Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын30-июну № 9/65
Сары-Булак айыл өкмөтү тарабынан берилүүчү маалымат
баракчаларынын жана мамлекеттик алымдардын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Сары-Булак айыл өкмөтү тарабынан берилүүчү маалымат баракчаларынын жана мамлекеттик алымдардын өлчөмүн карап жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сары-Булак айыл өкмөтү тарабынан берилүүчү маалымат баракчаларынын жана мамлекеттик алымдардын өлчөмүн тиркемеге ылайык бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
2. Алынган акча каражаты айыл өкмөтүнүн атайын эсеп каражатына төгүлүп, ар кандай чыгымдарга жумшалсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Сары-булак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б.Элтуйбасов
|
| Сары-Булак айылдык Кеңешинин IX сессиясынын № 9/65 токтомуна тиркеме |
№ | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Баасы |
1 | Үй-бүлөө тууралуу маалымат Ф-1 | 3 сом |
2 | Жашагандыгы тууралуу маалымат Ф-2 | 3 сом |
3 | Менчик малы тууралуу маалымат Ф-3 | 3 сом |
4 | Иштегендиги тууралуу маалымат Ф-4 | 3 сом |
| Ишеним каттарды күбөлөндүрүү |
|
1 | Физикалык жактар үчүн | 50сом |
2 | Юридикалык жактар үчүн | 100 сом |
| Колдун аныктыгын күбөлөндүрүү |
|
1 | Физикалык жактар үчүн | 50сом |
2 | Юридикалык жактар үчүн | 100 сом |
| Керез каттарды күбөлөндүрүү |
|
1 | Физикалык жактар үчүн | 50сом |
| Документтердин көчүрмөлөрүн күбөлөндүрүү |
|
1 | Физикалык жактар үчүн | 5 сом |
2 | Юридикалык жактар үчүн | 10 сом |