Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ош шаардык Кеңешинин III чакырылышынын ХII-сессиясы
2014-жылдын 19-ноябры № 230
“Ош шаарында ипотекалык кредиттөө шартында бөлүнүп
берилүүчү турак-жайлар боюнча Жоболорду бекитүү жөнүндө”
Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансында турган турак-жайларды мындан ары ипотекалык кредиттөө шартында бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө, ипотекалык кредиттөө шартында турак-жай бөлүп берүүгө макулдук берүү боюнча комиссия жөнүндө жана Ош шаарынын мэриясынын турак-жай курулушун өнүктүрүү фонду жөнүндө Жоболордун долбоорлорун бекитип берүү жөнүндөгү Ош шаарынын мэриясынын 2014-жылдын 27-октябрындагы 359/08-6 сандуу катын карап жана талкуулап чыгып, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, айыл чарба жана экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2014-жылдын 12-ноябрындагы №31-токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансында турган турак-жайларды мындан ары ипотекалык кредиттөө шартында бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө Жобо №1-тиркемеге ылайык бекитилсин (№1-тиркеме тиркелет).
2.Ипотекалык кредиттөө шартында турак-жай бөлүп берүүгө макулдук берүү боюнча комиссия жөнүндө Жобо №2-тиркемеге ылайык бекитилсин (№2-тиркеме тиркелет).
3.Ош шаарынын мэриясынын турак-жай курулушун өнүктүрүү фонду жөнүндө Жобо №3-тиркемеге ылайык бекитилсин (№3-тиркеме тиркелет).
4. Ош шаарынын мэриясына (А.Кадырбаев):
- ипотекалык кредиттөө шартында сатылган турак-жайлардан түшкөн каражаттарды турак-жай курулушун өнүктүрүүгө жумшоо милдеттендирилсин;
- ипотекалык кредиттөө шартында сатылган турак-жайлардан түшкөн каражаттарды мамлекеттик банктар аркылуу өздөштүрүү сунушталсын.
5.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын(М.Сапаралиев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.Пазилов) жүктөлсүн.
Ош шаардык Кеӊешинин төрагасы |
У.Примов |
| 2014-жылдын 19-ноябрындагы № 230-токтомуна №1-тиркеме |
I. Жалпы жоболор
II. Ипотекалык мамилелердин негизги катышуучулары жана турак-жай алуучу жактардын категориялары
III. Ипотекалык тартипте турак-жай берүүнүн шарттары
IV. Ипотека шартында турак-жайды берүүнүн негизги этаптары
V. Ипотека шартында бөлүнүп берилүүчү турак-жайларды баалоо
VI. Талаштарды чечүү
1.1. Бул жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министринде болгон 2014-жылдын 7-августундагы «Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча программанын алкагында курулган турак жайларды мындан ары бөлүштүрүү механизими» боюнча өткөрүлгөн кеңешмеде кабыл алынган протоколдук тапшырманы аткаруу максатында Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча программанын алкагында курулуп, Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансында турган көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлерди мындан ары ипотека шартында жана түз сатуу менен бөлүп берүүнү камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын турак-жай, Жарандык кодекстерин жетекчиликке алуу менен Ош шаарында туруктуу каттоодо туруп, жашап жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарын турак-жай менен камсыз кылып, турак-жай инфраструктурасын өнүктүрүү багытында иштелип чыкты.
Бул Жобо Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү программанын алкагында курулган турак жайды Кыргыз Республикасынын жарандарына бөлүштүрүү боюнча Мамлекеттик комиссия ишин аяктагандыгына байланыштуу, 2010-жылдын апрель-май-июнь айларындагы болуп өткөн окуяларда жабыр тарткан жарандардан ашып калган көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлерди мындан ары ипотекалык тартипте жана түз сатуу жолу менен бөлүштүрүүнүн тартибин жана шарттарын аныктайт.
1.2. Ипотека боюнча укуктук мамилелер Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Турак-жай, Жарандык кодекси, Кыргыз Республикасынын “Күрөө жөнүндө” Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын башка нормативдик актылары менен жөнгө салынат.
1.3. Бул жобо ипотекалык шартта турак-жай бөлүштүрүүнүн процессине карата негизги талаптарды аныктайт жана ипотекалык турак-жай алуучу бардык жарандарга аткаруу үчүн милдеттүү.
1.4. Бул жободо төмөндөгүдөй негизги терминдер жана түшүнүктөр пайдаланылат:
а) ипотека - бул козголбос мүлккө менчик укугуна же башкача мүлктүк укукка акчалай же күрөө менен акчалай түрдө көрсөтүлгөн башка милдеттеменин пайдаланышын камсыздоо ыкмасы;
б) көп батирлүү үйдөгү батир - бир же бир нече турак бөлмөлөрдөн, ошондой эле жарандардын жашап туруусу менен байланышкан алардын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн арналган кошумча жайлардан (ашкана, даараткана, жуунучу бөлмө жана башка жайлар) турган көп батирлүү үйдөгү турак-жай;
в) көп батирлүү үй - эки же андан ашуун батирлери, ошондой эле жалпы пайдаланылуучу көмөкчү жайлары бар (жалпы пайдаланылуучу орун) турак-ай имараты;
г) турак-жайдын жалпы аянты - балкондорду, лоджияларды, верендаларды жана терассаларды кошпогондо, турак-жайдын аянттарынын суммасы.
1.5. Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү программанын алкагында курулган жана мындан ары курулуучу турак-жайлар турак-жай укуктарынын обьектери болуп саналат, аларга карата талаптар ушул жободо жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленет;
1.6.Ош шаарында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары турак-жай укук мамилелеринин субьектилери болуп саналат;
2.1. Ипотекалык турак-жай алуу шартындагы укуктук мамилелердин катышуучулары төмөндөгүлөр:
- батир алуучулар – менчик ээси менен түзүлгөн келишимдин шарттары боюнча турак жай сатып алуу үчүн кезекте турган Ош шаарында туруктуу каттоосу бар Кыргыз Республикасынын жарандары жана Ош шаарында катталган Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары;
- Кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо боюнча жергиликтүү атайын укуктуу мамлекеттик орган – мамкаттоо.
Анын негизги функциялары төмөндөгүдөй:
- турак-жайларды сатуу-сатып алуу бүтүмдөрүн, келишимдерди каттоо, менчик укугунун жаңы менчик ээсине өтүшүн тариздөө;
- менчик укугу жана катталган ипотекалык укуктук мамилелер жөнүндөгү маалыматтарды сактоо жана ипотека процессинин катышуучуларына берүү;
- баалоочулар - баалоо боюнча ишкердик жүргүзүү укугуна лицензиясы бар, башкача айтканда ипотекалык кредиттөөдө күрөөнүн предмети болгон мамлекеттик эмес козголбос мүлктү баалоо укугуна лицензиясы бар жеке адамдар жана юридикалык жактар;
2.2. Ипотекалык шарттында турак-жайлардан батир алууга Ош шаарында туруктуу каттоодо турган, төлөөгө жөндөмдүү кепилдиктери бар Кыргыз Республикасынын төмөндөгү жарандары укуктуу:
-Ош шаарында туруктуу каттоосу бар, жаш курагы 18 ден жогорку 65 жашка чейинки жаштагы жарандар;
- бюджеттик мекеме-уюмдардын кызматкерлери;
- социалдык-аялуу категориядагы жарандар;
- турак жай аянты белгиленген санитардык нормаларга жана талаптарга жооп бербеген жарандар (турак-жай шарттарын кеңейтүү максатында).
2.3. Ипотекалык шартында көп кабаттуу турак-жайлардан батир алууга өтүнүч берген жарандар үчүн төмөндөгү талаптар жана шарттар милдеттү түрдө каралат ошондой эле батир алуу укуктук-мамилеринде ажыратылгыс бөлүгү болуп эсептелет:
2.3.1. Турак жай үчүн төлөнүүчү акча каражатын белгиленген мөөнөттө көрсөтүлгөн өлчөмүн төлөө убактысынан кечиктирбей төлөөгө мүмкүнчүлүктөрү бар жана киреше булактарын ачыктаган шарттар.
2.3.2. Макулдук берилген батирдин акча каражатынын 30% милдеттүү түрдө алдын ала төлөө шарттары.
2.4. Ипотекалык шартында көп кабаттуу турак-жайлардан батир бөлүп берүү боюнча өтүнүч берген адам Ош шаарынын мэриясына төмөнкүдөй документтерди тапшырат:
- турак-жай бөлүп берүү жөнүндөгү арыз;
- паспорт жана үй-бүлөө курамынын өздүгүн аныктоочу документтин көчүрмөсү;
- кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча атайын укуктуу мамлекеттик органдын менчик укугундагы турак жайы же жеке менчик турак-жай куруу үчүн берилген жер участогу тууралуу маалымкаты;
- эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эгер болсо);
- иштеген жеринен маалымкат жана өтүнүч кат (эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан учурда);
-турак жай шарттарын текшерүү актысы (жеке же биргелешкен менчик турак жайы бар болгон учурда);
-жашаган жеринен үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө маалымкаты;
-киреше булактары туурасында маалыматтарды ырастоочу документтер; (эмгек маяна, ишкердик кирешелери, туугандары жана башка спонсорлор тарабынан берилүүчү жардамдар, айыл чарба, мал чарбасы, көп жылдык өсүмдүктөр, жерлерин иштетүүдөн түшкөн кирешелер);
2.5. Документтердин аныктыгы, тактыгы боюнча тапшырган жарандар жана аларды берген мекеме-уюмдар жоопкерчиликтүү болот;
2.6. Ипотека шартындагы батирлер Ош шаарында туруктуу жашаган жарандар үчүн эреже катары бир үй-бүлөөгө бирөө берилет;
2.7. Ипотека шартында батир алууга укугу бар Ош шаарында туруктуу каттоодо турган Кыргыз Республикасынын жарандарынын кезегинин тизмесин түзүүнү жарандардын берген арыздарынын негизинде Ош шаарынын мэриясынын алдында түзүлгөн турак-жай маселелери боюнча комиссия жүргүзөт жана турак-жай бөлүп берүү жөнүндө кайрылган мурунку арыз-кайрылуулар өз күчүн сактайт;
2.8. Комиссиянын жобосу жана курамы Ош шаардык Кеңешинин чечими менен бекитилет.
Комиссиянын курамына төмөндөгү ведомстволордун өкүлдөрү киргизилет:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынан;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан;
- Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнүн;
- кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча атайын укуктуу мамлекеттик органынан;
- жарандык коомчулуктун (ӨЭУ) өкүлдөрү.
2.9. Комиссиянын турак-жай маселеси боюнча өткөрүлгөн отурумуна байкоочу сектор катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу жана социалдык өнүктүрүү бөлүмдөрүнөн өкүлдөр макулдашуу тартибинде тартылат.
3.1. Ипотекалык шартта жана түз сатуу жолу менен турак-жай, жарандарга турак-жай комиссиянын макулдугу менен берилет.
- ипотекага берилген турак жай ар кандай чектөөлөрдөн бош, башка милдеттемени аткаруу үчүн күрөөгө коюлбаган болууга тийиш;
- ипотекалык шартында берилген турак жай жашоого пайдаланылууга тийиш;
- алынган турак жайды ижарага же башка тараптарга мэнчик ээсинин макулдугу менен гана берүүгө болот, ал жөнүндө эки тараптуу келишимде атайын айтылат;
3.2. Ипотекалык шартта турак-жай алуучу турак жайдын бир бөлүгүнүн акысын өз каражатынын эсебинен төлөөгө милдеттүү жана түзүлгөн келишим белгиленген тартипте катталгандан кийин турак-жайды пайдаланууга укуктуу;
3.3. Ипотекалык шартта берилген турак-жай кепилдикти камсыздоочу катары кызмат кылат (күрөөгө кармалат).
Батир алуучу милдеттемелерин аткарбаган учурда менчик ээсине бересесин жоюу үчүн карыз турак жайды алып коюп, кийин сатуунун эсебинен өндүрүлөт. Карыз жоюлгандан кийин бересени өндүрүүгө жана турак жайды сатууга байланышкан чыгымдарды эсептен чыгаргандан кийин калган сумма батир алуучуга кайра берилет;
3.4. Ипотека шартында турак-жай алууга өтүнүч берген жарандардын үй-бүлөө мүчөлөрүнүн бардык бойго жеткен балдары жана жубайы батир алууга нотариус аркылуу күбөлөндүрүлгөн макулдук жана кепилдиктерди беришет.
4.1. Бул тартип төмөнкүдөй негизги этаптардан турат:
4.2. Ипотекалык шартта батир бөлүп берүү жөнүндө арызды кабыл алуу, талапкердин финансылык абалын, төлөө жөндөмүн кылдат талдоо;
4.3. Ипотеканын предмети болгон турак-жайды баалоо. Аткарылган жумуштун кызмат акысы турак-жай алуучу тарабынан төлөнөт.
5.1. Ипотека тартибинде бөлүнүп берилүүчү турак-жайларды баалоо адистештирилген баалоочу компаниялар тарабынан же тийиштүү лицензиясы бар баалоочу жана менчик ээси тарабынан конкурстук негизде тандалган баалоочу тарабынан жүргүзүлөт.
6.1. Тараптардын милдеттемелерди аткаруу учурунда пайда болгон талаштар жана пикир келишпестиктер ушул жобого ылайык сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
6.2. Тараптар макулдаша алышпаган учурда талаштар жана пикир келишпестиктер сот органдарынын кароосуна өткөрүлүп берилет.
| Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 19-ноябрындагы № 230-токтомуна №2-тиркеме |
Комиссиянын ишин уюштуруу тартиби жана курамы
III. Комиссиянын укук-милдеттери жана функциялары
IV. Отурумдарды өткөрүү тартиби
1.1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Турак-жай кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты жана турак жай алууга укугу бар Ош шаарында туруктуу каттоодо турган Кыргыз Республикасынын жарандарынын категорияларынын тизмесине ылайык Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансында турган турак-жайларды Кыргыз Республикасынын жарандарына ипотекалык шартта бөлүп берүүгө макулдук берүү боюнча турак-жай комиссиянын (мындан ары-комиссия) иштөө тартибин аныктайт.
2.1. Комиссиянын ишин уюштуруу, ошондой эле комиссиянын отурумдарын өткөрүү, тиешелүү документтерди даярдоо Ош шаарынын мэриясынын жеке турак-жай куруу, жер пайдалануу жана турак-жай маселелери боюнча департаментине (мындан ары-Департамент) жүктөлөт.
Департамент комиссиянын курамын, отурумунда керектүү болгон канцелярдык товарлар менен камсыздайт.
2.2. Комиссиянын отуруму өткөрүлө турган ордун, убактысын жана дареги боюнча департамент комиссиянын мүчөлөрүнө кабардар кылат.
2.3. Комиссиянын курамына төмөндөгү кызматтын өкүлдөрү киргизилет:
- Ош шаарынын муниципалдык менчик, шааркуруу саясаты жана курулуш маселелери боюнча вице-мэри - комиссиянын төрагасы;
- Ош шаарынын мэриясынын жеке турак-жай куруу, жер пайдалануу жана турак-жай маселелери боюнча департаментинин директорунун орун басары – төраганын орун басары;
Комиссиянын мүчөлөрү жана катчылыгы:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынан;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнүн;
- кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча атайын укуктуу мамлекеттик органынан;
- архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан;
- кредит берүүчү юридикалык тараптардын өкүлчүлүгүнөн;
- жарандык коомчулуктун (ӨЭУ) өкүлдөрү;
- комиссиянын катчылыгы департаменттин турак-жай бөлүмүнө жүктөлөт.
2.4.Комиссиянын мүчөлөрү өз компетенцияларына ылайык комиссиянын отурумуна коюлуп жаткан документтер боюнча жоопкерчиликтүү;
2.5. Комиссиянын турак-жай маселеси боюнча өткөрүлгөн отурумуна байкоочу сектор катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу жана социалдык өнүктүрүү бөлүмдөрүнөн өкүлдөр макулдашуу тартибинде тартылат.
2.6. Комиссиянын курамы Ош шаарынын мэриясынын сунушу менен Ош шаардык Кеңеши тарабынан бекитилет.
3.1. Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
- тиешелүү кызматтардан жана чарбакер субьекттерден отурумда каралуучу маселелерге таандык документтерди, маалымкаттарды, корутундуларды жана башка материалдарды алууга;
- тиешелүү корутундуларды даярдоо боюнча адистерди жана көз карандысыз эксперттерди тартууга;
- комиссиянын иши жөнүндө материалдарды жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоого;
- ипотекалык шартта жана түз сатуу жолу менен жарандарга турак-жай бөлүп берүүгө макулдук берүү жана белгиленген тартипте жарандардын өтүнүчтөрүн канаатандыруусуз калтыруу боюнча чечимдерди кабыл алууга;
- өзгөчө учурларда мурда кабыл алынган чечимдерди кайра кароого, кароонун жыйынтыктары боюнча аларды күчүндө калтыруу же жокко чыгаруу жөнүндө жаңы чечимдерди кабыл алууга;
- ипотекалык шартта Ош шаарында катталган юридикалык жактардын кадрларын бекемдөө, жаштардын, жаш үй-бүлөөлөрдү турак-жай маселелерин чечүүгө жардамдашуу максатында кезексиз турак-жай алуучу жарандардын тизмесин бекитүүгө жана чечим кабыл алууга;
- баалоочунун корутундуларын бекитүүгө жана корутунду боюнча каршы пикир келтирип кайрадан кароого жөнөтүүгө.
3.2.Комиссиянын милдеттери:
- ипотека шартында батир алууга өтүнүч берген жарандын улутуна, рассасына, жынысына туткан динине карабай документтерди кароого;
- кабыл алынган тиешелүү чечимдер боюнча ипотекалык укук-мамилелеринин катышуучуларына, комиссиянын отуруму болуп өткөндөн кийин 14 жумушчу күндөн ашпаган мөөнөттө жазуу түрүндө кабар берүүгө;
- бир категориядагы жарандардын арыздарын кароодо биринчи кезек үй-бүлөө мүчөлөрүнүн санына, үй-бүлөнүн ишке жарактуу мүчөлөрүнүн санына (багуучусуна) жараша, үй-бүлөөдө жашаган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын топтук таандыктуулугун эске алуу менен өтүнүчтү кароого;
3.3. Комиссия функциялары:
- ипотекалык шартта турак-жай бөлүп берүү боюнча арыздарды, аларга кошулган документтерди белгиленген тартипте изилдейт жана турак-жай бөлүп берүү же бөлүп берүүдөн баш тартуу тууралуу чечим чыгарат;
- турак-жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгон жарандардын арыз-өтүнүчтөрүн, алардын социалдык абалдарын эске алуу менен, арыз-өтүнүчтөрүн комиссиянын кароосуна кезексиз алып чыгуу жумушун ачык айкын алып барат;
- жарандардын турак-жай алууга арыз берүүсүнүн фактысын комиссия эсепке алуу журналына каттайт, ал номерленип, боо өткөрүлүп байланып жана барактын санын көрсөтүү менен мөөр басып чапталат;
- комиссиянын жыйындары мезгилдүү, бирок эки айда бир жолу уюштурулат жана отурум өткөрүлөт;
- комиссия жарандардын арыздарын белгиленген тартипте изилдейт жана чечим кабыл алат, бул чечим тиешелүү протокол менен таризделет, чечим комиссия мүчөлөрүнүн жарымынан көбүнүн добушу менен кабыл алынат.
Комиссия кабыл алган протокол Ош шаарынын мэриясынын токтому менен бекитилет.
Комиссиянын күнүмдүк жумушун Департаменттин турак-жай бөлүмү ишке ашырат.
4.1. Бардык материалдар жана керектүү иш кагаздар департаменттин турак-жай бөлүмүндө чогултулат жана комиссиянын отурумуна протоколдун долбоору даярдалат.
4.2. Даярдалган протоколдун долбоору комиссиянын ар бир мүчөсүнө отурум өткөрүүгө үч күн калганга чейин таркатылат.
4.3. /ч жумушчу күндүн ичинде комиссиянын мүчөлөрү күн тартибине коюлган материалдар менен таанышат жана протоколдун долбоору боюнча катчылыка жазуу түрүндө алымча-кошумчаларды, сунуштарды берет.
4.4. Комиссия мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экиден кем эмеси жыйынга катышкан учурда чечим кабыл алынат жана кворум бар деп эсептелет.
Чечимдер комиссия мүчөлөрүнүн жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүгү менен ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат.
Добуштар тең болуп калган учурда төрагалык милдетин аткаруучунун добушу чечүүчү болуп эсептелет.
4.5. Комиссиянын чечими, ипотекалык шартта турак-жай алууга макулдук берүүчү токтомдорду даярдоого негиз болуучу протокол менен таризделет.
4.6. Комиссиянын чечиминен көчүрмө арыз берүүчүгө, чечим кабыл алынгандан кийин 14 жумушчу күндүн ичинде берилет.
4.7. Комиссиянын чечимине белгиленген тартипте даттануу берилиши мүмкүн.
| Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 19-ноябрындагы №230-токтомуна №3-тиркеме |
I. Жалпы жоболор.
II. Фонддун максаты жана милдеттери.
III. Фондду уюштуруучу.
IV. Фонддун каражаттарын түзүүнүн булактары, пайдалануу шарттары жана эсепке алуу тартиби.
V. Турак-жай курулуш мамилелеринин катышуучуларын каржылоо тартиби.
VI. Сатып алуу сатуу келишими боюнча төлөмдөрдү төлөөнүн үстүнөн көзөмөл.
VII. Сатып алуу сатуу келишими боюнча төлөмдөрдү өз убагында төлөө жана которуу үчүн жоопкерчилик
VIII. Фонддун каражатын башкаруу.
IX. Жыйынтыктоочу бөлүм.
1.1. Бул жобо Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексин, “Ош шаарынын статусу” жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын жетекчилике алуу менен иштелип чыкты.
Бул Жобо Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча программанын алкагында курулуп, Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансында турган көп кабатуу үйлөрдөгү батирлерди ипотека шартында бөлүп берүүдөн түшкөн каражатты максатка ылайык пайдаланууну камсыз кылып, турак-жай инфраструктурасын өнүктүрүү багытында жана Ош шаарында турак-жай курулушун өнүктүрүү фондунун (мындан ары - Фонд) каражаттарын түзүү, пайдалануу жана эсепке алуу тартибин аныктайт.
1.2. Фонд - Ош шаарынын мэриясынын алдында түзүлөт жана ушул жободо көрсөтүлгөн шарттар боюнча Ош шаарынын мэриясына отчет берет.
1.3. Фонд - Ош шаарында турак-жай курулушун өнүктүрүүгө, жарандардын турак-жай шарттарын жакшыртууга жана шаардын социалдык-экономикалык абалын көтөрүп жаңы жумушчу орундары түзүү менен калктын турмуш деңгээлин жогорулатууга багытталган.
1.4. Ош шаардык Кеңеши жана Ош шаарынын мэриясы ушул Жобого ылайык фондун иш-аракетин көзөмөлдөйт.
2.1. Фондун негизги максаты ипотекалык шартта сатылган турак-жайлардан түшкөн каражаттарды багыттуу пайдалануу, турак-жай курулушун өнүктүрүүгө финансы ресурстарын жана кредит, ошондой эле чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу болуп эсептелет.
2.2. Фонддун эсебинде турган каражаттар, финансы ресурстары жана чет өлкөлүк инвестициялар турак-жай курулушун өнүктүрүүнү колдоону камсыз кылуу жана ушуга багытталган иш чараларга жумшалат.
3.1. Фонддун жогорку башкаруу органы анын уюштуруучусу болуп эсептелет. Фонддун уюштуруучусу Ош шаарынын мэриясы тарабынан Ош шаарынын мэри болуп эсептелет.
3.2. Фонддун уюштуруучусунун компетенциясына төмөнкү маселелер кирет:
- фонддун Уставын бекитүү;
- фонддун Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
- Байкоочу кеңештин жана башкарманын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршылык жана таламдардын кагылышуусу болжолдонуп турган ар кандай чечимине вето коюу укугу;
- фонддун башкармасынын ишин текшерүү жөнүндө чечим кабыл алуу;
- фондду кайра уюштуруу жөнүндө чечим кабыл алуу;
- фонддун ишине тиешелүү болгон башка маселелерди чечүү.
4.1.Фонддун каражаттары төмөндөгүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
- ипотекалык шартта сатылган турак-жайлардын;
- республикалык жана жергиликтүү бюджеттин;
- чет өлкөлүк инвестициялардын;
- эл аралык жана башка уюмдардын каражаттарынын;
-турак-жай курулушун колдоого алган физикалык жактардын каражаттарынын.
-кайтарымсыз акча каражаттардын эсебинен
4.2.Каражаттар Фондун эсебине накталай, которуу жана натуралдык жолдор менен келип түшөт.
Фонддун акча каражаттарын эсепке алуу, пайдалануу жана отчеттуулук ушул Жобого жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына каршы келбеген бөлүктөрүнө ылайык жүргүзүлөт.
4.3.Фонддун каражаттары төмөнкү максаттарга пайдаланылат:
- жарандарды турак-жай менен камсыздоо боюнча программаларды, турак-жай долбоорлорун иштеп чыгууга, экспертизалоого жана ишке ашырууга;
- турак-жай курулушунун долбоорлорун даярдоо боюнча консультативдик кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоого, техникалык-экономикалык негиздемелерди иштеп чыгууга;
- фонд тарабынан каржылануучу долбоорлорду ишке ашырууга (көп кабаттуу турак үйлөрдү курууга).
4.4. Фонддун бардык каражаттары турак-жай курулушун өнүктүрүүдө жактырылган долбоорлорду колдоо жана каржылоого жумшалат.
4.5. Фонддук акча каражаттары ушул Жободо каралбаган максаттарга пайдаланууга жол берилбейт.
V.Турак-жай курулуш мамилелеринин катышуучуларын каржылоо тартиби.
5.1. Фонддун каражаттары долбоордун аткарылышына көмөк көрсөткөн тараптардын аткарган кызматтары үчүн которуу жолу менен төмөндөгү жана башка юридикалык тараптарга чегерилет:
- шаар куруу кеңешинин чечими менен жактырылган турак-жай курулушун өнүктүрүү боюнча долбоолорду иш жүзүнө ашырууда, өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгы менен жеңүүчү катары табылган, Кыргыз Республикасында катталган юридикалык жактардын атайын эсептерине этап менен;
- курулуш долбоолорун аткаруу максатында зарыл болгон инженердик-түйүндөдү тартууда чарбалык эсептешүү тартибинде ишкердик жүргүзгөн субьектилерге;
- архитектура курулуш жана шаар куруу башкармалыгынын, мамкаттоо жана башка кызмат көрсөткөн юридикалык тараптарга;
5.2.Каражаттарды которуу шарттары атайын келишим менен таризделип, белгиленген тартипте катталат.
6.1 Сатып алуу сатуу келишими боюнча төлөмдөрдү өз убагында төлөөнүн үстүнөн көзөмөлдү фондунун аткаруучу органы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төмөнкү тартипте жүргүзөт:
сатып алуучунун төлөм жөндөмдүүлүгү маселелери боюнча маалыматтарды жана тиешелүү документтердин белгиленген тартипте алынышын изилдөө;
Кардардан сатуу жана сатып алуу договордун төгүмдөрүн төлөө боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууларын четтетүүнү талап кылуу;
экспертиза жүргүзүүгө квалификациялуу адистерди тартуу.
сатып алуу сатуу келишими боюнча төлөмдөрдү кечиктирүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык административдик жазана, пеня чегерүү;
сатып алуу сатуу келишими боюнча төлөмдөрдү төлөөдөн баш тарткан тараптарды укук коргоо органдарына өткөрүп берүү ;
турак-жай курулушун өнүктүрүү фондунун (мындан ары - ТЖК) бюджетине сатып алуу сатуу келишими боюнча белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн суммаларды, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган финансылык санкцияларды төлөм тапшырмаларын берүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Күрөө жөнүндө» мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин негизинде төлөөчүнүн мүлкүн алуу жолдору менен төлөтүп алуу.
7.1. Сатып алуучу төлөмдөрдү графикке ылайык өз убагында толук өлчөмдө төлөө үчүн Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик тууралуу мыйзамдарына ылайык жооп берет.
7.2. Сатып алуучу келишимдик милдеттенмелерин аткарбаган же карыз болуп калган учурда аткаруучу орган тарабынан ага келишимди бузуу боюнча белгилүү формада билдирүү жөнөтүлөт.
7.3Сатып алуучу карыз болуп калган учурда келип тушкон төлөмдөрдүн суммалары карыз пайда болгон мезгилден берки карыздарды өчүрүүгө жумшалат.
7.4.Графикте каралган төлөө мөөнөтү эс алуу (майрам) күндөргө туш келип калган учурда төлөө мөөнөтү болуп андан кийинки күн саналат.
7.5.Төлөө күнү болуп ТЖК эсеп счетуна накталай акча каражаттары түшкөн же которулган күн эсептелинет.
7.6.Мөөнөтү өткөн карызга график боюнча төлөмдөрдү төлөөнүн мөөнөтү өтүп кеткен күндүөн кийинки күндөн тартып ТЖК фондунун эсеп счетуна төлөм жүргүзүлгөн күнгө чейин (ошол күн кошо) мурдагы мөөнөттө чегерилген штрафтык санкциялар менен пеняларды эсепке албастан пеня чегерилет.
7.7.Ар бир төлөөчү боюнча пенялардын суммасы автоматтык түрдө же төлөө мөөнөтү кечиктирилген ар бир айга эсептөө жолу менен, пеня чегерүүнүн эсебин белгилүү формада түзүү аркылуу эсептелинет.
7.8. Чегерилген пенянын жалпы суммасы сатып алуу сатуу келишиминде көрсөтүлгөн суммадан ашык болбоого тийиш.
8.1. Фонддун Байкоочу кеңеши фонддун каражаттарын башкаруу жана акча каражаттарын максаттуу пайдаланышын көзөмөлдөөнү ишке ашырат.
8.2. Фонддун Байкоочу кеңешинин курамына кызматы боюнча боюнча төмөнкүлөр кирет:
- Ош шаарынын муниципалдык менчик, шааркуруу саясаты жана курулуш маселелери боюнча вице-мэри, байкоочу кеңештин төрагасы;
- Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы;
- Ош шаарынын мэриясынын шаар куруу, муниципалдык менчикти башкаруу жана туризмди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
- Ош шаарынын каржы башкармалыгынын башчысы
- Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы;
- Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын башчысы;
- Шаар куруу жана архитектура боюнча Ош шаардык башкы башкармалыгынын башчысы;
- Ош шаарынын мэриясынын жеке турак-жай куруу, жер пайдалануу жана турак-жай маселелери боюнча департаментинин директору;
- жарандык коомчулуктун (ӨЭУ) өкүлдөрү
8.3. Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү анын ишине коомдук негизде катышат.
8.4. Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү отурумдарга алмаштыруу укугусуз катышат.
Байкоочу кеңештин мүчөсү келе албай калганда ал каралуучу маселе боюнча өзүнүн пикирин жазуу жүзүндө берет.
8.5. Фонддун Байкоочу кеңешинин отурумдары зарылдыгына жараша өткөрүлөт.
8.6. Байкоочу кеңешинин отурумдарына фонддун жетекчилиги күн тартибиндеги маселе боюнча түшүндүрмө жана маалымат берүү үчүн милдеттүү түрдө катышат.
8.7. Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими бир добуштан кабыл алынат.
Каршы пикир келтиргендери жүйөөлүү себептерин жазуу иретинде берет.
8.8.Сатуу жана сатып алуу келишиминдеги төлөмдү кийинкиге калтырып берүү артыкчылыгы Байкоочу кеңештин чечими менен форс-мажордук абалда чечилет.
8.9 Фонддун Байкоочу кеңешинин ыйгарым укуктарына төмөндөгүлөр кирет:
- Фонддун каражаттарын каржылоо үчүн күн тартибиндеги маселе боюнча жактыруу же жактырбоо;
- тиешелүү маселедеги техникалык тапшырмаларды бекитүү;
- коюлган маселе боюнча техникалык тапшырмаларды бекитүү;
- долбоорду даярдоонун жана иш жүзүнө ашыруунун бюджеттин бекитүү;
- Фонддун акча каражаттарын максатуу пайдаланышын көзөмөлдөө;
8.10. Байкоочу кеңешинин ишин уюштуруу жана башка методикалык уюштуруу иш чараларын Фонддун жетекчилиги ишке ашырат.
9.1. Ушул жобонун шарттары аткарылбагандыгы же талаптагыдай аткарылбагандыгы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган нормаларга ылайык жоопкерчилик чарасы каралат.
9.2. Бул жобо Ош шаардык кеңешинин чечими менен бекитилет жана колдонууга киргизилет.