Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ынтымак айылдык Кеңешинин (5 – чакырылышы) кезектеги XII – сессиясы
2014-жылдын 3-апрели № 12/10
Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2014 – жылдын 14-мартындагы “Ынтымак айыл өкмөтүнүн жер боюнча комиссиясынын отурумунун 2014-жылдын 18 - февралындагы “Ынтымак айыл аймагына караштуу Беш – Буркан, Ынтымак, Арык – Бою айылдарына жана Каримберди бөлүмүнө элди социалдык жактан тейлөө обьектерин курууга жер аянттарын ажыратып берүү жөнүндө” № 1 - протоколун бекитип берүү тууралуу” № 47 – токтомун бекитүү тууралуу
Ынтымак айылдык кеңешинин сессиясы сессиянын күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2014 – жылдын 14-мартындагы “Ынтымак айыл өкмөтүнүн жер боюнча комиссиясынын отурумунун 2014-жылдын 18 - февралындагы “Ынтымак айыл аймагына караштуу Беш – Буркан, Ынтымак, Арык – Бою айылдарына жана Каримберди бөлүмүнө элди социалдык жактан тейлөө обьектерин курууга жер аянттарын ажыратып берүү жөнүндө” № 1 - протоколун бекитип берүү тууралуу” № 47 – токтому бекитилсин.
2. Ынтымак айыл аймагындагы Арык – Бою айылынын Сары талаа бөлүмүндөгү жайыт жер аянтынан жана айыл чарба багытындагы жер аянтынан жол куруу үчүн жалпысы болуп 2 га 14 сотик жер аянты ажыратылып берилсин.
Анын ичинен: Беш – Буркан айылынын тургундарына жол курууга жайыт жер аянтынын 1076 контурунан 0.64 га;
Жоопкерчилиги чектелген “Ак – Сай – Цемент” коомуна техникалык жол курууга жайыт жер аянтынын 1095 контурунан 0.72 га, 1062 контурунан 0.28 га, айыл чарба багытындагы кайра бөлүштүрүү жана үлүш жер аянттарынын четиндеги айыл чарбасына зыян келтирбей турган селкананын жээгинен 0.50 га;
3. Жогоруда жоопкерчилиги чектелген “Ак – Сай – Цемент” коомуна жол куруу үчүн берилген жер аянты 5 жылдык мөөнөт менен ижарага берилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ынтымак өкмөтүнө тапшырылсын.
Ынтымак айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Усонов |
ТОКТОМ
2014-жылдын 14-марты № 47
Ынтымак айыл өкмөтүнүн жер боюнча комиссиясынын отурумунун 2014 - жылдын 18 - февралындагы “Ынтымак айыл аймагына караштуу Беш – Буркан, Ынтымак, Арык – Бою айылдарына жана Каримберди бөлүмүнө элди социалдык обьектилерди курууга жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө” № 1 - протоколун бекитип берүү тууралуу
Ынтымак айыл өкмөтүнүн жер боюнча комиссиясынын отурумунун 2014 - жылдын 18 - февралындагы “Ынтымак айыл аймагына караштуу Беш – Буркан, Ынтымак, Арык – Бою айылдарына жана Каримберди бөлүмүнө элди соцталдык обьектилерди курууга жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө” № 1 - протоколун бекитип берүү максатында Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13 статясына негиз Ынтымак айыл өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айыл өкмөтүнүн жер боюнча комиссиясынын отурумунун 2014 - жылдын 18 - февралындагы “Ынтымак айыл аймагына караштуу Беш – Буркан, Ынтымак, Арык – Бою айылдарына жана Каримберди бөлүмүнө элди соцталдык обьектилерди курууга жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө” № 1 - протоколу бекитилсин.
2. Сары-талаа бөлүмүнөн ОсОО “АК-Сай-Цемент” заводуна жол курууга сайдын жанынан айдоо жана жайыт аянтынана зыян келтирбей жүк ташуу үчүн 0,50 га жайыт жеринен 1,64 га жер аянттары бөлүнүп берилсин.
3. Жогоруда ажыратылган жер аянтына жол салуу үчүн тиешелүү болгон юридикалык документтерин даярдоо жагы Ноокат райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
4. Ажыратылган жер аянтына карата Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан архитектуралык план долбоорун даярдап берүү жагы суралсын.
5. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Ынтымак айылдык кеңешине сунушталсын.
6. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн жер адиси Э. Касымовко милдеттендирилсин
Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы: |
Д. Раимбердиев. |
жер адис: | Э. Касымов. |