Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 10-сентябры № 15/2
Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысынын 2014 – жылдын 26 – августундагы Ынтымак айылдык кеңешине 2014 – 2015 окуу жылынын кыш мезгилине талап кылынуучу 87 тонна көмүр керектигин бекитип берүүңүздү суранам деген мазмундагы № 323 – билдирүү катын кароо тууралуу
Ынтымак айылдык кеңешинин сессиясы күн тартибиндеги маселе боюнча Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн жана берген маалыматтарын кеңири талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысынын 2014 – жылдын 26 – августундагы Ынтымак айылдык кеңешине 2014 – 2015 окуу жылынын кыш мезгилине талап кылынуучу 87 тонна көмүр керектигин бекитип берүүңүздү суранам деген мазмундагы № 323 – билдирүү каты жактырылсын. (билдирүү каты тиркелет.)
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана 2014-2015-жылдагы күз-кыш мезгилине карата аймактагы экономика тармактарын жана калкын сапаттуу даярдоо жагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Раимбердиевке тапшырылсын.
Ынтымак айылдык кеңешинин тѳрагасы: | М.Усонов |
Чыг.№ 323 26-август 2014-ж.
Билдирүү
Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан мектептерди, балдар бакчаларын 2014-2015-окуу жылында кыш мезгилинде жылытуу үчүн 87 тонна көмүр талап кылынат.
1. Т.Кулатов ат.орто мектеби электр энергия менен жылытылат.
2. Беш – Буркан орто мектеби 40т.
3. Арык – Бою орто мектеби 15т.
4. Каримберди орто мектеби 6т.
5. Бүчүр гүл орто мектеби 10т.
6. Тоо гүлдөрү орто мектеби 10т.
7. Айыл өкмөтүнүн конторасы 6т.
Ошондуктан айылдык кеңештин сессиясында талап кылынган көмүрдү бекитип берүүңүздү суранам.
Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы: |
Д.Раимбердиев. |