Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ынтымак айылдык Кеңешинин (5 – чакырылышы) кезектеги XII – сессиясы
2014-жылдын 3-апрели № 12/6
Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2014 – жылдын 28 – февралынагы “Ынтымак айыл өкмөтүнүн жер боюнча комиссиясынын отурумунун 2014-жылдын 18 - февралындагы “Каримберди бөлүмүндөгү калктуу конуштарга элди социалдык жактан тейлөө үчүн таза суу түтүкчөлөрүн тартууга жана резервуар курууга жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө № 1 - протоколун бекитип берүү тууралуу” № 40 – токтомун бекитүү тууралуу
Ынтымак айылдык кеңешинин сессиясы сессяинын күн тартибиндеги “Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2014 – жылдын 28 – февралынагы “Ынтымак айыл өкмөтүнүн жер боюнча комиссиясынын отурумунун 2014-жылдын 18 - февралындагы “Каримберди бөлүмүндөгү калктуу конуштарга элди социалдык жактан тейлөө үчүн таза суу түтүкчөлөрүн тартууга жана резервуар курууга жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө № 1 - протоколун бекитип берүү тууралуу” № 40 – токтомун бекитүү тууралуу” маселени карап жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2014 – жылдын 28 – февралынагы “Ынтымак айыл өкмөтүнүн жер боюнча комиссиясынын отурумунун 2014-жылдын 18 - февралындагы “Каримберди бөлүмүндөгү калктуу конуштарга элди социалдык жактан тейлөө үчүн таза суу түтүкчөлөрүн тартууга жана резервуар курууга жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө № 1 - протоколун бекитип берүү тууралуу” № 40 – токтому бекитилсин.
2. Каримберди бөлүмүнө таза суу тартууга 2 км 700 метр узундуктагы жер аянты унаа каттоочу жолдун четинен жана 0.20 га жер аянты резервуар курууга муниципалдык менчиктеги эски короонун орду ажыратылып берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ынтымак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Ынтымак айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Усонов |
2014-жылдын 28-февралы № 40
Ынтымак айыл өкмөтүнүн жер боюнча комиссиясынын отурумунун 2014 - жылдын 18 - февралындагы “Ынтымак айыл аймагына караштуу Беш – Буркан, Ынтымак, Арык – Бою айылдарына жана Каримберди бөлүмүнө элди социалдык обьектилерди курууга жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө” № 1 - протоколун бекитип берүү тууралуу
Ынтымак айыл өкмөтүнүн жер боюнча комиссиясынын отурумунун 2014 - жылдын 18 - февралындагы “Ынтымак айыл аймагына караштуу Беш – Буркан, Ынтымак, Арык – Бою айылдарына жана Каримберди бөлүмүнө элди социалдык обьектилерди курууга жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө” № 1 - протоколун бекитип берүү максатында Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13 статясына негиз Ынтымак айыл өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айыл өкмөтүнүн жер боюнча комиссиясынын отурумунун 2014 - жылдын 18 - февралындагы “Каримберди бөлүмүндөгү калктуу конуштарга элди социалдык жактан тейлөө үчүн таза суу түтүкчөлөрүн тартууга жана резервуар курууга жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө” № 1 - протоколу бекитилсин.
2.Каримберди бөлүмүнө таза суу тартууга 2 км 700 метр узундуктагы жер аянты унаа каттооочу жолдун четинен жана 0,20 га жер аянты резервуар курууга муниципалдык менчиктеги эски короонун орду ажыратылып берилсин.
3. Ажыратылган жер аянтына карата Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан архитектуралык план долбоорун жана Ноокат райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан даярдап берүү жагы суралсын.
4. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Ынтымак айылдык кеңешине сунушталсын.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн жер адиси Э. Касымовко милдеттендирилсин.
Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы: жер адис: |
Д. Раимбердиев Э. Касымов |