Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 12-июлу № 14/2
Жаман жар бөлүмүндөгү социалдык обьектилерди куруу үчүн ажыратылган жер аянтынын жана курулуштарынын керектүү юридикалык документтерин даярдоо тууралуу
Ынтымак айылдык кеңешинин сессиясы күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2014 – жылдын 27 – июнундагы “Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагында жер аянттарына менчик укуктарды түз жана аукциондо сатуу боюнча, кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү жана турак жай салуу үчүн жер аянтын ажыратып берүү боюнча комиссиясынын 2014 – жылдын 19 – июнундагы протоколун бекитүү жөнүндөгү” № 55 – токтому бекитилсин.
2. Жаман жар бөлүмүндөгү төмөндөгү социалдык обьектилерди куруу үчүн ажыратылган жер аянттарынын бүтүндүүлүгүн сактоо үчүн Ынтымак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилсин.
1. Балдар бакчасын курууга 1500 м.кв;
2. ФАП курууга 500 м.кв;
3. Дүкөн курууга 500 м.кв
2. Өткөрүлүп берилген жер аянттары Ынтымак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиги катары мамлекеттик каттоодон өткөрүлүп тиешелүү юридикалык документтеи түзүлсүн.
3. Өткөрүлүүчү жер аянттарынын юридикалык документтерин даярдап берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик каттоо кызматынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ынтымак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Ынтымак айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
М.Усонов |
ТОКТОМ
2014-жылдын 12-июлу № 14/2
Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагындагы жер аянттарына менчик укуктарды түз жана аукциондо сатуу боюнча, кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү жана турак жай салуу үчүн жер аянтын ажыратып берүү боюнча комиссиянын отурумунун 2014-жылдын 19-июнундагы протоколун бекитүү жөнүндө.
Ынтымак айыл өкмөтүнүн жер аянттарына менчик укуктарды түз жана аукциондо сатуу боюнча, кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин, айыл чарба жерлерин ижарага берүү жана турак жай салуу үчүн жер аянтын ажыратып берүү боюча комиссиясынын отурумунун 2014 – жылдын 19 июнундагы №2-протоколун карап жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 3-пунктунун 13- статьясына негиз Ынтымак айыл өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айыл өкмөтүнүн жер аянттарына менчик укуктарды түз жана аукциондо сатуу боюнча, кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин, айыл чарба жерлерин ижарага берүү жана турак жай салуу үчүн жер аянтын ажыратып берүү боюча комиссиясынын отурумунун 2014 жылдын 19-июнундагы №2-протоколу бекитилсин. Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагындагы муниципалдык обьектилеринин жерлеринин жер аянттары төмөнкүдөй болуп белгиленсин.
1. Балдар бакчасын курууга 1500 м.кв;
2. ФАП курууга 500 м.кв;
3. Дүкөн курууга 500 м.кв
2. Жогорудагы муниципалдык обьектилерине берилегн жерлердин жер аянттары Ынтымак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги обьектилеринин жер аянты болуп эсептелсин.
3. Ынтымак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде болгон обьектилеринин жер аянттарын мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Э.Касымовко милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Ынтымак айылдык кеңешине суралсын.
Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы: |
Д. Раимбердиев |
жер адис: | Э. Касымов |