Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ош шаардык Кеңешинин III чакырылышынын ХII-сессиясы
2014-жылдын 19-ноябры № 228
“Ош шаарынын өнүктүрүү
фонду жөнүндөгү Жобону бекитүү”
Ош шаарынын мэриясынын 2014-жылдын 4-ноябрындагы №367/08-6 Ош шаарынын өнүктүрүү фонду жана Ош шаарынын мэриясынын резервдик фонду жөнүндөгү Жоболорду бекитип берүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап чыгып, бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2014-жылдын 17-ноябрындагы №26-токтомун ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын өнүктүрүү фонду жөнүндө Жобо №1-тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. Ош шаарынын өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин курамы №2-тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б.Эргешов) жүктөлсүн.
Ош шаардык Кеӊешинин төрагасы |
У.Примов
|
| Ош шаардык Кеңешинин2014-жылдын 19-ноябрындагы кезексиз XXII сессиясынын № 228- токтомуна №1-тиркеме |
Ош шаарынын өнүктүрүү фонду жөнүндө жобо (мындан ары Жобо) "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө", "Ош шаарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан жана Ош шаарынын өнүктүрүү фондунун (мындан ары Фонд) ишмердүүлүгүнүн тартибин аныктайт.
1. Бул Жобо Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыздоо максатында Ош шаарынын өнүктүрүү фондунун (мындан ары Фонд) ишин жөнгө салат.
2. Фонд республикалык жана жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын, ыктыярдуу төлөмдөрдүн, займдарын, муниципалдык лотереяларын реализациялоосунан түшкөн каражаттардын, гранттардын, инвестициялардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршылык келтирбеген башка каражаттардын эсебинен түзүлөт.
3. Фонддун негизги максаты шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө шарт түзүүнү, шаардын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарына түрткү берүүнү, фонддун каражаттарын сарамжалдуу пайдаланууну жана натыйжалуу башкарууну көздөйт.
4. Фонддун башкаруусу төмөнкү органдары менен жүзөгө ашырылат:
1) Жогорку башкаруу орган – Уюмдаштыруучу;
2) Байкоочу кеңеш;
3) Аткаруучу орган – фонддун Башкармасы.
5. Фонддун органдарынын укуктары, анын функциялары жана ишмердиги ушул Жобо менен жана фонддун Уставы менен аныкталат.
III. Фонддун уюмдаштыруучусу
6. Фонддун жогорку башкаруу органы анын Уюмдаштыруучусу болуп эсептелет. Фонддун Уюмдаштыруучусу Ош шаарынын мэриясы тарабынан Ош шаарынын мэри болуп эсептелет.
7. Фонддун Уюмдаштыруучусунун компетенциясына төмөнкү маселелердин чечүүсү кирет:
- фонддун Уставын бекитүү;
- фонддун Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
-Байкоочу кеңештин жана Башкарманын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршылык жана таламдардын кагылышуусу болжолдонуп турган ар кандай чечимине вето коюу укугу;
- фонддун Башкармасынын ишин текшерүү жөнүндө чечим кабыл алуу;
- фондду кайра уюштуруу жөнүндө чечим кабыл алуу;
- фонддун ишине тиешелүү болгон башка маселелерди чечүү.
IV. Байкоочу кеңешинин функциялары жана иши
8. Фонддо Байкоочу кеңеш болот, ал коллегиалдуу байкоочу орган болуп эсептелет, жана Фонддун ишине, Фонддун мыйзамдарды жана Уставды сакташын көзөмөлдөөнү ишке ашырат.
Байкоочу кеңеш юридикалык жактын статусуна ээ болбойт. Анын курамы төрагасы менен кошо эсептегенде төрт адамдан кем эмес санда дайындалат жана шаардык Кеңеши тарабынан бекитилет. Фонддун Байкоочу кеңеши өзүнүн ишин коомдук башталышта ишке ашырат.
Байкоочу кеңештин жыйналышы Байкоочу кеңештин төрагасы тарабынан же болбосо анын үч же андан көп мүчөсүнүн демилгеси боюнча чакырылат.
Эгерде Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн жарымы жыйналышка катышса, анын жыйналышынын кворуму болот. Байкоочу кеңештин чечими жыйналышка катышкан мүчөлөрдүн санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар бирдей болуп калган учурда Байкоочу кеңештин төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат. Байкоочу кеңештин ар бир мүчөсү бир добушка ээ. Байкоочу кеңештин мүчөсүнүн өзүнүн добушун кимдир-бирөөгө берүүгө укугу жок. Байкоочу кеңештин мүчөсү жок болгон учурда бул мүчө каралып жаткан маселелер боюнча өзүнүн пикирин жазуу жүзүндө билдирүүгө укуктуу.
9. Байкоочу кеңешинин негизги функциялары:
-фонддун ишине жана фонддун иши менен саясатынын багыттарын аныктоого көзөмөлдүк кылуу;
-фонддун Уюмдаштыруучусу тарабынан сунуш кылган Фонддун ишин ишке ашыруу үчүн долбоорлорду тандоо жана бекитүү;
-фонддун Уставына сунуш киргизүү;
-фонддун Башкармасынын мүчөлөрүн дайындоо жана чакыртып алуу;
-фонддун Башкармасынын наркы устав тарабынан аныкталгандан жогорку бүтүмдөрдү түзүү, ошондой эле устав тарабынан аныкталган мүлктүн айрым түрлөрү менен бүтүмдөр жөнүндө чечимдерин бекитүү;
-кызыкчылыктардын чыр-чатагы божомолдонгон бүтүмдөрдү бекитүү;
-фонддун Башкармасы тарабынан даярдалган фонддун иши жөнүндө жылдык отчетту бекитүү;
-фонддун каражаттарына ички аудит жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алуу;
-фонддун акчалай каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын контролдоо;
-уставга ылайык башка маселелерди чечүү кирет.
10. Байкоочу кеңеш өзүнө жүктөлгөн функцияларды аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
-өз ишин жүргүзүү үчүн зарыл болгон маалыматты фонддун Башкармасынан сурап алууга;
-Байкоочу кеңешке бекитүүгө фонддун Башкармасы берген документтерди кайра иштеп чыгууга жиберүүгө;
-фонддун Башкармасынын компетенциясына кирген маселелер боюнча эксперттер жана адистер менен консультацияларды уюштурууга жана өткөрүүгө.
11. Байкоочу кеңешинин жыйындары квартал сайын өткөрүлөт. Зарыл болсо учурдагы маселелерди чечүү үчүн Байкоочу кеңешинин кезексиз жыйындары өткөрүлүшү мүмкүн.
Байкоочу кеңешинин жыйындарында Байкоочу кеңешинин секретары протокол жазат.
Байкоочу кеңешинин чечимдери Байкоочу кеңешинин жыйынына катышкан мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана протокол менен таризделип, Байкоочу кеңешинин жыйынында төрагалык кылган адам кол коет. Добуштар тең болуп калган учурда Байкоочу кеңешинин жыйынында төрагалык кылган адамдын добушу чечүүчү болот. Протоколдун түп нускалары Байкоочу кеңешинин секретарында сакталат.
Байкоочу кеңеши өзүнүн компетенциясынын чегинде кабыл алган чечимдер Фонддун каражаттарынын башкаруучусу үчүн аткарууга милдеттүү.
12. Байкоочу кеңешинин ишин фонддун Башкармасы камсыздайт. Фонддун Башкармасы кеңештин секретарынын милдетин аткаруу үчүн өзүнүн штаттагы кызматкерин берет.
Байкоочу кеңешинин секретары Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнүн ортосунда кат алышууну жүргүзүп, алардын сунуштарынын негизинде иштин планын, күн тартибин түзөт, жыйындардын протоколдорун жазат, төраганын тапшырмаларын жана Байкоочу кеңешинин чечимдерин аткаруу мөөнөттөрүн контролдойт.
13. Фондко коюлган милдеттерди аткаруу үчүн Байкоочу кеңеши фонддун башкармасын түзөт. Фонддун башкармасын төрагасы жетектейт.
Башкарманын төрагасын жана мүчөлөрүн дайындоо жана чакыртып алуу фонддун Уюмдаштыруучунун макулдугу менен Байкоочу кеңешинин чечими менен жүргүзүлөт.
Эгерде мындай Уставда же фонддун Байкоочу кеңешинин чечиминде каралбаса, фонддун Башкармасы мүчөлөрү өз милдеттерин үчүнчү жактарга өткөрүп бере албайт.
Фонддун Башкармасы фонддун материалдык жана каржылык абалына ар кандай коркунуч жөнүндө же мындай коркунучту түзүшү мүмкүн болгон башка жагдайлар тууралу фонддун Уюмдаштыруучусуна жана Байкоочу кеңешине токтоосуз кабарлап турууга тийиш.
Байкоочу кеңешинин төрагасы Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамдарына ылайык фонддун Башкармасынын мүчөлөрү менен контракт түзөт.
Эгерде фонддун Башкармасынын мүчөсү өз ишин коомдук башталышта ишке ашырса, анда Байкоочу кеңеш менен макулдашуусу менен айрым убактылуу долбоорлорду аткарууга акчалай сыйлоо төлөп берилиши мүмкүн.
14. Фонддун Башкармасынын негизги функцияларына кирет:
-фонддун уставдык максаттарына, Уюмдаштуруучунун жана Байкоочу кеңештин чечимдерине ылайык фонддун ишин жүзөгө ашыруу;
-фондду иштетүүнүн уюштуруу маселелерин чечүү жана тиешелүү документтерди бекитүү;
-фонддун түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитүү;
-ачык угууларды (шаардык жыйналыштарды) жалпыга маалымдоо каражаттарын тартуу менен уюштуруу.
-фонддун каражаттарынын пайдаланылышы жөнүндө маалыматты расмий басылмаларда жарыялоо, ошондой эле ал маалыматты Уюмдаштыруучунун веб-сайтына фонддун Байкоочу кеңеши бекиткен иш-чаралардын планына ылайык жайгаштыруу.
15. Фонддун Байкоочу кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген кошумча функцияларын аныкташы же жогоруда аныкталган функцияларын деталдаштыруусу мүмкүн.
16. Фонддун Башкармасынын төрагасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык фонддун акчалай каражаттарынын сакталышы, натыйжалуу жана максаттуу пайдаланылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
17. Фонддун Башкармасынын төрагасы отчеттук мезгили үчүн фонддун бюджетинин аткарылышы жана фонддун каражаттарынын эсебинен каржылануучу долбоорлордун аткарылышы жөнүндө отчетту даярдайт жана Байкоочу кеңешке бекитүүгө берет.
18. Фонддун ишине көз карандысыз аудити Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
19. Фонд республикалык жана жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын, ыктыярдуу төлөмдөрдүн, займдарын, муниципалдык лотереяларын реализациялоосунан түшкөн каражаттардын, гранттардын, инвестициялардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршылык келтирбеген башка каражаттардын эсебинен түзүлөт.
20. Акча каражаттар казыналык эсепке которулат.
21. Фонддун акчалай каражаттарынын кыймылы боюнча эсепке алуу жана отчеттуулук мыйзамдарга ылайык жүргүзүлөт.
22. Фонддун акчалай каражаттарын Байкоочу кеңеш аныктаган максаттарга гана пайдаланууга тийиш.
Фонддун эсебинен товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуусу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ишке ашырылат.
Фонддун акча каражатын башка максаттарга пайдаланууга болбойт.
23. Фонддун акча каражаты Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү үчүн Байкоочу кеңеши бекиткен жылдык бюджетке жараша төмөнкүдөй пайдаланылат:
- калктуу конуштарды деталдуу пландоонун, шаар куруу документтеринин долбоорлорун иштеп чыгууга, экологиялык коопсуздукту камсыздоого жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларга;
- билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык коргоо, маданият жана спорт мекемелеринин, коммуналдык чөйрөсүндөгү мекемелердин, муниципалдык мекемелердин жана ишканалардын материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана алардын иштерине колдоо көрсөтүүгө;
- Ош шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө өбөлгө болуучу башка максаттарга.
Андан сырткары фонддун каражаттары эл аралык финансы институттары, донорлор, бей өкмөт уюмдары, башка мекемелер, элдер жана жергиликтүү жамааттар тарабынан каржыланган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген инвестициялык долбоорлорго кошо каржылоо тартибинде берилиши мүмкүн.
24. Фондго салыктар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салынат.
25. Фонддун Башкармасын кармоого, өз ишин коомдук башталышта ишке ашырган фонддун Башкармасынын мүчөлөрүнө материалдык жардам көрсөтүп берүүгө, долбоордук-сметалык документтерди түзүү, техникалык көзөмөл жүргүзүү, материалдык-техникалык камсыздоо (фонддун ишин жүргүзүү үчүн оргтехника, кеңсе шаймандары, транспорт каражаттарга сарптоолор) жана Уставда көрсөтүлгөн башка чыгымдар үчүн фондго түшкөн акча каражаттын жалпы көлөмүнөн 2,5 % чейин чегерилет.
| Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 19-ноябрындагы кезексиз XXII сессиясынын №228 - токтомуна №2-тиркеме |
Турдуев Р.А | Ош шаардык Кеңешинин депутаты, бюджет, экономика жана финансы маселелер боюнча комиссиясынан (макулдашуу боюнча); |
Нурбаев А.М | -Ош шаардык Кеңешинин депутаты, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, агрария, экология жана өзгөчө кырдаалдар маселелер боюнча комиссиясынан, (макулдашуу боюнча); |
Абдыкадыров К.К. | -Ош шаардык финансы башкармалыгынын башчысы; |
Жолдошев А | -шааркуруу жана архитектура Ош шаардык башкы башкармалыгынын башчысы; |
Семетеев А.Э. | -Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы; |
Шамшиев А | -Ош шаары боюнча саламаттыкты сактоо боюнча координатору; |
Кубанычбек уулу А | - Жаш ишкерлер ассоциациясынын аткаруучу директору, көз карандысыз эксперт; |
Мусабаев Т. | «Борбордук Азиялык суу боюнча Альянсы» коомдук бирикмесинин аткаруучу директору,(макулдашуу боюнча). |