Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 30-декабры, № 637 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫНПРЕМЬЕР-МИНИСТРИНИН БУЙРУГУ «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз РеспубликасынынКонституциялык мыйзамынын 13-статьясынын 17-пунктуна ылайык жанаКыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы № 607«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүноптималдаштыруу жөнүндө» Жарлыгын аткаруу үчүн: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнүкоргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин борбордукаппаратынын тиркелген структурасы жана штаттык тизмеси бекитилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнүкоргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин мамлекеттиккызматчыларынын сандык чеги техникалык жана тейлөөчү персоналданбашкасы 108 бирдикте белгиленсин. Премьер-министр Ф.Кулов