Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ош шаардык Кеңешинин III чакырылышынын ХII-сессиясы
2014-жылдын 19-ноябры № 222
“Ош шаарынын көчөлөрүндөгү автотыгындарды жоюу жана
жол кыймылын иретке келтирүү жөнүндө”
Ош шаарынын вице мэри К.Абдырахман уулунун, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жол кайгуул кызматынын башчысы Ш.Шакировдун Ош шаарынын көчөлөрүндөгү автотыгындарды жоюу жана жол кыймылын иретке келтирүү боюнча аткарылып жаткан иш-чаралар боюнча маалыматтарын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин өнөр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын 2014-жылдын 17-ноябрындагы отурумунун № 7-токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын вице мэри К.Абдырахман уулунун, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жол кайгуул кызматынын башчысы Ш.Шакировдун Ош шаарынын көчөлөрүндөгү автотыгындарды жоюу жана жол кыймылын иретке келтирүү боюнча аткарып жаткан иштери боюнча маалыматтары эске алынсын.
2. Ош шаарынын көчөлөрүндөгү автотыгындарды жоюу жана жол кыймылын иретке келтирүү боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2012-жылдын 18-декабрындагы №49-Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жол коопсуздугу бөлүмүнүн жолдо жүрүүнүн эрежелерин сактоону камсыздоо боюнча маалыматы жөнүндөгү токтомунун аткарылбагандыгы белгиленсин жана бул токтомдун аткаруу боюнча иш-чараларды камсыздоо милдетендирилсин.
3. Ош шаарынын мэриясына (А.Кадырбаев) шаардын көчөлөрүндөгү автотыгындарды жоюу жана жол кыймылын иретке келтирүү боюнча 10 күндүк мөөнөттө тиешелүү адистерден, шаардык Кеңештин депутаттарынан, коомчулуктун өкүлдөрүнөн турган комиссиянын курамын түзүү сунушталсын жана аткарылган иш чаралардын жыйынтыгы боюнча Ош шаардык Кеңешинин кийинки сессиясына маалымат берүү милдеттендирилсин.
4. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).
5. Аталган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин өнөр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Сыдыков) жүктөлсүн.
Ош шаардык Кеӊешинин төрагасы |
У.Примов |
К.Абдырахман уулу | -Ош шаарынын вице мэри, комиссиянын төрагасы; |
Сыдыков А | - Ош шаардык Кеңешинин “Ата-Мекен” партиясынын фракция лидери, комиссиянын тең төрагасы (макулдашуу менен); |
Аскаров И | шаардык чарба жана транспорт бөлүмүнүн башкы адиси, катчы |
Комиссиянын мүчөлөрү:
| |
Турдуев Р | -КСДП” партиясынын фракция лидери, |
Нурбаев А | -“Адилеттүү Кыргызстан” партиясынын фракция лидери, |
Пазилов К | “НДПК” партиясынын фракция лидери, |
Мамбетов К | - “Замандаш-Современник” партиясынын фракция лидери, |
Ормонов К | - шаардык Кеңешинин депутаты |
Асанов А | - шаардык Кеңешинин депутаты, |
Атазов Ш | - шаардык Кеңешинин депутаты, |
Абдуллаев Д | - шаардык Кеңешинин депутаты, |
Капаров Т | - шаардык Кеңешинин депутаты, |
Кокочоров Д | - “Ошшаарсууканал” муниципалдык ишканасынын башчысы, |
Шакиров Ш | - Ош шаардык жол кайгуул күзөт кызматынын башчысы, |
Жунусов А | Ош шаардык жолдор башкармалыгынын башчысы, |
Сатаров Т | Ош шаардык автотоктомолор, автокоюу жана автогараждар дирекциясынын башчысы, |
Жолдошов А | Ош шаардык архитектура жана курулуш башкармалыгынын башчысы, |
Курманбаев Н | Ош шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин башчысы, |
Койчубаев А | Ош шаардык муниципалдык автотранспорт мекемесинин башчысы |
Семетеев А | - Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы |
Мурзалиев А | - Ош шаарынын мэриясынын өнөр жайын жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы, |
Анапияев Г | - КРнын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык Мамлекеттик инспекциясынын Ош шаары боюнча башчысы, |
Тезекбаев Б | - Автомобиль жана суу транспорт Мамлекеттик агенттигинин Ош аймактык башкармалыгынын башчысы. (макулдашуу жолу менен) |