Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын I-сессиясы
2014-жылдын 4-июнун № 8
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамынын 17-беренесин жетекчиликке алып, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезексиз II – сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул шаардык кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги XXVII- сессиясынын 06.06.2013-жылдагы № 123 токтомдунун 1 Тиркемеси жана № 125 токтому 04.06.2014-жылдан баштап күчүн жоготту деп табылсын.
2. Муниципалдык менчикте турган жер участокторун ижарага, жеке менчикке берүү, сатуу маселелери боюнча жана жеке менчик турак үй куруу үчүн жер учсатокторун берүү боюнча Токтогул шаардык мэриясы тарабынан түзүлүп, сунушталган комиссиялардын жаңы курамы ушул токтом менен бекитилсин (Тиркеме1).
3. Жер участокко укук берүүгө байланышкан бардык маселелерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Өкмөттүн токтомдорунун жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык чечүү жагы ушул токтом менен бекитилген 1 Тиркемедеги комиссиялардын курамына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын жалпысынан көзөмөлдөө жагы “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Сыдыковго тапшырылсын.
6. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (мэрия жана кеңеш бетине) жайгаштырылсын.
Токтогул шаардык Кеӊешинин төрагасы |
К.Дербишев
|
| Тиркеме 1 Токтогул шаардык Кеңешинин 04.06.2014 жыл Кезексиз II сессиясынын №8 токтому менен бекитилиди |
Токтогул шаарындагы муииципалдык менчиктеги- жерлерден ижарага. менчикке берүүдө, сатууда жама жеке менчикке там салууга жер аянттарын бөлүп берүүдө комиссия түзүү жөнүидө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындаг'ы № 57] токтомун жана 2005-жьшдын 6-майындагы № 177 токтомун, Токтогул шаардьп Кенешинин 2014-жылдьш 3-июнундагы чыгыш № 45 катын жетекчиликке алый Гоктогүл шаардык мэриясы
1. Токтогул шаардык мэриясынын муниципалдык менчиктеги жерлерди ижарага, жеке менчикке берүү сатуу жолу менеи жер аянттарын берүүдо төмөндөгүдей комиссия сунушталсын.
1. Жумалиев К - Токтогул шаарынын мэриясынын башкы ад и си, комиссиясынын торагасы
2. Исаков Максатбек – шаардык кеңештин депутаты, комиссиянын теңтөрагасы:
Комиссиянын мүчөлөрү:
3. Чуулдаков Т - Токтогул шаарынын мэриясынын башкы адиси;
4. Исраилов Адыл - шаардык кеңештин депутаты;
5. Өзүбеков Аманбек - шаардык кеңештин депутаты;
6. Азимова а - Токтогул шаарыньш мэриясынын башкы адиси;
7. Чакиев Б - жаштар кеңешинин торагасы;
2. Токтогул шаарынан жеке менчик турак жай куруу үчүн жер аянттарьш бөлүп берүүдө төмөндегүдөй комиссия сунушталсын:
1. Жумалиев К - Токтогул шаарынын мэриясынын башкы адиси, комиссиянын герагасы.
2. Өмүржан уулу Мирбек - шаардык кенештин депутаты, комиссиянын теңтөрагасы;
Комиссияпын мүчөлөрү:
3. Чуулдаков Т - 'Токтогул шаарынын мэриясынын башкы адиси;
4. Бекташова Т - Токтогул шаарынын мериясынын башкы адиси;
5. Сыргабаев Ормонбек -шаардык кеңештин депутаты;
6. Орозов Айбек - шаардык кенештин депутаты;
7. Курамасва К - Токтогул райондук архитектура жана курулуш башкармалыгынын башчысы;
8. Култаев С - Токтогул райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынын башчысыиын милдетии аткаруучу;
9. Чакиев Б - жаштар кеңешинин төрагасы;
3. Жогоруда көрсөтүлгөн комиссиянын курамыы шаардык кеңештин сессиясында бекитип берүүнү сунуштайбыз.