ТоктомКүчүндө

Ноокат шаардык кеңешинин 2014-жылдын 30-апрелиндеги № 12-9 «Ноокат шаарында Кыргыз Республикасындагы географиялык обьекттердин атын атоо, атын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке жана каттоого алуунун тартибине ылайык мораторий жарыялоо жөнүндө.» токтому

Редакция30.04.2014 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XII сессиясынын заседаниясы

2014-жылдын 30-апрели № 12-9

Ноокат шаарында Кыргыз

Республикасындагы  географиялык обьекттердин атын атоо, атын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке жана каттоого алуунун тартибине ылайык мораторий жарыялоо жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар” жөнүндөгү Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндөгү 2008-жылдын 21-июлундагы №159 Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467-токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык обьекттердин атын атоо, атын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке жана каттоого алуунун тартиби жөнүндөгү” Жобонун негизинде Ноокат шаардык кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Ноокат шаарында Кыргыз Республикасындагы географиялык обьекттердин атын атоо, атын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке жана каттоого алуунун тартибине ылайык 2014-жылдын 31-декабрына чейин мораторий жарыялансын.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулукту  сактоо,  депутаттык  этика, коомдук уюмдар,  дин иштери  маселелери боюнча  туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Ноокат шаардык

кеңештин тѳрагасы:

 

А.Гафаров