Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ош шаардык Кеңешинин III чакырылышынын ХII-сессиясы
2014-жылдын 19-ноябры № 223
“Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын өкүлдөрүнүн
элдик курултайын чакыруу жөнүндө”
Ош шаардык мэриясынын 2014-жылдын 3-ноябрындагы №146-08-5 2014-жылдын 25-декабрында курултай чакыруу жана анын кароосуна Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын Уставынын долбоорун киргизүүнү сунуштаган катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 7-жана 15-беренелеринин, Кыргыз Республикасынын «Ош шаарынын статусу жөнүндө» мыйзамынын 7-беренесинин негизинде жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 2-майындагы №152- Указы менен бекитилген «Жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн элдик курултайы жөнүндө» жобону жетекчиликке алып, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө айтылган депутаттардын пикирлерин эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2014-жылдын 17-декабрына саат 9-00 га Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын өкүлдөрүнүн элдик курултайы чакырылсын.
2.Курултайдын күн тартибине Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын Уставынынын долбоорун талкуулоо маселеси киргизилсин.
3.Ар бир аймактык кеңештен жана Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынан 570 кишиден 1ден делегат шайланып, курултайга катышуучу делегаттардын саны 500 деп белгиленсин.
4.Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча аймактык кеңештерде жана Жапалак айылдык аймактык башкармалыгында чогулуштарды өткөрүүнүн графиги бекитилсин (тиркеме №1).
5.Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча комиссиянын курамы бекитилсин (тиркеме №2).
6.Курултайды уюштуруу жана өткөрүү комиссиясына курултайды уюштурууга жана өткөрүүгө кете турган чыгымдардын сметасын эсептеп чыгуу тапшырылсын.
7.Ош шаардык финансы башкармалыгына (К.Абдыкадыров) сметага ылайык, курултайды уюштурууга жана өткөрүүгө кете турган чыгымдарды шаардын бюджетинен бөлүп берүү милдеттендирилсин.
8.Курултайдын өз убагында даярдалып, өткөрүлүшүн камсыздоо Ош шаарынын мэриясына (А.Кадырбаев) жүктөлсүн.
9.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымдоо каражаттарында жарыялансын (К.Жамалов).
10.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси С.Маматалиевага жүктөлсүн.
Ош шаардык Кеӊешинин төрагасы |
У.Примов |
| Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 19-ноябрындагы № 223-токтомуна №1-тиркеме |
№ | Аймактык кеңештердин аталышы | Чогулуш өтүүчү жай | Датасы, убактысы | Жооптуулар |
1 | №1-«Туран» аймактык кеңеши | Токтогул атындагы мектеби | 09.12.2014 11-00 | Ходжиахунов М. |
2 | №2- «Достук» аймактык кеңеши | Рудаки атындагы мектеби | 09.12.2014 16-00 | Кочкоров Т.Э. |
3 | №3-«Сулайман-Тоо» аймакты кеңеши | Панфилов атындагы мектеби | 09.12.2014 16-00 | Эрбабаев М.М. |
4 | №4-«Ак-Тилек» аймактык кеңеши | Терешкова атындагы мектеби | 09.12.2014 16-00 | Амирова А.Ж. |
5 | №5-«Керме-Тоо» аймактык кеңеши | Алтыбаев атындагы мектеби | 12.12.2014 17-00 | Самидинов К.Б. |
6 | №6-«Манас-Ата» аймактык кеңеши | Барпы атындагы мектеби | 12.12.2014 17-00 | Солпуев Б.Ж. |
7 | №7-«Алымбек Датка» аймактык кеңеши | Фрунзе атындагы мектеби | 10.12.2014 16-00 | Гафуров П.А. |
8. | №8-«Ак-Буура» аймактык кеңеши | Горький атындагы мектеби | 10.12.2014 15-00 | Султанов Т. |
9. | №9-«Амир-Тимур» аймактык кеңеши | Федченко атындагы мектеби | 10.12.2014 16-00 | Исмаилов Х.Х. |
10. | №10-«Курманжан Датка» аймактык кеңеши | К.Маркс атындагы мектеби | 10.12.2014 15-00 | Маматов Б.Б. |
11. | №11-«Жибек Жолу» аймактык кеңеши | Бакинская көчөсү | 12.12.201417-00 | Молодошева Ш.К. |
12. | №12-«Курманжан Датка 2» аймактык кеңеши | Жарандык тейлөө бюросу | 12.12.2014 16-00 | Маккамбаев Б. |
13. | Жапалак айылдык аймактык башкармалыгы | Борбордук клуб | 12.12.2014 15-00 | Токторов Б.А. |
| Ош шаардык Кеңешинин 2014- жылдын 19-ноябрындагы № 223- токтомуна №2- тиркеме |
1. Аскаров З.М | шаардык мэриянын 1-вице мэри, комиссиянын төрагасы (макулдашуу боюнча) |
2. Аланов А.А | шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары |
3. Нурматова Г.Ч | шаардык мэриянын башкы адиси, комиссиянын катчысы (макулдашуу боюнча) |
Комиссиянын мүчөлөрү: | |
4. Атазов Ш.К | шаардык Кеңештин депутаты |
5.Исаков К.А | шаардык Кеңештин депутаты |
6.Исмаилов Х.Х | №9-«Амир-Темур» аймактык Кеңешинин төрагасы, (макулдашуу боюнча); |
7.Мамасалиева Г.Э | «Интербилим» эл аралык борбору» коомдукбирикмесинин Оштогу филиалынын менеджери,(макулдашуу боюнча); |
8.Омурзакова Т.О | шаардык Кеңештин депутаты; |
9.Осмонов А.А | -шаардык мэриянын аппарат жетекчиси, (макулдашуу менен); |
10.Уларов К.Ж | Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын башкы адиси, (макулдашуу боюнча) |
11.Эсенбаева Г.Б | шаардык Кеңештин социалдык-мданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрайымы. |