КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-августундагы № 468
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 20-февралындагы № 110 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУГУ Кыргыз Республикасында маалыматташтырууну өнүктүрүү, бирдиктүүреспубликалык маалыматтык мейкиндикти түзүү жана телекөрсөтүү, радио-программаларынын республиканын аймагын толук камтышын андан ары кам-сыздоо, цифралык телерадиоберүүлөргө өтүү, ошондой эле калктын маалыматтык ресурстарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында: 1. Төмөнкүдөй курамда ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн: Мадумаров А.К. - Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри, комиссиянын төрагасы,Сулайманов Н.Ч. - Кыргыз Республикасынын транспорт жана комму- никациялар министри, комиссиянын төрагасынын орун басары, комиссия мүчөлөрү:Кайыпов М.Т. - Кыргыз Республикасынын юстиция министри,Турдумамбетов Т.О. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы,Малеваный А.И. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кењешчиси,Жолдошев Н.Б. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын курулуш, транспортту жана ком- муникацияларды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы,Молдокасымов К.С. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телера- диокомпаниясынын башкы директору (макулдашуу боюнча),Мамбеталиев М.М. - "Кыргызтелеком" АК башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча),Малеваная О.А. - "НТС" телерадиокомпаниясынын башкы директору (макулдашуу боюнча),Майчиев Ш.Ю. - медиа-өкүл (макулдашуу боюнча),Сариева Э.К. - "Интерньюс" коомдук бирикмесинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча),Халдаров А.А. - "Пирамида" радиотехникалык борборунун дирек- тору (макулдашуу боюнча),Садыков И.А. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын маалыматтык аналитикалык иштер жана коомдук байланыштар боюнча башкармалыгынын "электрондук өкмөттү" ишке киргизүү жана маалыматташтырууну өнүк- түрүү боюнча секторунун башчысы, комиссиянын катчысы. 2. Комиссия бир айлык мөөнөттө: - телерадиокомпаниянын менчигинин түрүнө карабастан теле- жана радиопрограммаларды республика боюнча таркатуунун принциптерин жана механизмдерин иштеп чыксын; - калктын маалыматтык ресурстарга жеткиликтүүлүгүн камсыздоо кон-цепциясын иштеп чыгуу зарылдыгын аныктасын; - республиканын бүткүл аймагында цифралык телерадиоберүүлөргө өтүү боюнча сунуш киргизсин; - "Первый канал" (ОРТ), "Россия" (РТР) программаларын жана башка телевизиондук программаларды берүүнү координациялоону ишке ашыруучу мамлекеттик органды аныктасын. 3. бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын маалыматтык-аналитикалык иштер жана коомдук байланыштар боюнча башкармалыгына жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов