КР Премьер-министринин
2011-жылдын 20-сентябрындагы № 432 буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2006-жылдын 26-апрели № 264
(КР Премьер-министринин 2009-жылдын 1-апрелиндеги № 124 буйругунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында документтер менен иштөөнүн тиркелген регламенти бекитилсин.
(КР Премьер-министринин 2009-жылдын 1-апрелиндеги № 124 буйругунун редакциясына ылайык)
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- бул Регламентти жетекчиликке жана аткарууга алышсын;
- өзүнүн чечимдерин ушул буйрукка ылайык келтиришсин;
- бул Регламенттин негизинде тиешелүү ведомстволук нускамаларды (регламенттерди) иштеп чыгышсын жана бекитишсин.
3. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2001-жылдын 3-сентябрындагы № 699 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөттүн Аппарат жетекчиси - министрге жүктөлсүн.
(КР Премьер-министринин 2009-жылдын 1-апрелиндеги № 124 буйругунун редакциясына ылайык)
Премьер-министри | Ф.Кулов |