Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 12-июлу № 14/4
Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2014 – жылдын 7 – июлундагы “Ынтымак айыл өкмөтүнүн борбордук жолуна асвальт төшөө жана жолго керектүү белгилерди орнотуу жөнүндөгү” № 56 – токтомун бекитүү тууралуу
Ынтымак айылдык кеңешинин сессиясы күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2014 – жылдын 7 – июлундагы “Ынтымак айыл өкмөтүнүн борбордук жолуна асвальт төшөө жана жолго керектүү белгилерди орнотуу жөнүндөгү” № 56 – токтому бекитилсин.
2. Ушул токтомго негиз жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатында Ноокат райондук 3 37 ЖТИден жол белгилерин орнотуп берүү жагы суралсын.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ынтымак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Ынтымак айыл ѳкмѳтγнγн башчысы: | Д.Раимбердиев |
ТОКТОМ
2014-жылдын 7-июлу № 56
Ынтымак айыл өкмөтүнүн борорбдук жолуна асвальт төшөөгө уруксат берүү менен жол каттамдарына шарт түзүү жана жол белгилерин орнотуу менен жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун жүзөгө ашыруу максатында Ынтымак айыл өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айыл өкмөтүнүн борбордук жолуна асвальт төшөөгө уруксат берилсин.
2. Борбордук жолго асвальт төшөлгөндөн кийин жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз ыклуу максатында Ноокат райондук мамлекеттик автоинспекциясынан жол белгилерин коюу жайларын аныктап берүү жана аныкталган жайларга жол белгилерин орнотуп берүү жагы Ноокат райондук № 37 ЖТИ суралсын.
3. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Ынтымак айылдык кеңешинен суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу жана айыл чарба боюнча жетектөөчү адисине милдеттендирилсин.
Ынтымак айыл ѳкмѳтγнγн башчысы: | Д.Раимбердиев |