Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XI заседаниеси
2014-жылдын 21-апрели № 11/1
“Жошолу айылдык Кеңешинин регламентин кабыл алуу жөнүндө”
Жошолу айылдык Кеңеши Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депуттарын шайлоо жөнүндө» жана «Жергиликтүү кеңештердин статусу жөнүндө» мыйзамдарынын негизинде , Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна жана Жоболоруна каршы келбегендей регламентти талкуулоонун негизинде
Жошолу айылдык Кеңешинин заседаниеси
Жошолу айылдык Кенешинин регламенти кабыл алынсын. (регламент толук тиркелет).
Бул регламенттин так, мыйзамдуу аткарылышын камсыздоо бардык депутаттардын жана туруктуу комиссиялардын милдети экендиги белгиленсин.
Бул регламентти Юстиция министрлигинин мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош облустук Юстиция башкармалыгына берүү жагы айыл өкмөттүн жооптуу катчысы А.Абдиевага тапшырылсын.
Ушул токтомду аткаруу жагы айылдык Кеңештин депутаттарына , ал эми көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Жошолу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Алдашев
|
Жошолу айылдык кеңешинин V чакырылышынын XI заседаниесинин 2014-жылдын 21-апрелиндеги № 11/1 токтому менен бекитилген |
2014-жылдын 21-апрелиндеги Жошолу айылдык кеңешинин V заседаниесинин XI заседаниесинин № 11/1 токтому менен Жошолу айыл өкмөтүнүн кеңешинин регламентинин редакциясы
1-Глава Жалпы жоболор
2-Глава Айылдык кеңештин компетенциясы
3-глава. Айылдык кеңештин төрагасы жана аны шайлоонун тартиби.
4- глава. Айылдык кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктары.
5-глава. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары
6- глава. Айылдык кеңештин төрагасынын жана айылдык кеңештин
төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн
мурда токтотуу:
7-глава. Айылдык кеңештин катчысы.
8-глава. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары.
9-глава. Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын ыйгарым
укуктары.
10-глава. Туруктуу комиссиялардын жыйындары.
11- глава. Туруктуу комиссиялардын кошмо жыйындары.
12- глава. Убактылуу комиссия.
13-глава. Айылдык кеңештин сессиясын даярдоонун жана өткөрүүнү тартиби.
14-глава. Айылдык кеңештин кезексиз сессиясы.
15-глава. Сессиянын күн тартиби.
16-глава. Айылдык кеңештин сессиясында депутаттын укугу жана милдети.
кабыл алуунун жол жоболору
17-глава. Айылдык кеңештин сессияларында маселелерди
кароонун тартиби.
18-глава. Чыгып сүйлөөчүлөрдүн түрү жана алардын узактыгы.
19- глава. Жарыш сөз ( талкуу)
20- глава. Чечим кабыл алуу үчүн кворум.
21-глава. Добуш берүү жана анын түрлөрү.
22-глава. Ачык же жашыруун добуш беруу.
23-глава. Кабыл алынган токтомдордун күчүно киришинин тартиби.
24-глава. Айылдык кенештин токтомдорунун аткарылышын контролдоо.
25- глава. Регламентти сактоо үчүн контролду ишке ашыруунун тартиби
Бул Регламент айылдык кеңештин депутаттарынын ишмердигин жөнгө салган « Жергиликтүү кеңештердин депутаттырынын статусу жөнүндө», « Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», « Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө», Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган айылдык кеңештин иштерин уюштуруунун жана алардын ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун тартибин белгилейт.
1.1. Жошолу айылдык кеңеши (мындан ары айылдык кеңеш) жашыруун добуш берүү менен жалпы тең жана тике шайлоо укугунун негизинде 4 жылдык мөөнөткө шайланган 21 депутаттардан турган, өзүнүн ишин коллегиялык негизде жүзөгө ашырган , жергиликтүү өз алдынча башкаруунун шайлануучу өкүлчүлүктүү органы.
1.2. Айыл өкмөтү айыл аймагында аткаруу бийлигин жүзөгө ашырат, айылдык кеңештин чечимдерин даярдоону жана аткарууну камсыз кылат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ушул Устав менен белгиленген тартипте айылдык кеңештин депутаттарына өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга жана шайлоочулардын алдында отчетторду даярдоого жана өткөрүүгө көмөк көрсөтөт.
1.3.Сессиялар, туруктуу ( убактылуу) комиссиялар, ошондой эле шайлоочулар менен иштешүү айылдык кеңештин ишинин негизги уюштуруучулук укуктук түрү болуп саналат.
1.4. Айылдык кеңештин иши мыйзамдуулук, коллегиялуулук, объективдүүлүк, маселелерди талкуулоону жана чечимдерди кабыл алууну эркин жүргүзүү принциптерине негизделет.
2.1. Айылдык кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана ушул Устав менен белгиленген ыйгарым укуктарын чектеринде өз алдынча маселелерди кароого жана алар боюнча чечимдерди кабыл алууга;
2.2.Айылдык кеңештин сессияларында, « Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесинде белгиленген ыйгарым укуктарды кошпогондо, төмөндөгү маселелер чечилет:
1) Айылдык кеңеш жөнүндө Жобону бекитүү;
2) Айылдык кеңештин жылдык иш планын бекитүү;
3) Айылдык кеңештин туруктуу( убактылуу) комиссияларын түзүү жана жоюу, туруктуу( убактылуу) комиссиялардын жеке курамын бекитүү жана алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү;
4) Кеңештин туруктуу( убактылуу) комиссиялардын иштерди жөнүндө отчетторду угуу;
5) « Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесинин 5- бөлүгүнө ылайык, айыл өкмөтүнүн башчысына сунуш киргизүү;
6) мыйзамдарды , Президенттин жана Өкмөттүн ченемдик укуктук актыларын же « Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 7-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, прокуратура органдары тарабынан белгиленген, өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарбагандыгы же тийиштүү деңгээлде аткарбагандыгы үчүн аким тарабынан айыл өкмөтүнүн башчысын мөөнөтүнөн мурда бошотууга депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен макулдук берүү жөнүндө маселени кароо;
7) «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык экономикалык негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15- беренесинеылайык, айыл өкмөтүнун аппаратынын финансылык экономикалык бөлүмүнүн жетекчисин дайындоого жана бошотууга депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен макулдук берүү жөнүндө маселени кароо;
8) Айыл аймагында көрктөндүрүү. Соода, сырткы жарнактарды жана маалыматтарды жайгаштыруу эрежелерин бекитүү;
9)Башка жергиликтүү кеңештер менен кызматташуу жана тажрыйба алмашуу иштерди уюштуруу;
10) Айыл аймагынын айылдарынын аймагында айлана чөйрөнү коргоо жана санитардык тазалоону контролдоо, тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча иш чаралардын планын бекитүү;
11) Айылдык кеңештин депутаттарынын өз шайлоочуларынын алдында отчет берүүсү, шайлоочулардын суроо талаптарын аткаруу боюнча иш чаралардын жана шайлоочулар менен иштөө боюнча иш чаралардын ар жылдык планын түзүү;
12)Жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча айылдык жыйындарды, коомдук угууларды, курултайларды өткөрүү боюнча ар жылдык планын бекитүү;
13) жайыт жерлерин пайдалануу, аларды пайдалануунун отчеттору, о.э. жайыт жерлерин пайдалануу укугу үчүн акынын өлчөмү боюнча жамааттардын ар жылдык планын бекитүү;
14) Жергиликтүү жамааттардын Уставынын жоболорун жана айылдык кеңеш кабыл алган чечимдердин аткарылышын контролдоо;
15) Коомдук угууларды өткөрүү, анын ичинде маселени кеңири кароо жана өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча коомдук пикирди эсепке алуу үчүн коомдук угууларды уюштурууну жана өткөрүүнү айыл өкмөтунун башчысына тапшыруу;
16) Депутаттардын өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусуна көмөктөшүү үчүн жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан коомдук башталышта коомдук жардамчыларды тартуунун тартибин бекитуу;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана жергиликтүү жамааттын Уставына ылайык башка маселелерди чечүү;
Айылдык кеңештин төрагасы айылдык кеңештин ыйгарым укугунун мөөнөтүнө айылдык кеңештин сессиясында жашыруун добуш берүү аркылуу депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шайланат.
Айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна шайлоо үчүн талапкерди көрсөтүү укугу төмөнкүлөргө таандык:
- депутатка (өзүн өзү көрсөтүү же башка депутатты талапкер кылып көрсөтүүгө)
- саны 2 депутаттан кем эмес депутаттардын тобуна.
Ар бир депутат же депутаттардын тобу бир талапкерди көрсөтүүгө укугу бар.
Айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерди депутат, депутаттардын тобу тарабынан көрсөтүү алар талапкер кылып сунуштаган депутатты көрсөтүү жөнүндө төрагалык кылуучуга арыз берүү жолу аркылуу жүргүзүлөт.
Өзүн өзү көрсөтүү жана талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыздар төрагалык кылуучу тарабынан күбөлөндүрүлөт жана аларды жашыруун добуш берүү үчүн бюллетенге киргизүү үчүн эсептөө комиссиясына берилет.
Айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкер депутаттардын алдына чыгып сүйлөйт, алардын суроолоруна жооп берет.
Талкуулоо токтотулгандан кийин эсептөө комиссиясы айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкердин фамилияларын жашыруун добуш берүү үчүн бюллетенге киргизет.
Айылдык кеңештин депуттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна шайланды деп эсептелет.
Айылдык кеңештин төрагасы өзүнүн милдеттерин коомдук негизде аткарат, бирок айыл кеңешинин сессияларынын ишинин мезгилинде бир жолку компенсация алуу менен аткарат.
4- глава.Айылдык кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктары.
Айылдык кеңештин төрагасы:
- айылдык кеңештин сессияларын алып барат жана чакырат;
- айылдык кеңештин иш планын бекитүү үчүн сессияга чакырат;
- айылдык кеңештин сессияларын даярдоого жалпы жетекчилик жүргүзөт, маселелерди алдын ала кароо үчүн жана алар боюнча тийиштүү корутундуларды чыгарып айылдык кеңештин сессиясына киргизүү үчүн туруктуу комиссияларга жөнөтөт;
- айылдык кеңештин сессиясынын кароосуна чыгарылган маселелердин даярдыгын контролдойт;
- айылдык кеңештин сессиясынын күн тартибин түзөт;
- айылдык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын ишин координациялайт;
- катталган депутаттык топтордун ишине көмөктөшөт, алардын ишин координациялайт;
- айылдык кеңештин төрагасынын орун басарынын жана туруктуу (убактылуу) комиссияларынын төрагаларынын өз милдеттерин аткаруусун контролдойт;
- мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана жарандар менен болгон мамиледе айылдык кеңештин атынан чыгат;
- айылдык кеңештин, анын органдарынын аброюн, депутаттардын ар намысын жана кадыр баркын коргоо, сактоо боюнча чараларды кабыл алат;
- ушул регламентке жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык башка маселелерди чечет;
- айылдык кеңештин төрагасы өзүнүн компетенциясынын чектеринде тескеме чыгарат. Төраганын тескемеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама каршы келген учурда, ал айылдык кеңештин сессиясында депутаттар аркылуу жокко чыгарылышы мүмкүн;
Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары айылдык кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө айылдык кеңештин сессиясында депутаттардын ичинен жашыруун добуш берүү аркылуу депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шайланат.
Айылдык кеңештин төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна шайлоо үчүн талапкерди көрсөтүү укугу төмөндөгүлөргө таандык:
- Айылдык кеңештин төрагасына;
- депутатка (өзүн өзү көрсөтүү же башка депутатты талапкер кылып көрсөтүүгө)
- саны 2 депутаттан кем эмес депутаттардын тобуна.
-айылдык кеңештин төрагасы ,ар бир депутат же депутаттардын тобу бир талапкерди көрсөтүүгө укугу бар.
3.Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары өз ишин коомдук башталышта
аткарат.
4. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары:
- айылдык кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат;
- айылдык кеңештин төрагасы жок болгон учурда же ал өзүнүн иш милдеттерин
аткарууга айылдык кеңештин мүмкүн болбой калган учурда
мүмкүн болбой калган учурда айылдык кеңештин төрагасынын иш милдеттерин аткарат, ошондой эле айылдык кеңештин төрагасынын тапшыруусу боюнча айылдык кеңештин сессияларын алып барат;
- айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын ишин уюштурат жана
багыттайт, алардын өз ара аракеттерин координациялайт:
- айылдык кеңеш тарабынан түзүлгөн убактылуу комиссиялардын ишине
жетекчиликти ишке ашырат же координациялайт;
кеңештин төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн
мурда токтотуу:
Айылдык кеңештин төрагасынын жана айылдык кеңештин төрагасынын орун басары алардын жеке өтүнүчү боюнча, ошондой эле алар өздөрүнүн милдеттерин аткара албай калган шарттарга байланыштуу ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотот.
Өз каалоолору менен айылдык кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселе алардын өздөрүнөн арыздар келип түшкөндө, ошондой эле депутаттардын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмесинин демилгеси боюнча каралат.
Өз каалоолору менен айылдык кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом ачык добуш берүү( же депутаттардын каалоосу боюнча жашыруун добуш берүү) аркылуу айылдык екңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Айылдык кеңештин төрагасынын орун басарын мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу чечим, айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелет. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басарын мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча жашыруун (же ачык) добуш берүү ушул Регламентте белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
Айылдык кеңештин катчысынын иш милдетин айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы аткарат.
Жооптуу катчы айылдык кеңештин ишин уюштуруу жагынан камсыз кылуу боюнча иштерди координациялайт, туруктуу (убактылуу) комиссияларга жана айылдык кеңештин депутаттарына жардам көрсөтөт. Айылдык кеңештин сессияларын уюштуруу жана өткөрүү үчүн керектүү материалдарды даярдоону камсыз кылат.
Жооптуу катчы айылдык кеңештин жана анын органдарынын ишин камсыз кылуу боюнча төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- айылдык кеңештин токтомдорун каттоону жүргүзөт ( каттоо журналында).
- айылдык кеңешке келип түшкөн каттарды кабыл алат жана каттайт, айылдык кеңештин төрагасынын резолюциясына жараша каттарды аткаруучуга өткөрүп берет;
- айылдык кеңештин сессияларына материалдарды, анын ичинде айылдык кеңештин токтомдорунун долбоорлорун даярдоо боюнча иштерди жүргүзөт;
-сессияларды, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарын чакыруу
жөнүндө айылдык кеңештин депутаттарына маалымдайт;
- айылдык кеңештин сессияларынын протоколдорун жүргүзөт, сессияларда, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарында айылдык кеңештин депутаттарын каттоону ишке ашырат;
- айылдык кеңештин токтомдорун жол жоболоштурат, аларды( күчүнө киргизүүгө) жарыялоону, каттоону, айылдык кеңештин депутаттарына, тийиштүү адамдарга, уюмдарга жана аткаруучуларга таратууну уюштурат;
- расмий жарыялангандан кийин айылдык кеңештин токтомдорунун көмүрмөсүн ченемдик укуктук актылардын Реестрине кошуу үчүн Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жөнөтөт;
- айылдык кеңештин документтерин, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын документтерин кошуп алганда, сактоону, системага салууну жана тийиштүү абалда кармоону камсыз кылат;
- туруктуу (убактылуу) комиссияларга ,депутаттык топторго уюштуруучулук жагынан жардам көрсөтөт;
- башка ченемдик укуктук актыларга, айылдык кеңештин ушул Регламентине ыоайык жана айылдык кеңештин төрагасынын жана айыл өкмөтүнүн башчысынын тапшырмасы боюнча иш милдеттерди жүзөгө ашырат;
4. Айыл өкмөтүнүн башчысы менен макулдашуу аркылуу айылдык кеңештин төрагасынын тапшырмасына ылайык туруктуу (убактылуу) комиссиялардын ишине көмөк көрсөтүү боюнча айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын иш милдеттери айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлерине жүктөлүшү мүмкүн .
Кеңештин карамагына кирген маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо үчүн, ошондой эле кеңештин чечимдерин жүзөгө ашырууга катышуу, айылдын аймагында жайгашкан мекемелердин жана уюмдардын ошол чечимдерди аткарышын контролдоо үчүн айылдык кеңеш туруктуу комиссияларды түзөт.
Туруктуу комиссиялар айылдык кеңештин түзүмдүк бөлүгү болуп саналат жана айылдык кеңештин ыйгарым укугунун мөөнөтүнө айылдык кеңештин токтому менен түзүлөт.
Туруктуу комиссиянын мүчөлөрүн айылдык кеңештин депутаттары шайлашат.
Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү бирдей укукка ээ.Айылдык кеңештин төрагасы жана анын орун басары туруктуу комиссиялардын курамына кире алышпайт.
Туруктуу комиссиялар айылдык кеңештин алдында жоопкер жана ага отчет берет. Кезектеги жыл аяктагандан кийин туруктуу комиссиялар өзүнүн иши жөнүндө айылдык кеңешке отчет беришет.
Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары өздөрүнүн компетенцияларынын чектеринде:
- иш планына ылайык туруктуу комиссиялардын карамагына кирген маселелерди даярдоону жана алдын ала кароону ишке ашырат, тийиштүү корутунду же чечим менен аларды айылдык кеңештин кароосуна киргизет;
-кийинки жылга туруктуу комиссиянын иш планын иштеп чыгат;
- айылдык кеңештин кароосуна айыл аймагынын экономикалык, социалдык жана маданий өнүгүүсүнө байланышкан маселелер боюнча сунуштарды айылдык кеңештин сессиясынын кароосуна киргизет;
- айылдык кеңештин төрагасынын тапшырмасы боюнча айылдык кеңештин кароосуна келип түшкөн жарандардын арыздарын, кайрылууларын жана даттанууларын карайт;
- өз ишинин уюштуруу маселелерин чечет;
- айылдык кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин, жергиликтүү жамааттын Уставынын жоболорун аткаруу боюнча контролду жүзөгө ашырат;
- өзүнүн ишине илимпоздорду, адистерди, практикалык кызматкерлерди жана башка адамдарды тартууга укуктуу;
- өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча айылдык кеңештин төрагасына жана айыл өкмөтүнүн башчысына каралып жаткан маселелерди кеңири талкуулоо жана коомдук пикирлерди эске алуу максатында коомдук угууларды өткөрүү жөнүндө сунуш киргизет;
- башка туруктуу комиссиялар менен кошмо жыйын өткөрүүгө укуктуу;
10-глава.Туруктуу комиссиялардын жыйындары.
Туруктуу комиссиялардын жыйындары комиссиянын иш планына ылайык чакырылат.
Туруктуу комиссиялар алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча тийиштүү чечимдерди же корутундуларды кабыл алат;
Эгерде мыйзамдарга ылайык каралып жаткан маселе мамлекеттик сырга тийиштүү болгон учурда туруктуу комиссиянын мүчөлөрү комиссиянын жашыруун жыйынын өткөрүү тууралуу чечим кабыл алат.
Туруктуу комиссиянын төрагасы өзүнүн демилгеси менен , ошондой эле комиссиянын мүчөлөрүнүн үчтөн биринин, айылдык кеғештин төрагасынын жана анын орун басарынын талабы боюнча да комиссиянын жыйынын чакыра алат.
Комиссиянын чечимине , корутундусуна туруктуу комиссиянын төрагасы коет, ал жокто анын орун басары кол коет. Кабыл алынган чечимдер маалымат тактайларында чечимдердин көчүрмөлөрүн жайгаштыруу жолу аркылуу элге маалымдалат.
Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын иштерин материалдык техникалык жактан камсыз кылуу ( орун ,жай,эмерек ж.б.) айыл өкмөтүнө жүктөлөт.
Бир нече туруктуу комиссиялардын карамагына кирген маселелер комиссиялардын демилгеси менен, ошондой эле айылдык кеңештин төрагасынын тапшырмасы боюнча туруктуу комиссиялар тарабынан биргеликте даярдалат жана каралат.
Бир нече туруктуу комиссиялардын карамагына кирген маселелерди иликтөө жана кароо кошмо жыйындарда жүргүзүлөт.
Эгерде кошмо жыйынга ар бир комиссиянын мүчөлөрүнүн жарымынан ашыгы катышса, анда ал укук ченемдүү болуп эсептелет. Кошмо жыйынды өз ара макулдашуу боюнча ошол комиссиялардын төрагалары алып барышат.
Кошмо жыйында каралган маселелр боюнча чечим туруктуу комиссиялардын мүчөлөрүнүн жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана ошол комиссиялардын төрагалары тарабынан кол коюлат. Кабыл алынган чечимдер маалымат тактайчаларында чечимдердин көчүрмөлөрүн жайгаштыруу жолу менен элге маалымдалат.
Айылдык кеңеш зарылчылыкка жараша убактылуу комиссияларды түзүүгө укуктуу.
Убактылуу комиссиялар айыл кеңешинин төрагасынын, анын орун басарынын, туруктуу комиссиялардын төрагаларынын сунушу менен, ошондой эле айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси боюнча түзүлөт.
Убактылуу комиссиялардын иши төмөндөгү учурлар менен чектелет:
- убактылуу комиссия түзүлгөн тийиштүү мезгил менен;
- убактылуу комиссия чечүү үчүн түзүлгөн тийиштүү тапшырма менен;
4. Убактылуу комиссияны түзүү айылдык кеңештин токтому менен жол жоболоштурулат, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- убактылуу комиссиянын аталышы;
- убактылуу комиссиянын мүчөлөрүнүн сандык жана жеке курамы;
- убактылуу комиссия чечүү үчүн түзүлгөн тапшырма;
- убактылуу комиссиянын ыйгарым укугунун мөөнөтү.
5. Убактылуу комиссиянын мүчөлөрү айылдык кеңештин депутаттары тарабынан депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шайланат. Добуш берүү, ошондой эле убактылуу комиссиянын курамы боюнча да жүргүзүлөт. Добуш берүүнүн жыйынтыгы алардын курамын шайлоо тууралуу айылдык кеңештин токтому менен бекитилет.
6. Убактылуу комиссия төмөндөгү учурларда өзүнүн ишин токтотот:
- өзү түзүлгөн мезгил аяктаганда;
- убактылуу комиссия чечүү үчүн түзүлүп, чечүүгө тийиш болгон тапшырмалар аткарылган учурда;
7. Зарылчылыкка жараша адистер, эксперттер, демилгечи топтор жана башка кызыкдар адамдар убактылуу комиссиянын ишине тартылышы мүмкүн.
Айылдык кеңештин сессиясы айылдык кеңештин карамагына кирген маселелерди коллективдүү талкуулоону жана ал боюнча тийиштүү чечим кабыл алууну камсыз кылган айылдык кеңештин ишинин негизги уюштуруучулук укуктук түрү болуп саналат.
Айылдык кеңештин сессиясы айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан аз эмеси катышканда укук ченемдүү болот.
Айыл өкмөт башчысын шайлаган учурда айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси катышканда укук ченемдүү болот.
Депутаттарды каттоо башталгандан кийин 10 (он) мүнөттүн аралыгында кворум жок болгон учурда төрагалык кылуучу 15 (он беш) мүнөткө тыныгуу жарыялайт. Эгерде 20 (жыйырма) мүнөттүн ичинде кворум камсыз кылынбаса, анда сессия болбой калды деп эсептелинет.
Айылдык кеңештин сессиясын айылдык кеңештин төрагасы чакырат:
- өзүнүн демилгеси боюнча;
- айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмесинин демилгеси боюнча;
- айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушу боюнча;
6. Айылдык кеңештин сессиясы кварталына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
Белгиленген мөөнөттө чакырылуучу айылдык кеңештин сессиясынан тышкары,
кезексиз сессиялар өткөрүлүшү мүмкүн.
Айылдык кеңештин сессиясы коомчулук үчүн ачык болуп саналат. Сессияга айыл өкмөтүнүн башчысы, анын орун басары, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү, каралуучу маселе боюнча чакырылган адамдар, ошондой эле ушул Регламентте каралган тартипте бардык кызыкдар адамдар катышууга укуктуу.
Эгерде каралып жаткан маселе мыйзамдарга ылайык мамлекеттик жашыруун сырга тийиштүү болсо, айылдык кеңеш жабык сессия өткөрүү боюнча чечим кабыл алышы мүмкүн.
Айылдык кеңештин сессиясын чакыруу тууралуу жарыя сессия башталганга чейин 10 календардык күндөн кечиктирилбестен, айылдардын аймактарында жалпы жашоочуларга жеткиликтүү жерлерге көрүнүктүү болуп илинет.
Сессияларга катары менен 4 жолудан ашык жүйөөлүү себептерсиз катышпай калган депутаттарга карата айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу айылдык кеңештин чечими кабыл алынат. Мындай чечим күчүнө киргенден кийин ( жарыялангандан баштап) ыйгарым укуктарын токтотуу үчүн аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлөт.
Кечиктирилгис маселелерди чечүү үчүн айылдык кеңештин төрагасы өзүнүн демилгеси менен же айыл өкмөтүнүн башчысынын, айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы саныны үчтөн биринин сунушу боюнча айылдык кеңештин кезексиз сессиясын чакырууга укуктуу.
Айыл өкмөтүнүн башчысынын, айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы саныны үчтөн биринин, айылдык кеңештин кезексиз сессиясын чакыруу боюнча сунушу кезексиз сессияда каралуучу маселелерди көрсөтүү жана аны чакыруунун зарылдыгынын кыскача негиздемеси менен жазуу жүзүндө айылдык кеңештин төрагасына берилет.
Айылдык кеңештин кезексиз сессиясын чакыруу боюнча айылдык кеңештин төрагасынын сунушу каралуучу маселелерди көрсөтүү жана аны чакыруунун зарылдыгынын негиздемеси менен маалымдама аркылуу жол жоболоштурулат жана айылдык кеңештин депутаттарына жөнөтүлөт.
Кезексиз сессияга сунуш келип түшкөн күндөн тартып, 5 календарлык күндөн кем эмес убакытта чакырылат.
Кезексиз сессияны чакыруу жөнүндө айылдык кеңештин депутаттарына маалымдоо кезексиз сессияны чакыруу тууралуу чечимди кабыл алган күндөн баштап 4 календарлык күндө жүргүзүлөт.
Өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда айылдык кеңештин төрагасы депутаттарды, чакырылуучу адамдарды жана жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн маалымдоонун мөөнөтүн милдеттүү түрдө сактабастан эле кезексиз сессияны чакырууга укуктуу.
Кезексиз сессиянын күн тартиби жана зарыл каралуучу маселелердин материалдары депутаттарга жана чакырылган адамдарга кезексиз сессиянын
2 (эки) календарлык күнүнө чейин, калган бардык катышуучуларга кезексиз сессия өткөрүлөр алдында таркатылат.
Өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда кезексиз сессиянын күн тартиби жана материалдары депутаттарга жана бардык чакырылгандарга жана катышуучуларга кезексиз сессия өткөрүлөр алдында таркатылат.
Сессиянын күн тартибинин долбоору айылдык кеңештин иш планынын туруктуу( убактылуу) комиссиялардын, депутаттардын, айыл өкмөтүнүн башчыларынын сунуштарынын негизинде жыйын өткөрүүгө чейин айылдык кеңештин төрагасы тарабынан 10 күн мурда жана айылдык кеңештин кезексиз сессиясына чейин 5 күн мурда түзүлөт. Өзгөчө кырдаалдар түзүлгөн учурларда кечиктирилгис түрдө түзүлөт.
Күн тарбинин долбоорунун маселелери алар туруктуу( убактылуу) комиссиялардын жыйындарында алдын ала каралгандан кийин жана алар айылдык кеңештин туруктуу( убактылуу) комиссияларынын төрагалары менен макулдашылгандан кийин төрага тарабынан киргизилет.
Сессиянын күн тартибинин долбоору сессияда төрагалык кылуучу тарабынан негиз катары кабыл алуу үчүн добушка коюлат.
Сессияда негиз катары кабыл алынган күн тартибинин долбооруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
Күн тартибинин долбооруна киргизилген маселелерди алып салуу же сессиянын күн тартибиндеги маселелерге өзгөртүү киргизүү ( техникалык мааниде) тууралуу сунуштар айылдык кеңештин туруктуу( убактылуу) комиссияларында каралбастан эле катышкан депутаттардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Сессиянын күн тартибинин долбооруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу чечим кабыл алынгандан кийин төрага тарабынан сессиянын күн тартиби жалпысынан кабыл алуу үчүн добушка коюлат, сессиянын күн тартиби депутаттардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Айылдык кеңештин сессиясында кошумча материалдар айылдык кеңештин төрагасынын кол коюусу болгондо гана таркатылат.
Айылдык кеңештин сессиясын сессияга төрагалык кылуучу алып барат. Сессияга төрагалык кылуучу айылдык кеңештин төрагасы болуп саналат, ал жокто кеңештин төрагасынын орун басары болот.
Сессияга төрагалык кылуучу төмөндөгүдөй укуктарга ээ:
- айылдык кеңештин сессиясын алып барууга;
- маселелерди талкуулоого катышууга;
- депутаттарга жана кызмат адамдарына маалым кат алуу үчүн кайрылууга;
- эгерде депутат Регламентти бузуп жатса, күн тартибинен башка маселе боюнча сүйлөсө, кемсинтүүчү сөздөрдү сүйлөсө, чыгып сүйлөөчүнүн эскертүүгө, эгерде кайталап мындай бузууларга жол берсе, чыгып сүйлөөчүгө сөз бербөө жөнүндө добушка коюуга;
- ушул Регламентте белгиленген тартипте сессияга катышуу тартибин бузган депутат болуп саналышпаган адамдарга сөз бербөө, жыйындар залынан чыгарып жиберүү тууралуу сунуштарды киргизүүгө;
- залда өзгөчө кырдаалдар, ошондой эле коомдук тартип бузуулар болгон кезде сессияны токтото турууга;
3. Сессияга төрагалык кылуучу төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- ушул Регламентти сактоого жана аны ушул жыйынга катышуучулардын
баарынын сактоосун камсыз кылууга;
чыгып сүйлөө убактысын сактоону камсыз кылууга , белгиленген убакыттын бүтүп жаткандыгы тууралуу өз учурунда эскертүүгө;
Сессиянын күн тартибинде каралуучу маселелерди добушка коюуга;
Сессиянын күн тартибине ылайык келип түшкөн сунуштардын ирети боюнча сөз сүйлөө үчүн сөз берүүгө;
Келип түшкөн депутаттардын сунушун добушка коюуга;
Депутаттардын жазуу жүзүндөгү суроо талаптарын жана кайрылууларын жарыя кылууга, суроо талаптар үчүн сөз берүүгө, аларга суроо жооп, маалым кат, билдирүү, жарандардын кайрылуулары, жарыялар үчүн, ошондой эле жыйынды алып баруу үчүн сын пикирлер, айылдык кеңештин токтомунун долбоору боюнча сунуштарды жана түзөтүүлөрдү киргизүү, добуш берүүнүн түрү боюнча чыгып сүйлөө үчүн сөз берүүгө;
Сессиянын протоколун жүргүзүүнү уюштурууга, айылдык кеңештин сессияларынын протоколдоруна жана токтомдоруна кол коюуга;
Сессиянын катышуучуларына карата сый мамиле жасоого, сессиянын катышуучуларына жекече сын пикирин билдирүүдөн жана алардын сөздөрүнө баа берүүдөн, комментарий жасоодон карманууга;
Сессияны алып баруунун эрежелери жана жол жоболору боюнча билдирүүлөрдү жана түшүндүрмөлөрдү эске алууга;
Айылдык кеңештин сессиясында депутаты төмөндөгүлөргө укуктуу:
- айылдык кеңештин органдарын шайлоого жана аларга шайланууга;
- айылдык кеңештин жана анын органдарынын кароосу үчүн маселелерди сунуш кылууга;
- айылдык кеңештин жана анын органдарынын жыйындарынын күн тартиби, талкуулануучу маселелерди кароонун ирети жана алардын маңызы боюнча сунуштарды жана сын пикирлерди киргизүүгө;
- токтомдордун долбоорлорун, айылдык кеңеш же анын органдары кабыл алуучу документтерди жана аларга түзөтүүлөрдү кароо үчүн демилгелөөгө жана киргизүүгө;
- айылдык кеңеш түзүүчү туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жеке курамы жана айылдык кеңеш тарабынан шайлануучу, дайындалуучу же бекитилүүчү кызмат адамдарынын талапкерлиги боюнча пикирин билдирүүгө;
- айылдык кеңеш тарабынан түзүлүүчү органга, алардын курамына кирген адамдарга, ошондой эле айылдык кеңеш тарабынан шайлануучу, дайындалуучу же бекитилүүчү кызмат адамдарына ишеним көрсөтпөө жөнүндө маселени коюуга;
- жарыш сөздөргө катышууга, суроо талап менен кайрылууга, баяндамачыга, сессияга төрагалык кылуучуга суроолорду берүүгө;
2. Айылдык кеңештин төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- ар бир сессиянын алдында каттоодон өтүүгө жана сессиянын ишине катышууга;
- Регламентти, сессиянын күн тартибин жана сессияга төрагалык кылуучунун
укук ченемдүү талаптарын сактоого;
- колун көтөрүү аркылуу сөз сүйлөөнү суранууга;
- сессияга төрагалык кылуучунун уруксаты менен гана чыгып сүйлөөгө;
-жүрүм турум этикасынын эрежелерин сактоого;
- чыгып сүйлөгөндө катышып жаткандардын ар намысына жана кадыр баркына
акарат келтирген орой, мазактоочу сөздөрдү колдонбоого, мыйзамсыз аракеттер
ге чакырбоого, көз көрүнөө жалган маалыматтарды пайдаланбоого,
сессиянын катышуучуларына алардын чыгып сүйлөгөн сөздөрүнө баам
бербөөгө, кимдир бирөөнүн дарегине карата негизсиз жалаа жабууга жол бербөөгө;
- сессиянын учурунда төрагалык кылуучунун уруксаты менен гана чыгып кетүүгө;
Айылдык кеңештин сессияларында күн тартибине киргизилген жана сессиянын ишинин башталышында айылдык кеңештин депутаттары тарабынан бекитилген маселелер каралат.
Күн тартибине киргизилген маселелер боюнча маселенин демилгечиси же маселени алдын ала кроо тапшырылган туруктуу (убактылуу) комиссиянын төрагасы баяндама менен чыгып сүйлөйт, эгерде органдын же кызмат адамынын отчету болсо, отчет берүүчү адам, эгерде уюмдун, мекеменин, ишкананын, бирикменин иши жөнүндө маалымат болсо, анда анын жетекчиси ( мындан ары баяндамачы)чыгып сүйлөйт, баяндамачы жок болуп калган учурда анын эмне үчүн жок болгондугун аныктоо менен маселе кийинки сессияга жылдырылат.
Айылдык кеңештин депутаты, сессияга катышкан адамдар каралып жаткан маселе боюнча баяндамачыга суроо берүүгө, каралып жаткан маселе боюнча токтомдун долбооруна жазуу жана оозеки түрүндө сын пикирлерин жана сунуштарын берүүгө укуктуу.
Маселени жана токтомдун долбоорун караган учурда туруктуу (убактылуу) комиссиянын корутундулары, ошондой эле депутаттардын жазуу жана оозеки түрүндө сын пикирлери жана сунуштары угулат, алар талкууланып добуш берүүгө коюлат.
Талкуу( жарыш сөз) бүткөндөн кийин баяндамачы корутунду сөз сүйлөөгө укуктуу. Андан ары депутаттар добуш берүүнүн түрү ( ачык, жашыруун) боюнча сунуш берүүгө укуктуу.
Токтомдун долбоору добуш берүү аркылуу киргизилген сунуштарды жана сын пикирлерди эске алуу менен жалпысынан добушка коюлат. Эгерде токтомдун долбоору жалпысынан кабыл алынбаса, ал четке кагылды деп эсептелет. Четке кагылган токтомдун долбоору айылдык кеңештин кезектеги сессиясында каралышы мүмкүн.
Төрагалык кылуучунун , туруктуу (убактылуу) комиссиянын төрагасынын же депутаттардын үчтөн биринин кем эмесинин сунушу боюнча айылдык кеңеш кыскартылган жол жобо боюнча маселелерди кароо жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.
Кыскартылган жол жоболорго төмөнкүлөр кирет:
- негизги баяндамачынын баяндамасы;
-ар бир депутаттан эки суроо жана аларга жооптор;
- 5 мүнөттөн ашык эмес жарыш сөз;
-баяндамачынын корутунду сөзү;
- токтомдун долбоорунун текстине келип түшкөн депутаттардын сунуштары боюнча добуш берүү;
- токтомду жалпысынан кабыл алуу боюнча добуш берүү;
Сессияларда төмөндөгүдөй чыгып сүйлөөлөрдүн түрү жана алардын узактыгы каралат:
- баяндама 10 (он) мүнөткө чейин;
- баяндамаларды жарыш сөздөрдө талкуулоо үчүн 5 (беш) мүнөткө чейин;
- күн тартибин талкуулоо үчүн 2 (эки) мүнөткө чейин;
- талкууланып жаткан маселе боюнча корутунду сөз сүйлөө үчүн 2 (эки) мүнөткө чейин;
- шайлануучу кызматка талапкердин чыгып сүйлөөсү үчүн 5 (беш) мүнөткө чейин;
- талкууланып жаткан талапкер боюнча жарыш сөздөрдө талкуулоо үчүн 3 (үч) мүнөткө чейин;
- добуш беруунун жүйөөсү боюнча чыгып сүйлөөсү үчүн 1 (бир) мүнөткө чейин;
- жыйынды алып баруунун тартиби боюнча чыгып сүйлөөсү үчүн 1 (бир) мүнөткө чейин;
- сунуштар, маалыматтар, билдирүүлөр, кайрылуулар үчүн 2 (эки) мүнөткө чейин;
- кайталап сөз сүйлөө үчүн 2 (эки) мүнөткө чейин;
2. Катышып отурган депутаттардын макулдугу менен төрагалык кылуучу чыгып сүйлөөчүлөрдүн убактысын 3 мүнөткө чейин узартууга укугу бар.
3. Бир эле маселе боюнча бир депутаттын экиден ашык сөз сүйлөөсүнө жол берилбейт.
4. Шайлануучу кызматка талапкердин баяндамасы, чыгып сүйлөөсү трибунадан жүргүзүлөт, калган чыгып сүйлөөлөр трибунадан же отурган ордунан жүргүзүлөт.
5. Депутат жыйында төрагалык кылуучу тарабынан өзүнө сөз берилгенден кийин гана сөз сүйлөйт.
6. Сөз берүү жөнүндө сунуш төрагалык кылуучуга жазуу түрү сыяктуу эле, оозеки түрүндө да берилет.
7. Айыл өкмөтүнүн башчысы, райондун акими жана анын орун басарлары каралып жаткан маселе боюнча сөз сүйлөө үчүн кезексиз түрдө сөз алууга укуктуу.
8. Сессияны алып баруунун тартиби, добуш берүүнүн түрү, маалымат, түшүнүк берүү боюнча сөз сессияга төрагалык кылуучу тарабынан берилиши мүмкүн, анын узактыгы 2 (эки) мүнөттөн ашпайт.
9. Депутаттардын билдирүүлөрү жана кайрылуулары күн тартибинин « Ар кандай маселелеринде» каралат. Айылдык кеңештин сессиясынын же төрагалык кылуучунун чечими боюнча« Ар кандай маселелерге» 10 (он) мүнөт убакыт берилиши мүмкүн.
10. Күн тартибинин кезектеги маселесин кароого өтүү же бүтпөй калган мурдагы маселелердин бирине кайрылып келүү, ошондой эле маселелерди кароонун иретин өзгөртүү сессияга төрагалык кылуучу тарабынан жүргүзүлөт.
11. Сессияга төрагалык кылуучу тарабынан сессиянын ишине 20 (жыйырма) мүнөткө чейинки кезексиз тыныгуу ( добуш бербей туруп) жарыяланышы мүмкүн.
12. Баш аламандык болгондо же аны токтотууга мүмкүн болбой калганда төрагалык кылуучу 40 (кырк) мүнөткө чейин тыныгуу жарыялоого укуктуу. Эгерде сессия өз ишин кайрадан баштаганда баш аламандык улана берсе, төрагалык кылуучу сессияны жабык деп жарыялоого же аны белгилүү убакка же күнгө которууга укуктуу.
Төрагалык кылуучунун уруксаты жок айылдык кеңештин сессиясында эч кимдин сөз сүйлөөгө укугу жок.
Жарыш сөзгө чыгып сүйлөөчүлөр талкууланып жаткан маселенин темасын карманууга тийиш. Чыгып сүйлөөчү темадан чыгып кеткен учурда, төрагалык кылуучу ага эскертет,, ал эми Регламенттин талаптарын кайталап бузган учурда төрагалык кылуучунун чыгып сүйлөөчүгө сөз бербөө жөнүндө маселени добушка коюуга укугу бар.
Төрагалык кылуучу жарыш сөздөрдү токтотуу тууралуу сунуш келип түшкөндө депутаттарга чыгып сүйлөөнү каалагандардын, бирок сөз жетпей калгандардын саны жөнүндө баяндайт. Кимиси чыгып сүйлөөнү талап кылып жатканын аныктайт жана ушуларды эске алуу менен жарыш сөздү токтотуу тууралуу маселени добушка коет.
Жарыш сөз токтотулгандыгына байланыштуу сөз сүйлөй албай калган депутаттык топтун өкүлүнүн, депутаттардын төрагалык кылуучуга сүйлөөчү сөздөрдүн текстин сессиянын протоколуна тиркеп коюу үчүн берүүгө укугу бар.
Айылдык кеңештин чечимдери төмөнкүдөй кабыл алынат:
-айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добуштары менен;
-айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки добушу менен;
-айылдык кеңештин депутаттарынын сессияга катышкан санынын көпчүлүк добушу менен;
2. Депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добуштары менен төмөндөгү маселелер боюнча чечимдер кабыл алынат:
-айылдык кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо;
-айылдык кеңештин төрагасынын орун басарын ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу;
-айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо;
- мыйзамдарды, прокуратура органдары тарабынан белгиленген Президенттин жана Өкмөттүн ченемдик укуктук актыларын же өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарбагандыгы же тийиштүү жеңгээлде аткарбагандыгы үчүн айыл өкмөтүнүн башчысын мөөнөтүнөн мурда бошотууга айылдык кеңештин депутаттарынын макулдук берүүсү;
- жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү;
3. Депутаттардын жалпы санынын үчтөн эки добуштары менен төмөндөгү маселелер боюнча чечимдер кабыл алынат:
-айылдык кеңештин төрагасын ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу;
-айылдык кеңештин депутаттарынын демилгеси боюнча айылдык кеңешти мөөнөтүнөн мурда таркатуу;
-мурда кабыл алынган жергиликтүү жамааттын уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
4. Айылдык кеңештин депутаттарынын сессияга катышкан санынын көпчүлүк добушу менен жол жобо маселелери боюнча чечимдер кабыл алынат.
Ушул регламентте добуш берүүнүн натыйжаларын аныктоо үчүн колдонулган төмөндөгүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
- айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы саны 21 (жыйырма бир) `(маселен: 11,21 же 31депутат)
- жыйынга катышкандардын саны 70 % каттоодон өткөн айылдык кеңештин депутаттарынын саны 70 % .
Айылдык кеңеш сессияларда ачык же жашыруун добуш берүү жолу менен чечимдерди кабыл алат. Добуш берүү айылдык кеңештин депутаттарынын кол көтөрүүсү аркылуу жана төрагалык кылуучунун добуштарды саноосу аркылуу ( ачык добуш берүү) же депутаттар атайын кабинада бюллетендерди толтуруп, аларды чапталып бекитилген укөккө салуу ( жашыруун добуш берүү) аркылуу жүргүзүлөт.
Тийиштүү чечим кабыл алуу үчүн жетиштүү кворум жок болгондо төрагалык кылуучу камсыз кылынганга же кийинки сессияга чейин добуш берүүнү жылдырат.
Бардык маселелер боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы айылдык кеңештин сессиясынын протоколуна түшүрүлөт.
Айылдык кеңештин депутаты добуш берүүгө өзүнүн укугун жеке өзү ишке ашырат. Депутаттын добуш берүү укугун башка депутатка ишеним кат же башка жол менен өткөрүп берүүсүнө жол берилбейт.
Бир маселе боюнча добуш бергенде айылдык кеңештин депутаты чечим кабыл алуу үчүн « макул » же «каршы » , болбосо чечим кабыл алууда « калыс » добуш берүү менен бир добушка ээ .
Добуш берүү учурунда жок болгон айылдык кеңештин депутаты добуш берүү аяктагандан кийин өзүнүн добушун берүүгө укугу жок. Жыйындар залында катышып отурган шартта депутаттын добуш берүүгө катышпай калышы добуш берүүнүн жыйынтыктарын кайра кароо үчүн негиз болуп саналбайт.
Добуш берүүнүн башталгандыгы жарыялангандан кийин эч кимдин аны үзгүлтүккө учуратууга укугу жок.
Ачык добуш берүү ар бир депутаттын жооптун варианттарынын (« макул» ,«каршы » , « калыс ») бирөөсү боюнча өзүнүн эркин билдирген добуш берүү ыкмасы.
Ачык добуш берген учурда добуштарды саноо төрагалык кылуучу таратынан жүргүзүлөт.
Добуштар саналгандан кийин сессияга төрагалык кылуучу чечим кабыл алынгандыгын же кабыл алынбагандыгын жарыялайт.
Добуш берүүдө жол жоболук ката кетирилген учурда (төарагалык кылуучунун катасы ) айылдык кеңештин депутаттары кайталап добуш берүү жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.
Жашыруун добуш берүү добуш берүүгө катышкандардын жашыруун жүргүзгөн добуш берүү ыкмасы, бул учурда жооптордун варианттарынын (« макул » ,«каршы » , « калыс ») бири боюнча добуш берүүчүнүнү эркин контролдоо жокко чыгарылат.
Жашыруун добуш берүү милдеттүү болгон маселелер , ошондой эле айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушунун чечими боюнча жашыруун жобуш берүү жүргүзүлөт.
Бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүү, бюллетендерди толтуруу аркылуу ар бир депутаттын жеке өзү тарабынан ишке ашырылат, бюллетендер депутаттардын тизмесине ылайык ар бир депутатка берилет жана депутаттын өз эркин жашыруун билдирүүнү камсыз кылган атайын кабинада толтурулуп, эсептөө комиссиясы мөөр басып бекиткен добуш берүүчү үкөккө салынат.
Айылдык кеңештин катчысы (айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы) баяндамачы менен бирдикте айылдык кеңеш чечим кабыл алган маселе боюнча кабыл алынган токтомду ал кабыл алынган күндөн баштап 5 жумушчу күндүн аралыгында жол жоболоштурат.
Айылдык кеңештин төрагасы айылдык кеңеш тарабынан кабыл алынган токтомдун долбоорун четке кагууга укугу жок жана ага кабыл алынган күндөн баштап 5 жумушчу күндүн аралыгында кол коет.
Айылдык кеңештин токтому күчүнө кириши үчүн расмий жарыяланууга тийиш:
- айыл аймагында кеңири жайылтылган басылмалардын ичинен айылдык кеңеш өзү аныктаган тийиштүү басма сөз басылмаснда;
- айылдык кеңештин расмий веб-сайтында.
4. Расмий жарыяланган күнү айылдык кеңештин токтомунун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин тийиштүү аймактык бөлүмүнө эки нускада, мамлекеттик жана же расмий тилдерде, кагащ жана электрондук түшүрмөлөрдө жарыяланган булагын көрсөтүү менен ченемдик укуктук актыларын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлөт.
5. Айылдык кеңештин токтомунун көчүрмөсү кабыл алынган чечимдер жөнүндө коомчулукту кеңири маалымдоону камсыз кылуу үчүн айыл аймагынын маалымат илинүүчү тактайларына милдеттүү түрдө жайгаштырылат.
Токтомдо аны жүзөгө ашыруунун тартиби белгиленет, атап айтканда:
-жалпысынан токтомдун же анын пункттарын же колдонууга киргизилишинин конкреттүү мөөнөттөрү жана жолдору:
- токтомду жүзөгө ашыруу боюнча органдарга жана кызмат адамдарына конкреттүү тапшырмалардын, айыл өкмөтүнүн жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызмат адамдарына карата таасир этүү чараларынын кабыл алынышы, айыл өкмөтүнүн башчысынын актыларынын айылдык кеңештин токтомуна ылайык келтирүү;
-аны аткаруу үчүн мөөнөттөр белгиленет;
2. Айылдык кеңештин ар бир токтомунда токтомдо көрсөтүлгөн иапшырмаларды аткаруу жүктөлгөн кызмат адамы же орган, о.э. токтомдун аткарылышын контролдоо жүктөлгөн кызмат адамы же орган көрсөтүлөт.
3. Токтомдун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат угулгандан кийин, айылдык кеңеш төмөкүлөргө укуктуу:
- аткарылган катары токтомду контролдон алып коюу;
- аткарылган катары токтомдун айрым пункттарын контролдон алып коюу;
-ошол токтом боюнча аткаруу мөөнөтүн жылдыруу;
- башка кызмат адамына же органга контролдоо ыйгарым укуктарын жүктөө;
- токтомду жокко чыгаруу;
- токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
- кошумча токтомду кабыл алуу;
4. Контролдоо боюнча отчеттун мөөнөтү токтомдун өзүндө көрсөтүлөт. Айылдык кеңештин төрагасы токтомдун аткарылышы үчүн контрол жүктөлгөн кызмат адамына же органга айылдык кеңештин сессиясында анын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат берүүнү тапшырууга укуктуу.
Айылдык кеңештин Регламентинин жаңы редакциясы, ага өзгөртүүлөр жана толуктоолор айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен айылдык кеңештин сессиясында кабыл алынат.
Депутаттар, депутаттардын тобу, туруктуу комиссиялар тарабынан демилгеленген айылдык кеңештин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу сунуштар тийиштүү туруктуу комиссияларда каралгандан кийин айылдык кеңештин сессиясында биринчи кезектеги тартипте каралат.
Айылдык кеңештин Регламентинин жоболорун чечмелеп түшүндүрүүнү айылдык кеңештин төрагасы жана төраганын орун басары ишке ашырат.
Айылдык кеңештин Регламентинин талаптарынын сакталышына контролдук кылуу айылдык кеңештин төрагасына жана төраганын орун басарына жана тийиштүү туруктуу комиссияга жүктөлөт. Айылдык кеңештин сессиясы учурунда айылдык кеңештин Регламентинин талаптарынын сакталышына контролдук кылуу сессияга төрагалык кылуучуга жүктөлөт.