Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык Кеңешинин XVIII -сессиясы
2014-жылдын 15-октябры № 6
“Жалал-Абад шаарынын «Ардактуу атуул» наамын ыйгаруу жобосу жөнүндө”
(Жалал-Абад шаардык Кеңешинин 2024-жылдын 27-августундагы № 6 токтомунун редакциясына ылайык)
Жалал-Абад шаардык кеңешинин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Усеновдун «Ардактуу атуул» наамын ыйгаруу жөнүндө жобосунун жаңы редакциясы тууралуу баяндамасын угуп, Кыргыз Республикасынын «Ченемдик укуктук актылар жөнүндө» мыйзамынын 17-беренесинин негизинде депутаттардын Жалал-Абад кеңешинин кезектеги XVIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Жалал-Абад шаардык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясынын №5-токтому жокко чыгарылсын.
«Жалал-Абад шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө Жобо №1-тиркемеге ылайык кабыл алынсын.
Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына (К.Усеновго) жүктөлсүн.
Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Н.Нишанов |
| Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XVIII-сессиясынын № 8-токтомуна №1-тиркеме
|
(Жалал-Абад шаардык Кеңешинин 2024-жылдын 27-августундагы № 6 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалал-Абад шаарынын өркүндөп өсүшүнө өз ишмердүүлүгүн арнаган, шаар коомчулугунун алдында жасаган атуулдардын татыктуу кызматын баалоо максатында «Жалал-Абад шаарынын Ардактуу атуулу» наамын уюштуруу.
2. «Жалал-Абад шаарынын Ардактуу атуулу» наамы Жалал-Абад шаардык кеңеши тарабынан КР атуулдарына жана жеке чет өлкөлүк жарандарга ыйгарылат жана кайтарылып алынбайт.
3. «Жалал-Абад шаарынын Ардактуу атуулу» наамы КР мамлекеттик кызматтарына эмгектенген, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун жогорку кызматында эмгектенгендерге, жергиликтүү администрация башчысына, шаардык кеңештин депутаттарына, структуралык бөлүмдөрдүн жана күч органдарынын жетекчилерине иштеп жаткан мезгилинде ыйгарылбайт.
4. «Жалал-Абад шаарынын Ардактуу атуулу» наамы жогоруда аталган кызматтарды ээлеген атуулдарга жумуш мөөнөтү аяктагандан жарым жылдан кийин ыйгарылышы мүмкүн.
5. «Жалал-Абад шаарынын Ардактуу атуулу» наамы соттук териштирүүлөргө алынган жана мөөнөтү аяктабаган жараандарга ыйгарылбайт.
6. «Жалал-Абад шаарынын Ардактуу атуулу» наамына татыктуу инсанга «Жалал-Абад шаарынын Ардактуу атуулунун» төш белгиси, күбөлүгү, көкүрөк лентасы жана Жалал-Абад шаардык кенещинин токтому тапшырылат.
7. Сунушка тиркелүүчү документтер:
Өмүр баян
Эмгек китепчесинин көчүрмөсү
Жашаган жеринен аныктама
Эмгек жамаатынан протоколунун көчүрмөсү
Паспортунун көчүрмөсү
Республикалык деңгээлдеги наамдар, сыйлыктар, КРнын же Өкмөттүн Ардак грамоталарынын көчүрмөлөрү.
Соттолбогондугу жөнүндө тактама
Депутаттын сунушу
«Жалал-Абад шаарынын ардактуу атуулу» наамын ыйгарууга негиз болуп төмөнкүлөр эсептелет.
- көп жылдык үзүрлүү кайрымдуулук жана меценаттык ишмердүүлүк.
- Жалал-Абад шаарынын жашоочуларынын жыргалчылыгы үчүн жасалган кайраттуу иш-аракеттер.
- Кыргыз Республикасында жана Жалал-Абад шаарында мамлекеттик, муниципиалдык, саясий, илимий, маданий, айыл-чарба жана коомдук тармактарда жакшы жыйынтыктарды көрсөтө алган, шаар жашоочуларынын алкоолоруна ээ болгондор. Жалал-Абад шаарына меценаттык иш чараларды жасаган, шаар элине туруктуу кайрымдуулук кылган чет өлкөнүн жарандарына ыйгарылат.
- шаардык кеңештин эки чакырылышынын депутаттарынын шаар жашоочулары арасында кеңири таанымал болгон узак убакыт жемиштүү эмгектенген шаардык мекемелерде 20 жылдан кем эмес иштеген, шардын экономикасын жана социалдык чөйрөсүн, инфраструктурасын өнүктүрүүгө, эл аралык достукту чындоого жана жаштарды тарбиялоого кошкон салымы үчүн Жалал-Абад шаарынын Ардактуу атуулу наамы ыйгарылат.
2.Чет өлкөлөрдүн атуулдарына «Жалал-Абад шаарынын Ардактуу атуулу» наамы I бөлүмдүн 1-пунктунда каралбаган негиз боюнча ыйгарылышы мүмкүн, ошону менен эле конкреттүү инсанга берилүүчү наамдын эң чоң коомдук-саясий маанилүүлүккө ээ болгон актка байланыштуу ыйгарылат.
3. «Жалал-Абад шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгарууга Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары, Жалал-Абад шаардык мэриясы, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун аймактык органдары, ошондой эле шаардык мекеме-ишканалардын, ткоомдук бирикмелер кайрылуу түрүндө сунуш киргизе алат.
4. «Жалал-Абад шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндөгү сунуш Жалал-Абад шаардык кеңешине жекече тартипте киргизилип, ар бир талапкер өзүнчө каралат.
5. «Жалал-Абад шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндөгү сунуш өз талапкерлигин өзү көрсөткөн тараптардан түшсө каралбайт.
6. «Жалал-Абад шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндөгү сунуш көзү өткөн жарандарга каралбайт.
7. «Жалал-Абад шаарынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча чечим
Жалал-Абад шаардык кеңешинин сессиясында депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн ачык добуш берүүнүн негизинде кабыл алынат
жана Жалал-Абад шаардык кенешинин токтому менен бекитилет.
Бир эле талапкердин иш кагаздары бир чакырылышта бир жолу гана каралат.
8. «Жалал-Абад шаарынын ардактуу атуулу» наамы жылына бир жолу шаар күнүнө карата 5 тен көп эмес жаранга Жалал-Абад шаардык кеңешинин сессиясында ыйгарылат.
9. «Жалал-Абад шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу чечимин кабыл алуу жөнүндөгү маселе наамга көрсөтүлгөн жак катышпаган учурда деле каралышы мүмкүн.
1. «Жалал-Абад шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу, Жалал-Абад шаардык кеңешинин социалдык укуктук жана мыйзамдуулук партиялар депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк коомдук уюмдар жана партиялык кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясы жүргүзөт.
2. Комиссия Жалал-Абад шаардык кенещинин жана ишмердүүлүгүн аталган жобонун, Жалал-Абад шаарынын башка укуктук актыларынын негизинде жүргүзөт.
IV. Комиссиянын милдеттери.
1. - «Жалал-Абад шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндөгү сунуштарды карап чыгат жана кабыл алат, буга байланыштуу материалдарды жана документтерди иликтейт, наамга көрсөтүлгөн талапкерлер жөнүндө маалыматтарды керек учурда кошумча суроо жүргүзөт.
2. - «Жалал-Абад шаарынын Ардактуу» атуулу наамын жергиликтүү мекеме-ишканалардан, коомдук бирикмелерден көрсөтүлгөн талапкерлерге ыйгаруу, же болбосо талапкерликти четке кагуу жөнүндөгү сунушту Жалал-Абад шаардык кеңешине кароого даярдоо чечимин кабыл алат.
3. - Талап кылынган учурда «Жалал-Абад шаарынын Ардактуу атуулу» намына көрсөтүлгөн талапкерди ал жөнүндө маселе каралуучу комиссиянын отурумуна, Жалал-Абад шаардык кеңешинин сессиясына чакырат.
V. «Жалал-Абад шаарынын Ардактуу атууларына наамды тапшыруу
1. Жалал-Абад шаарынын ардактуу атуулунун токтомуна жана Жалал-Абад шаарынын ардактуу атуулунун күбөлүгүнө Жалал-Абад шаардык кенешинин төрагасы тарабынан кол коюлат.
2. Жалал-Абад шаарынын ардактуу атуулунун токтомуна, төш белгиси жана күбөлүгү «Жалал-Абад шаарынын Ардактуу атуулу» наамына татыган инсанга Жалал-Абад шаарынын Мэри жана Жалал-Абад шаардык кенешинин төрагасы тарабынан салтанаттуу түрдө Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарынын, Жалал-Абад шаарынын вице-мерлеринин, коом өкүлчүлүктөрүнүн катышуусунда шаар күнүн белгилөөдө тапшырылат.
3. Жалал-Абад шаарынын Ардактуу атуулунун аттары Жалал-Абад шаарынын ардак китебине катталат. Жалал-Абад шаарынын Ардактуу атуулдарынын китеби Жалал-Абад шаардык кенешинде сакталат.
4. Жалал-Абад шаарынын Ардактуу атуулдары үчүн кошумча укутар жана жеңилдиктер каралган эмес.
5. Жалал-Абад шаарынын Ардактуу атуулдары мамлекеттик майрамдарга арналган иш-чараларга, Жалал-Абад шаарынын белгилүү даталарына жана башка маанилүү окуяларга катыша алат..
6. Жалал-Абад шаарынын Ардактуу атуулунун көзү өткөндөн кийин «Жалал-Абад шаарынын ардактуу атуулунун грамотасы төш белгиси жана күбөлүгү эгерде мураскорлору тарабынан башка чечим кабыл алынбаса сактоо үчүн Жалал-Абад шаардык музейине тапшырылат Кыргыз мамлекеттик тарых музейине тапшырылат.