Загрузка документа…
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кочкор айылдык Кеңешинин XIX сессияснын V чакырылышы
2014-жылдын 16-апрели № 9/6
"Кара–Кочкор айылдык округунун Кара-Кочкор айылындагы көчөлөргө ат коюу жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндөгү» мыйзамынын аткарылышы боюнча 5.03.1998-жылдагы №108 токтомунун негизинде Кара–Кочкор айылдык округунун Кенешинин аймагындагы Кара-Кочкор айылынын кочосуно ат коюу боюнча элдик жыйындын 2014-жылдагы 15.03. №3 токтомуна ылайык Кара–Кочкор айылдык округунун Кенешинин кезектеги тогузунчу сессиясынын (У-шайланган ) жыйналышы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара–Кочкор айылдык округуна караштуу Кара- Кочкор айылынын элдик жыйынынын 1-март 2014-жылдагы № 3 токтому бекитилсин.
2. Кара–Кочкор айылынын тургуну Таштемиров Тынарбектин үйүнөн Баргыев Аттокурдун үйүнө чейинки тик кеткен көчө Бекмуратов Кубатбек Кадырбекович атындагы көчө болуп аталсын.
3. Коюлган көчөлөрдү иретке келтируу, көчөдөгү үйлөргө катар номерлерди тагуу, көчөнүн бузулган жерлерин ондоо, шагыл токтуруу жактары Бекмуратов Кубатбектин балдарына жуктолсун.
4. Бул токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы айылдык округунун туруктуу комиссияларына жана айылдык округунун аппаратынын кызматкерлерине тапшырылсын.
Кара-Кочкор айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Асанов
|