Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2014-жылдын 17-марты № 10/4
Ат-Башы айыл аймагынын жайыт комитетинин 2013-жылы жасаган иштери
жана 2014-жылга жайыт акылардын ѳлчѳмдѳрγн бекитγγ жѳнγндѳ
Ат-Башы айыл аймагынын жайыт комитетинин 2013-жылы жасаган иштери жана жайыт комитетинин 2014-жылга бюджети боюнча жайыт комитетинин тѳрагасы Ж. Кожобердиевдин билдирγγсγн угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл аймагынын жайыт комитетинин 2013-жылы жасаган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Ат-Башы айыл аймагынын жайыт комитетинин 2014-жылга карата бюджети тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме №1 тиркелет).
3. Ат-Башы айыл аймагы боюнча 2014-жылга жайыт акылар тѳмѳндѳгγдѳй ѳлчѳмдѳрдѳ бекитилсин:
а) 1 баш бодо малга 1 жылга 75 (жетимиш беш) сом;
б) 1 баш торпок, тайга 1 жылга 52,5 (элγγ эки сом элγγ тыйын);
в) 1 баш кой-эчкиге 1 жылга 15 (он беш) сом.
4. Жай мезгилинде алыскы жайытка убагында кѳчγрγлбѳгѳн, же айдоо жерге кирген малдар γчγн ар бир кγнгѳ 2014-жылга тѳмѳндѳгγдѳй айып акылар бекитилсин:
а) 1 баш бодо малга 150 (бир жγз элγγ) сом;
б) 1 баш кой-эчкиге 30 (отуз) сом.
5. Жайыт акысы башка жайыттарга Кѳк-Талаага, Ак-Сай, Каманды, Сары-Тал жана башка жайыттарга жайлап келсе дагы Ат-Башы айылынын жайыт комитетине толук тѳлѳнсγн.
6. Жайыт эсебиндеги жерлерди башка максаттарга чѳп чабыкка пайдаланып жаткан жер аянттарына келишим тγзγлсγн жана тѳмѳндѳгγдѳй тѳлѳнсγн:
а)1 (бир) сотых жерге 10 (он) сом;
б) сарайдын айланасын огород кылып тосуп алган жайыт аянттарына 1(бир) сотых жерге 15 (он беш) сом.
Келишим тγзбѳй жер аянттарын пайдаланып жаткан адамдарга карата мыйзам чегинде чара кѳрγлсγн.
7. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл аймагынын жайыт комитетинин тѳрагасы Ж. Кожобердиевге тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын тѳрагасы: |
К.Абдылдаев |
| Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезектеги Х сессиясынын 17.03.2014-ж. № 10-4 токтомуна тиркеме №1 |
№ | Чыгымдардын статьялары
| Саны | Баасы | Сумма |
1 | Бензин |
| 10 000 | 10 000 |
2 | Командировкалык чыгымдар |
|
|
|
3 | Канц.товар |
| 1 123 | 1 123 |
4 | Тѳраганын эмгек акысы | 9 | 3 648 | 32 832 |
5 | Бухгалтердин эмгек акысы | 9 | 3 648 | 32 832 |
6 | Камсыздандыруу γчγн тѳлѳм | 9 | 17,25% | 11 327 |
7 | Жайыт налогу | 3 527 | 2,25 | 7 936 |
8 | Жайыттын инфраструктурасын жакшыртууга |
| 33 000 | 33 000 |
9 | Сатуудан налог |
|
|
|
10 | Ассоциацияга мγчѳлγк акы |
|
| 1 000 |
|
Баары: |
|
|
130 050 |
Малдын тγрγ | саны | Которуу коефициенти | Шарттуу мал башы | Билет баасы |
Кой-эчки | 5 345 | 0,2 | 1 069 | 15 |
Жылкы | 328 | 1,0 | 328 | 75 |
Уй | 225 | 1,0 | 225 | 75 |
Жаш бодо | 160 | 0,7 | 112 | 52,5 |
Баары: |
|
|
1734 |
|
Кѳрсѳткγчтѳр
| Жаз | Жай | Кγз | Кыш | Жалпысы |
Мал жаюу кγнγ | 80 | 20 | 60 | 40 | 200 |
Жайылган мал саны Ш.М.Б. | 1734 | 1734 | 1734 | 1734 |
|
Билет баасы | 30,0 | 7,5 | 22,5 | 15,0 |
|
Баары: |
52020 |
13005 |
39015 |
26010 |
130050 |
Жайыт комитетинин башчысы Бухгалтери | Ж. Кожобердиев М. Абдраев |