Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 12-июлу № 14/1
Саз бөлүмүндөгү пайдаланууга жараксыз жер аянтын Ынтымак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу тууралуу
Ынтымак айылдык кеңешинин сессиясы күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Саз бөлүмүндөгү пайдаланууга жараксыз жер аянты Ынтымак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Ынтымак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилген Саз бөлүмүндөгү пайдаланууга жараксыз 324 м2 жер аянты маданий тармактарга пайдалануу үчүн гана берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ынтымак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ынтымак айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
М.Усонов |
ТОКТОМ
2014-жылдын 12-июлу № 14/1
Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагындагы жер аянттарына менчик укуктарды түз жана аукциондо сатуу боюнча, кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү жана турак жай салуу үчүн жер аянтын ажыратып берүү боюнча комиссиянын отурумунун 2014-жылдын 3-июнундагы протоколун бекитүү жөнүндө.
Ынтымак айыл өкмөтүнүн жер аянттарына менчик укуктарды түз жана аукциондо сатуу боюнча, кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин, айыл чарба жерлерин ижарага берүү жана турак жай салуу үчүн жер аянтын ажыратып берүү боюча комиссиясынын отурумунун 2014 – жылдын 3 июнундагы №1-протоколун карап жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 3-пунктунун 13- статьясына негиз Ынтымак айыл өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айыл өкмөтүнүн жер аянттарына менчик укуктарды түз жана аукциондо сатуу боюнча, кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин, айыл чарба жерлерин ижарага берүү жана турак жай салуу үчүн жер аянтын ажыратып берүү боюча комиссиясынын отурумунун 2014 жылдын 3-июнундагы №1-протоколу бекитилсин. Ынтымак айыл өкмөтүнүн Челекчи айылынын Саз участксынан 324 м.кв жер аянты жайыт жеринен муниципалдык менчикке алынсын.
2. Ынтымак айыл өкмөтүнүн Челекчи айылынын Саз участкасынан 324 м.кв жер аянты муниципалдык менчигин мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы райондук мамлекеттик катоо башкармалыгынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Э.Касымовко милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Ынтымак айылдык кеңешине сунушталсын.
Ынтымак айыл ѳкмѳтγнγн башчысы: аткаруучу |
Д.Раимбердиев Э.Касымов |