Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 15-октябры № 1
“2014-2017-жылдарга карата Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигин башкаруу боюнча концепциясын жана муниципалдык объекттердин жана мүлктөрдүн менчиктеширүү программасы бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 31-беренесинин 5-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамынын 13-беренесине ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 08.04.2014-жылдагы чыг.№8-1/488 сандуу катынын негизинде жана курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 22.04.2014-жылдагы №3-чечимине ылайык жана депутаттардын сунуштарын эске алып, шаардык кеңештин кезектеги XVIII-сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2014-2017-жылдарга карата Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигин башкаруу боюнча концепциясы №1-тиркемеге ылайык жана 2014-2017-жылдарга карата муниципалдык объекттердин жана мүлктөрдүн менчиктеширүү программасы №2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2014-2017-жылдарга карата Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигин башкаруу боюнча концепциясын, 2014-2017-жылдарга карата муниципалдык объекттердин жана мүлктөрдүн менчиктеширүү программасын иш жүзүнө ашыруу жагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин башчысына (Б.Джусупбеков) милдеттендирилсин.
Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министирлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б. Беркбаевага) милдеттендирилсин.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Н.Казакбаев) милдеттендирилсин.
Ушул токтом массалык маалымат каражаттарынан расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Н.Нишанов
|
| Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XVIII-сессиясынын №1-токтомуна №1-тиркеме
|
Ушул Концепциянын негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана мыйзам чыгаруу актылары, ошондой эле Жалал-Абад шаарынын ченемдик укук актылары түзөт.
Ушул Концепция Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын муниципалдык менчикти башкаруу жана колдонуу чөйрөсүндөгү саясатынын негизги максаттарын, милдеттерин жана принциптерин аныктайт.
Концепцияны иштеп чыгуунун максаттары болуп төмөндөгүлөр эсептелет:
азыркы этаптагы муниципалдык менчикти башкаруу тутумуна карата талаптарды түзүү;
шаардын алдында турган милдеттерди 2014-жылдан 2017-жылга чейинки аралыкта чечүү үчүн муниципалдык менчикти пайдалануунун негизги багыттарын, ыкмаларын, усулдарын жана механизмдерин аныктоо.
2014-2017-жылдарга карата Концепция койгон тапшырмаларды чечүүнүн натыйжасында:
муниципалдык менчик аймактарды башкаруу жана сатуу тутуму киргизилет;
муниципалдык менчиктин эсептөө жана маалыматтык база тутуму түзүлөт;
шаардык чарбаны башкаруу боюнча бирдиктүү маалымат мейкиндиги түзүлөт.
Концепцияда төмөнкүлөр каралган:
муниципалдык менчикти башкаруу;
муниципалдык менчикти башкаруу боюнча маселелерди бюджеттик жүрүм (процесс) менен байланыштыруу;
муниципалдык менчикти натыйжалуу башкаруу максатында маалыматтык-байланыш технологияларын колдонуу;
аны турмушка ашыруу үчүн жыл сайын иштелип чыгуучу (түзөтүүлөр киргизилүүчү) иш чаралардын планы.
Менчик ээсинин аймактарын кокустуктан улам талкалануу тобокелдигине, аймакты иштетүүдө, аны кармоодо, аймактын күндөлүк (майда) жана капиталдык (чоң) ремонтун жасоодо жана аны камсыздандыруудагы катышуу даражасы өткөрүп берүү келишиминин шарттары менен аныкталат.
Муниципалдык мүлктү күрөөгө коюу же койбоо укугу менен коштолгон ишенимдүү башкарууга же ээликтен ажыратуунун башка формаларына өткөрүп берүү жана жоопкерчиликти бөлүштүрүү чечимин шаардык Кеңеш кабыл алат.
Чечим төмөнкүлөрдү камтыйт:
башкаруучунун күнөөсү менен ишенимдүү башкаруу убагындагы колдон чыгарылган пайда үчүн жоопкерчилик;
башкарууга өткөрүп берилген мүлк (тобокелдик), ошонун ичинде мүлктү күрөөгө коюу бүтүмүнөн келип чыккан зыяндар боюнча шаардын жана ишенимдүү башкаруучунун ортосундагы жоопкерчиликти бөлүштүрүү;
милдеттенмелерди камсыз кылуунун жолдору.
Башкаруучуну дайындоо мүлктү ишенимдүү башкаруу келишимин түзүү укугуна карата ачык конкурстун жыйынтыгы менен ишке ашырылат.
Сынакты өткөрүүнүн тартиби жана шарттары муниципалдык менчикти башкаруу боюнча комитети тарабынан иштелип чыгат.
Ижара (аренда)
Ижара - бул муниципалдык менчикти башкаруу механизмдеринин бири катары эсептелет жана ушуну менен бирге менчик ээси үчүн ордун толтуруучу түшүүлөрдүн (поступления) булагы болуп саналат.
Муниципалдык мүлк юридикалык жана жеке жактарга ижара укугун сатуу жолу менен (коммерциялык конкурста), инвестициялык шарттарда (инвестициялык программалардын конкурсунда) ижарага берилет.
Ижаралоо шаардын төмөнкүдөй милдеттеринин чечилүүсүнө мүмкүндүк берет:
ижаралоо чөйрөсүнө менчик аймактардын бардык түрлөрүн кошуу жана ушунун эсебинен шаардык бюджетке болгон төлөмдөрдү көбөйтүү;
ижаралоо келишимин түзүү учурунда ижарага (жалдоого) берүүчү жана ижарачынын иштөө чегин аныктоо;
ижара акысын аныктоо принцибин жакшыртуу жана аны менчик ээсинин жана ижарага алуучунун чыгымдары жана кирешелери менен байланыштыруу;
ижаралоо келишимин коммуналдык кызмат көрсөтүү жөнүндөгү келишимдер топтому менен биргеликте карап түзүү;
инвесторлордун жана ижарага берүүчүлөрдүн укук жана кызыкчылыктарынын, алардын шаар менен болгон өз ара мамилесинин кепилдигинин корголушун камсыз кылуу.
Шаарга тийиштүү муниципалдык менчик объектилерин башкаруу аларды ыкчам башкарууга, чарбалык карамагына, пайдаланууга, ишенимдүүбашкарууга жана түрдүү формадагы ижарага өткөрүп берүүнү, соода-сатыкты өз ичине камтыйт.
Муниципалдык менчик аймактарды ишкердик кылууда, ошондой эле социалдык маселелерди чечүүдө да пайдаланылышы мүмкүн
Муниципалдык менчикти эсепке алуу тутуму түзүлөт. Ыкчам башкарууга же чарбалык карамагына өткөрүп берилген мүлктү эсепке алууну мекеме же ишкана, ал эми аны пайдаланууга өткөрүп берген учурда муниципалдык менчик башкармалыгы боюнча комитети тарабынан жүргүзөт.
Эсепке алуу тутумун түзүү жүрүмүндө менчик аймактарын «баштан аяк» инвентаризациялоо өткөрүлөт. Менчик аймактарды инвентаризациялоо жүрүмүндө аймактарды, реестрдеги маалыматтын маанисин (маалыматтык базаны жаңылоо) баалоо, эсептен чыгаруу жана шаар тарабынан муниципалдык мүлккө болгон укукту каттоо (далилдөө) жүргүзүлөт, чарбалык субъектилердин эсептөө иш кагаздары киргизилет.
Муниципалдык менчикти натыйжалуу башкаруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана ченемдик укук актылары көрсөткөн ыкмалардын, усулдардын жана механизмдердин жалпы спектри пайдаланылат.
Амортизация
Муниципалдык менчикти калыбына келтирүү жана толуктоонун негизги ыкмаларынын бири катары амортизациялык чегерүүлөрдү (отчислениелерди) чогултуу жана пайдалануу болуп эсептелет.
Мүлктү натыйжалуу башкаруу максатында төмөнкүлөр каралат:
амортизациянын үстөктөрүнүн (начисление) жана ченемдеринин усулдарын жакшыртууга көмөк көрсөтүү;
консолидацияланган (чыңалган) амортизациялык фонддорду алардын каражаттарын бөлүштүрүү тартибин аныктоо жолу менен түзүү;
амортизациялык чегерүүлөрдү биргелешип пайдалануу боюнча болжолдуу келишимдин формасын жана мазмунун аныктоо.
Камсыздандыруу
Шаарга таандык мүлк жоготуулардын жана зыяндын негизги коркунучунан камсыздандырылышы керек.
Шаар орто жана узак мөөнөттүү келишимдер үчүн камсыздандыруу милдетин муниципалдык мүлктү пайдалануучуга жүктөшү мүмкүн.
Менчиктештирүү
Менчиктештирщщ бул менчик формасын өзгөртүү каражаты жана натыйжалуу иштеген чарбакер субъектини түзүү катары эсептелет жана төмөндөгүдөй жол менен:
ишкананын менчик жана укуктук-уюштуруу формасын өзгөртүү;
шаар тарабынан менчиктештирүүнүн бардык усулдарын колдонуу аркылуу мүлк объектилерин ажыратуу, ошондой эле базардык;
ишканалардын мүлк комплекстерин кайра уюштуруу жана өндүрүштү модернизациялоо;
менчиктештирүү аймактарды сатуу алдындагы даярдыгын көрүү;
ишканаларды узак мөөнөткө инвестирлөө;
шаар менчигиндеги акциялардын пакетинин өлчөмүн жана мөөнөтүн бекитүүнү аныктоо;
акциялардын пакетинин сатуу формасын аныктоо.
Башкаруунун инфратүзүмү
Маалыматтык камсыздоо
Муниципалдык менчикти башкаруу тутумунун маалыматтык камсыздоо негизин төмөндөгүлөрдү эсепке алуунун бирдиктүү тутуму түзөт:
шаар менчигин, ошонун ичинде Жалал-Абад шаарынан сырткары;
шаар мекемелеринин жана ишканалардын иштөө көрсөткүчтөрүн;
пайдалануунун натыйжалуулугун баалоо.
Маалымат тутуму төмөндөгү негизги принциптерге таянат:
объектилерди далдаштыруунун (окшоштуруу) реестрдик жана нарккаттамдык (кадастрдык) бөлүштүрүүгө негизделген бирдиктүү тутуму;
маалыматтын бир ирет киргизилүүсү;
берилген маалыматтын толуктугу жана ишенимдүүлүгү үчүн жоопкерчилик;
пайдалануучунун маалымат алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу жана санкцияланбаган маалымат алууга жол бербөө
маалыматтын мезгилдүү жаңылануусу;
пайдаланылган техникалык каражаттардан маалыматтын сакталуусун жана көзкарандысыздыгын камсыздоо.
Шаарда муниципалдык менчикти натыйжалуу башкаруу үчүн заманбап маалымат технологияларынын бардык артыкчылыктарын пайдалануу талап кылынат. Ал өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
экономика-математикалык усулдарды пайдалануунун негизинде программалык камсыздоону өркүндөтүүнү;
муниципалдык менчиктин абалы жөнүндөгү маалыматтарды, аларды пайдалануунун натыйжалуулугун, колдонулуп жаткан укук мамилелеринин түзүлүшүн, акча каражаттарын төлөө жана пайдалануу динамикасын (өсүшүн) ыкчам талдоону (анализдөөнү);
шаардын экономикасынын өсүщ тенденциясын жоромолдоо жана менчик курамы жөнүндө чечимдерди иштеп чыгууну, аны пайдалануунун формаларын жана усулдарын өзгөртүүнү
Тутумдун иштөөсү үчүн төмөнкүлөр зарыл:
эсептөө тутумун иштеп чыгуу жана пайдаланууга берүү жана анын үзгүлтүккө учурабай иштөөсүн камсыздоо;
муниципалдык менчиктин маалымат базасын түзүү, алгачкы маалыматтын топтолушун, жүргүзүлүүсүн жана ишенимдүүлүгүн көзөмөлдөөнү камсыз кылуу;
шаардын өкүлчүлүктүү жана аткаруу бийлигинин ички түзүмдүк иш кагаздарын айландырууну электрондук стандартка өткөрүү
Укуктук камсыз кылуу
Концепция Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруу жана ченемдик укук актыларына таянат.
Башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу шаардын бир канча жергиликтүү ченемдик укук актыларын, муниципалдык мүлктү башкаруу жана тескөө маселелери боюнча усулдук материалдарды, менчик ээсинин жана пайдалануучунун өз ара мамилесин, муниципалдык мүлк ээсинин кызыкчылыктарын коргоону, ошондой эле мыйзам чыгаруу демилгелерин жана аларды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүүнү иштеп чыгууну өзүнө камтыйт.
Кадрдык камсыздоо
Концепциянын алкагындагы кадрдык камсыздоо шаардын аткаруу бийлигинин кызмат адамдарына, ошондой эле менчик аймактарды башкаруучуларына да карата колдонулат жана төмөндөгүлөрдү өз ичине алат:
муниципалдык менчикти башкаруу жаатындагы адистерди даярдоону;
өкүлчүлүктүү жана аткаруу бийлик органдарынын кызматкерлеринин квалификациясын дайыма (системалуу түрдө) жогорулатуу;
аткаруу бийлигинин кызмат адамдарын мезгил-мезгили менен аттестациялоо;
шаардын менчигине башкаруу жүргүзгөн жактар менен түзүлгөн контрактыга квалификациялык талаптарды киргизүү;
жумуш үчүн сыйпул.
Каржылык камсыз кылуу
Шаардын муниципалдык менчигин башкаруу, мүлктү пайдалануу жүрүшүн жөнгө салуу шаар бюджетинин жана башка каржы ресурстарынын эсебинен камсыз кылынат.
Башка ишчараларды – менчикти инвентаризациялоо, шаардын маалымат тутумун орнотуу жана башкаларды каржылоонун булагы болуп шаар бюджети жана башка каржы ресурстары эсептелет.
Менчиктештирүү, кайра уюштуруу жана түзүмүн өзгөртүү боюнча ишкана аймактары сатыкка даярдоо боюнча ишчараларды өткөрүү муниципалдык менчик жөнүндөгү мыйзамына жана башка ченемдик укук актыларына ылайык турмушка ашырылат.
Муниципалдык менчикти башкаруудан түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү ченеми (нормативи) жыл сайын бюджеттик көрсөткүчтөрдүн курамында бекитилет.
Көзөмөл
Муниципалдык менчикти башкаруу чөрөсүндөгү көзөмөл жана текшерүү төмөнкүлөрдөн турат:
шаар мщлкщн максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууну текшерүү, анын каржы ресурстарын да кошкондо, ошондой эле анын сактыгын, калыбына келүүсүн жана көбөйүүсүн көзөмөлдөө.
бардык менчик ээлери үчүн милдеттүү болгон ченемдерди аткаруу;
көзөмөлдү усулдук камсыз кылуу, анын ичинде менчикти натыйжалуу пайдаланууну баалоонун чен-өлчөмдөр (критерийин) иштеп чыгуу;
коомдук көзөмөлдү камсыз кылуу.
Көзөмөлдүн мөөнөтү жана чен-өлчөмдөрү шаардык Кеңеш тарабынан белгиленет.
Концепция муниципалдык менчикти башкаруу жаатындагы артыкчылыктарды, ченемдик базанын жакшыртуу жолдорун жарыялоону көздөйт жана ушунун негизинде муниципалдык мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө маселелеринде бардык катышуучуларга бирдей шарт түзүүгө кепилдик берет.
1. Менчиктештирүү программасынын мазмуну
2. Муниципалдык менчик аймактарды менчиктештирүүнү жүзөгө ашыруунун негизги артыкчылыктары
3. Менчиктештирүүнүн усулдары жана шарттары
4. Кыймылсыз мүлк аймактарды баалоо
5. Программанын ишке ашуу механизмдери
Ушул муниципалдык менчик аймактарды жана мүлкүн менчиктештирүү Программасы (мындан ары - Программа) Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси, «Мүлккө болгон муниципалдык менчик жөнүндөгү» мыйзамдарынын негизинде иштелип чыккан. Менчиктештүү программасы төмөндөгүлөрдү аныктайт:
Муниципалдык менчик аймактарды жана мүлкүн менчиктештирүүнү жүзөгө ашыруунун артыкчылыктары;
Муниципалдык менчикти жеке жана юридикалык жактардын менчигине ажыратуунун тартиби.
Муниципалдык менчик аймактарды жарандар жана юридикалык жактар акы төлөө негизинде жана шаардык Кеңеш жыл сайын бекиткен менчиктештирүүгө тийиш болгон муниципалдык менчик аймактардын тизмесинин негизинде менчиктештирүүсү мүмкүн.
Муниципалдык менчик объектилерин жана мүлкүн менчиктештирщщнщ жүргүзүүнү даярдоо жана уюштурууну шаар мэриясына караштуу муниципалдык менчикти башкаруу боюнча комитети ишке ашырат.
Муниципалдык менчик объектилерин жана мүлкүн менчиктештирүү программасы Кыргыз Республикасынын «Мүлккө болгон муниципалдык менчик жөнүндөгү» мыйзамынын 13-статьясына ылайык төмөндөгүлөрдү камтыйт:
Муниципалдык менчик аймактар жана мүлкүн менчиктештирүүнү жүргүзүүнүн жоромолу (прогнозу);
Муниципалдык мүлктү менчиктештирүүнүн жолдорун тандоо тартиби жана аны менчиктештирүү жөнүндө чечим кабыл алуу;
Менчиктештирилүүчү муниципалдык мүлктүн наркын баалоо тартиби;
Муниципалдык менчикке таандык ишканаларды менчиктештирүүнүн долбоору.
Муниципалдык менчик объектилерин менчиктештирүүнү жүзөгө ашыруунун негизги артыкчылыктары болуп төмөндөгүлөр эсептелет:
Шаардын экономикасынын натыйжалуулугун жана бөлөк ишканалардын ишмердүүлүгүн жогорулатуу;
Кыймылсыз мщлк базарын өнүктүрүү үчүн шарттарды жаратуу;
Менчик ээлеринин калыъ катмарын түзүү, чакан ишкердикке колдоо көрсөтүү;
Атаандаштык продукцияларын (өндүрүм) өндүрүү үчүн шарт түзүү жана чоң суроо-талап же сунуштардын таңсыктыгы (дефицит) бар же бар болуу мүмкүнчүлүгүн жараткан калкка кызмат көрсөтүү;
Аз кирешелүү (рентабелдүү эмес) ишканаларды колдоого жумшалган бюджеттик чыгымдарды азайтуу;
Менчиктештирүүдөн түшкөн каражаттарды бюджеттин бөлүнүүсүн оптимизациялоо үчүн шаардын керектөөсүнө пайдалануу.
2014-2017-жылдарга карата муниципалдык менчик аймактарды менчиктештирүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сатуу жана менчиктештирүү жолу менен турмушка ашырылат.
Максатка багыттуу менчиктештирүүнү камсыздоо үчүн төмөнкүлөр жүргүзүлөт:
Муниципалдык менчик аймактарды инвентаризациялоо;
Объектилердин каржы жана техникалык абалдарын жана пайдаланууну диагноз кылуу (текшерщщ).
Муниципалдык менчик аймактар инвентаризациялоо жана диагноздоонун жыйынтыгы боюнча төмөндөгү усулдардын бири менен менчиктештирилет:
Аукцион, конкурс (тендер) менен сатуу;
Андан ары сатып алуу менен башкарууга өткөрүп берүү;
Чарбакер субъекттердин уставдык капиталына салым катары кошу;
Мыйзамда көрсөтүлгөн учурда ачык акционердик коомго жана башка укуктук-уюштуруу формасына кайра өзгөрүүсү.
Муниципалдык менчик аймактар жана ишканаларды менчиктештирщщнщн төмөндөгүдөй чектөө жолдору бар:
Менчиктештирүүгө тыюу салынган муниципалдык менчик аймактар жана ишканалар;
Шаардык Кеңеш тарабынан бекитүүнү токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин менчиктештирилүүсү убактылуу токтотулган муниципалдык менчик аймактар жана ишканалары;
Менчиктештирүүгө уруксат берилген муниципалдык менчик аймактар жана ишканалар.
Менчиктештирүүгө тыюу салынган муниципалдык менчик аймактар жана ишканалар:
Республиканын Өкмөтү бекиткен тизмеге киргизилген Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурас аймактары;
Шаардык бюджеттен каржыланган маданият жана спорт аймактары;
Медициналык мекемелер;
Элдик билим берүү аймактар;
Көрүстөндөр;
Калкты социалдык коргоо тутумундагы уюмдар жана мекемелер;
Шаардык автоунаа жолдору, ошондой эле аларды кароого алган ишканалар;
Инженердик инфратүзүмдөрдүн объектилери, ошонун ичинде электр энергиясы, жылуулук жана газ менен жабдуу, суутүтүк-канализациялык чарбасы, шаардын тышкы электр жарыгын, ошондой эле ушул объектилерди пайдаланууну, тейлөөнү жана кармоону ишке ашырган ишкана жана уюмдар;
Жалпы пайдалануучу жерлер (калк жайгашкан жер) жана турак үйдүн жалпы мүлкү;
Сейилбактар жана скверлер (коомдук кичинекей бак), эс алуу аймактары.
Шаардык Кеңеш тарабынан бекитүүнү токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин менчиктештирилүүсү убактылуу токтотулган муниципалдык менчик аймактар жана ишканалары:
Курорттук-рекреациялык (эс алууга арналган жай) жана туризм аймактары;
Оюн-зоок көрсөтө турган аймактар;
Почталык байланыш бөлүмү;
Шаардык жүргүнчүлөрдүн унаа каражат объектилери жана ишканалары;
Ырасым (ритуалдык) кызматын көрсөтүү боюнча аймактар жана ишканалар.
Менчиктештирүүгө уруксат берилген муниципалдык менчик аймактар жана ишканалар:
Турмуш-тиричилик функцияларын жана кызмат көрсөтүүлөрдү камсыз кылууда пайдаланылбаган киши жашабаган жайлар, курулуштар;
Бүтпөгөн курулуштар;
Мончо жана кир жуу чарбасын жүргүзгөн аймактар;
Ижарага берилген турак жай эмес фондунун аймактары.
Менчиктештирүүгө тийиш болгон муниципалдык мүлктүн баалуулук наркы
ушул аймакты мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүүгө даярдык көрүү учурунда колдонулуучу Усулдук көрсөтмөгө ылайык аныкталат.
Кыймылсыз мүлк аймактырды менчиктештирүү жана баалоо боюнча Усулдук көрсөтмөнү шаар мэриясына караштуу муниципалдык менчикти башкаруу боюнча комитети иштеп чыгат жана шаардык Кеъеш тарабынан бекитилет.
Менчиктештирүү программасын ишке ашыруу механизими шаардык чарбаны өнүктүрүүдөгү социалдык-экономикалык жүрүмүн башкаруунун жалпы механизиминин бөлүгү болуп эсептелет.
Программаны ишке ашыруу механизиминин негизги элементтери:
Программанын максаттары жана милдеттерине ылайык башкаруу органдарын түзүү, менчиктештирүү жүрүмүнүн айкындуулугу жана ачыктыгы, калк менен иштөө, ар бир адамдын экономикалык кайра жаралуудагы орду жана ролу жөнүндө жаңы түшүнүктөрдү орнотуу.
Менчиктештирүүгө тийиш болгон аймактардын тизмесин түзүүнү ар жылы муниципалдык менчикти башкаруу боюнча комитети жүзөгө ашырат жана шаардык Кеңешке берилет.
Менчиктештирүүгө тийиш аймактардын тизмеси курулуш куруу жана жерди пайдалануу комиссия (мындан ары комиссия) тарабынан каралат жана шаардык Кеңештин сессиясында бекитилет.
1. Курманбек көчөсүндө жайгашкан 60-батирлүү көп кабаттуу курулган үйү.
2. Молодежный көчөсүндө жайгашкан 60-батирлүү көп кабаттуу курулган үйү.
3. Р.Азимов көчөсүндө жайгашкан 40-батирлүү көп кабаттуу курулган үйү.