Загрузка документа…
КР Премьер-министри 2015-жылдын 15-январындагы № 10 буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2011-жылдын 20-сентябры № 432
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы № 28 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө» токтомуна ылайык:
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында документтер менен иштөөнүн регламенти (мындан ары - Регламент) бекитилсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана аткаруучу бийликтин башка органдары:
- ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Регламентти колдонууга жана аткарууга алышсын;
- өздөрүнүн чечимдерин бир айлык мөөнөттүн ичинде ушул буйрукка ылайык келтиришсин;
- Регламенттин негизинде бир айлык мөөнөттө тийиштүү ведомстволук нускамаларды (регламенттерди) иштеп чыгышсын жана бекитишсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп эсептелсин:
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2006-жылдын 26-апрелиндеги № 264 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2009-жылдын 1-апрелиндеги № 124 буйругу.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Регламент жана жыйындарды уюштуруучулук камсыздоо бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр | А. Атамбаев |
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин
2010-жылдын 20-сентябрындагы № 432
буйругу менен бекитилген
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында документтер менен иштөөнүн бул регламенти (мындан ары - Регламент) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы № 28 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинин (мындан ары - Өкмөттүн Регламенти), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 25-августундагы № 370 «Кыргыз Республикасында башкарууну документ менен камсыз кылуу (иш кагаздарын жүргүзүү) боюнча Типтүү нускоо жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында башкарууну документ менен камсыз кылуу боюнча типтүү нускоонун талаптарын эске алуу менен даярдалган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында (мындан ары - Өкмөттүн Аппаратында) документтерди тариздөөгө жана Өкмөттүн аппаратында башкаруу ишин документтик камсыздоого карата негизги талаптарды белгилейт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин компетенциясына берилген маселелер боюнча актылардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине (мындан ары - Жогорку Кеңеш) жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына (мындан ары - Президенттин Аппараты) киргизүү Жогорку Кеңештин регламентине жана Президенттин Аппаратында Документтер менен иштөөнүн регламентине ылайык ишке ашырылат.
2. Кабыл алынган чечимдердин жана тапшырмалардын өз убагында аткарылышын камсыздоо, материалдардын сапаттуу даярдалышы, ошондой эле Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүктөрүндө (мындан ары - түзүмдүк бөлүктөр) документтердин эсеби жана сакталышы үчүн жоопкерчилик түзүмдүк бөлүктөрдүн жетекчилерине тапшырылат.
3. Мекемелер жана жарандар менен кат алышуу мамлекеттик жана расмий тилдерде жүргүзүлөт.
4. Бардык актылардын долбоорлору Өкмөттүн Аппаратына мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук сактагычтарда берилет.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (мындан ары - Өкмөт) чечимдеринин долбоорлорун даярдоо процессин оптималдаштыруу жана иш кагаздарын жүргүзүү максатында Өкмөттүн Аппаратында электрондук цифралык колтамганы милдеттүү пайдалануу шарты менен электрондук документ жүгүртүү системасы иштейт, ал «электрондук өкмөт» системасын киргизүүгө жана өнүктүрүүгө багытталат.
Өкмөттүн Аппаратына электрондук цифралык колтамганы пайдалануу менен электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу киргизилген актылардын долбоорлору милдеттүү түрдө документтик камсыздоо жана контролдоо бөлүмүндө каттоого алынууга тийиш.
Документтерди бир түзүмдүк бөлүктөн башкасына берүү алардын жетекчилеринин макулдашуусу боюнча же Кыргыз Республикасынын министринин - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин (мындан ары - Аппарат жетекчиси), анын биринчи орун басарынын көрсөтмөсү боюнча документтик камсыздоо жана контролдоо бөлүмү аркылуу гана ишке ашырылат.
Өкмөттүн жетекчилигинин жана Аппарат жетекчисинин кароосуна (кол коюуга) жиберилчү корреспонденцияны жана актылардын долбоорлорун түзүмдүк бөлүктөр документтик камсыздоо жана контролдоо бөлүмүнө күн сайын саат 11:00 гө чейин беришет.
6. Өкмөттүн жыйынында кароо үчүн пландуу маселелерди даярдоодо төмөнкүдөй талаптар аткарылууга тийиш:
6.1. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана башка мамлекеттик органдар даярдап, кызыкдар министрликтер жана ведомстволор менен макулдашылган Өкмөттүн актыларынын долбоорлору Өкмөттүн Аппаратына Өкмөттүн жыйыны болоору белгиленген күндөн эки апта мурда киргизилүүгө тийиш.
6.2. Чечимдердин долбоорлору жетекчинин, ал эми жетекчи жокто - статс-секретарлардын же орун басарлардын колу коюлган коштооч кат менен берилет.
6.3. Белгиленген мөөнөттү бузуу менен киргизилген чечимдердин долбоорлору каралбастан, Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин, же ал жокто - Аппарат жетекчинин биринчи орун басарынын колу менен кайра жиберилет. Документтерди Өкмөттүн жыйынынын кароосуна өз убагында киргизбегендик үчүн жоопкерчиликти министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана башка мамлекеттик органдардын биринчи жетекчилери тартышат.
6.4. Ар бир маселе боюнча чечимдин так жана түшүнүктүү баяндалып, жетекчинин визасы коюлган долбоору, ошондой эле чечимди кабыл алуу зарылдыгын негиздеген, эсептөөлөрү, маалыматтык материалдары бар мазмундуу маалымкат киргизилет:
а) ар бир маселе боюнча чечимдин долбоорунда, маалыматта тиешелүү аталышы, түшүнүктүү, ырааттуу жана кыска баяндамасы болууга тийиш;
б) Өкмөттүн жыйынына киргизилчү токтомдордун, буйруктардын долбоорлору, каттар, маалыматтар эреже катары машинкада «Times New Roman» 14-шрифт менен 1 интервалда басылып, 5 барактан ашпоого тийиш.
Өкмөттүн чечиминин ушул Регламенттин 6.1-пунктуна ылайык Өкмөттүн жыйынына киргизилген долбоорун тийиштүү түзүмдүк бөлүк Өкмөттүн Аппаратынын кызыкдар түзүмдүк бөлүктөрү менен, ошондой эле:
- регламент жана жыйындарды уюштуруучулук камсыздоо бөлүмү;
- укуктук камсыздоо бөлүмү;
- документтик камсыздоо жана контролдоо бөлүмү;
- Аппарат жетекчиси жана анын орун басарлары менен алдын ала макулдашат.
Өкмөттүн жыйынына киргизилчү маселе боюнча түзүмдүк бөлүктүн сын пикири бар болсо:
- жооптуу түзүмдүк бөлүк ал сын пикирди жоюу жана макулдашылган чечим кабыл алуу максатында чечимдин долбоору боюнча сын пикири бар түзүмдүк бөлүктөр менен кеңешме өткөрөт;
- сын пикирлер жоюлбаган учурда жооптуу түзүмдүк бөлүк кайчы пикирлердин матрицасын түзөт жана аны Аппарат жетекчисинин кароосуна киргизет, ал кеңешме өткөрүп, чечимдин долбоорун андан ары кароо же ал чечимдин долбоорун Өкмөттүн жыйынынын кароосуна киргизген мамлекеттик органга толуктап иштеп чыгуу үчүн кайра жиберүү жөнүндө биротоло чечим кабыл алат,
Кайчы пикирлердин матрицасына жооптуу түзүмдүк бөлүктүн жана чечимдин долбоору боюнча сын пикири бар түзүмдүк бөлүктүн жетекчилери кол коюшат.
Чечимдин долбоору тийиштүү түзүмдүк бөлүктөр менен макулдашылгандан жана болгон сын пикирлер жоюлгандан кийин чечимдин долбоору Өкмөттүн мүчөлөрүнө жана тийиштүү ведомстволорго жиберүү үчүн регламент жана жыйындарды уюштуруучулук камсыздоо бөлүмүнө киргизилет.
Чечимдин долбоору жана анын материалдары регламент жана жыйындарды уюштуруучулук камсыздоо бөлүмүнө Өкмөттүн жыйыны өткөрүлөөрдөн 7 күндөн кем эмес мурдатан берилет.
Регламент жана жыйындарды уюштуруучулук камсыздоо бөлүмү Өкмөттүн жыйынынын күн тартибин жана тийиштүү матералдарды жалпылайт жана Аппарат жетекчисинин кароосуна берет.
Аппарат жетекчиси Өкмөттүн жыйыны өткөрүлөөрдөн беш күндөн кем эмес мурдатан күн тартибинин долбоорун тийиштүү материалдар менен Премьер-министрге берет.
Жыйындын Премьер-министр тарабынан жактырылган күн тартиби жана тийиштүү материалдар Өкмөттүн жыйыны болчу күндөн 3 күндөн кем эмес мурдатан Өкмөттүн мүчөлөрүнө жана тийиштүү ведомстволорго жиберилет.
6.5. Өкмөттүн жыйынына чакырылгандардын тизмесин жооптуу түзүмдүк бөлүктөр түзүшөт, тейлеген вице-премьер-министр, Аппарат жетекчиси менен макулдашылат жана баштапкы документтердин баары менен кошо Өкмөттүн жыйыны болуучу күндөн жети күндөн кем эмес мурда регламент жана жыйындарды уюштуруучулук камсыздоо бөлүмүнө берилет. Материалдарга ошондой эле Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин (мындан ары - Премьер-министр) сүйлөөчү сөзүнүн тезиси жана маселе боюнча баяндамачылардын жана чыгып сүйлөөчүлөрдүн тизмеси алардын аты-жөнүн жана кызматын көрсөтүү менен тиркелет.
6.6. Телефонограммаларды жиберүү жана Өкмөттүн жыйынына чакырылган адамдардын келишин камсыздоо регламент жана жыйындарды уюштуруучулук камсыздоо бөлүмү тарабынан ишке ашырылат. Башка шаарда жашаган катышуучуларды чакырган телефонограммалар адресатка Аппарат жетекчисинин же ал жокто - Аппарат жетекчинин биринчи орун басарынын колу менен жиберилет.
6.7. Өкмөттүн жыйынында маселелерди кароонун жыйынтыгы боюнча жыйындын протоколу таризделет, аны даярдоо үчүн маселени киргизген структуралык бөлүк аткаруучусу жана структуралык бөлүктүн жетекчиси виза койгон протоколдук чечимдин долбоорун регламент жана жыйындарды уюштуруучулук камсыздоо бөлүмүнө талкууланган маселенин аталышын, баяндамачылардын жана талкууда чыгып сүйлөгөн адамдардын фамилияларын көрсөтүп, кабыл алынган коллегиялуу чечимди жана Премьер-министрдин конкреттүү тапшырмаларын баяндап, регламент жана жыйындарды уюштуруучулук камсыздоо бөлүмүнө жалпылоо жана 3 иш күндүн ичинде Премьер-министрдин кол коюусуна киргизүү үчүн кийинки иш күндөн кечиктирбестен берет.
6.8. Өкмөттүн жыйынынын протоколуна кол коюлгандан кийин түзүмдүк бөлүктөр эгер башка мөөнөт белгиленбесе 5 иш күндүн ичинде чечимдин долбоорун Өкмөттүн жыйынында киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен толуктап иштеп чыгышат жана Премьер-министрдин кол коюусуна мамлекеттик жана расмий тилдерде, ушул Регламенттин 7.6-пунктунун биринчи-үчүнчү абзацтарында жана 8-пунктунда аныкталган тартипте киргизишет.
7. Ыкчам тартипте киргизилчү маселелерди даярдоодо төмөнкүдөй талаптар аткарылууга тийиш:
7.1. Чечимдердин долбоорлору негиздеме-маалыматы менен берилет жана милдеттүү түрдө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлиги, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги (эл аралык маселелер боюнча), ошондой эле чечимдин долбоорундагы маселелер компетенциясына кирген министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик башкаруунун башка органдары менен макулдашылууга жана министрлердин, мамлекеттик комитеттердин төрагаларынын, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алар жок болсо - ал мамлекеттик органдардын жетекчилеринин милдетин аткаруу тапшырылган орун басарларынын»... жок учурда» деген белги коюу менен фамилиясын, аты-жөнүн жана датасын көрсөтүү менен визалары коюлууга тийиш.
Актынын долбоорун макулдашуучу адамдар ага виза коюудан баш тартуусунун себебин жазуу жүзүндө түшүндүрмөйүнчө виза коюудан баш тартууга укугу жок.
Долбоорго карата бардык сын пикирлер жана сунуштар жазуу жүзүндө баяндалууга тийиш. Мындай учурда долбоорго «сын пикир менен» деген белги коюлат жана ал өзүнчө баракта баяндалат.
Эгер чечимдердин долбоорлоруна жетекчинин орун басары виза койсо, анда мындай макулдашуу мамлекеттик органдын гана позициясы деп эсептелет.
Мында Өкмөттүн токтомдорунун долбоорлору Өкмөттүн Аппаратына киргизээрде Өкмөт мүчөлөрүнүн курамынын жарымынан кем эмеси менен милдеттүү түрдө макулдашылууга тийиш.
7.2. Өкмөттүн буйругунун долбоорлорун киргизүүдө макулдашуу Өкмөт мүчөлөрү менен макулдашуунун саны боюнча талаптан башкасы ушул Регламенттин 7.1-пунктунда аныкталган тартипте ишке ашырылат.
7.3. Актылардьш долбоорлору Өкмөттүн Аппаратына мамлекеттик жана расмий тилдерде, тексттин электрондук маалымат сактагычтагы электрондук версиясы менен киргизилет жана келген күнү документтик камсыздоо жана контролдоо бөлүмүндө милдеттүү түрдө катталууга тийиш.
Актылардын долбоорлору катталгандан кийин бир иш күндүн ичинде регламент жана жыйындарды уюштуруучулук камсыздоо бөлүмүнө актылардын долбоорлорун Өкмөткө Өкмөттүн Регламентине ылайык киргизүүнүн тартиби сакталганын экспертизалоо үчүн берилет.
Эгер актылардын долбоорлору Өкмөттүн Регламентин бузуу менен киргизилсе регламент жана жыйындарды уюштуруучулук камсыздоо бөлүмү киргизилген документтердин пакетин демилгечиге толуктап иштеп чыгуу үчүн, кайра берүүнүн себептерин негиздөө менен жиберет.
Эгер актылардын долбоорлору Өкмөттүн регламентинин талаптарына ылайык болсо алар документтик камсыздоо жана контролдоо бөлүмүнө кайра берилет.
7.4. Документтик камсыздоо жана контролдоо бөлүмүнө жаңы келген актылардын долбоорлору тийиштүү түзүмдүк бөлүккө берилет, функциялык милдеттерине жана документте айтылган маселелерге жараша тийиштүү түзүмдүк бөлүктөр менен макулдашылат, алар боюнча түзүмдүк бөлүктүн маалыматы даярдалат.
Маалымкатта долбоордун чечимин даярдоонун негиздемеси, ал маселе боюнча мурда Өкмөттүн чечими кабыл алынган-алынбаганы, алар кандай аткарылганы, киргизилип жаткан долбоордо кандай маселелер чечилээри жана кайсы министрликтер жана ведомстволор менен макулдашылганы көрсөтүлөт.
Маалымкатка сын-пикирлердин жана сунуштардын матрицасы тиркелет (актынын долбоорунун аталышы менен), ал эки мамычадан жана 2*№ +1 саптап турат. Биринчи сапка мамычалардын аталышы жазылат, № -каралып жаткан актынын долбоору боюнча сунуш-пикирлерин берген министрликтердин, ведомстволордун, тийиштүү түзүмдүк бөлүктөрдүн саны.
«Сунуштар жана пикирлер» деген сол мамычада тийиштүү министрликтин, ведомствонун, тийиштүү түзүмдүк бөлүктүн пикири (сунушу) жазылат. «Сунуш-пикирлердин эске алынышы» деген оң мамычада документтин аткаруучусунун тийиштүү пикирге (сунушка) карата мамилеси «пикир/сунуш эске алынды» же «пикир/сунуш эске алынган жок» деген сөздөр менен, кыскача түшүндүрмөсүн же кабыл алынган чечим боюнча негиздемесин жазуу менен көрсөтүлөт.
Пикирлердин жана сунуштардын матрицасында жогоруда айтылган мамычалардын ар бири актынын долбоору боюнча сын пикири (сунушу) бар министрликтин ведомствонун, тийиштүү түзүмдүк бөлүктүн аталышы менен башталат. Техникалык жактан бул сап эки мамычаны бириктирүү менен түзүлөт. Мамлекеттик органдардын (алардын тийиштүү түзүмдүк бөлүктөрүнүн) аталыштары 1ден баштап №... чейинки иреттүү номерлөө менен коштолот.
Сын-пикирлердин (сунуштардын) ушул номерленишине жараша эки орундуу номерлер (координаттар) берилет. Мисалы, үчүнчү болуп жазылган министрликтин, ведомствонун, тийиштүү түзүмдүк бөлүктүн экинчи сын-пикири (сунушу) 3.2. деген номер менен белгиленет.
Документтин аткаруучусунун тийиштүү сын иикирге (сунушка) карата «пикир/сунуш эске алынды» же «пикир/сунуш эске алынган жок» деген сөздөр менен көрсөтүлгөн ишинин номери да ошол пикирдикиндей (сунуштукундай) болот. Ошентип, матрицанын сол мамычасындагы 3.2. номерлүү сын-пикирге (сунушка) документти аткаруучунун матрицанын оң мамычасындагы ошондой эле 3.2. номерлүү мамилеси тийиштүү болот.
Өкмөттүн чечиминин долбоору боюнча маалыматка жана матрицага милдеттүү түрдө тийиштүү түзүмдүк бөлүктүн жетекчиси жана аткаруучунун өзү кол коюшат.
7.5. Өкмөт Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүүчү мыйзам долбоорлору боюнча бардык токтомдорго жана корутундуларга Өкмөттүн Регламентине ылайык Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү виза коёт.
7.6. Өкмөттүн актыларынын белгиленген формадагы бланкка таризделген, «Times New Roman» 14-шрифт менен 1 интервалда басылган долбоорлоруна төмөнкүлөр виза коюшат:
документтин аткаруучусу, актынын даярдалышы үчүн жооптуу тийиштүү түзүмдүк бөлүктүн жетекчиси (анын орун басары) (тиркемелеринен бери ар бир барагынын арткы бетине), ошондой эле долбоордо айтылган маселелер, анын ичинде тиркемелерде айтылгандар тейлеген чөйрөсүнө кирген тийиштүү түзүмдүк бөлүктөрдүн жетекчилери (алардын орун басарлары);
укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти жана башчысы (ар бир барагына, анын ичинде нормативдик мүнөздөгү тиркемелердин барактарына, барактын арткы беттерине), өкмөттүн чечимдерин чыгаруу боюнча сектордун эксперти (ар бир барагына, тексттик тиркемелеринен бери, ар бир барактын арткы бетине) жана документтик камсыздоо жана контролдоо бөлүмүнүн башчысы.
Актылардын долбоорлору тармактык тийиштүү түзүмдүк бөлүккө келген күндөн баштап Өкмөттүн жетекчилигине кол коюу үчүн төмөнкүдөй мөөнөттөрдө киргизилет:
- буйруктун долбоору - 10 иш күндөн ашык эмес;
- токтомдун долбоору - 14 иш күндөн ашык эмес;
- мыйзамдын долбоору - 20 иш күндөн ашык эмес;
- башка актылар - 15 иш күндөн ашык эмес.
Бул мөөнөттөрдү Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин, Аппарат жетекчисинин, Аппарат жетекчисинин биринчи орун басарынын же Аппарат жетекчисинин орун басарынын чечими менен гана узартууга болот.
Актылардын долбоорлору Өкмөттүн жана Өкмөттүн Аппаратынын жетекчилигине кол коюуга киргизилген күндөн баштап аларды аткаруу мөөнөтү токтотулуп турат.
7.7. Көлөмү 50 басма баракка чейинки актылардын долбоорлорун укуктук камсыздоо бөлүмүндө, документтик камсыздоо жана контролдоо бөлүмүндө, регламент жана жыйындарды уюштуруучулук камсыздоо бөлүмүндө, мамлекеттик кызмат жана администрациялык реформалар бөлүмүндө экспертизалоо мөөнөтү - 3 иш күнгө чейин, финансы жана кредиттик саясат бөлүмүндө, экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүндө - 2 иш күнгө чейин, калган бөлүмдөрдө - 1 иш күн.
Көлөмү 50 басма барактан ашкан актылардын долбоорлорун аталган бөлүмдөрдө экспертизалоонун белгиленген мөөнөттөрүн актынын даярдалышы үчүн жооптуу түзүмдүк бөлүктүн сунушу боюнча Аппарат жетекчиси же анын биринчи орун басары, же орун басары тарабынан өзгөртүлсө болот (приоритеттүү мыйзам долбоорлорунан жана шашылыш деп жарыялоо пландалып жаткан мыйзам долбоорлорунан башкаларды экспертизалоо мөөнөттөрү).
7.8. Премьер-министрге кол коюуга киргизилчү актылардын долбоорлоруна токтомго (буйрукка) тиркелген документтери бар экени жөнүндө маалымкат жана аткаруучунун жана тийиштүү түзүмдүк бөлүктүн жетекчисинин колу коюлган таратуу көрсөткүчү толтурулат.
Токтомдун (буйруктун) текстинде аны жарыялоо зарылдыгы жөнүндө көрсөтүлсө, аткаруучу таратуу көрсөткүчүнө маалыматтык саясат бөлүмүн киргизет, ал Өкмөттүн актыларынын жалпыга маалымдоо каражаттарына өз убагында жарыяланышын камсыздайт.
Актынын долбооруна Премьер-министр кол койгондон кийин аткаруучу ал токтомдун же буйруктун чыгарылышын негиздеген бардык документтерди: чечимдин долбоорун (макулдашуу барактарын, иштеп чыккан органдын маалымкаттарын ж.б. тиркөө менен), макулдашуу барактарын, түзүмдүк бөлүктөрдүн маалымкаттарын жана башка керектүү документтерди (корутундулар, сунуштар, протоколдук чечимдер, жетекчиликтин резолюциялары, жыйынтыктар ж.у.с.) өкмөттүн чечимдерин чыгаруу секторуна берүүгө милдеттүү.
Чечимге тиркелчү документтердин толук болушу, таратуу көрсөткүчүнүн туура таризделиши, ошондой эле ага кызмат адамдарынын, мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын киргизилиши үчүн жоопкерчилик актынын долбоору даярдалышына жооптуу түзүмдүк бөлүктүн жетекчисинде болот.
8. Премьер-министрдин буйруктарынын долбоорлору каралчу маселеге жараша мамлекеттик башкаруу органдарында же тийиштүү түзүмдүк бөлүктө мамлекеттик жана расмий тилдерде даярдалат, аткаруучунун, тийиштүү түзүмдүк бөлүктөрдүн жетекчилеринин, укуктук камсыздоо бөлүмүнүн, документтик камсыздоо жана контролдоо бөлүмүнүн, Аппарат жетекчинин, Аппарат жетекчинин биринчи орун басарынын же орун басарынын, ошондой эле тармакты тейлеген вице-премьер-министрдин визалары коюлат.
Долбоорго маалымкат тиркелет, анда маселенин кыскача мазмуну, ал чечимди кабыл алуунун негиздемеси, каржылоо булагынын бар экени же бюджетке кошумча финансылык оорчулук келтирилбестиги баяндалууга тийиш жана аткаруучу жана түзүмдүк бөлүктүн жетекчиси кол койгон таратуу көрсөткүчү тиркелет.
9. Аппарат жетекчисинин буйругунун долбоорлору эреже катары түзүмдүк бөлүктө даярдалат, Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары, Аппарат жетекчисинин орун басары, тийиштүү түзүмдүк бөлүктөр, укуктук камсыздоо бөлүмү жана документтик камсыздоо жана контролдоо бөлүмү менен макулдашылат.
Ички тартип (отпуска берүү, отпускадан кайра чакыруу, материалдык жардам берүү, командировкага жиберүү, жаза жана сыйлык жарыялоо) маселелери боюнча Аппарат жетекчисинин приказдары чыгарылат. Приказдарды жарыялоо, аларды каттоо, эсепке алуу, таратуу жана сактоо мамлекеттик кызмат жана администрациялык реформалар бөлүмүнө тапшырылат.
10. Өкмөттүн актыларынын (токтомдордун, буйруктардын) мазмунун чечмелөө «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8 жана 31-беренелеринде жана Өкмөттүн Регламентинде белгиленген тартипте, Аппарат жетекчисинин буйругу менен бекитилчү циркулярдык кат (түшүндүрмө) түрүндө ишке ашырылат.
Өкмөттүн мурда чыгарылган чечиминин мазмунун расмий чечмелөөчү циркулярдык катты (түшүндүрмөнү) бекитүүчү буйруктун долбоорун Өкмөттүн Аппаратына мазмуну чечмелөөнү (түшүндүрүүнү) талап кылган Өкмөттүн чечиминин долбоорун иштеп чыккан аткаруу бийлигинин органы киргизет. Буйруктун долбооруна чечмелөөнүн (түшүндүрмөнүн) долбоорун иштеп чыккан мамлекеттик органдын жетекчиси милдеттүү түрдө виза коёт жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, ошондой эле кызыкдар министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жана уюмдарынын жетекчилери менен макулдашылат.
Аппарат жетекчисинин Өкмөттүн актыларынын мазмунун чечмелөө (түшүндүрүү) боюнча буйругунун долбоорун актынын долбоорун чыгарууга даярдаган түзүмдүк бөлүк же чечмелөө (түшүндүрүү) зарыл болгон маселе компетенциясына кирген түзүмдүк бөлүк даярдайт.
11. Аппарат жетекчисинин Өкмөттүн чечимдеринин мазмунун чечмелөөчү (түшүндүрүүчү) циркулярдык катты бекиткен буйруктары Өкмөттүн токтомдору жана буйруктары менен бирдей эле белгиленген тартипте кодификацияланууга жана сакталууга тийиш.
12. Өкмөттүн Регламентине ылайык Өкмөткө киргизилген актылардын бардык долбоорлору документти аткаруучу түзүмдүк бөлүктө милдеттүү түрдө иштелип чыгат жана ошондон кийин гана ал түзүмдүк бөлүктүн жетекчисинин жана аткаруучунун визасы менен экспертиза жана виза коюу учун төмөнкүдөй ыраат менен берилет:
- тийиштүү түзүмдүк бөлүктөргө;
- укуктук камсыздоо бөлүмүнө;
- документтик камсыздоо жана контролдоо бөлүмүнүн өкмөттүн чечимдерин чыгаруу боюнча секторуна.
13. Документтин аткаруучусу актынын долбоорунун баштапкы вариантын басып чыгаруу жана актынын долбоорунун жана анын тиркемелеринин текстиндеги маанилик жана орфографиялык каталарды жана так эместиктерди жоюу жолу менен милдеттүү түрдө иштеп чыгат.
Актынын долбоору жана анын тиркемелеринин долбоорлору иштелип чыкпастан тийиштүү түзүмдүк бөлүктөргө экспертизага берилген учурда документтин аткаруучусуна Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик жаза чаралары колдонулат.
14. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, облустардын мамлекеттик администрацияларынын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын сураныч жана сунуш каттары Өкмөттүн Аппаратына Өкмөттүн, Премьер-министрдин компетенцияларына кирген маселелер боюнча гана жиберилет. Каттар министрлердин, мамлекеттик комитеттердин төрагаларынын, администрациялык ведомстволордун жетекчилеринин, облустук мамлекеттик администрация башчыларынын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин колдору менен, алар жокто болсо - статс-секретарлардын же тийиштүү ыйгарым укуктар тапшырылган орун басарлардын кол коюусу менен киргизилет,
Сураныч жана сунуш каттарга көрсөтүлгөн маселелерди кароодо (чечүүдө) макулдашууга жетише албаган тийиштүү мамлекеттик органдар менен болгон кат алышуунун материалдары тиркелет.
15. Жашырын эмес мүнөздөгү келген корреспонденция алынган күнү документтик камсыздоо жана контролдоо бөлүмүндө катталат жана ошол эле күнү баштапкы иштеп чыгуудан кийин тийиштүү түзүмдүк бөлүккө аткаруу үчүн берилет (дем алыштан жана майрамдан башка күндөрдө).
16. Өкмөткө, Өкмөттүн Аппаратына келген документтер маселенин мүнөзүнө жана предметине жараша тармактык түзүмдүк бөлүккө аткарууга берилет.
17. Келген документтерди түзүмдүк бөлүктүн жетекчиси аткаруучуларга берет. Иштеп чыккандан жана зарыл болсо конкреттүү сунуштарды жана тапшырманын долбоорун даярдагандан кийин документ 3 иш күндүн ичинде Премьер-министрге, вице-премьер-министрлерге, Аппарат жетскчисине же анын орун басарларына документтик камсыздоо жана контролдоо бөлүмү аркылуу кароого берилүүгө тийиш.
Аткаруунун конкреттүү мөөнөтү көрсөтүлгөн резолюциянын долбооруна аткаруучу, тийиштүү түзүмдүк бөлүктүн жетекчиси, ошондой эле тийиштүү түзүмдүк бөлүктөр милдеттүү түрдө виза коюшат. Документти кошумча изилдөө талап кылынган учурда тапшырманы аткаруу мөөнөтүн Аппарат жетекчиси же анын орун басарларынын бири 10 иш күнгө чейин узартат.
Документтер документтик камсыздоо жана контролдоо бөлүмүнө аткаруучуларга бериши үчүн кийинки иш күндөн кечиктирбестен жиберилет.
18. Кечиктирбестен чара көрүү талап кылынган документтер боюнча түзүмдүк бөлүктөрдүн жетекчилери Премьер-министрге, вице-премьер-министрлерге, Аппарат жетекчисине, Аппарат жетекчисинин биринчи орун басарына же Аппарат жетекчисинин орун басарына тезинен маалымдашат.
19. Президенттин Аппаратынын кайрылууларына жооп, эгер аткаруунун башка мөөнөтү белгиленбесе, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөрдө берилет. Зарыл болсо ал мөөнөт коюлган маселелер толук ишке ашырылганга чейин узартылышы мүмкүн.
Президенттин Аппаратынын Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин, Аппарат жетекчисинин дарегине жиберилген кайрылуулары катталган күнү түзүмдүк бөлүктөрдүн жетекчилерине тапшырылат жана аларды ишке ашыруу боюнча сунуштар даярдалгандан кийин үч күндүн ичинде документтик камсыздоо жана контролдоо бөлүмүнө жетекчиликке маалымдоо үчүн берилет.
20. Жогорку Кеңештин Өкмөткө келген токтомдору, протоколдук тапшырмалары, комитеттеринин чечимдери жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын суроо-талаптары (мындан ары - депутаттык суроо-талаптар) Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнө жиберилет.
Жогорку Кеңештин токтомдорун, протоколдук тапшырмаларын, Жогорку Кеңештин комитеттеринин чечимдерин жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын суроо-талаптарын Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү жооптун долбоорун даярдоо үчүн тийиштүү министрликтерге, ведомстволорго жана түзүмдүк бөлүктөргө жиберет.
21. Депутаттардан келген суроо-талаптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алар Өкмөттүн Аппаратында катталган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө каралат.
22. Жогорку Кеңештин токтому, протоколдук тапшырмасы, комитеттерииин чечими жана депутаттын суроо-талабы кошумча изилдөөнү же узакка кароону талап кылган учурда Жогорку Кеңешке же Жогорку Кеңештин депутатына аткаруу мөөнөтүн узартууну сураган кат жиберилет.
Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлчүлүгү жооптун акыркы долбоорун даярдоодо аны тийиштүү түзүмдүк бөлүктөр менен макулдашат.
Документтик камсыздоо жана контролдоо бөлүмү министрликтерге жана ведомстволорго аткаруу мөөнөтү жакындап келе жатканы жөнүндө эскертүүнү өз убагында жиберип турат.
23. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 251-беренесине ылайык депутаттын суроо-талабына жоопту депутат жазуу жүзүндө суроо-талап менен кайрылган орган же кызмат адамы бир айлык мөөнөттүн ичинде берет.
24. Жогорку Кеңештин депутаттары Премьер-министрдин отчётун, вице-премьер-министрлердин маалыматтарын талкуулоодо айтышкан жана Өкмөткө келген сын-пикирлер Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнө жиберилет.
Сын-пикирлер Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү жооп даярдашы үчүн тийиштүү министрликтерге, ведомстволорго жиберилет.
Жогорку Кеңештин депутаттары Премьер-министрдин отчётун, вице-премьер-министрлердин маалыматтарын талкуулоодо айтышкан сын-пикирлер боюнча жалпыланган маалыматты Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү даярдайт.
25. Түзүмдүк бөлүктөр тейлеген министрликтери жана ведомстволору Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнө жооп беришин камсыздашат.
Жогорку Кеңештин токтомдору, протоколдук тапшырмалары, комитеттеринин чечимдери жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын суроо-талаптары толук эмес аткарылган же аткарылбаган учурда Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү ал документтерди аткаруу мөөнөтүн узартууну сурап Жогорку Кеңешке жиберүү үчүн Өкмөттүн жана Өкмөттүн Аппаратынын жетекчилигине аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымат же кат даярдайт.
Жогоруда аталган документтерде берилген тапшырмалардыи бири ыкчам аткарылса Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү маалымат даярдайт жана белгиленген тартипте Жогорку Кеңешке жиберет.
Жогорку Кеңештин чечимдеринин аткарылганы жөнүндө маалыматты Өкмөттүн Аппараты жазуу жүзүндө, чечимди кабыл алган күндөн тартып 30 күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен жиберет. Министрликтерге жана ведомстволорго тапшырмаларды даярдоодо Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлчүлүгү маалыматты жалпылоо үчүн керектүү убакытты эсепке алуу менен мөөнөттү көрсөтүүгө тийиш.
Жалпылоого берилген маалыматтын мазмуну үчүн жоонкерчиликти Жогорку Кеңештин чечимин же депутаттын суроо-талабын кароо тапшырылган мамлекеттик органдып жетекчиси тартат.
Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлчүлүгү Өкмөттүн жетекчилигине апта сайынкы жалпылоочу маалыматты даярдайт, анда төмөнкүлөр камтылат:
- Жогорку Кеңештин келген токтомдорунун, протоколдук тапшырмаларынын, комитеттеринин чечимдеринин жана депутаттык суроо-талаптардын тизмеси;
- көрсөтүлгөн документтердин кыскача мазмуну жана алар аткарууга жиберилген мамлекеттик орган, ошондой эле башка зарыл маалыматтар.
26. Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлчүлүгү жогоруда аталган документтердин аткарылышы жөнүндө Өкмөттүн жетекчилигине ай сайын жалпылоочу маалымат даярдайт.
27. Түзүмдүк бөлүктөр Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин атына даярдашкан документтер (тапшырма, кызматтык кат, маалымат, отчёт ж.у.с.) эгер Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин өзүнүн тапшырмасы болбосо Аппарат жетекчисинин кароосуна берилет.
Аталган документтер документтик камсыздоо жана контролдоо бөлүмү аркылуу, актылардын долбоорлорун өткөрүү үчүн белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө өткөрүлөт.
28. Түзүмдүк бөлүктөр Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин атына даярдашкан документтерди электрондук документ жиберүү системасы аркылуу жиберүү документтик камсыздоо жана контролдоо бөлүмү аркылуу, Аппарат жетекчисине маалымдоо менен ишке ашырылат.
29. Дароо чечүү керек болгон документтер боюнча түзүмдүк бөлүк Аппарат жетекчисиие маалымдоо менен документтерди Премьер-министрге, вице-премьер-министрлерге берсе болот.
30. Аппарат жетекчиси жок болсо 28, 29-пункттарда айтылган норма анын орун басарларына карата колдонулат.
31. Өкмөттүн, Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин атынан республиканын чегинен сыртка жиберилчү каттардын жана телеграммалардын долбоорлорун министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор расмий, жана зарыл болсо башка чет тилдерде эки нускада, түшүндүрмө каты менен, аларды Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде (тышкы карыздар жана гранттык (акысыз) жардам маселелери боюнча) милдеттүү макулдашуу менен киргизишет.
Документ тийиштүү түзүмдүк бөлүктө иштелип чыккандан кийин аткаруучунун, түзүмдүк бөлүктүн жетекчисинин, тышкы саясат бөлүмүнүн, документтик камсыздоо жана контролдоо бөлүмүнүн визасы менен жетекчиликке кол коюуга киргизилет.
32. Адамдын жана жарандын укуктарына, эркиндиктерине жана милдеттерине, бажылык максат же бажылык алымдын ставкасы үчүн товарларды классификациялоого же баалоого, салыктарга же башка жыйымдарга, же импортко же экспортко тиешелүү талаптарга, чектөөлөргө, тыюуларга тиешелүү, же аларга байланыштуу төлөмдөрдүн өтүшүнө, же аларды сатууга, таратууга, ташууга, камсыздандырууга, сактоого коюуга, инспекциялоого, көрүүгө коюуга, иштетүүгө, аралаштырууга же башкача пайдаланууга, бажы ишине, демпингге каршы, коргоочу, компенсациялык чараларга, стандартташтырууга жана сертификаттоого, санитардык жана фитосанитардык чараларга тиешелүү, ошондой эле тышкы соодага, менчикке жана Өкмөттүн милдеттенмелерине тиешелүү документ укуктук камсыздоо бөлүмүнө, финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө (эгер документ мамлекеттин кирешелерин азайтууга же чыгымдарын көбөйтүүгө байланыштуу болсо), экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнө жана кызыкдар түзүмдүк бөлүктөргө макулдашылууга тийиш.
33. Өкмөттөр аралык келишимдердин долбоорлору Өкмөттүн кароосуна мамлекеттик жана расмий тилдерде, ал эми зарыл болсо - англис тилинде же келишимдин тарабы болгон өлкөнүн тилинде, кызыкдар министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор менен макулдашылып киргизилет.
34. КМШнын Экономикалык кеңешинин, КМШнын Мамлекет башчылар кеңешинин, ЕврАзЭСтин Интеграциялык комитетинин, КМШнын Өкмөт башчылар кеңешинин кароосуна киргизилчү документтердин долбоорлору боюнча мамлекет ичиндеги жол-жоболор ишке ашырылат (Өкмөттүн чечими менен жактырылат). Ал максатта министрликтерде жана мамлекеттик комитеттерде каралчу документтердин долбоорлорупа Окмөттүн мүчөлөрү кол коюшат, ал эми статс-секретарлар жана биринчи орун басарлар - алар жокто гана кол коюшат, анткени мындай корутундулар жогоруда айтылган документтер боюнча Өкмөттүн буйругунун долбооруна макулдашуу барагы катары пайдаланылат.
35. Өкмөттүн, Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин дарегине чет тилдерде келген корреспонденция которулуп жана жетекчиликке маалымдоо үчүн тийиштүү түзүмдүк бөлүктөргө жиберилет.
36. Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин катышуусу менен болуучу кеңешмелерге маселелерди даярдоодо министрликтер, ведомстволор материалдарды кеңешменин протоколунун долбоору менен кошо Өкмөттүн Аппаратына 3 иш күндөн кем эмес мурдатан беришет.
Аталган документтер белгиленген мөөнөттү бузуу менен киргизилсе каралбастан, Аппарат жетекчисинин же анын биринчи орун басарынын колу менен кайра жиберилет.
Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин катышуусу менен болуучу иш-чараларга ылайык даярдалган сөздөрдүн, докладдардын тексттерин, маалымкаттарды, информациялык-аналитикалык жана башка материалдарды түзүмдүк бөлүктөрдүн жетекчилери 2 иш күндөн кем эмес мурдатан Премьер-министрге, вице-премьер-министрлерге беришет.
37. Премьер-министр жана вице-премьер-министрлер шашылыш маселелерди кароо боюнча өткөрүүчү кеңешмелердин, анын ичинде селектордук кеңешмелердин протоколдорун, ошондой эле Өкмөттүн алдындагы комиссиялардын (кеңештердин) жыйындарынын протоколдорун тийиштүү түзүмдүк бөлүктөр даярдашып, редакциялашып жана документтик камсыздоо жана контролдоо бөлүмү аркылуу же электрондук документ жиберүү системасы аркылуу аткаруучуларга жиберилет.
38. Протоколго кеңешмени өткөргөн адам ага аткаруучу түзүмдүк бөлүктүн жетекчиси виза койгондон кийин кол коёт. Укуктук камсыздоо бөлүмү протоколго ага нормативдик мүнөздөгү пункттар киргизилсе гана виза коёт.
Протоколдорго номерди аткаруучу түзүмдүк бөлүк анын индексине жараша коёт.
Протоколдун кол коюлган нускасы жана ага тиешелүү материалдар структуралык бөлүктүн делолоруна кошулат.
39. Контролго мыйзамдар, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары, буйруктары, тапшырмалары, Президенттин Аппаратынын тапшырмалары, Жогорку Кеңештин токтомдору, комитеттеринин чечимдери жана депутаттык суроо-талаптар, Өкмөттүн токтомдору, буйруктары, Премьер-министрдин буйруктары, Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин тапшырмалары, Аппарат жетекчисинин буйруктары (тапшырмалары) жана анын орун басарларынын тапшырмалары коюлат.
40. Чечүүнү же жоопту талап кылган документтер жетекчиликтин резолюциясында көрсөтүлгөн мөөнөттө, мөөнөтү белгиленбесе - бир айдын ичинде аткарылат. Эгер резолюцияда «тез» деп көрсөтүлсө, документ эки иш күндүн ичинде аткарылууга тийиш. Мында контролдон чыгарууга, аткаруу мөөнөтүн токтотуп турууга же узартууга ал тапшырманы берген адам гана укуктуу.
41. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын Өкмөттүн токтомдорун, буйруктарын жана протоколдук тапшырмаларын өз убагында аткарышын тийиштүү түзүмдүк бөлүк жогоруда аталган чечимдерди даярдаган бөлүмдөр менен кошо контролдойт.
Өкмөттө кабыл алынган актылардын аткарылышын контролдоо эреже катары, жооптуу аткаруучу болгон бир конкреттүү түзүмдүк бөлүккө тапшырылат.
Ал түзүмдүк бөлүктүн жетекчиси, ошондой эле анын орун басары өзүнүн ал актынын аткарылышын контролдоо тапшырылган кызматкерлери менен бирдикте анын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчиликте болот.
Актыда эки же андан көп түзүмдүк бөлүк көрсөтүлсө биринчи түзүмдүк бөлүк негизги аткаруучу болот жана ага ишти координациялоо, актыда көрсөтүлгөн башка түзүмдүк бөлүктөргө тапшырма берүү жана маалымат суроо укугу берилет.
Ал түзүмдүк бөлүк актыны аткаруу мөөнөтү бүткөндө Өкмөттүн жана Өкмөттүн Аппаратынын жетекчилигине аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берет, анда зарыл болсо тапшырманы белгиленген мөөнөттө аткарбаган, белгиленген мөөнөттө маалымат бербеген же ал актылар менен берилген тапшырмаларды сапатсыз аткарган түзүмдүк бөлүктөр, министрликтер жана ведомстволор жөнүндө да билдирет.
Эгер түздөн түз аткаруучу болгон түзүмдүк бөлүк информацияны белгиленген убагында бербеген же ошол актыдагы тапшырманы сапатсыз аткарган түзүмдүк бөлүктөр, министрликтер жана ведомстволор жөнүндө маалымат бербесе актынын аткарылышы үчүн бардык жоопкерчилик ошол түзүмдүк бөлүккө жүктөлөт.
42. Президенттин, Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн, Премьер-министрдин, Аппарат жетекчисинин актыларын жана Өкмөттүн жана Өкмөт Аппаратынын жетекчилигинин тапшырмаларын аткарууну уюштуруу, ошондой эле аларды ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө өз убагында маалымдоо жеке жоопкерчилик алган түзүмдүк бөлүктөрдүн жетекчилеринин орун басарларына тапшырылат.
Түзүмдүк бөлүктөр апта сайын Аппарат жетекчисинин тейлөөчү орун басарларына, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлерине, алардын кеңешчилерине жана жардамчыларына Өкмөттүн жана Өкмөттүн Аппаратынын актыларын жана тапшырмаларын аткаруунун жүрүшү жөнүндө Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары аныктачу форма боюнча маалымат беришет.
43. Түзүмдүк бөлүктөрдүн жооптуу кызматкерлери функциялык милдеттерине ылайык тейлеген маселелерди аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты билүүгө тийиш жана ал үчүн администрациялык жана моралдык таасир этүү чараларын колдонууга чейин жеке жоопкерчиликте болушат.
44. Документ, эгер ал боюнча чечим чыгарылса, керектүү информация берилсе, адресатка жооп берилсе (анын ичинде түзүмдүк бөлүктөрдүн жетекчилеринин колу менен) же түзүмдүк бөлүктүн аткаргандык жөнүндө маалымкаты даярдалып жана ага жетекчилик контролдон чыгаруу жөнүндө виза койсо, аткарылды деп эсептелет жана контролдон чыгарылат. Контролдон чыгарылган документтер (оригинал) «делого» деген белги коюлуп, топтолгон бардык баштапкы документтери менен кошо документтик камсыздоо жана контролдоо бөлүмүнө тапшырылат.
45. Кошумча бюджеттик каражат бөлүү же, өзгөчө кырдаалдан башка учурларда бюджеттен кошумча каражат бөлүү керек болуучу иш-чараларды жүргүзүү жөнүндө суралган каттар, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттарынан бюджет Жогорку Кеңеште бекитилгенден кийин келген каттар жана кайрылуулар, ошондой эле Өкмөттүн компетенциясына кирбеген каттар жана кайрылуулар Өкмөттүн Аппаратында каралбайт жана документтик камсыздоо жана контролдоо бөлүмү тарабынан кайдан келсе ошол адресатка кайра жиберилүүгө тийиш.
46. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (Бишкек жана Ош шаарынан башкалары), мамлекеттик башкаруу органдары жана аларга караштуу мекемелер жана уюмдар, ошондой эле чарбакер субъекттер Өкмөткө жана Өкмөттүн Аппаратына киргизген документтер эгер алардын жогору турган органдары же тийиштүү мамлекеттик башкаруу органдары менен макулдашылбаса жана каралбаса, каралбастан документтик камсыздоо жана контролдоо бөлүмү тарабынан кайра жиберилүүгө тийиш.
47. Кыргыз Республикасынын жарандары Өкмөткө жана Өкмөттүн Аппаратына Өкмөттүн компетенциясына кирбеген маселелер боюнча киргизишкен каттар, ошондой эле «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине тийиштүүлөр жарандык коом менен өз ара аракеттенүү жана жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмү тарабынан кайдан келсе ошол адресатка кайра жиберилүүгө тийиш.
48. Өкмөткө жана Өкмөттүн Аппаратына түзүмдүк бөлүктөрдүн жетекчилеринин атына келген документтер, информациялык мүнөздөгүдөн башкалары, кабыл алынбайт.
49. Жарандардын жеке жана коллективдүү кайрылуулары (мындан ары - кайрылуулар) «Жарандардын кайрылууларыы кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык каралат.
50. Жарандардын жазуу жүзүндө, электрондук билдирүү түрүндө же Премьер-министрдин Коомдук кабылдамасы аркылуу оозеки кайрылуу түрүндөгү кайрылуулары, ошондой эле аларды кароонун жыйынтыгы жарандык коом менен өз ара аракеттенүү жана жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмүндө каттоого алынып, андан соң документтердин аткарылышын контролдоонун автоматташтырылган системасына (АСКИД) тийиштүү маалыматтар киргизилет.
Кайрылуунун биринчи барагынын алдыңкы бетине тексттен бош жерине, барактын сол жээгинен 3.0 см аралыкта каттоо штампы коюлуп, анда кайрылуунун катталган номери, катталган күнү жана канча барак экени көрсөтүлөт. Коюлган каттоо номери бир эле учурда кириш жана чыгыш номер болуп эсептелет.
Каттоо номери тамга индекстен жана кайрылуунун катар номеринен турат. Жеке кайрылууларда автордун фамилиясынын биринчи тамгасы коюлат, мисалы: К - 45; коллективдүү (эки же андан көп автор кол койгон) кайрылууларга «Кл» деген тамга белги коюлат, мисалы, Кл - 45; жеке кабыл алууну суранган кайрылууларга «ЛП» деген тамга белги коюлат жана дефистен кийин автордун фамилиясынын биринчи тамгасы коюлат, мисалы: ЛП-А - 45.
51. Автор бир эле маселени бир жылдын ичинде кайрадан козгосо экинчи кайрылууда биринчи кайрылуунун каттоо номери коюлат, ал эми АСКИДдин электрондук каттоо карточкасында «кайрадан» деген белги коюлат; эгер кайрылуу үч жана андан ашык жолу келсе, - «көп жолу» деген белги коюлат. Кайрадан келген кайрылуулардын мазмуну ошол эле автордон мурда келген кайрылуулар боюнча көрүлгөн чараларды эске алуу менен жана ага берилген жоопторго жана түшүндүрмөлөргө жараша каралат. Кайталап кайрылуу келгенде ага мурдагы кайрылууларды карагандагы материалдар кошулат.
Жарандардан кайталап келген кайрылууларда жаңы себептер же жаңыдан белгилүү болгон жагдайлар айтылбаса, жана ал боюнча мурдагы текшерүүнүн бардыгын камтыган материалдары бар болсо жана жарандарга белгиленген тартипте жооп берилген болсо, каралбайт жана ал жөнүндө билдирүүнүн авторлоруна кабарланат.
52. Жарандардан кол коюлбастан, фамилиясы, аты-жөнү, жашаган жери көрсөтүлбөстөн келген кайрылуулар тоголок кат деп таанылат жана каралбайт.
Эгер кайрылуунун текстин окушка мүмкүн болбосо, анда ал кайрылууну каран жаткан адам кайрылуунун мазмунун жана себептерин аныктоо үчүн арыз ээсин чакырат (эгер арыз ээсинин почталык дареги жана фамилиясын окушка мүмкүн болсо). Эгер кайрылууну карап жаткан адам арыз ээси менен байланыша албаса, кайрылууну кароо токтотулат жана арыз ээсине ал жөнүндө жазуу жүзүндө билдирилет.
Жаран өзүнүн кайрылуусунан баш тартса «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кайрылууну карап жаткан кызмат адамы кайрылууда жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана (же) мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузгандык жөнүндө маалыматтар бар болгондон башка учурларда ал боюнча ишти токтотот.
53. Жарандардын Кыргыз Республикасынын Президентинин, Жогорку Кеңешинин, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарыньтн жана республиканын башка мекемелердин компетенциясына тиешелүү кайрылуулары Аппарат жетекчисинин, анын орун басарларынын же жарандык коом менен өз ара аракеттенүү жана жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмүнүн башчысынын колу коюлган коштооч кат менен, катталган күндөн баштап беш иш күндүн ичинде ошолорго жиберилүүгө тийиш.
54. Жарандардын кайрылууларын чечиминин, ишинин (аракетсиздигинин) үстүнөн арыз келип жаткан мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына же кызмат адамына кароого жиберүүгө тыюу салынат.
Премьер-министрдин жарандардын кайрылуусу боюнча тапшырмасы контролго алынат. Контролго алынчу кайрылууга «Контроль» деген штамп коюлат.
Жарандардын кайрылуулары катталган күндөн баштап 30 календарлык күндүн ичинде каралат.
Эгер кайрылууну кароо үчүн атайын текшерүү (экспертиза) жүргүзүү, кошумча материалдарды суратып алуу же башка чараларды көрүү керек болсо, кароо мөөнөтү 30 календарлык күндөн ашык эмес мөөнөткө узартылышы мүмкүн. Ал жөнүндө чечимди резолюциянын автору же анын ордун алмаштыруучу адам чыгарат.
Кайрылууну кароонун жыйынтыгы жөнүндө корутундуну, автор менен болгон сүйлөшүү жана ага берилген жооп жөнүндө белгилерди кайрылуунун түп нускасына же мамлекеттик органдардан алынган маалымкатка баяндап жазса болот. Кайрылууларды кароонун жыйынтыгы Премьер-министрге, биринчи вице-премьер-министрге, вице-премьер-министрлерге, Аппарат жетекчисине оозеки баяндалчу учурларда контролдон чыгаргандык жөнүндө белги кайрылуунун түп нускасына же эсепке алуу карточкасына коюлат.
Сот органдарына жиберилчү кайрылуулар Кыргыз Республикасынын жарандык жана жазыктык сот өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарына ылайык каралат. Жарандарды соттук чечимдер боюнча даттанган кайрылууларына соттун ал чечиминин үстүнөн даттануунун тартиби түшүндүрүлөт.
55. Кайрылууну кароонун жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй чечимдердин бири кабыл алынат, алар:
- кайрылууну толук же айрым бөлүгүн канааттандыруу жөнүндө;
- кайрылууну канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө;
- коюлган маселелерди чечүү жана аныкталган эреже бузууларды жоюу боюнча чараларды көрүү жөнүндө.
Кайрылуу боюнча чечим негиздүү, конкреттүү мыйзамдык актыларга шилтеме жасоо менен чыгарылып, ал боюнча даттануунун тартиби көрсөтүлүүгө тийиш.
Кайрылуулардын авторлору кайрылуунун өзүнөн башка түп нуска документтердин жазуу жүзүндө сурап алууга укуктуу.
56. Календардык жыл бүткөндөн кийин кайрылууларды текшерүүнүн бардык материалдары делолорго тиркелет жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү жана жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмүнүн утурумдук архивине тапшырылып, үч жыл сакталат, андан кийин белгиленген тартипте жок кылынат.
Кайрылууларды текшерүүнүн материалдары утурумдук архивден түзүмдүк бөлүктөрдүн кызматкерлерине жарандык коом менен өз ара аракеттенүү жана жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмүнүн башчысынын макулдугу боюнча, документтерди эсепке алуу карточкасына кол койдуруу менен берилет.
57. Премьер-министрдин жарандарды кабыл алуу боюнча коомдук кабылдамасы иш күндөрдө саат 9-00 дөн 18-00 гө чейин иштейт, зарыл болсо анын иштөө убактысы өзгөртүлүшү мүмкүн.
Премьер-министрдин коомдук кабылдамасында жарандардын оозеки жана жазуу жүзүндөгү кайрылуулары катталат, эсепке алынат жана таризделет.
Жарандар кайрылуунун катталган күнү жана номери жөнүндө оозеки түрдө маалымат алууга, кайрылуусун кароо кимге тапшырылганы жөнүндө, ошондой эле кайрылууда коюлган маселелерди конкреттүү чечүү боюнча жүргүзүлгөн иштин түпкү жыйынтыгы жөнүндө өз убагында кабарланууга укуктуу.
Жарандарды жеке маселелери боюнча кабыл алуу Премьер-министр, биринчи вице-премьер-министр, вице-премьер-министрлер, Аппарат жетекчиси, Аппарат жетекчисинин орун басарлары, түзүмдүк бөлүктөрдүн жетекчилери тарабынан, Премьер-министр бекитүүчү графикке ылайык ишке ашырылат.
Эгер жаранды кабыл алуу учурунда коюлган маселени чечүү мүмкүн эмес болсо, жазуу жүзүндө кайрылуу алынып, ал каттоодон өткөрүлгөндөн кийин тийиштүү мамлекеттик органдарга кароого жиберилет.
Эгер жаран кабыл алуу убагында койгон маселе Өкмөттүн компетенциясына кирбесе, ага мамлекеттик башкаруунун тийиштүү органдарына кайрылуунун тартиби түшүндүрүлөт.
Эгер жаранга кайрылууда коюлган маселенин жөн-жайы боюнча мурда жооп берилген болсо, жеке кабыл алуу учурунда жаранга кайрылуусун андаы ары кароодон баш тартылышы мүмкүн.
Республиканын алыскы райондорунан келген жарандар кезексиз кабыл алуу укугуна ээ. Кабыл албай коюуга болбойт.
58. Коллективдүү кайрылуулар, Өкмөттүн администрациялык имаратынын жанында өткөрүлүп жаткан акциялар, пикеттер жан; митингдер жөнүндө жарандык коом менен өз ара аракеттенүү жан жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Өкмөттүн жана Өкмөттүн Аппаратынын жетекчилигине оозеки жана жазуу жүзүндө билдирет.
59. Жарандык коом менен өз ара аракеттенүү жана жарандарды кайрылуулары менен иштөө бөлүмү жарандар жазуу жүзүндөгү кайрылууларда жана жеке кабыл алууда койгон маселелерди анализде жана жалпылайт, Өкмөттүн жана Өкмөттүн Аппаратынын жетекчилигин кайрылуулардын саны жана мүнөзү жөнүндө мезгил-мезгили менен маалымат берет, ошондой эле жетекчиликтин тапшыруусу боюнча Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнө аналитикалык баяндамаларды жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо үчүн берет.