Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2014-жылдын 25-сентябры № 94/XVIII-26
Муниципалдык менчикте турган Кант шаарынын суу түтүк-канализация комплексинин мүлкүн пайдалануу үчүн ижара акысын, ошондой эле ижара акысын калыптандырууну камсыздо үчүн зарыл болгон керектөөчүлөрдүн ар башка топтору үчүн суу менен камсыздоо жана агынды кызматтарынын тарифтерин эсептөөнүн тартиби жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 8-февралындагы “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына ылайык, ошондой эле Кант шаарынын мэриясы менен Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын ортосунда 2013-жылдын 21-майында түзүлгөн Кант шаарындагы суу менен камсыздоо жана агынды тутумун реабилитациялоо боюнча долбоорду колдоо жөнүндө макулдашууга жана Кант шаардык кеңешинин “Кант шаарындагы суу менен камсыздоо жана агынды тутумун реабилитациялоо” долбоорун ишке ашыруу үчүн кредит алууну жактыруу жөнүндө” токтомуна ылайык, муниципалдык менчикте турган Кант шаарынын суу түтүк-канализация мүлкүн ижарага өткөрүп берүү менен байланыштуу пайда болгон мамилелерди жөнгө салуу жана Кант шаарындагы суу менен камсыздоо жана канализация тутумун реабилитациялоо долбоорун ишке ашыруу максатында
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык менчикте турган Кант шаарынын суу түтүк-канализация комплексинин мүлкүн пайдалануу үчүн ижара акысын, ошондой эле ижара акысын калыптандырууну камсыздо үчүн зарыл болгон керектөөчүлөрдүн ар башка топтору үчүн суу менен камсыздоо жана агынды кызматтарынын тарифтерин эсептөөнүн тартиби жөнүндө Жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом мамлекеттик каттоодон өткөн жана расмий жарыяланган учурдан баштап күчүнө кирет жана 2015-жылдан баштап суу менен камсыдоонун жана агындылардын тарифтери бекитилген учурда жайылтылат.
3. Кант шаарынын мэриясы жана «Маркетинг-Сервис» ЖЧК тараптардын ортосунда 14.04.2011-жылы түзүлгөн Мунициаплдык мүлктү ижарага алуу келишимине кошумча макулдашууларга кол коюу жолу менен ушул “Муниципалдык менчикте турган Кант шаарынын суу түтүк-канализация комплексинин мүлкүн пайдалануу үчүн ижара акысын, ошондой эле ижара акысын калыптандырууну камсыздо үчүн зарыл болгон керектөөчүлөрдүн ар башка топтору үчүн суу менен камсыздоо жана агынды кызматтарынын тарифтерин эсептөөнүн тартиби жөнүндө” Жобону жана “Долбоорду колдоо жөнүндө” макулдашуунун жана “Долбоордук макулдашуу” макулдашуусунун талаптарын эске алуу менен өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаарынын мэриясына жана Кант шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
| Кант шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 25-сентябрындагы 18-сессиянын № 94/XVIII-26 токтомуна тиркеме |
1. Ушул Жобо Кант шаарындагы суу менен камсыздоо жана агынды тутумун реабилитациялоо долбоорун ишке ашыруу жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен Кыргыз Республикасынын ортосунда 2013-жылдын 21-майында түзүлгөн Кредиттик келишимдин (Кредиттик макулдашуунун), Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен Кант шаарынын мэриясынын ортосунда 2013-жылдын 21-майында түзүлгөн Долбоорду колдоо жөнүндө макулдашуунун (Долбоорду колдоо жөнүндө макулдашуу), Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен «Маркетинг-Сервис» ЖЧКнын ортосунда 2013-жылдын 21-майында түзүлгөн Долбоордук макулдашуунун (Долбоордук макулдашуу) шарттарын атркаруу үчүн жана тараптар кабыл алган макулдашуулардын финансылык милдеттенмелерин сактоо үчүн зарыл болгон каражаттарды камсыздоо максатында иштелип чыкты.
2. Ушул Жобо Муниципалдык менчикте турган Кант шаарынын суу түтүк-канализация комплексинин мүлкүн пайдалануу үчүн ижара акысын, ошондой эле ижара акысын калыптандырууну камсыздо үчүн зарыл болгон керектөөчүлөрдүн ар башка топтору үчүн суу менен камсыздоо жана агынды кызматтарынын тарифтерин аныктоонун тартибин белгилейт.
3. Ушул Жободо төмөндөгү негизги түшүнүктөр колдонулат:
Ижарага берүүчү – Кант шаарынын мэриясы;
Ижарачы – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Жободо белиленген тартипте жана шарттарда муниципалдык менчикте турган Кант шаарынын суу түтүк-канализация комплексинин мүлкүн пайдалануу үчүн ижара келишимин түзгөн юридикалык жак;
Кант шаарынын суу түтүк-канализация комплексинин мүлкү – муздак суу менен камсыздоо жана (же) суу агызуу жана агын сууларды тазалоо кызматтарын өндүрүү жана көрсөтүү үчүн пайдаланыла турган обьекттер менен инженердик инфратүзүмдөрдүн жыйнагы.
4. Муниципалдык менчикте турган Кант шаарынын суу түтүк-канализация комплексинин мүлкүн пайдалануу үчүн ижара акысынын өлчөмү төмөнкү тартипке ылайык аныкталат:
4.1. 2016-жылга – Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын кредити боюнча негизги сумма төлөнө баштаган жылга чейин ижара акысы жылына 286 852,79 сом сумманы түзөт;
4.2. 12 жылды түзгөн кредит боюнча негизги сумманы төлөө мезгили башталгандан тартып ижара акысы кредит боюнча карыздын негизги суммасынын 80%ын, же күндөлүк курс боюнча улуттук валютага которулган 1 млн 200 миң еврону же жылына күндөлүк курс боюнча улуттук валютада эсептелген 100 миң еврону түзөт.
4.3. Кредит боюнча төлөмдөрдү ижаранын акысына киргизүү калк үчүн суу менен камсыздоо жана суу агызуу боюнча тарифтердин жылына 30%дан ашык жогорулоосуна алып келбөөсү керек;
4.4. Кредит кайтарыла турган биринчи жылдары калк үчүн суу менен камсыздоо жана суу агызуу боюнча тарифтер 30%га өскөн учурда ижара акысы күндөлүк курс боюнча улуттук валюта менен эсептелгенде жылына 100 миң евродон аз болсо, анда күндөлүк курс боюнча улуттук валютада эсептелген 100 миң евро ижара акысы менен ижарачыга иш жүзүндө белгиленген ижара акысынын ортосундагы айырма кийинки мезгилдердеги ижара акысын эсептөө учурунда бирдей үлүштөр менен компенсацияланат.
5. Ишканага ижара акысы жыл сайын суу менен камсыздоо жана суу агызууга тарифтерди белгилөө менен бир учурда белгиленет.
6. Ижара акысы ижарага берүүчү тарабынан ижарачыдан кварталына бир жолу ушул Жобого ылайык аныкталган ар жылдык ижара акысынын төрттөн бир бөлүгүнө барабар өлчөмдө алынат.
7. Ижара акысы толук көлөмдө Кант шаарынын бюджетинин кирешесине түшөт.
8. Ушул Жобого ылайык өлчөмү аныкталган ижара акысын төлөө үчүн зарыл болгон суу түтүк-канализация чарбачылык ишканасынын кирешелерин камсыздоо үчүн суу менен камсыздоо жана суу агызуу боюнча ишкананын кызматтарынын тарифтери төмөнкүчө белгиленсин:
8.1. Суу менен камсыздоо кызматына тарифтерди эсептөө:
8.1.1. Тарифтик жөнгө салуунун ар бир мезгилине карата төмөндөгү формула боюнча суу менен камсыздоо кызматына ишканалардын бирдиктүү тарифи аныкталат:
ТВi-1*ДПВ * ПОВi-1*(1 + Иi – К) *(1+ ΔПОВ) + ТВi-1 *ДЭВ * ПОВi-1*(1+ ИСЭi) *(1+ΔПОВ) + ДАВ* (АПi + DАПi-1) + Нi*ДНВ
ТВi = ------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------ (1)
ПОВi
мында:
ТВi – тарифтик жөнгө салуунун кезектеги i-мезгилиндеги суу менен камсыздоо кызматы боюнча ишканалардын бирдиктүү тарифи, сом/куб. м
ТВi-1 – тарифтик жөнгө салуунун мурдагы i-1-мезгилине карата суу менен камсыздоо кызматы боюнча ишканалардын бирдиктүү тарифи, сом/куб. м
ПОВi-1 – тарифтик жөнгө салуунун мурдагы i-1-мезгилиндеги иш жүзүндөгү сууну пайдалуу берүү, куб. м
ПОВi –тарифтик жөнгө салуунун кезектеги i-мезгилиндеги болжолдуу сууну пайдалуу берүү, куб. м
Δ ПОВ – тарифтик жөнгө салуунун мурдагы i-1-мезгилиндеги сууну пайдалуу берүүнүн болжолдуу жана иш жүзүндөгү көлөмдөрүнүн ортосундагы айырма, куб. м
ДПВ – суу менен камсыздоо кызматын өндүрүү жана көрсөтүү боюнча жалпы чыгымдардагы ижарачынын контролу астындагы чыгымдардын үлүшү,
ДЭВ – суу менен камсыздоо кызматын өндүрүү жана көрсөтүү боюнча жалпы чыгымдардагы электр энергиясына төлөө боюнча ижарачынын чыгымдарынын үлүшү,
Иi – тарифтик жөнгө салуунун кезектеги i-мезгилиндеги инфляциянын индекси,
К – ишкананын операциялык чыгымдарынын натыйжалуулугунун коэффициенти,
ИСЭi – тарифтик жөнгө салуунун мурдагы i-1-мезгилиндеги электр энергиясынын баасынын өзгөрүү индекси,
АПi – тарифтик жөнгө салуунун кезектеги i-мезгилиндеги ишкананын ижара акысы, сом
DАПi - калк үчүн тарифтин өсүшүн чектөөдөн улам ижара акыларынын тартыштыгы, сом
Нi – тарифтик жөнгө салуунун кезектеги i-мезгилиндеги салыктарды, жыйымдарды жана милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча чыгымдар, сом
ДАВ – суу менен камсыздоо боюнча тарифте эске алынуучу ишкананын ижара акысы боюнча чыгымдарынын үлүшү,
ДНВ – суу менен камсыздоо боюнча тарифте эске алынуучу, ишкананын салыктарды, жыйымдарды жана милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча чыгымдарынын үлүшү,
Ушул Жобо аракетке киргизилгенден мурдагы мезгилдеги суу менен камсыздоо кызматы боюнча ишканалардын бирдиктүү тарифинин мааниси ТВ0 төмөндөгү формула боюнча ишканалардын тарифтик өтүнмөсүнүн негизинде аныкталат:
ТВнас0 * ПОВнас0 + ТВпр0* ПОВпр0
ТВ0= ________________________________________________ (2)
ПОВнас0 + ПОВпр0
мында:
ТВнас0 - ушул Жобо аракетке киргизилгенден мурдагы мезгилдеги суу менен камсыздоо боюнча калк үчүн тариф; сом/куб. м
ТВпр0 - ушул Жобо аракетке киргизилгенден мурдагы мезгилдеги суу менен камсыздоо боюнча башка керектөөчүлөр үчүн тариф; сом/куб. м
ПОВнас0 – ушул Жобо аракетке киргизилгенден мурдагы жылы калкка сууну сатуунун (пайдалуу берүү) көлөмү; куб. м
ПОВпр0 – ушул Жобо аракетке киргизилгенден мурдагы жылы башка керектөөчүлөргө сууну сатуунун (пайдалуу берүү) көлөмү; куб. м.
2014-жылдагы ишкананын тарифтик өтүнмөсүнүн ДПВ жана ДЭВ параметрлери төмөндөгүлөргө барабар катары колдонулат:
ДПВ = ____;
ДЭВ= ______
Ишкананын операциялык чыгымдарынын натыйжалуулугунун коэффициенти Жобо иштей баштаган алгачкы беш жылда 0,01 ге барабар жана эгерде Кант шаарынын мэриясынын жана Ишкананын башка макулдашылган чечими жок болсо, нөлгө барабар катары колдонулат.
Эгерде Кант шаардык кеңешинин чечими менен башкача белгиленбесе, ишкананын суу менен камсыздоо боюнча тарифте эске алына турган, ижара акы боюнча чыгымдарынын үлүшү ДАВ ____ барабар катары колдонулат.
Эгерде Кант шаардык кеңешинин чечими менен башкача белгиленбесе, ишкананын суу менен камсыздоо боюнча тарифте эске алына турган, салыктарды, жыйымдарды жана милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча чыгымдарынын үлүшү ДНВ ____ барабар катары колдонулат.
Алгачкы мезгилдеги ижара акыларынын тартыштыгы DАП0 = 0
8.1.2. Ишкананын ижара акысы ушул токтомдун 4.1-пунктуна ылайык аныктала турган, тарифтик жөнгө салуунун мезгилдери аралыгында калк жана башка керектөөчүлөр үчүн тарифтер төмөндөгү формулалар боюнча аныкталат:
ТНВi = ТНВi-1 + ΔТВi; (3)
ТПВi = ТПВ i-1 + ΔТВi; (4)
мында
ТНВi – тарифтик жөнгө салуунун кезектеги i-мезгилиндеги калк үчүн суу менен камсыздоого тариф, сом/куб. м
ТНВi-1 – тарифтик жөнгө салуунун мурдагы i-1-мезгилиндеги калк үчүн суу менен камсыздоого тариф, сом/куб. м
ТПВi – тарифтик жөнгө салуунун кезектеги i-мезгилиндеги башка керектөөчүлөр үчүн суу менен камсыздоого тариф, сом/куб. м
ТПВi-1 – тарифтик жөнгө салуунун мурдагы i-1-мезгилиндеги башка керектөөчүлөр үчүн суу менен камсыздоого тариф, сом/куб. м
ΔТВi – тарифтик жөнгө салуунун кезектеги мезгилинде тарифтин өзгөрүшү, сом/куб. м
Мында тарифтик жөнгө салуунун кезектеги мезгилинде тарифтин өзгөрүшү төмөндөгү формула боюнча аныкталат
ТВi * ПОВi - ТВi-1 * ПОВi-1 – TНВi-1 * ΔПОНВi-1 - TПВi-1 * ΔПОПВi-1
ΔТВi = ---------------------------------------------------------------------------------- (5)
ПОВi
мында
ΔТВi – тарифтик жөнгө салуунун кезектеги i-мезгилинде суу менен камсыздоого тарифтин өзгөрүшү, сом/куб. м
ПОВi –тарифтик жөнгө салуунун кезектеги i-мезгилинде сууну болжолдуу пайдалуу берүү, куб. м
ТВi – тарифтик жөнгө салуунун кезектеги i-мезгилине карата суу менен камсыздоо кызматы боюнча ишканалардын бирдиктүү тарифи, сом/куб. м
ТВi-1 – тарифтик жөнгө салуунун мурдагы i-1-мезгилиндеги суу менен камсыздоо кызматы боюнча ишканалардын бирдиктүү тарифи, сом/куб. м
TНВi-1 - тарифтик жөнгө салуунун мурдагы i-1-мезгилиндеги калк үчүн суу менен камсыздоого тариф, сом/куб. м
TПВi-1 - тарифтик жөнгө салуунун мурдагы i-1-мезгилиндеги башка керектөөчүлөр үчүн суу менен камсыздоого тариф, сом/куб. м
ΔПОНВi-1 - тарифтик жөнгө салуунун мурдагы i-1-мезгилинде калкка сууну пайдалуу берүүнүн иш жүзүндөгү жана болжолдуу көлөмдөрүнүн ортосундагы айырма, куб. м
ΔПОПВi-1 - тарифтик жөнгө салуунун мурдагы i-1-мезгилинде башка керектөөчүлөргө сууну пайдалуу берүүнүн иш жүзүндөгү жана болжолдуу көлөмдөрүнүн ортосундагы айырма, куб. м
8.1.3. Ишкананын ижара акысы ушул токтомдун 4.2 пунктуна ылайык аныктала турган, тарифтик жөнгө салуунун мезгилдери аралыгында калк жана башка керектөөчүлөр үчүн суу менен камсыздоо кызматына тарифтер төмөндөгүдөй аныкталат:
· Эгерде тарифтик жөнгө салуунун кезектеги i-мезгилине карата суу менен камсыздоо кызматы боюнча ишканалардын бирдиктүү тарифи тарифтик жөнгө салуунун мурдагы i-1-мезгилине карата суу менен камсыздоо кызматы боюнча башка керектөөчүлөр үчүн тарифтен көп болсо, анда калк жана башка керектөөчүлөр үчүн суу менен камсыздоо кызматына тарифтер i-мезгилинде суу менен камсыздоо кызматына ишканалардын бирдиктүү тарифине барабар колдонулат:
ТНВi = ТПВi = ТВi (6)
мында
ТВi – тарифтик жөнгө салуунун кезектеги i-мезгилине карата суу менен камсыздоо кызматы боюнча ишканалардын бирдиктүү тарифи, сом/куб. м
ТНВi – тарифтик жөнгө салуунун кезектеги i-мезгилине карата суу менен камсыздоо кызматы боюнча калк үчүн тариф, сом/куб. м
ТПВi – тарифтик жөнгө салуунун кезектеги i-мезгилине карата суу менен камсыздоо кызматы боюнча башка керектөөчүлөр үчүн тариф, сом/куб. м
· Эгерде тарифтик жөнгө салуунун кезектеги i-мезгилине карата суу менен камсыздоо кызматы боюнча ишканалардын бирдиктүү тарифи тарифтик жөнгө салуунун мурдагы i-1-мезгилине карата суу менен камсыздоо кызматы боюнча башка керектөөчүлөр үчүн тарифтен аз болсо, анда тарифтик жөнгө салуунун кезектеги i-мезгилине карата суу менен камсыздоого тариф башка керектөөчүлөр үчүн өзгөрбөйт, ал эми калк үчүн тариф төмөндөгү формула боюнча аныкталат:
ТВi* ПОВi - ТПВi* ПОПВi
ТНВi = ------------------------------------------, эгерде ТНВi < 1.3* ТНВi-1 (7) шартында
ПОВi - ПОПВi
мында:
ТВi – тарифтик жөнгө салуунун кезектеги i-мезгилине карата суу менен камсыздоо кызматы боюнча ишканалардын бирдиктүү тарифи, сом/куб. м
ТНВi – тарифтик жөнгө салуунун кезектеги i-мезгилине карата суу менен камсыздоо кызматы боюнча калк үчүн тариф, сом/куб. м
ПОВi – тарифтик жөнгө салуунун кезектеги i-мезгилиндеги сууну пайдалуу берүү, куб. м
TПВi - тарифтик жөнгө салуунун кезектеги i-мезгилине карата суу менен камсыздоо кызматы боюнча башка керектөөчүлөр үчүн тариф, сом/куб. м
ПОПВi - тарифтик жөнгө салуунун кезектеги i-мезгилиндеги башка керектөөчүлөргө пайдалуу берилген суунун көлөмү, куб. м
Эгерде ТНВi >1.3* ТНВi-1,
анда: ТНВi =1.3* ТНВi-1 (8)
Белгиленген ТНВi (7) үчүн формула боюнча (1) АП фi ижара акынын жолберме өлчөмү оңдолсо жана ижара акыларындагы калыптанган тартыштык аныкталса:
DАПi = DАПi-1 + АП i - АПф i (9)
келечектеги эсептешүү мезгилдеринде калк жана башка керектөөчүлөр үчүн ижара акынын жана тарифтердин өлчөмүн аныктоодогу эсептөө үчүн.
8.2. Суу агызуу кызматына тарифтерди эсептөө:
8.2.1. Тарифтик жөнгө салуунун ар бир мезгилине карата төмөндөгү формула боюнча суу агызуу кызматына ишканалардын бирдиктүү тарифи аныкталат:
ТКi-1*ДПК * ПОКi-1*(1+ Иi ) *(1+ ΔПОК) + ТКi-1 *ДЭК * ПОКi-1*(1+ ИСЭi) *(1+ ΔПОК) + ДАК *(АПi* + DАПi-1) + Нi*ДНК
ТКi =--------------------------------- ------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------(10)
ПОКi
мында:
ТКi – тарифтик жөнгө салуунун кезектеги i-мезгилине карата суу агызуу кызматы боюнча ишканалардын бирдиктүү тарифи, сом/куб.м
ТКi-1 – тарифтик жөнгө салуунун мурдагы i-1-мезгилине карата суу агызуу кызматы боюнча ишканалардын бирдиктүү тарифи, сом/куб. м
ПОКi-1 – тарифтик жөнгө салуунун мурдагы i-1-мезгилиндеги агынды сууларды иш жүзүндө кабыл алуу, куб. м
ПОКi – тарифтик жөнгө салуунун кезектеги i-мезгилиндеги агынды сууларды болжолдуу кабыл алуу, куб. м
Δ ПОК – тарифтик жөнгө салуунун мурдагы i-1-мезгилиндеги агынды суулардын болжолдуу жана иш жүзүндөгү көлөмдөрүнүн ортосундагы айырма, куб. м
ДПК – суу агызуу кызматын өндүрүү жана көрсөтүү боюнча жалпы чыгымдардагы ижарачынын контролу астындагы чыгымдардын үлүшү,
ДЭК – суу агызуу кызматын өндүрүү жана көрсөтүү боюнча жалпы чыгымдардагы электр энергиясына төлөө боюнча ижарачынын чыгымдарынын үлүшү,
ДАК – суу агызууга тарифте эске алынуучу ишкананын ижара акысы боюнча чыгымдарынын үлүшү,
ДНК – суу агызууга тарифте эске алынуучу, ишкананын салыктарды, жыйымдарды жана милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча чыгымдарынын үлүшү,
Ушул Жобо аракетке киргизилгенден мурдагы мезгилдеги суу агызуу кызматы боюнча ишканалардын бирдиктүү тарифинин мааниси ТК0 төмөндөгү формула боюнча ишканалардын тарифтик өтүнмөсүнүн негизинде аныкталат:
ТКнас0 * ПОКнас0 + ТКпр0* ПОКпр0
Т К0= ________________________________________________ (11)
ПОКнас0 + ПОКпр0
мында:
ТКнас0 - ушул Жобо аракетке киргизилгенден мурдагы мезгилдеги суу агызуу кызматы боюнча калк үчүн тариф; сом/куб. м
ТКпр0 - ушул Жобо аракетке киргизилгенден мурдагы мезгилдеги суу агызуу кызматы боюнча башка керектөөчүлөр үчүн тариф; сом/куб. м
ПОКнас0 – ушул Жобо аракетке киргизилгенден мурдагы жылы калктан кабыл алынган агынды суулардын көлөмү; куб.м
ПОКпр0 - ушул Жобо аракетке киргизилгенден мурдагы жылы башка керектөөчүлөрдөн кабыл алынган агынды суулардын көлөмү; куб.м.
2014-жылдагы ишкананын тарифтик өтүнмөсүнүн негизинде ДПК жана ДЭК параметрлери төмөндөгүлөргө барабар катары колдонулат:
ДПК = ____;
ДЭК =
Эгерде Кант шаардык кеңешинин чечими менен башкача белгиленбесе, ишкананын суу агызуу боюнча тарифте эске алына турган, ижара акы боюнча чыгымдарынын үлүшү ДАК____ барабар катары колдонулат.
Эгерде Кант шаардык кеңешинин чечими менен башкача белгиленбесе, ишкананын суу агызуу боюнча тарифте эске алына турган, салыктарды, жыйымдарды жана милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча чыгымдарынын үлүшү ДНК ____ барабар катары колдонулат.
8.2.2. Ишканалардын ижара акысы ушул токтомдун 4.1-пунктуна ылайык аныктала турган, тарифтик жөнгө салуу мезгилдеринин аралыгында, керектөөчүлөр категориясынан калк жана башка керектөөчүлөр үчүн тарифтер төмөндөгү формула боюнча аныкталат:
ТНКi = ТНКi-1 + ΔТКi; (12)
ТПКi = ТПК i-1 + ΔТКi; (13)
мында
ТНКi – тарифтик жөнгө салуунун кезектеги i-мезгилине карата калк үчүн суу агызууга тариф, сом/куб. м
ТНКi-1 – тарифтик жөнгө салуунун мурдагы i-1-мезгилине карата калк үчүн суу агызууга тариф, сом/куб. м
ТПКi –тарифтик жөнгө салуунун кезектеги i-мезгилине карата башка керектөөчүлөр үчүн суу агызууга тариф, сом/куб. м
ТПКi-1 – тарифтик жөнгө салуунун мурдагы i-1-мезгилине карата башка керектөөчүлөр үчүн суу агызууга тариф, сом/куб. м
ΔТКi – тарифтик жөнгө салуунун кезектеги мезгилиндеги суу агызууга тарифтин өзгөрүүсү, сом/куб. м
Мында тарифтик жөнгө салуунун кезектеги мезгилиндеги суу агызууга тарифтин өзгөрүүсү төмөндөгү формула боюнча аныкталат:
ТКi * ПОКi - ТКi-1 * ПОКi-1 – TНКi-1 * ΔПОНКi-1 - TПКi-1 * ΔПОПКi-1
ΔТКi = ------------------------------------------------------------------------------------ (14)
ПОКi
мында
ΔТКi – тарифтик жөнгө салуунун кезектеги i-мезгилиндеги суу агызууга тарифтин өзгөрүүсү, сом/куб. м
ПОКi – тарифтик жөнгө салуунун кезектеги i-мезгилиндеги агынды суулардын болжолдуу көлөмү, куб. м
ТКi – тарифтик жөнгө салуунун кезектеги i-мезгилиндеги суу агызуу кызматы боюнча ишканалардын бирдиктүү тарифи, сом/куб. м
ТКi-1 – тарифтик жөнгө салуунун мурдагы i-1-мезгилиндеги суу агызуу кызматы боюнча ишканалардын бирдиктүү тарифи сом/куб. м
TНКi-1 - тарифтик жөнгө салуунун мурдагы i-1-мезгилиндеги калк үчүн суу агызууга тариф, сом/куб. м
TПКi-1 - тарифтик жөнгө салуунун мурдагы i-1-мезгилиндеги башка керектөөчүлөр үчүн суу агызууга тариф, сом/куб. м
ΔПОНКi-1 - тарифтик жөнгө салуунун кезектеги i-мезгилиндеги калктан агынды суулардын иш жүзүндөгү жана болжолдуу көлөмдөрүнүн ортосундагы айырма, куб. м
ΔПОПКi-1 - тарифтик жөнгө салуунун кезектеги i-мезгилиндеги башка керектөөчүлөрдөн агынды суулардын иш жүзүндөгү жана болжолдуу көлөмдөрүнүн ортосундагы айырма, куб. м
8.2.3. Ишкананын ижара акысы ушул токтомдун 4.2-пунктуна ылайык аныктала турган, тарифтик жөнгө салуу мезгилдери аралыгында, калк жана керектөөчүлөрдүн башка топтору чүн суу агызууга тариф төмөндөгүдөй аныкталат:
· Эгерде тарифтик жөнгө салуунун кезектеги i-мезгилине карата суу агызуу кызматы боюнча ишканалардын бирдиктүү тарифи тарифтик жөнгө салуунун мурдагы i-1-мезгилине карата суу агызуу кызматы боюнча башка керектөөчүлөр үчүн тарифтен көп болсо, анда i-мезгилинде суу бөлүүгө калк жана башка керектөөчүлөр үчүн тариф суу агызуу кызматына ишканалардын бирдиктүү тарифине барабар колдонулат:
ТНКi = ТПКi = ТКi (15)
мында:
ТКi – суу агызуу кызматы боюнча ишканалардын бирдиктүү тарифи, сом/куб. м
ТНКi – тарифтик жөнгө салуунун кезектеги i-мезгилине карата калк үчүн суу агызууга тариф, сом/куб. м
ТПКi – тарифтик жөнгө салуунун кезектеги i-мезгилине карата башка керектөөчүлөр үчүн суу агызууга тариф, сом/куб. м
· Эгерде тарифтик жөнгө салуунун кезектеги i-мезгилине карата суу агызуу кызматы боюнча ишканалардын бирдиктүү тарифи тарифтик жөнгө салуунун мурдагы i-1-мезгилине карата суу агызуу кызматы боюнча башка керектөөчүлөр үчүн тарифтен аз болсо, анда тарифтик жөнгө салуунун кезектеги i-мезгилине карата суу агызууга тариф башка керектөөчүлөр үчүн өзгөрбөйт, ал эми калк үчүн суу агызууга тариф төмөндөгү формула боюнча аныкталат:
ТКi* ПОКi - ТПКi* ПОПВi
ТНКi = ------------------------------------------, эгерде ТНКi < 1.3* ТНКi-1 (16) болгон шартта
ПОКi - ПОПКi
мында:
ТКi – тарифтик жөнгө салуунун кезектеги i-мезгилине карата суу агызуу кызматы боюнча ишканалардын бирдиктүү тарифи, сом/куб.м
ТНКi – тарифтик жөнгө салуунун кезектеги i-мезгилине карата суу агызуу кызматы боюнча калк үчүн тариф, сом/куб. м
ПОКi – тарифтик жөнгө салуунун кезектеги i-мезгилине карата агынды сууларды кабыл алуу болжолу, куб. м
TПКi - тарифтик жөнгө салуунун кезектеги i-мезгилине карата суу агызуу кызматы боюнча башка керектөөчүлөр үчүн тариф, сом/куб. м
ПОПКi - тарифтик жөнгө салуунун кезектеги i-мезгилиндеги башка керектөөчүлөрдөн агынды сууларды кабыл алуунун көлөмү, миң куб. м
Эгерде ТНКi >1.3* ТНКi-1,
анда: ТНКi =1.3* ТНКi-1 (17)
Белгиленген ТНКi (17) үчүн формула боюнча (10) АП фi ижара акынын жолберме өлчөмү оңдолсо жана ижара акыларындагы калыптанган тартыштык аныкталса:
DАПi = DАПi-1 + АП i - АПф i (18)
келечектеги эсептешүү мезгилдеринде калк жана башка керектөөчүлөр үчүн ижара акынын жана тарифтердин өлчөмүн аныктоодогу эсептөө үчүн.