МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 11-декабры № 11-7-2
“Майлуу-Суу шаарынын атактуу инсаны, жазуучу Исмаилов Райимкулдун атын түбөлүккө калтыруу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштары жөнүндө” Мыйзамдын негизинде, Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын 2014-жылдын 26-ноябрындагы Майлуу-Суу шаарынын атактуу инсаны, жазуучу Исмаилов Райимкулдун атын түбөлүккө калтыруу жөнүндө №01-14/1583 катын угуп, талкуулап чыгып, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын 2014-жылдын 26-ноябрындагы Майлуу-Суу шаарынын атактуу инсаны, жазуучу Исмаилов Райимкулдун атын түбөлүккө калтыруу жөнүндө №01-14/1583 каты эске алынсын.
2. Майлуу-Суу шаарындагы Дзержинский көчөсүндө жайгашкан ысымы жок №4 китепканага Раимкул Исмаиловдун ысымы ыйгарылсын.
3. Китепканага ысым ыйгаруу боюнча финансылык чыгымдар Раимкул Исмаилов тарабынан сарпталсын.
4. Шаардык маданият бөлүмүнүн башчысына (С.Мамутова) инвентаризациялык, эсепке алуу боюнча маалыматтарды өзгөртүү боюнча иш алып барылсын.
5. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине (Д.Караева) жөнөтүлсүн.
6. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин социалдык тармак, саламаттыкты сактоо, билим берүү, айлана-чөйрөнү коргоо, диний иштери, регламент жана этика боюнча туруктуу комиссиясына (К.А. Сүйүмбаев) жана Майлуу-Суу шаарынын вице-мэрине (З.Батырбекова) жүктөлсүн.
Майлуу-Суу шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Р.К.Бакалаев
|