Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 10-сентябры № 15/3
Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2014 – жылдын 1-сентябрындагы “Ынтымак айыл өкмөтүнүн жер боюнча комиссиясынын отурумунун 2014 – жылдын 1 – сентябрындагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара кызматынын 2024 – аскер бөлүгүнүн 2014 – жылдын 29-августундагы № 304-катынын негизинде жайыт жеринен чек ара тозоттун куруу үчүн жайыт жеринен 1 га жер ажыратып берүү тууралуу” № 3-протоколун бекитүү тууралуу” № 69-токтомун бекитүү
Ынтымак айылдык кеңешинин сессиясы күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2014 – жылдын 1-сентябрындагы “Ынтымак айыл өкмөтүнүн жер боюнча комиссиясынын отурумунун 2014 – жылдын 1 – сентябрындагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара кызматынын 2024 – аскер бөлүгүнүн 2014 – жылдын 29-августундагы № 304-катынын негизинде жайыт жеринен чек ара тозоттун куруу үчүн 1 га жер аянтын ажыратып берүү тууралуу” № 3-протоколун бекитүү жөнүндөгү” № 69-токтомун бекитилсин. (токтом тиркелет)
2. Ынтымак айыл өкмөтүнүн Каримберди бөлүмүндө чек аранын туруктуулугун камсыз кылуу максатында бөлүмдөгү жайыт жеринин № 66- контурунан 0.30 га жана № 57 – контурунан 0.70 га жалпысы болуп 1 га жер аянты ажыратылып берилсин.
3. Жогоруда чек ара тозоттун куруу үчүн ажыратылып берилген № 66-контурдагы 0.30 га жана № 57-контурдагы 0.70 га жайыт жерлерин жайыт жеринин категориясынан чыгарып курулуштар курулуучу жерлер катарына которуп берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
4. Ажыратылып берилген жер аянтына тийиштүү юридикалык документтерин даярдап берүү жагы Ноокат райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан жана шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ынтымак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Ынтымак айылдык Кеңешинин төрагасы: |
М.Усонов. |
ТОКТОМ
2014-жылдын 1-сентябры № 69
Ынтымак айыл өкмөтүнүн жер боюнча комиссиясынын отурумунун жер боюнча 1-сентябрындагы Ынтымак айыл аймагына караштуу Каримберди участкасынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара кызматынын 2024 Аскер бөлүгүнүн 2014- жылдын 29-августундагы № 304 катына негиз Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 13 статьясына негиз Ынтымак айыл өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айыл өкмөтүнүн жер боюнча комиссиясынын отурумунун 2014- жылдын 1- сентябрында Ынтымак айыл өкмөтүнүн Карим берди участкасынан чек-ара тозотун куруу үчүн 1.0 га жайыт жеринен №57 контурдан 0.70 га №66 контурдан 0.30га жерин тозот куруу үчүн жер аянты ажыратылсын.
2. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Ынтымак айылдык Кеңешине сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адиси Э Камаловко милдеттендирилсин.
Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы: |
Д.Раимбердиев. |
жер адис: | Э.Камалов. |