Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 10-сентябры № 15/1
Ынтымак айыл аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин жана айыл чарба жерлерин ижарага жана турак жай салуу үчүн жер аянтын бөлүп берүү боюнча комиссия курамын түзүү максатында
Ынтымак айылдык кеңешинин сессиясы күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2014 – жылдын 6-августундагы “Ынтымак айыл аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин жана айыл чарба жерлерин ижарага жана турак жай салуу үчүн жер аянтын бөлүп берүү боюнча комиссия курамы түзүү жөнүндөгү” № 109 – буйругу бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Түзүлгөн комиссия курамына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын так жана сапаттуу иш жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Раимбердиевке тапшырылсын.
Ынтымак айылдык кеңешинин тѳрагасы: | М.Усонов |
БУЙРУК
2014-жылдын 6-августу № 109
1. Ынтымак айыл аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин жана айыл чарба жерлерин ижарага жана турак жай салуу үчүн жер аянтын бөлүп берүү боюнча комиссия курамы түзүлсүн. (тиркеме тиркелет)
2. Түзүлгөн комиссия курамына Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын талаптарына ылайык так жана сапаттуу иш жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул буйрукту бекитип берүү жагы Ынтымак айылдык кеңешинен суралсын.
4. Буйруктун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу жана айыл чарбасы боюнча башкы адисинин убактылуу милдетин аткаруучу А.Темирбердиевке жүктөлсүн.
Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы: |
Д.Раимбердиев. |
| Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2014 – жылдын 6-августундагы № 109- буйругуна тиркеме |
1. Д.Раимбердиев - Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы, комиссия төрагасы.
2. Э.Камалов - Ынтымак айыл өкмөтүнүн жерге
жайгаштыруу жана айыл чарбасы боюнча башкы адиси, комиссиянын катчысы.
3. М.Мурзаканов - Ынтымак айыл өкмөтүнүн жер, турак жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча жетектөөчү адиси, комиссиянын катчысы.
Мүчөлөрү:
1. А.Темирбердиев - Акшар жана Дөң – Маала айылынын айыл башчысы.
2. М.Мурзаев - Ничке – Суу, Таш – Булак жана Челекчи айылдарынын айыл башчысы.
3. С.Ботобеков - Ынтымак жана Арык – Бою айылдарынын айыл башчысы.
4. А.Ташматов - Беш – Буркан айылынын айыл башчысы.
5. Ноокат райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын өкүлү.
6. Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын өкүлү.
7. А.Абдыразаков - Ынтымак айылдык Кеңешинин депутаты.
8. А.Сейдалиев - “Ынтымак” жайыт комитетинин төрагасы.
Ынтымак айыл өкмөтүнүн жер адиси: |
Э.Камалов. |