Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ынтымак айылдык Кеңешинин (5 – чакырылышы) кезектеги XII – сессиясы
2014-жылдын 3-апрели № 12/9
Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2014 – жылдын 14-мартындагы“Ынтымак айыл өкмөтүнүн жер боюнча комиссиясынын отурумунун 2014-жылдын 18 - февралындагы “Ынтымак айыл аймагына караштуу Беш – Буркан, Ынтымак, Арык – Бою айылдарына жана Каримберди бөлүмүнө элди социалдык жактан тейлөө обьектерин курууга жер аянттарын ажыратып берүү жөнүндө” № 1 - протоколун бекитип берүү тууралуу” № 46 – токтомун бекитүү тууралуу
Ынтымак айылдык кеңешинин сессиясы сессиянын күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2014 – жылдын 14-мартындагы“Ынтымак айыл өкмөтүнүн жер боюнча комиссиясынын отурумунун 2014-жылдын 18 - февралындагы “Ынтымак айыл аймагына караштуу Беш – Буркан, Ынтымак, Арык – Бою айылдарына жана Каримберди бөлүмүнө элди социалдык жактан тейлөө обьектерин курууга жер аянттарын ажыратып берүү жөнүндө” № 1 - протоколун бекитип берүү тууралуу” № 46 – токтому бекитилсин.
2. Ынтымак айыл аймагындагы Каримберди бөлүмүндөгү жайыт жер аянтынан калктуу конуштарды кеңейтүү үчүн 60 га жер аянты ажыратылып берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ынтымак өкмөтүнө тапшырылсын.
.
Ынтымак айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Усонов |
ТОКТОМ
2014-жылдын 14-марты № 46
Ынтымак айыл өкмөтүнүн жер боюнча комиссиясынын отурумунун 2014 - жылдын 18 - февралындагы “Ынтымак айыл аймагына караштуу Беш – Буркан, Ынтымак, Арык – Бою айылдарына жана Каримберди бөлүмүнө элди социалдык обьектилерди курууга жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө” № 1 - протоколун бекитип берүү тууралуу
Ынтымак айыл өкмөтүнүн жер боюнча комиссиясынын отурумунун 2014 - жылдын 18 - февралындагы “Ынтымак айыл аймагына караштуу Беш – Буркан, Ынтымак, Арык – Бою айылдарына жана Каримберди бөлүмүнө элди социалдык обьектилерди курууга жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө” № 1 - протоколун бекитип берүү максатында Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13 статясына негиз Ынтымак айыл өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айыл өкмөтүнүн жер боюнча комиссиясынын отурумунун 2014 - жылдын 18 - февралындагы “Ынтымак айыл аймагына караштуу Беш – Буркан, Ынтымак, Арык – Бою айылдарына жана Каримберди бөлүмүнө элди социалдык обьектилерди курууга жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө” № 1 - протоколу бекитилсин.
2. Жер кодексинин 13-статьясына жана Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июль № 145 мыйзамына ылайык, Каримберди бөлүмүндөгү “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы 60га жайыт жерди “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуп (трансформациялап) берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Жогоруда ажыратылган жер аянтына турак жай салуу үчүн тиешелүү болгон юридикалык документтерин даярдоо жагы Ноокат райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
4. Ажыратылган жер аянтына карата Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан архитектуралык план долбоорун даярдап берүү жагы суралсын.
5. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Ынтымак айылдык кеңешине сунушталсын.
6. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн жер адиси Э. Касымовко милдеттендирилсин
Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы: |
Д. Раимбердиев |
жер адис: | Э. Касымов |