Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ынтымак айылдык Кеңешинин (5 – чакырылышы) кезектеги XII – сессиясы
2014-жылдын 3-апрели № 12/8
Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2014 – жылдын 28 – февралынагы “Ынтымак айыл өкмөтүнүн жер боюнча комиссиясынын отурумунун 2014-жылдын 18 - февралындагы “Ынтымак айыл аймагына караштуу Беш – Буркан, Ынтымак, Арык – Бою айылдарына жана Каримберди бөлүмүнө элди социалдык жактан тейлөө обьектерин курууга жер аянттарын ажыратып берүү жөнүндө” № 1 - протоколун бекитип берүү тууралуу” № 42 – токтомун бекитүү тууралуу
Ынтымак айылдык кеңешинин сессиясы сессиянын күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2014 – жылдын 28 – февралынагы “Ынтымак айыл өкмөтүнүн жер боюнча комиссиясынын отурумунун 2014-жылдын 18 - февралындагы “Ынтымак айыл аймагына караштуу Беш – Буркан, Ынтымак, Арык – Бою айылдарына жана Каримберди бөлүмүнө элди социалдык жактан тейлөө обьектерин курууга жер аянттарын ажыратып берүү жөнүндө” № 1 - протоколун бекитип берүү тууралуу” № 42 – токтому бекитилсин.
2. Ынтымак айыл аймагындагы “Ардагер Ынтымак” эстелиги жайгашкан 0.33 га жер аянтынын 0,08 га жер аянтына спорт зал курууга уруксат берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ынтымак өкмөтүнө тапшырылсын.
Ынтымак айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Усонов |
ТОКТОМ
2014-жылдын 3-апрели № 12/8
Ынтымак айыл өкмөтүнүн жер боюнча комиссиясынын отурумунун 2014 - жылдын 18 - февралындагы “Ынтымак айыл аймагына караштуу Беш – Буркан, Ынтымак, Арык – Бою айылдарына жана Каримберди бөлүмүнө элди социалдык обьектилерди курууга жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө” № 1 - протоколун бекитип берүү тууралуу
Ынтымак айыл өкмөтүнүн жер боюнча комиссиясынын отурумунун 2014 - жылдын 18 - февралындагы “Ынтымак айыл аймагына караштуу Беш – Буркан, Ынтымак, Арык – Бою айылдарына жана Каримберди бөлүмүнө элди социалдык обьектилерди курууга жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө” № 1 - протоколун бекитип берүү максатында Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13 статясына негиз Ынтымак айыл өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айыл өкмөтүнүн жер боюнча комиссиясынын отурумунун 2014 - жылдын 18 - февралындагы “Ынтымак айыл аймагына караштуу Беш – Буркан, Ынтымак, Арык – Бою айылдарына жана Каримберди бөлүмүнө элди социалдык обьектилерди курууга жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө” № 1 - протоколу бекитилсин.
2.”Ардагер Ынтымак” эстелиги жайгашкан 0,30 га жер аянтынын0,08га жер аянты спрот зал курууга ажыратылып берилсин.
3. Жогоруда ажыратылган жер аянтына спорт зал куруу үчүн тиешелүү болгон юридикалык документтерин даярдоо жагы Ноокат райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
4. Ажыратылган жер аянтына карата Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан архитектуралык план долбоорун даярдап берүү жагы суралсын.
5. Ушул токтомду бекитип берүү жана “Ардагер Ынтымак” эстелигинин жер аянтына спорт зал курууга уруксат берүү жагы Ынтымак айылдык кеңешине сунушталсын.
6. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн жер адиси Э. Касымовко милдеттендирилсин
Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы: жер адис: |
Д. Раимбердиев Э. Касымов. |