Каримберди бөлүмүнө элди социалдык обьектилерди курууга жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө” № 1 - протоколун бекитип берүү тууралуу
Ынтымак айыл өкмөтүнүн жер боюнча комиссиясынын отурумунун 2014 - жылдын 18 - февралындагы “Ынтымак айыл аймагына караштуу Беш – Буркан, Ынтымак, Арык – Бою айылдарына жана Каримберди бөлүмүнө элди социалдык обьектилерди курууга жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө” № 1 - протоколун бекитип берүү максатында Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13 статясына негиз Ынтымак айыл өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айыл өкмөтүнүн жер боюнча комиссиясынын отурумунун 2014 - жылдын 18 - февралындагы “Ынтымак айыл аймагына караштуу Беш – Буркан, Ынтымак, Арык – Бою айылдарына жана Каримберди бөлүмүнө элди социалдык обьектилерди курууга жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө” № 1 - протоколу бекитилсин.
2. Беш-Буркан айылына элди социалдык жактан тейлөө үчүн соц обьектерди курууга 0,05 га жер аянты ажыратылып берилсин.
3. Жогоруда ажыратылган жер аянтына соц обьектерди куруу үчүн тиешелүү болгон юридикалык документтерин даярдоо жагы Ноокат райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
4. Ажыратылган жер аянтына карата Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан архитектуралык план долбоорун даярдап берүү жагы суралсын.
5. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Ынтымак айылдык кеңешине сунушталсын.
6. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн жер адиси Э. Касымовко милдеттендирилсин
Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы: |
Д. Раимбердиев |
жер адис: | Э. Касымов |