Загрузка документа…
КР Президентинин
2009-жылдын 14-декабрындагы ПЖ № 573 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫГЫ
2005-жылдын 30-ноябры ПЖ № 607
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын
түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө
(КР Президентинин
2005-жылдын 29-декабрындагы ПЖ № 655,
2005-жылдын 1-декабрындагы ПЖ № 661,
2006-жылдын 16-январындагы ПБ № 4 буйругунун,
2006-жылдын 23-январындагы ПЖ № 27,
2006-жылдын 7-февралындагы ПЖ № 49,
2006-жылдын 3-мартындагы ПЖ № 95,
2006-жылдын 17-мартындагы ПЖ № 121,
2006-жылдын 24-мартындагы ПЖ № 143,
2006-жылдын 11-майындагы ПЖ 244,
2006-жылдын 19-майындагы ПЖ № 269,
2006-жылдын 26-майындагы ПЖ № 288,
2006-жылдын 7-июнундагы ПЖ № 308,
2006-жылдын 12-июнундагы ПЖ № 311,
2006-жылдын 7-июлундагы ПЖ № 362,
2006-жылдын 13-июлундагы ПЖ № 379,
2006-жылдын 13-июлундагы ПЖ № 380,
2006-жылдын 15-июлундагы ПЖ № 382,
2006-жылдын 31-июлундагы ПЖ № 404,
2006-жылдын 28-августундагы ПЖ № 445,
2006-жылдын 5-декабрындагы ПЖ № 579,
2007-жылдын 22-январындагы ПЖ № 11,
2007-жылдын 30-январындагы ПЖ № 19,
2007-жылдын 14-мартындагы ПЖ № 93,
2007-жылдын 27-апрелиндеги ПЖ № 208,
2007-жылдын 20-июнундагы ПЖ № 316,
2007-жылдын 22-июнундагы ПЖ № 319,
2007-жылдын 24-августундагы ПЖ № 384,
2007-жылдын 24-сентябрындагы ПЖ № 412,
2007-жылдын 25-октябрындагы ПЖ № 472,
2008-жылдын 29-январындагы ПЖ № 48,
2008-жылдын 29-январындагы ПЖ № 50,
2008-жылдын 21-апрелиндеги ПЖ № 143,
2008-жылдын 20-августундагы ПЖ № 285,
2008-жылдын 14-октябрындагы ПЖ № 366,
2008-жылдын 28-октябрындагы ПЖ № 391,
2008-жылдын 20-ноябрындагы ПЖ № 410,
2008-жылдын 27-декабрындагы ПЖ № 468,
2009-жылдын 8-январындагы ПЖ № 2,
2009-жылдын 20-январындагы ПЖ № 43,
2009-жылдын 22-январындагы ПЖ № 45,
2009-жылдын 24-январы ПЖ № 79,
2009-жылдын 13-февралындагы ПЖ № 100,
2009-жылдын 13-мартындагы № 157,
2009-жылдын 30-апрелиндеги ПЖ № 215
2009-жылдын 20-апрелиндеги ПЖ № 203,
2009-жылдын 7-майындагы ПЖ № 227,
2009-жылдын 21-майындагы ПЖ № 243,
2009-жылдын 22-июнундагы ПЖ № 285,
2009-жылдын 15-июлундагы ПЖ № 311,
2009-жылдын 10-ноябрындагы ПЖ № 498
Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Администрациялык реформанын биринчи этабынын натыйжасында Кыргыз Республикасында мамлекеттик башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, алардын түзүмүн жана функцияларын өркүндөтүү, мамлекеттик кызматчылардын ишинин сапатын жогорулатуу ишинде айрым ийгиликтерге жетишилди. Министрликтердеги, мамлекеттик комитеттердеги, администрациялык ведомстволордогу, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардагы жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарындагы функциялык талдоонун жыйынтыктары боюнча бири-бирин кайталаган түзүмдөр жоюлду жана кыскартылды, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана борбордук башкаруу органдарынын жаңы түзүмү иштелип чыкты жана бекитилди.
Ошону менен бирге, жаңы реалийлер жана мамлекеттик башкаруунун жана жергиликтүү өзалдынча башкаруунун сапатына жана натыйжалуулугуна коомдун улам өсүп жаткан талаптары бүгүнкү күндө мамлекеттик аппаратты жана аны күтүүгө каражаттарды кыскартууга, мамлекеттик органдардын ишине жаңы башкаруу технологияларын киргизүүгө багытталган чараларды көрүү зарылчылыгын талап кылат.
Ушуга байланыштуу жана администрациялык реформаны андан ары тереңдетүү, бийликтин мамлекеттик жана муниципалдык органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу, областтык жана райондук деңгээлдерде мамлекеттик башкаруу системасынын бири-бирин кайталаган звенолорун жоюу, мамлекеттик аппаратты күтүүгө чыгымдарды кыскартуу, калкка көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын жогорулатуу, мамлекеттик башкаруунун жана жергиликтүү өзалдынча башкаруунун социалдык багыт алышын күчөтүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 8-сентябрындагы № 305 буйругу менен түзүлгөн мамлекеттик бийлик органдарынын ишин оптималдаштыруу маселелери боюнча республикалык комиссиянын (мындан ары - республикалык комиссия) сунуштары жактырылсын жана Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана администрациялык ведомстволорунун, башка аткаруу органдарынын системасынын кызматкерлеринин санынын чеги ушул Жарлыктын № 1 тиркемесине ылайык белгиленсин.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 7-февралындагы ПЖ № 49 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Республикалык комиссиянын сунуштарына макулдук берилсин жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына (Омбудсменине), Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына өз уюмдарынын кызматчыларынын штаттык санын ушул Жарлыктын № 2 тиркемесинде каралган сандан ашпаган чекте аныктоо сунуш кылынсын.
3. Республикалык комиссиянын сунуштарына макулдук берилсин жана өзгөртүп түзүү жолу менен Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана администрациялык ведомстволорунун, башка аткаруу мамлекеттик органдарынын айрым ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрү ушул Жарлыктын № 3 тиркемесине ылайык жоюлсун.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 7-февралындагы ПЖ № 49 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
4. Республикалык комиссиянын сунуштары колдоого алынсын жана төмөнкүлөр бекитилсин:
- ушул Жарлыктын № 4 тиркемесине ылайык мамлекеттик органдардын башкаруу түзүмдөрүнүн мамлекеттик кызматчыларынын штаттык санынын эң аз өлчөмдөрү;
- ушул Жарлыктын № 5 тиркемесине ылайык мамлекеттик башкаруу органдарынын мамлекеттик кызмат орундарынын ченемдик түзүмү;
- ушул Жарлыктын № 6 тиркемесине ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын жетекчилеринин орунбасарларынын санынын чеги.
5. Ушул Жарлыктын № 4 жана № 5 тиркемелеринин күчү Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына жайылтылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана башка мамлекеттик органдары аткарылуучу функцияларды тактоо жана кайра бөлүштүрүү менен мамлекеттик органдардын түзүмүн жана штаттык санын үч айлык мөөнөттө ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
7. Министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго жана башка мамлекеттик органдарга, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына штаттык кызматкерлерди атайын каражаттардын же башка финансылоо булактарынын эсебинен күтүү менен тандап алууга тыюу салынсын, буга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгаи учурлар кирбейт.
8. Министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго жана башка мамлекеттик органдарга, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга юридикалык жакты түзүү менен, мамлекеттик бюджеттик финансылануучу, өздөрүнө караштуу түзүмдөрдү түзүүгө тыюу салынсын.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 7-февралындагы ПЖ № 49 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун жоюлган ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн функцияларын мамлекеттик органдын ичинде кайра бөлүштүрүү боюнча, ошондой эле мамлекеттик органдарды кайра уюштуруунун жана ишин оптималдаштыруунун жүрүшүндө бошотулган кызматкерлерди ишке орноштуруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын катышуусу менен мамлекеттик органдарды кайра уюштуруунун жана ишин оптималдаштыруунун жүрүшүндө бошогон кызматтык автомобилдерди мамлекеттик органдардын ортосунда кайра бөлүштүрсүн;
- үч айлык мөөнөттө мамлекеттик кызматчылардын эмгегине акы төлөө шарттары жагынан Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын түгөлдөөнү жүргүзсүн жана аларды өркүндөтүү жана мамлекеттик кызматчылардын эмгек акысын жогорулатуу боюнча сунуштарды киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ушул Жарлыктан келип чыккан өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизсин;
- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 7-февралындагы ПЖ № 49 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
10. Республикалык комиссия ишин улантсын жана эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын сот органдарынын, күч органдарынын түзүмдөрүнүн, дипломатиялык мекемелеринин, ал эми Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өзалдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин катышуусу менен - областтык жана райондук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын аппараттарынын түзүмүн жана кызматчыларынын санын оптималдаштыруу боюнча сунуштарды киргизсин.
11. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын башкаруу структураларын андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 28-декабрындагы № 364 Указы;
- "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын башкаруу структурасын андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 28-декабрындагы Указына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 20-мартындагы № 64 Указы;
- "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын башкаруу структурасын андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 28-декабрындагы Указына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 5-августундагы № 259 Жарлыгы;
- "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 12-июлундагы № 273 Жарлыгынын 2-пункту;
- "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын башкаруу структураларын андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 28-декабрындагы Указына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 10-августундагы № 309 Жарлыгы;
- "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын бирдиктүү тышкы саясатын жүргүзүүдөгү анын координациялоочу ролун күчөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 14-ноябрындагы № 543 Жарлыгынын 7-пункту.
12. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
13. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 3О-ноябрындагы № 607 Жарлыгынын № 1 тиркемеси |
(Кыргыз Республикасынын Президентинин
2008-жылдын 19-июнундагы ПЖ № 223,
2008-жылдын 20-августундагы ПЖ № 285
2008-жылдын 14-октябрындагы ПЖ № 366,
2008-жылдын 20-ноябрындагы ПЖ № 410,
2008-жылдын 27-декабрындагы ПЖ № 468,
2009-жылдын 8-январындагы ПЖ № 2,
2009-жылдын 22-январындагы ПЖ № 45,
2009-жылдын 24-январындагы ПЖ № 79,
2009-жылдын 13-февралындагы ПЖ № 100,
2009-жылдын 20-апрелиндеги ПЖ № 203,
2009-жылдын 21-майындагы ПЖ № 243,
2009-жылдын 22-июнундагы ПЖ № 285
Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
┌─────┬──────────────────────────────────────────────────┬────────────┐
│Катар│ Аталышы │ Саны │
│ № │ │(техникалык │
│ │ │ жана │
│ │ │ тейлөөчү │
│ │ │ персоналды │
│ │ │ кошпогондо)│
├─────┴──────────────────────────────────────────────────┴────────────┤
│ Кыргыз Республикасынын министрликтери │
├─────┬──────────────────────────────────────────────────┬────────────┤
│1. │Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги │337,5 │
├─────┼──────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│2. │Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги │546 │
├─────┼──────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│3. │Кыргыз Республикасынын Өнөржай, энергетика жана │ │
│ │отун ресурстар министрлиги │225 │
├─────┼──────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│4. │Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги │1298 │
├─────┼──────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│5. │Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана │ │
│ │соода министрлиги │362 │
├─────┼──────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│6. │Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим │ │
│ │министр │409 │
├─────┼──────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│7. │Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министр│466 │
├─────┼──────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│8. │Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү│ │
│ │министр │1458 │
├─────┼──────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│9. │Кыргыз Республикасынын Транспорт жана │ │
│ │коммуникациялар министрлиги │950 │
├─────┼──────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│10. │Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра │ │
│ │иштетүү өнөржай министрлиги │7090 │
├─────┼──────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│11. │Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар │ │
│ │министрлиги │2241 │
├─────┼──────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│12. │Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат │ │
│ │министрлиги │762 │
├─────┴──────────────────────────────────────────────────┴────────────┤
│ Кыргыз Республикасынын мамлекеттик комитеттери │
├─────┬──────────────────────────────────────────────────┬────────────┤
│1. │Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу│ │
│ │боюнча мамлекеттик комитети │129 │
├─────┼──────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│2. │Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке │ │
│ │орноштуруу боюнча мамлекеттик комитети │537 │
├─────┼──────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│3. │Кыргыз Республикасынын Салык жана жыйымдар боюнча │ │
│ │мамлекеттик комитети │2238 │
├─────┼──────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│4. │Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети │1200 │
├─────┴──────────────────────────────────────────────────┴────────────┤
│ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу │
│ администрациялык ведомстволор │
├─────┬──────────────────────────────────────────────────┬────────────┤
│1. │Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин │ │
│ │иштери боюнча мамлекеттик агенттик │18 │
├─────┼──────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│2. │Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология │ │
│ │жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик │ │
│ │агентти │42 │
├─────┼──────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│3. │Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм │ │
│ │боюнча мамлекеттик агенттик │64 │
├─────┼──────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│4. │Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу │ │
│ │Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик │ │
│ │агенттик │1346 │
├─────┼──────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│5. │Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу кыймылсыз│ │
│ │мүлккө болгон укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик │ │
│ │агенттик │531 │
├─────┼──────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│6. │Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене │ │
│ │тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды │ │
│ │коргоо боюнча мамлекеттик агенттик │225 │
├─────┼──────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│7. │Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу кесиптик-│ │
│ │техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттик│73 │
├─────┼──────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│8. │Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу │ │
│ │Мамлекеттик маалыматтык ресурстар жана │ │
│ │технологиялар агенттиги │233 │
├─────┼──────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│9. │Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу сатып │ │
│ │алуулар жана материалдык резервдер боюнча │ │
│ │мамлекеттик агенттик │91 │
├─────┼──────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│10. │Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап │ │
│ │турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча │ │
│ │мамлекеттик агенттик │2357 │
├─────┼──────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│11. │Кыргыз Республикасынын антимонополиялык саясат │ │
│ │жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча Улуттук │ │
│ │агенттик │93 │
├─────┴──────────────────────────────────────────────────┴────────────┤
│ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген │
│ башка башкаруу бийлик органдары │
├─────┬──────────────────────────────────────────────────┬────────────┤
│1. │Кыргыз Республикасынын Финансы полиция кызматы │527 │
├─────┼──────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│2. │Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо │ │
│ │кызматы │28 │
├─────┼──────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│3. │Кыргыз Республикасынын Финансы рыногуна көзөмөлдүк│ │
│ │кылуу жана жөнгө салуу кызматы │92 │
├─────┼──────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│4. │Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматы │212 │
├─────┼──────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│5. │Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттиги │153 │
├─────┼──────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│6. │Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык │ │
│ │комиссиясы │15 │
├─────┼──────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│7. │Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКОнун иштери боюнча │ │
│ │улуттук комиссиясы │6 │
└─────┴──────────────────────────────────────────────────┴────────────┘
Эскертүү:
- орундардын санынын чеги Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаны аткаруу башкы башкармасын, Түзөтүү мекемелерин кайтаруу жана соттолгондорду конвой менен коштоо департаментин, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармасын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу "Инфо-Система" мамлекеттик мекемесин эске албастан аныкталган.
Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун, башка борбордук органдарынын кызматкерлеринин санынын чеги мамлекеттик органдардын бюджеттик жана чарбалык эсептеги түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин санын эске алуу менен белгиленген.
| "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы № 607 Жарлыгынын № 2 тиркемеси |
(Кыргыз Республикасынын Президентинин
2008-жылдын 19-июнундагы ПЖ № 223,
2008-жылдын 28-октябрындагы ПЖ № 391,
2008-жылдын 27-декабрындагы ПЖ № 468,
2009-жылдын 13-мартындагы № 157,
2009-жылдын 30-апрелиндеги ПЖ № 215
Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
┌─────┬──────────────────────────────────────────────────┬────────────┐
│Катар│ Аталышы │ Саны │
│ № │ │(техникалык │
│ │ │ жана │
│ │ │ тейлөөчү │
│ │ │ персоналды │
│ │ │ кошпогондо)│
├─────┼──────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│1. │Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы │925 │
├─────┼──────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│2. │Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы │422 │
├─────┼──────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│3. │Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум │ │
│ │өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы │40 │
├─────┼──────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│4. │Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы │201 │
├─────┼──────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│5. │Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсменди) │ │
│ │жана анын аппараты │79 │
├─────┼──────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│6. │Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети│1112 │
├─────┼──────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│7. │Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду │1373 │
├─────┼──────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│8. │Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өзалдынча │ │
│ │башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттик │91 │
├─────┼──────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│9. │Кыргыз Республикасынын коррупциянын алдын алуу │ │
│ │боюнча Улуттук агенттиги │49 │
├─────┼──────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│10. │Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери │ │
│ │боюнча агенттик │83 │
├─────┼──────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│11. │Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу │ │
│ │мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссия │14 │
├─────┼──────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│12. │Кыргыз Республикасынын тоолуу райондорун өнүктүрүү│ │
│ │Улуттук борбору │7 │
├─────┼──────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│13. │Кыргыз аккредитация борбору │15 │
├─────┼──────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│14. │Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу │ │
│ │Стратегиялык талдоо жана баа берүү институту │26 │
├─────┼──────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│15. │Кыргыз Республикасынын стандарттар жана │ │
│ │метрология Улуттук институту │82 │
├─────┼──────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│16. │Банктарды кайра уюштуруу жана реструкташтыруу │ │
│ │боюнча агенттик (ДЕБРА) │ │
└─────┴──────────────────────────────────────────────────┴────────────┘
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы № 607 Жарлыгынын № 3 тиркемеси |
(Кыргыз Республикасынын Президентинин
2006-жылдын 7-февралындагы ПЖ № 49 Жарлыгынын
редакциясына ылайык)
┌──┬──────────────────────────────────────────────────────────────────┐
│№ │ Мамлекеттик түзүмдүн аталыштары │
├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│1 │Кыргыз Республикасынын Өнөржай, соода жана туризм министрлигине │
│ │караштуу тике инвестицияларды тартуу борбору │
├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│2 │Кыргыз Республикасынын Өнөржай, соода жана туризм министрлигине │
│ │караштуу корпоративдик өнүктүрүү борбору │
├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│3 │Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы │
│ │"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн │
│ │оптималдаштыруу жөнүндө" Жарлыгы күчүнө киргенден күндөн тартып │
│ │КР Президентинин 2006-жылдын 7-февралындагы № 49 Жарлыгына ылайык │
│ │бул пункт күчүн жоготкон │
├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│4 │Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы │
│ │"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн │
│ │оптималдаштыруу жөнүндө" Жарлыгы күчүнө киргенден күндөн тартып │
│ │КР Президентинин 2006-жылдын 7-февралындагы № 49 Жарлыгына ылайык │
│ │бул пункт күчүн жоготкон │
├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│5 │Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине │
│ │караштуу "Манас" программасын координациялоо жана киргизүү боюнча │
│ │башкы башкармалыгы │
├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│6 │Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо │
│ │министрлигине караштуу ички аудит башкармасы │
├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│7 │Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо │
│ │министрлигине караштуу маалыматтык технологиялар башкармасы │
├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│8 │Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо │
│ │министрлигине караштуу социалдык жактан коргоо департаменти │
├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│9 │Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо │
│ │министрлигине караштуу баштапкы кесиптик-техникалык билим берүү │
│ │башкармалыгынын борбордоштурулган бухгалтериясы │
├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│10│Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо │
│ │министрлигине караштуу баштапкы кесиптик-техникалык билим берүү │
│ │башкармалыгынын республикалык методикалык борбору │
├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│11│Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо │
│ │министрлигине караштуу баштапкы кесиптик-техникалык билим берүү │
│ │башкармалыгынын билим берүү стандарттарына контролдук кылуу │
│ │боюнча инспекциясы │
├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│12│Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо │
│ │министрлигине караштуу баштапкы кесиптик-техникалык билим берүү │
│ │башкармалыгынын маалыматтык-талдоо борбору │
├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│13│Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо │
│ │министрлигине караштуу баштапкы кесиптик-техникалык билим берүү │
│ │башкармалыгынын областтык методикалык борборлору │
├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│14│Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай │
│ │министрлигинин областтык агрардык өнүктүрүү департаменттери │
├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│15│Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагыай │
│ │"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн │
│ │оптималдаштыруу жөнүндө" Жарлыгы күчүнө киргенден күндөн тартып │
│ │КР Президентинин 2006-жылдын 7-февралындагы № 49 Жарлыгына ылайык │
│ │бул пункт күчүн жоготкон │
├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│16│Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай │
│ │министрлигинин ветеринария Департаментинин областтык органдары │
├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│17│Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай │
│ │министрлигине караштуу химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо │
│ │Департаментинин областтык органдары │
├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│18│Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай │
│ │министрлигине караштуу өсүмдүктөрдүн карантини боюнча Мамлекеттик │
│ │инспекциясынын областтык органдары │
├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│19│Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай │
│ │министрлигине караштуу Мамлекеттик үрөн инспекциясынын областтык │
│ │органдары │
├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│20│Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жаиа кайра иштетүү өнөржай │
│ │министрлигине караштуу башкы мамлекеттик техникалык инспекциянын │
│ │областтык техникалык инспекциялары, Ош лабораториясы, 5 райондук │
│ │жана шаардык бөлүмү │
├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│21│Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай │
│ │министрлигине караштуу айылды суу менен камсыз кылуу │
│ │Департаментинин областтык бөлүмдөрү │
├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│22│Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай │
│ │министрлигине караштуу республикалык капиталдык курулуш бирикмеси │
├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│23│Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы │
│ │"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн │
│ │оптималдаштыруу жөнүндө" Жарлыгы күчүнө киргенден күндөн тартып │
│ │КР Президентинин 2006-жылдын 7-февралындагы № 49 Жарлыгына ылайык │
│ │бул пункт күчүн жоготкон │
├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│24│Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы │
│ │"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн │
│ │оптималдаштыруу жөнүндө" Жарлыгы күчүнө киргенден күндөн тартып │
│ │КР Президентинин 2006-жылдын 7-февралындагы № 49 Жарлыгына ылайык │
│ │бул пункт күчүн жоготкон │
├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│25│Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай │
│ │министрлигине караштуу агрардык илим жана консультациялык кызмат │
│ │борбору │
├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│26│Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай │
│ │министрлигине караштуу экономика институту │
├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│27│Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай │
│ │министрлигине караштуу "Тамеки" илимий-өндүрүштүк бирикмеси │
├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│28│Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу │
│ │жарандык коргонуу башкы башкармасы │
├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│29│Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик архив │
│ │агенттигинин областтык архивдер башкармалары │
├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│30│Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык көзөмөл жана │
│ │отчеттуулук боюнча мамлекеттик агенттиктин окуу-маалыматтык │
│ │борбору │
├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│31│Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык көзөмөл жана │
│ │отчеттуулук боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматтарды сактоо │
│ │жана иштетүү мамлекеттик фонду │
├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│32│Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш │
│ │боюнча мамлекеттик комиссиянын тышкы байланыштар жана курулушту │
│ │инвестициялоо боюнча мамлекеттик департаменти │
├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│33│Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш │
│ │боюнча мамлекеттик комиссиянын курулушта стандартташтыруу, │
│ │сертификациялоо жана лицензиялоо боюнча мамлекеттик борбору │
├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│34│Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш │
│ │боюнча мамлекеттик комиссиянын Мамлекеттик экспертизасы жана │
│ │Мамлекеттик экспертизанын аймактык органдары │
├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│35│Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш │
│ │боюнча мамлекеттик комиссиянын курулушта эмгекти жана коопсуздук │
│ │техникасын сактоо борбору │
├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│36│Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш │
│ │боюнча мамлекеттик комиссиянын мамлекеттик архитектура курулуш │
│ │контролунун башкы башкармасы жана мамлекеттик архитектура курулуш │
│ │контролунун аймактык органдары │
├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│37│Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы │
│ │"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн │
│ │оптималдаштыруу жөнүндө" Жарлыгы күчүнө киргенден күндөн тартып │
│ │КР Президентинин 2006-жылдын 7-февралындагы № 49 Жарлыгына ылайык │
│ │бул пункт күчүн жоготкон │
├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│38│Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик токой кызматынын Жаныбарлар │
│ │жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин кайтарууга жана │
│ │пайдаланууга мамлекеттик контролдук кылуу башкы башкармасы │
├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│39│Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик токой кызматынын аңчылык │
│ │көзөмөл жана аңчылык ресурстарын пайдаланууну жөнгө салуу │
│ │башкармасы │
├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│40│Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик токой кызматынын Токойдун, │
│ │флоранын жана фаунанын мониторинги башкармасы"; │
├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│41│Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы │
│ │"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн │
│ │оптималдаштыруу жөнүндө" Жарлыгы күчүнө киргенден күндөн тартып │
│ │КР Президентинин 2006-жылдын 7-февралындагы № 49 Жарлыгына ылайык │
│ │бул пункт күчүн жоготкон │
├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│42│"Инновация" инновациялык технологиялардын мамлекеттик борбору │
├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│43│Авторлордун жана укук ээлеринин мүлктүк укуктарын жамааттык │
│ │башкаруу борбору, экспертиза Борбору, аралаш укуктар Борбору, │
│ │патенттик-техникалык маалыматтар Борбору, селекциялык │
│ │жетишкендиктер Борбору, Редакциялык-басма борбору, │
├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│44│Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы │
│ │"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн │
│ │оптималдаштыруу жөнүндө" Жарлыгы күчүнө киргенден күндөн тартып │
│ │КР Президентинин 2006-жылдын 7-февралындагы № 49 Жарлыгына ылайык │
│ │бул пункт күчүн жоготкон │
├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│45│Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар │
│ │министрлигинин "Бишкек-Ош" автожолу башкармасы │
└──┴──────────────────────────────────────────────────────────────────┘
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 7-февралындагы ПЖ № 49 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
| "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы № 607 Жарлыгынын № 4 тиркемеси |
(Кыргыз Республикасынын Президентинин
2008-жылдын 19-июнундагы ПЖ № 223 Жарлыгынын
редакциясына ылайык)
┌────────────────────────────────────────────────────────┬────────────┐
│ Аталышы │Бирдиктердин│
│ │минималдуу │
│ │саны │
├────────────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│Мамлекеттик органга баш ийген, юридикалык жактын статусу│ │
│бар агенттик, департамент, борбор, инспекция, фонд │11 │
├────────────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│Юридикалык жактын статусу бар региондор аралык │ │
│(облустук, шаардык, райондук) башкарма │9 │
├────────────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│Башкы башкарма, борбордук аппараттын курамындагы │ │
│башкарма │9 │
├────────────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│Бөлүм │4 │
├────────────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│Сектор │2 │
├────────────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│Региондор аралык, облустук, райондук жана шаардык │ │
│деңгээлдеги бөлүм │3 │
└────────────────────────────────────────────────────────┴────────────┘
Эскертүү:
1. Төмөнкүлөр түзүлбөйт:
- облустук, райондук деңгээлдеги департаменттер;
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунан, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен тышкары мамлекеттик органдардын борбордук аппараттарынын курамындагы департаменттер.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде башкаруу түзүмдөрүнүн башкача аталыштарына жана мамлекеттик кызматчылардын штаттык санынын башкача минималдуу ченемдерине жол берилет.
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы № 607 Жарлыгынын № 5 тиркемеси |
(КР Президентинин
2006-жылдын 7-февралындагы ПЖ № 49,
2006-жылдын 17-мартындагы ПЖ № 121,
2006-жылдын 13-июлундагы ПЖ № 380,
2006-жылдын 28-августундагы ПЖ № 445,
2007-жылдын 20-июнундагы ПЖ № 316,
2007-жылдын 24-сентябрындагы ПЖ № 412,
2008-жылдын 29-январындагы ПЖ № 50,
2008-жылдын 19-июнундагы ПЖ № 223,
2009-жылдын 20-январындагы ПЖ № 43,
2009-жылдын 10-ноябрындагы ПЖ № 498
Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
(процент менен)
┌────────────────────────────────────────────────────┬────────────────┐
│ Кызмат орду │ Саны │
│ │ │
├────────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│Мамлекеттик органдардын жана мамлекеттик органдын │25ке чейин │
│бөлүмдөрүнүн жетекчи курамы │ │
├────────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│Эксперт, инспектор, адис жана референт │75 жана андан │
│ │жогору │
├────────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│анын ичинде: │ │
├────────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│Эксперт, башкы адис, башкы инспектор │40ка чейин │
├────────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│Жетектөөчү адис, улук инспектор │40ка чейин │
├────────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│1-категориядагы адис, инспектор, референт │20 жана андан │
│ │жогору │
└────────────────────────────────────────────────────┴────────────────┘
Эскертүү:
1. Мамлекеттик органдын аппаратынын жетекчисинин Кызмат орду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин), Кыргыз Республикасынын Конституциялык жана Жогорку сотторунун, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду, Кыргыз Республикасынын коррупциянын алдын алуу боюнча Улуттук агенттигинин, Кыргыз Республикасынын областтык жана райондук мамлекеттик администрацияларынын аппараттарында гана болот.
(КР Президентинин 2007-жылдын 20-июнундагы ПЖ № 316, 2009-жылдын 20-январындагы ПЖ № 43 Жарлыктарынын, редакцияларына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде, Кыргыз Республикасынын коррупциянын алдын алуу боюнча Улуттук агенттигинде, облустардын жана райондордун мамлекеттик администрациялары мамлекеттик кызмат орундарынын башка ченемдик түзүмүнө жол берилет.
(КР Президентинин 2007-жылдын 20-июнундагы ПЖ № 316, 2008-жылдын 29-январындагы ПЖ № 50, 2008-жылдын 19-июнундагы ПЖ № 223, 2009-жылдын 10-ноябрындагы ПЖ № 498 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
3. Техникалык жана тейлөө кызматкерлеринин саны ушул Жарлык менен белгиленген сандын чегинин 20%инен ашык эмес белгиленет. Бул катыш Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасына, Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо кызматына, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча Борбордук комиссиясына, облустардын жана райондордун мамлекеттик администрацияларына жайылтылбайт.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 24-сентябрындагы ПЖ № 412 Жарлыгынын, 2008-жылдын 19-июнундагы ПЖ № 223 Жарлыгынын редакцияларына ылайык)
4. Мамлекеттик кызмат орундарынын проценттик катышы юридикалык жактын статусу бар болгон мамлекеттик органдын ар бир түзүмдүк түзүлүшүнө карата колдонулат.
Мамлекеттик органдардын жана мамлекеттик органдын бөлүмдөрүнүн жетектөөчү курамына мамлекеттик органдын жетекчилери, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери, алардын орунбасарлары кирет.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 7-февралындагы ПЖ № 49 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы № 607 Жарлыгынын № 6 тиркемеси |
(Кыргыз Республикасынын Президентинин
2005-жылдын 29-декабрындагы ПЖ № 655,
2005-жылдын 1-декабрындагы ПЖ № 661,
2006-жылдын 7-февралындагы ПЖ № 49,
2006-жылдын 17-мартындагы ПЖ № 121,
2006-жылдын 11-майындагы ПЖ 244,
2006-жылдын 13-июлундагы ПЖ № 379,
2006-жылдын 31-июлундагы ПЖ № 404,
2006-жылдын 5-декабрындагы ПЖ № 579,
2007-жылдын 14-мартындагы ПЖ № 93,
2007-жылдын 27-апрелиндеги ПЖ № 208,
2007-жылдын 24-августундагы ПЖ № 384,
2008-жылдын 29-январындагы ПЖ № 48,
2008-жылдын 20-августундагы ПЖ № 285,
2008-жылдын 31-октябрындагы ПЖ № 396,
2008-жылдын 20-ноябрындагы ПЖ № 410,
2009-жылдын 24-январы ПЖ № 79,
2009-жылдын 13-февралындагы ПЖ № 100,
2009-жылдын 15-апрелиндеги ПЖ № 201,
2009-жылдын 7-майындагы ПЖ № 227,
2009-жылдын 15-июлундагы ПЖ № 311
Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
┌───┬─────────────────────────────────────────────────┬───────────────┐
│№ │ Аталышы │Орунбасарлардын│
│ │ │ саны │
├───┼─────────────────────────────────────────────────┼───────────────┤
│1 │Кыргыз Республикасынын министрликтери, │ 2 │
│ │мамлекеттик комитеттери, Башкы прокуратурасы, │ │
│ │Улуттук статистика комитети, Кыргыз │ │
│ │Республикасынын Финансылык чалгындоо кызматы, │ │
│ │Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарга │ │
│ │контролдук кылуу боюнча агенттиги, Кыргыз │ │
│ │Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик │ │
│ │бажы инспекциясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө│ │
│ │караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой │ │
│ │чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик │ │
├───┼─────────────────────────────────────────────────┼───────────────┤
│2 │Администрациялык ведомстволор жана башка │ 1 │
│ │борбордук органдар │ │
├───┼─────────────────────────────────────────────────┼───────────────┤
│3 │Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо │ 3 │
│ │министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, │ │
│ │Тышкы иштер министрлиги, Экономикалык өнүгүү жана│ │
│ │соода министрлиги, │ │
│ │Улуттук коопсуздук кызматы, Кыргыз │ │
│ │Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча │ │
│ │мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын │ │
│ │Финансылык полиция кызматы, Кыргыз │ │
│ │Республикасынын Башкы прокуратурасы │ │
├───┼─────────────────────────────────────────────────┼───────────────┤
│3-1│Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, │ 4 │
│ │Ички иштер министрлиги, Финансы министрлиги, │ │
│ │Социалдык фонду │ │
├───┼─────────────────────────────────────────────────┼───────────────┤
│4 │Жалалабат, Чүй, Ош областтык мамлекеттик │ 3 │
│ │администрациялары │ │
├───┼─────────────────────────────────────────────────┼───────────────┤
│5 │Нарын, Ысыккөл, Талас, Баткен областтык │ 3 │
│ │мамлекеттик администрациялары │ │
├───┼─────────────────────────────────────────────────┼───────────────┤
│6 │Райондук мамлекеттик администрациялар │ 2 │
└───┴─────────────────────────────────────────────────┴───────────────┘
Эскертүү:
Статс-катчылардын кызмат орду киргизилген министрликтерде, администрациялык ведомстволордо жана башка борбордук органдарда мамлекеттик органдын жетекчисинин биринчи орунбасарынын (Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинен сырткары) кызмат орду жоюулат.
Кыргыз Республикасынын Улуттук стптистикалык комитетине эл жана туракжай фондун каттоону даярдоо, өткөрүү, анын натыйжаларын иштетүү, талдап жалпылоо жана жарыялоо мезгилинде Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин төрагасынын эл жана туракжай фондун каттоо маселеси боюнча орунбасарынын кошумча кызмат ордун киргизүүгө жол берилсин.
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинде министрдин эки биринчи орунбасары, анын бирөө - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын начальниги - коргоо министринин биринчи орунбасары.
Саламаттыкты сактоо министринин орунбасарларынын бири Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун башкы директору болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде министрдин орунбасарларынын бири Ош шаарында жайгашуу менен Кыргыз Республикасынын түштүк регионундагы ички иштер органдарынын ишине кураторлук кылат.
Финансы министринин орун басарларынын бири Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын директору болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасында Башкы прокурордун орун басарларынын бирөөсү жайгашкан жери Ош шаарында болуу менен Кыргыз Республикасынын түштүк аймагындагы прокуратура органдарынын ишин тейлейт.