Редакцияот 22.08.2008
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт үйү2008-жылдын 22-августу № 468                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ                Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу               Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар                         боюнча кењеш жөнүндө      Кыргыз Республикасынын Президентинин  2008-жылдын  23-июнундагы  №232  "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу маалыматтык-коммуни-кациялык технологиялар боюнча кењеш жөнүндө" Жарлыгына  ылайык,  маалы-маттык  жана коммуникациялык технологиялар жагында Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтүнүн ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтү токтом кылат:     1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуника-циялык кењештин тиркелген Жобосу бекитилсин.     2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:     - Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-майындагы № 319"Кыргыз Республикасынын маалыматташтыруу чөйрөсүн өнүктүрүүнү координа-циялоо жана жөнгө салуу боюнча ведомстволор аралык координациялык кењешжөнүндө" Токтому;     - Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн  2006-жылдын 11-январындагы №4-б буйругу;     - Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-декабрындагы №706-б буйругу;     - Кыргыз  Республикасынын  Премьер-министрин 2006-жылдын 20-февра-лындагы № 110 буйругу;     - Кыргыз Республикасынын Премьер-министрин 2006-жылдын 12-апрелин-деги № 218 буйругу;     - Кыргыз  Республикасынын  Премьер-министрин 2006-жылдын 14-авгус-тундагы № 473 буйругу;     - Кыргыз Республикасынын Премьер-министрин 2006-жылдын 21-ноябрын-дагы № 552 буйругу.     3. Бул  токтомдун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын курулуш,  транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнөжүктөлсүн.      Кыргыз Республикасынын     Биринчи вице-премьер-министри                     И.Айдаралиев