Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ош шаардык Кеңешинин III чакырылышынын ХII-сессиясы
2014-жылдын 19-ноябры № 227
“Жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарын
бөлүп берүү жөнүндө”
Ош шаарынын мэриясынын, атуулдардын жана мекеме-уюмдардын жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндөгү каттарын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2014-жылдын 2-октябрындагы №21, 2014-жылдын 11-ноябрындагы №24 жана 2014-жылдын 17-ноябрындагы №25-токтомдорун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2014-жылдын 2-октябрындагы №21, 2014-жылдын 11-ноябрындагы №24 жана 2014-жылдын 17-ноябрындагы №25-токтомдорунун негизинде №1-тиркемеге ылайык жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарын бөлүп берүүгө макулдук берилсин (тиркеме тиркелет).
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б.Эргешов) жүктөлсүн.
Ош шаардык Кеӊешинин төрагасы |
У.Примов |
| Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 19-ноябрындагы кезексиз XXII сессиясынын №227 - токтомуна №1-тиркеме |
1.Ош шаарынын бюджетинин 2014-жылдын 1-январына карата калдыгындагы депутаттардын суроо-талаптарын аткарууга каралган акча каражатынын эсебинен 100,0 миң сом акча каражатын Кыргыз милициясынын кылмышкерлерди издөө кызматынын түзүлгөндүгүнүн 96 жылдыгына карата Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмышкерлерди издөө бөлүмүнүн кызматкерлерин майрамга карата жергиликтүү бюджеттен сыйлоо жана материалдык техникалык базасын чыңдоого демөөрчүлүк катары бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Ош шаарынын 2014-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылуусунун 9 айынын жыйынтыгы менен 100,0 миң сом акча каражатын Оштогу Балдар үйүнүн имаратын оңдоо иштери үчүн.
1.Ош шаардык жолдор башкармалыгынын 2014-жылдагы титулдук баракчасында Ош шаарындагы Навои көчөсүндөгү көпүрөнүн курулушуна каралган акча каражатынын эсебинен төмөнкү маселелерге акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин:
-3,0 млн. сом акча каражатын Ош шаардык жолдор башкармалыгына Ленин атындагы көчөнүн А.Навои көчөсүнөн Мамажанов көчөсүнө чейинки аралыгын асфальтоо иштерине;
-500,0 миң сом акча каражатын Ош шаардык жолдор башкармалыгына, Ош шаарында жол коопсуздугун сактоо максатында видео көзөмөлдөө коюу жумуштарын каржылоо үчүн;
-1 396,4 миң сом акча каражатын Ош шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу комбинатына күнөскана куруу жана гүл уруктарын сатып алууга;
-400,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын мэриясынын автогараж ишканасына күйүүчү май сатып алуу үчүн.
2.Ош шаарынын бюджетинин 2014-жылдын 1-январына карата калдыгындагы депутаттардын шайлоочулардын суроо-талаптарын аткарууга каралган акча каражатынын эсебинен төмөнкү маселелерге акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин:
-100,0 миң сом акча каражатын Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер Академиясынын түштүк бөлүмүнүн Гуманитардык изилдөөлөр институтунун имаратын оңдоо иштерине;
-100,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын тургуну Г. Саттаровага уулу А.Карабаевдин жүрөгүнө жасалуучу операциясына жардам иретинде;
-50,0 миң сом акча каражатын Ош мамлекеттик Университетинин Enactus студенттик командасынын Пекин шаарында өтүүчү дүйнөлүк кубокко катышуусуна жардам иретинде;
-10,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын мэриясынын алдындагы «Укук тартип» фондунун ардагер мүчөлөрүн карыялар күнүнө карата моралдык-материалдык жактан колдоо үчүн;
-45,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын мэриясынын алдындагы «Укук тартип» фонду тарабынан Ош шаарында элдик ыктыярдуу кошундарынын сьездин өткөрүү үчүн;
-27,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Анар кичи районунун көзү азиз жана дүлөйлөр жашаган №18-үйдүн алдына тамак бышыруучу ашкана курууга жардам иретинде;
3.Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2014-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен ашыкча аткарылуусунун эсебинен төмөнкү маселелерге
акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин:
-600,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын 2015-2025-жылдардагы генералдык планынын кошумча долборлоо-пландык иштери үчүн;
-56,4 миң сом акча каражатын Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 17-сентябрындагы XXI сессиясынын токтомунун негизинде Ош шаардык Кеңешинин аппаратынын жаңы кошулган 4 штаттык бирдигине эмгек акы төлөөгө;
-642,9 миң сом акча каражатын Ош шаарынын мэриясынын аппарат кызматкерлерине кышка карата даярдык көрүүгө материалдык жардам берүү үчүн;
-215,7 миң сом акча каражатын Ош шаардык Кеңешинин аппарат кызматкерлерине кышка карата даярдык көрүүгө материалдык жардам берүү үчүн;
-187,6 миң сом акча каражатын Ош шаардык каржы башкармалыгынын жана Ош шаардык аймактык казына бөлүмүнүн кызматкерлерине кышка карата даярдык көрүүгө материалдык жардам берүү үчүн;
-82,0 миң сом акча каражатын юстициянын генерал-майору Т.Айтматовага параддык генералдык форма тиктирүүсүнө жардам иретинде;
-806,4 миң сом акча каражатын Ош шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу комбинатынын жумушчуларына шарт түзүп берүү үчүн жуунучу жай курууга;
-500,0 миң сом акча каражатын «Ошшаарсууканал» муниципалдык ишканасынын шаардагы суу тазалоочу станцияларын альтернативдүү электрэнергия менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн электрогенератор сатып алууга;
-500,0 миң сом акча каражатын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №25-мекемесинин таза суу менен камсыздоо тутумун оңдоо иштерине;
-500,0 миң сом акча каражатын Ош шаардык аскер комиссиариатынын жана Ош шаардык жыюу пунктунун имаратын оңдоп түзөө иштерине.
1.Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын 2014-жылдагы титулдук баракчасынын үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен төмөнкү маселелерге акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин:
-300,0 миң сом акча каражатын Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатына Нива жеңил автомашинасын сатып алуу үчүн;
-247,0 миң сом акча каражатын КНИИПС институту тарабынан Ош шаарынын Анар кичи районундагы №16-көп кабаттуу үйдүн абалын инженердик көзөмөлдөн өткөрүү жумуштарына.
2.Ош шаарынын бюджетинин 2014-жылдын 1-январына карата калдыгындагы депутаттардын шайлоочулардын суроо-талаптарын аткарууга каралган акча каражатынын эсебинен төмөнкү маселелерге акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин:
-150,0 миң сом акча каражатын Ош шаардык Кеңешинин депутаты И.Етмишевдин Россия Федерациясынын Новосибирск шаарында жүрөгүнө өткөрүлүүчү операциясына материалдык жардам иретинде;
-50,0 миң сом акча каражатын Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун «Дыйкан түштүк үйрөтүү-өндүрүштүк ишканасы» жоопкерчилиги чектелген коомуна майыптар күнүнө карата материалдык жардам берүү үчүн.