Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 23-октябры № 10-7-3
“Майлуу-Суу шаардык “Шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу” мекемесинин Майлуу-Суу шаарын көрктөндүрүүнүн эрежелерин бекитүү жөнүндө”
Майлуу-Суу шаарынын 2014-жылдын 27-мартындагы № 01-14-444 Майлуу-Суу шаардык “Шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу” мекемесинин “Майлуу-Суу шаарын көрктөндүрүүнүн эрежелерин” бекитүү жөнүндө катын, аталып кеткен мекеменин жетекчиси З.Анарбаевди угуп, талкуулап чыгып, депуттардын сунуштарын эске алып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жана «Муниципалдык менчиктеги мүлк жөнүндөгү» мыйзамдардын негизинде Майлуу-Суу шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын 2014-жылдын 27-мартындагы № 01-14-444 “Майлуу-Суу шаардык “Шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу” мекемесинин “Майлуу-Суу шаарын көрктөндүрүүнүн эрежелерин” бекитүү жөнүндө каты, аталып кеткен мекеменин жетекчиси З.Анарбаевдин маалыматы эске алынсын.
2.“ Майлуу-Суу шаардык “Шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу” мекемесинин “Майлуу-Суу шаарын көрктөндүрүүнүн эрежелери” (Тиркеме 1) бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзомөлдөө шаардык кеңештин өнөр жай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика,курулуш жана соода- сатык боюнча комиссиясына жүктөлсүн (А.Асанов).
Майлуу-Суу шаардык кеңештин төрагасы | Р.К.Бакалаев |
| Тиркеме 1 бекитилди Майлуу-Суу шаардык кеңештин 2014-ж.23-октябрындагы №10-7-3 Токтому менен |
1.1.Майлуу-Суу шаарын көрктөндүрүүнүн ушул эрежелери (мындан ары-Эрежелер) Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө», «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», «Өндүрүштүк жана керектөө калдыктары жөнүндө» мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка да шаар аймактарын тышкы көрктөндүрүү жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча талаптарын аныктаган нормативдик-укуктук актыларына ылайык иштеп чыгылды.
1.2.Эрежелер тышкы көрктөндүрүү чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салат жана аткарууга бирдиктүү жана милдеттүү болгон нормаларды жана талаптарды коёт, шаар аймагын тазалоонун жана кармоонун тартибин, Майлуу-Суу шаарынын аймагында жайгашкан жерлерге ээлик кылуучу же пайдалануучу, имараттарды куруучу, курулуштардын жана жабдуулардын менчик ээси жана ижарага алуучусу болуп саналган менчик түрүнө карабастан бардык юридикалык жактары үчүн өсүмдүктөрдү (бактарды) кармоонун жана коргоонун тартибин аныктайт
1.3.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан шаар аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, санитардык кармоо, тазалыкты камсыз кылууну, тазалоону жана тартипти уюштуруу жаатындагы нормативдик-укуктук актылары жана ведомстволук инструкциялары ушул эрежелердин талаптарына каршы келбестиги зарыл
1.4.Шаарды көрктөңдүрүү, жашылдандыруу, санитардык тазалоо, аймактарды жыйнаштыруу, тазалыкты жана тартипти камсыз кылуу жаатында иштеген Майлуу-Суу шаарындагы кызматтардын ишмердигин координациялоо Майлуу-Суу шаарынын мэриясы жана анын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан жүргүзүлөт
1.5.Майлуу-Суу шаарында аймактарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалоо, санитардык тазалыкты кармоо, тазалыкты жана тартипти камсыз кылуу, шаардык тиешелүү кызматтарга усулдук жардам көрсөтүү жагынан бирдиктүү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашырууну камсыз кылуу Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын коммуналдык чарба секторунун башчысына жүктөлөт
1.6.Аймактарды жыйнаштыруу, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, жашыл өсүмдүктөрдү жана сугат иштерин жүргүзүү «Горжилзеленстрой» муниципалдык кызматына, муниципалдык аймактык башкармаларга, баланс кармоочуларга, жер участкаларынын, имараттардын жана жабдуулардын ээлерине жана ижарачыларына жүктөлөт
1.7 Ушул Эрежелердин талаптарын аткарууга жоопкерчилик жана көзөмөлдүк төмөнкүлөргө жүктөлөт:
- Мэриянын структуралык бөлүмдөрүнүн жана шаардык тиешелүү кызматтардын ишинин функционалдык мазмунуна жоопкерчилик, шаар аймактарын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, жыйноо, санитардык тазалоо, тазалыкты жана тартипти камсыз кылуу боюнча иштерде өз ара натыйжалуу аракеттенишүүсүн координациялоо–«Горжилзеленстрой» муниципалдык кызматына
- Ушул Эрежелерди айланадагы жана бекитилип берилген, ошондой эле муниципалдык буюртма менен берилген аймактарда санитардык кармоо жана жыйноо, шаар аймактарында тазалыкты жана тартипти сактоо иштерин аткаруу учурунда бардык жеке жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык, анын ичинде тиешелүү муниципалдык юридикалык жактар тарабынан сакталышына–Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясына (мындан ары–Майлуу-Суу шаарынын СЭСи)
- Курулуш куруу, объекттерди башка профилге өткөрүү жана реконструкциялоо, анын ичинде инженердик жабдууларды жаткыруу, реконструкциялоо жана ремонттоо, курулуш аянтчаларын жабдуу жана кармоо, имараттардын, жабдуулардын жана турак-жайлардын ж.б.у.с фасадын кармоо иштеринде ушул Эрежелердин бардык жеке жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар, анын ичинде тиешелүү муниципалдык кызматтар тарабынан аткарылышына–башкы архитекторго жана Майлуу-Суу шаарынын муниципалдык менчик башкармасына
- Шаар аймагында көчө-жолдор тармактарынын, анын ичинде жол белгилеринин, тосмолордун, светофор объектилеринин, ошондой эле аялдамалар менен парктардын жана автоунаанын талаптагыдай кармалышына, унаа каражаттарынын, анын ичинде коомдук жүргүнчүлөр унааларынын оң абалына (оң абалда жана таза болушуна), кароосуз калган жана тонолуп кеткен унааларды табуу, эсепке алуу жана ташып чыгаруу ишин, топуракты, таштандыны, төгүлүүчү курулуш материалдарын, жеңил буюмдарды, бак шактарын, кыйылган жыгачтарды ташууну, жол боюндагы курулуш жабдуулары, аялдамалар, бактарды кыюу, контейнерлерди коюучу аянтчалар, жарнамалык конструкциялар жана техникалык каражаттарга жол кыймылын жөнгө салуу жана жол кыймылынын коопсуздугунун башка да багыттары боюнча көрсөткүчтөр маселелерин ушул Эрежелерге ылайык–Майлуу-Суу шаардык ички иштер бөлүмүнө
- Шаардын жашыл фондуна, сугат тармагына (анын ичинде магистралдык), суу нугуна, коллектордук-дренаждык тармактардын абалына, аймактарды жашылдандырууга, шаар аймагында сугат сууну бөлүштүрүүгө, бактарды жана сугат тармагын алып салууга ушул Эрежелердин негизинде Майлуу-Суу шаарынын «Горжилзеленстрой» муниципалдык башкармасына
- Шаардын жашыл фондун кармоо, жашыл бактарды жана сугат жабдууларын алып салуу, унааларды жуучу жайлары, айлана-чөйрөнү коргоо, өндүрүштүк жана керектөө калдыктарды башкаруу жаатында ушул Эрежелердин сакталышына жоопкерчилик–айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгына
- Шаар аймагында менчик түрүнө карабастан тышкы жарнамаларды жайгаштырууну тартипке салуу, тышкы жарнама каражаттарынын учурдагы абалы жана сырткы көрүнүшү, шаардын көчөлөрүнүн майрамдык жасалгасы боюнча ушул Эрежелердин жана башка нормативдик-укуктук документтердин сакталышына жоопкерчилик башкы архитекторго жана Мамлекеттик тил боюнча шаардык комиссиясына
- Ушул Эрежелердин толук кандуу сакталашына жоопкерчилик мэриянын тиешелүү бөлүмдөрүнө жана Майлуу-Суу шаарынын биринчи вице-мэрине
1.9.Административдик укук бузуулар боюнча иштерди кароону жана административдик жазана чараларын дайындоону «Кыргыз Республикасында административдик жоопкерчилик жөнүндө» Кодексине ылайык тиешелүү шаардык административдик комиссиялар алып барышат
2.1.Баланс кармоочу–менчик ээси менен келишим боюнча ыкчам башкаруу жана чарба жүргүзүү үчүн мүлктү колго алган юрикикалык жак
2.2.Кароосуз калып тонолгон унаа каражаты–менчик ээси анык эрежелерге ылайык баш тарткан же менчик ээси жок, менчик ээси белгисиз болгон унаа каражаты Унаа каражатынын таандык экени тууралуу (менчик ээси барлыгы же жоктугу тууралуу) корутунду Майлуу-Суу шаарынын ички иштер бөлүмүнүн жол коопсуздугу кызматы тарабынан берилет
2.3 Шаардын сырткы көрктөндүрүлүшү–шаар чегинде жана шаардын юрисдикциясына кирген аймактарда калктын жагымдуу, сак-саламат жана маданий жашоо шартын жана эс алуусун камсыз кылуучу иштердин жана элементтердин комплекси Бул иштердин комплекси шаар аймагын жыйноону, кармоону, эксплуатациялоону жана объекттерди, көрктөндүрүү элементтерин коргоону билдирет.
2.4.Аймактын көрктүүлүгүн калыбына келтирүү–аймактардын, газондордун, сугат системаларын, жолдорду, кире бериштерди жана подъездерди, жашыл бактарды ж.б.у.с көрктүүлүгүн бузган иштердин башталышындагы калыбына келтирүү, ошондой аймактарды жыйноо жана аларды тартипке келтирүү боюнча комплекстүү иштер
2.5.Калыбына келтирүү наркы–жашыл бактарды алып салуу, көчүрүп отургузуу, зыян келтирүү же жок кылуу боюнча алардын баалуулугу эсептелип чыккан нарк
2.6.ТТК чыгаруу–катуу-тирилик калдыктарын контейнерде атайын унаалар менен чыгаруу, контейнер аянтчаларын жана ага кире бериш жерлерди чачылган таштандылардан тазалоо, андан ары ТТКны чогултулган жерден шаардын таштандылар полигонуна зыянсыздандыруу жана жок кылуу үчүн жеткирүү
2.7.Газон–кыркылган чөп же башка өсүмдүк катарындагы көрктөндүрүү элементи Кыртыштын антропогендик асыл тукум-өсүмдүк теги–жасалма чөп кыртышындагы жер участогу
2.8.ТТК чыгаруу графиги–жайын (дарек), көлөмүн жана чыгаруу мөөнөтүн көрсөтүү менен ТТК чыгарууга карата түзүлгөн келишимдин курамдык бөлүгү
2.9.Короо аймагы–турак жай имаратынын айланта курчап турган жана анда жашагандардын жалпы пайдалануусундагы, турак жай имараттары, курулуштар, жабдуулар же тосмолор менен чектелип турган аймак Короо аймактарында ал курчап турган турак жайларда жашагандардын кызыкчылыгы үчүн балдар аянтчалары, эс алуу жайлары, кийим кургатуучу, унаа токтотуучу орундар, бактар жана коомдук пайдалануудагы башка объекттер орун алат
2.10.ТТК чыгаруу келишими–буюртмчы жана аткаруучунун (ТТК чыгаруу боюнча атайын адистешкен подряддык уюмдун) ортосунда түзүлгөн, юридикалык күчкө ээ кагаз жүзүндөгү макулдашуу, ага ылайык аткаруучу буюртмачынын тапшырмасы менен ТТК чыгаруу боюнча кызмат көрсөтөт, а буюртмачы ал кызмат акысын төлөп берет
2.11.Жол жабдуулары–жолдогу конструкция элементтери (жер тилкеси, өтүүчү бөлүк ж.б.), жасалма жабдуулар (көпүрөлөр, өткөөлдөр, эстакадалар ж.б.), ошондой эле автомобиль жолдорунун сакталышы, кармалышы жана нормалдуу иштеши үчүн зарыл болгон башка да жабдуулар
2.12.Жашыл бактар–жасалма отургузулган жана табигый өсүп турган дарак, дарак-бадал, бадал жана чөп өсүмдүктөрү
2.13.Ири көлөмдөгү таштанды–өздөрүнүн керектөө сапаттарын жоготуп койгон жана өздөрүнүн чен-өлчөмү жагынан атайын таштанды чыгаруучу унаалар аркылуу чыгарылып кетүүгө мүмкүн болбогон керектөө жана чарбалык калдыктар (тирилик техникасы, мебель ж.б.)
2.14.Контейнер–0,7-1,5 кубометр келген ТТК чогултуу үчүн стандарттуу идиш
2.15.Контейнер аянтчасы-өндүрүш жана керектөө калдыктарын, ТТКны чогултуу жана убактылуу сактоо, зарыл сандагы контейнер орнотулган атайын аянтча
2.16.Компенсациялык жашылдандыруу–жок кылынган же зыян келтирилген жашыл бактарды кайра өстүрүү
2.17.Таштанды-ТТКны эске алганда ар кандай калдыктар, ири көлөмдөгү таштандылар, керектөө жана өндүрүш калдыктары
2.18.Темир гараж–юридикалык жана жеке жактарга таандык болгон, унаа каражатын сактоого колдонулуучу, шаар аймагында капиталдык мүнөздөгү даярдык иштерин алдын ала жүргүзүүсүз эле аракеттеги нормативдик-укуктук актыларга ылайык тартипте жайгаштырыла турган стационардык эмес кыймылсыз мүлк объектиси
2.19.Кичи архитектурлык формалар–декоративдик жана практикалык колдонуу мүнөзүндөгү объекттер: скульптуралар, барельефтер, гүлдөр үчүн вазалар, беседкалар, павильондор, отургучтар, урналар, балдар ойноочу жана улуу кишилер эс алуучу ж.б жабдуулар жана конструкциялар
2.20.Таштанды үймөктөрү–ТТК, башка да калдыктарды өз алдынча чыгарып таштоолордон улам контейнер антчаларында же башка ар кайсы аймактарда 1 кубометрге өлчөмдө чогулуп калышы
2.21.Калдыктардын санкцияланбаган таштандылары–юридикалык же жеке жактардын ишмердигинен улам пайда болгон ТТКнын, ири көлөмдөгү калдыктарынын, өндүрүш жана курулуш калдыктарынын, башка калдыктардын 50 чарчы метр аймакта 30 кубометр көлөмдө өз алдынча (санкцияланбаган) чыгарылышы же ташталышы
2.22.Үймөк таштандылар очогу–өз алдынча чыгаруунун айынан 50 чарчы метр аймакта 30 кубометрге чейинки калдыктардын топтолуп калышы
2.23.Өндүрүш жана керектөө калдыктары (мындан ары–калдыктар)-өндүрүш же керектөө процессинде пайда болгон, сырье, материал, жарымфабрикаттар, башка да буюмдар же продуктылар калдыктары, ошондой эле керектөө сапаттарын жоготуп койгон, өздөрү пайда болгон жерде мындан ары пайдаланылбаган жана менчик ээси алардан кутулууга ниет кылган, зыянсыздандыруу, кайра иштетүү же кайсы бир жерге жайгаштыруу аркылуу кутулууну ойлогон товарлар (продукциялар)
2.24.Жалпы пайдалануудагы жашылдандырылган аймактар–шаардын жалпы калкын рекреациялоого пайдаланылуучу аймак: кирүү акысыз жана чектелген кишилер үчүн эркин эсептелген бактар, маданий жана эс алуу парктары, мемориалдык комплекстер, скверлер, бульварлар, көчөлөр жана унаа магистралдары, суу бойлору, токойчолор
2.25.Чектелген пайдалануудагы жашылдандырылган аймак–турак жай, жарандык, өнөр жайлык курулуш жүрүп жаткан, калкты тейлөөчү уюмдарга, саламаттыкты сактоого, илимге, билим берүүгө, калктын айрым топторунун пайдалануусуна ылайыкташтырылган аймак
2.26.Атайын багыттагы жашылдандырылган аймак–атайын функцияларды ишке ашыруу үчүн, анын ичинде санитардык-коргоо, сууну коргоо, коргоо-мелиоративдик, өрткө каршы зоналар, мүрзөлөр ж.б үчүн жашылдандырылган аймак
2.27.Парк–функционалдык зона мүнөзүндөгү жана узак эс алууга багытталган жалпы пайдалануудагы жашылдандырылган аймак
2.28.Курчап турган аймак–ижара укуктарынан эркин, бөлүнүп берилген жер участкасынын, имараттын, үйдүн, жабдуунун, тосмонун, курулуш аянтчасынын, соода объектинин, жарнаманын жана жеке менчик ээликте, ижарада, юридикалык же жеке жактардын балансында турган башка объектинин чектерине түздөн-түз кептелип турган муниципалдык аймак.
Жолдордун нугунан алыс турган объекттердин курчап турган аймагы катары бөлүнүп берилген жер участогунун чегинен 10 метр аралыктагы аймак эсептелет
2.29.Суу каптоо–дарыялардагы, каналдардагы жана арыктардагы суунун горизонталдык жогорулашынан улам келип чыккан кыртыш сууларынын көтөрүлүшү, атмосфералык жаан-чачындан, кардын эришинен, жолду, тротуарды сапатсыз асфальт-бетондоп кургандыгынан, инженердик системадан жана коммуникациядан суунун чыгып кетиши же агышы, суу кабыл алуучу жабдуулардын жана сырткы суу өткөрүүчү жабдуулардын тейлөө эрежелеринин бузулушунан же оң акыбалда эместигинен улам жөө кишилер менен автоунаалардын, шаардык жүргүнчүлөр унааларынын кыймылына тоскоолдук кылып, жолдун бир бөлүгүн, аймактын бир тарабын суу чайып кетиши
Аянты 2 чарчы метрден, тереңдиги 3 сантиметрден ашканда аймакты суу каптады деп эсептелинет
2.30.Жашыл бактарга зыян келтирүү–дарак-бадал өсүмдүктөрүнүн өзөгүнө, тулкусуна, шактарына, тамыр системасына, чөп өсүмдүктөрүнүн жер үстүндөгү бөлүгүнө жана тамыр системасына механикалык, термикалык, химиялык же башка зыян келтирүү менен анын абалынын начарлашына, алардын өсүшүнүн токтошуна же куурап калышына алып келиши Жашыл бактардын шактарынын механикалык сынышы, тулкусунун бүтүндүгүнө зыян келиши, жашыл өсүмдүктөрдүн же алардын кыртышында тамыр системасынын зыяндуу заттар менен булганышы, тепсеп салуулар, унаа каражаты менен тебелеп салуу, өрттөө жана башка таасирлер да зыян келтирүүгө жатат
2.31.Өткөөл–унаа каражаттарынын турак жай жана коомдук имараттарга, ишканаларга жана кичи райондордогу башка шаардык объекттерге, кварталдарга өтүшүн камсыз кылуучу жол элементи
2.32.Жолдорду кармоо–жолдордун унаа-эксплуатациялык акыбалын, аларды жакшыртуу элементтерин, тилке жана жол жабдууларын кармап туруучу комплекстүү иш-чаралар
2.33.Аймакты санитардык тазалоо–аймакты жыйноо, калдыктарды, көчөдөгү таштандыларды жана кокусунан пайда болгон калдыктарды чогултуу, алып чыгуу,
2.34.ТТКны чогултуу–таштанды жайларын тазалоо, контейнерлерди толтуруу, контейнерлерди жана контейнер аянтчаларын тазалоо менен байланышкан комплекстүү иш-чаралар
2.35.ТТК чыгаруу графигин бузуу–ТТКны саат сайын, маршруттук чыгаруу графигин 8 сааттан ашык сактабай калуу
2.36.Жашыл өсүмдүктөрдү алып салуу–курулуштун, жер үстүндөгү коммуникациянын, инженердик көрктөндүрүүнү кызматынын тигил же бул объекттерин жайгаштыруу, турак жай жана коомдук имараттардын талаптарынын нормативдерине жооп берген шарттар үчүн сапаттуу айлана-чөйрөнү түзүү максатында белгилүү тартип менен жасалгаланган бактарды, бадалдарды, гүлзарларды, газондорду кыюу, кыркып-тегиздөө, түбүнөн омкоруп алуу,
2.37.Сквер–кыска убакытка эс алуу жана жөө кишилердин транзиттик кыймылы үчүн пайдаланылуучу аянтты, коомдук борборду, магистралды жасалгалоонун элементи эсептелген анча чоң эмес коомдук пайдалануудагы жашылдандырылган аймак
2.38.Ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин жана башка чарбалык субъекттердин аймагы–юридикалык жана жеке жактарга аракеттеги мыйзамдарга ылайык ар кайсы менчик формасында бекитилип берилген аянты, чек арасы, жайгашкан орду, укуктук статусу жана башка мүнөздөмөлөрү бар шаар аймагынын бөлүгү
2.39 Тириликтеги катуу калдыктар (мындан ары-ТТК)–атуулдардын жашоо-тирилигинде пайда болуучу керектөө калдыктары, анын ичинде тамак жасоо, турак-жайды жыйноо жана ремонттоо, үй алдындагы аймакты жана жалпы пайдалануудагы жайларды, турак жайда үй жаныбарларын жана канаттууларды, ошондой эле үй-тирилигиндеги жараксыз болуп калган эски буюмдарды кармоодон келип чыккан калдыктар
2.40.Жашыл өсүмдүктөрдү жок кылуу–казып алуу (газон), гүл-декоративдик өсүмдүктөрдү, бадалдарды, дарактарды омкоруп алуу же дарактарды кыюу (кесип салуу) аркылуу жашыл бактардын жашоосун токтотуу, ошондой эле жашыл бактардын өсүшүнүн токтоп калышына же куурап калышына, жок болушуна алып келүүчү аракеттер
3.1.Өз ишмердигин шаар аймагында жүргүзгөн жеке жана юридикалык жактар, башка да чарбалык субъекттер, анын ичинде жекече турак жайлардын, көп батирлүү үйлөрдөгү турак жана турак эмес жайлардын ээлери бекитилген анык бир тартиптеги нормаларга ылайык ТТКны алып чыгаруу боюнча муниципалдык «Горжилзеленстрой» же ТТК көмүү, сорттоо, зыянсыздандыруу жана кийин жок кылуу жана көмүү менен кайра иштеп чыгуу боюнча атайын ишканалар менен келишими бар ТТК алып чыгуу боюнча башка атайын подряддык ишкана менен келишим түзүүгө милдеттүү
3.2.ТТК чогултууну уюштуруу
3.2.1.ТТКны контейнерлерге чогултуу, контейнер аянтчаларын тазалоо (жыйноо), кыш мезгилинде кардан жана контейнерге баруучу босоголорду муздан тазалоо милдети төмөнкүлөргө жүктөлөт:
- муниципалдык аймакта жайгашкан контейнер аянтчаларын–түзүлгөн келишимдерге ылайык «Горжилзеленстрой» муниципалдык башкармалыгына;
- ижарада, ээликте, пайдаланууда турган башка аймактагыларды–ведомстволорго, уюмдарга, ишканалрга, башка да чарбалык субъекттерге, жеке жана юридикалык жактарга
Контейнерден таштанды ташуучу унаага жүктөп алууда же бункерди төгүүдө чачылган таштандыларды жыйноо, ошондой эле контейнер аянтчасындагы төгүлгөн таштандыны жыйноо ТТКны алып чыгарууну ишке ашырган ишкананын кызматкерлерине жүктөлөт
3.2.2.Чарбалык ишмердиктен улам пайда болгон өнөр жай өндүрүшүнүн калдыктарын чогултуу жана сактоо ошол ишкана тарабынан атайын бул максатта жабдылган жайда ишке ашырылат Анын жайгашкан орду, ошондой эле калдыктардын жайгашуу лимити жана аларды аймакта сактоо мөөнөтү «Горжилзеленстрой» ишканасы менен макулдашылат
Өсүмдүк жана башка кыртышты убактылуу жыйып сактоо атайын бөлүнгөн участкаларда гана уруксат берилет
3.2.3.Контейнерге таштандыларды ашыра толтуруп таштоого, контейнерде тирилик калдыктарын өрттөөгө жол берилбейт Таштандылар өз убагында график боюнча чыгарылып кетиши зарыл
3.2.4.Контейнер аянтчаларын жана контейнерлерди иштеткен жана тейлеген уюмдар андан ары иштеткенге жараксыз болуп калган контейнерлерди өз убагында оңдоолору жана алмаштыруулары зарыл
3.3.ТТКны чыгаруу
3.3.1.Үйлөрдөн жана ишканалардан чыккан таштандыларды жана булганыч заттарды чыгарып кетүү келишимдик негизде ТТКны чыгарып кетүүгө адистешкен ишкана тарабынан жүргүзүлөт Адистешкен ишкананын тейлөөсүнө кирбеген ишканалар таштандыларды атайын полигонго атайын унаасы (мусоровоз) жана ТТКны чогултууга атайын аянтчасы болгон кезде гана келишим аркылуу бекитилген график боюнча алып чыгып турат
3.3.2.Майлуу-Суу шаардык кеңеши тарабынан бекитилип берилген тариф боюнча түзүлгөн келишимге ылайык ТТКны чыгарып кетүүчү атайын ишкана керектөөчүлөрдөн өз кызматы үчүн акы алып турат
3.3.3.Таштанды, булганыч заттар жана башка калдыктар шаардык таштандылар полигонуна жана төгүүчү станцияга алып чыгарылат Шаардык таштандылар полигонун жана шаардык төгүүчү станцияны кармоо жоопкерчилиги «Горжилзеленстрой» жана «Горводоканал» ишканаларына жүктөлөт
3.3.4.Ири көлөмдөгү таштандыларды (калдыктарды) чыгаруу ошол ири көлөмдөгү таштанды таандык болгон ишканлардын, уюмдардын, жеке жактардын өзүнө же тиешелүү келишими болгон кезде таштандыларды чыгарууга адистешкен ишканага милдеттендирилет
3.3.5.Кыймылсыз объекттерди куруу жана (же) ремонттоо ишин жүргүзүп жаткан жеке жана юридикалык жактар иш башталганга чейин курулуш таштандыларын жок кылуу боюнча келишим түзүп, аны алып чыгарууну өзү (жок кылуу боюнча келишимдин негизинде) же келишим боюнча таштанды чыгаруу боюнча адистешкен ишкана аркылуу жүргүзүшү зарыл
3.3.6.Газондорду тазалоо, жалбырактардын түшүшү, дарактарды санитардык кыюу, бактарды кесүү, жашыл тосмону кыркуу, газонду оруу жана шаардык жашыл чарба жүргүзүүчү башка иштерден пайда болгон таштандыларды чыгаруу Майлуу-Суу шаарынын «Горжилзеленстрой» муниципалдык башкармалыгы тарабынан жүргүзүлөт
3.3.7.Муниципалдык буюртма боюнча шаардын көчөлөрүн жана аянттарын жыйноодон пайда болгон таштандыларды, көчө шыпырындыларын чыгарууну «Горжилзеленстрой» муниципалдык башкармалыгы жүргүзөт
3.3.8.Жеке менчик сектор
3.3.9.Жеке турак жай ээлери белгилүү тартипте бекитилген жыйым нормаларына ылайык «Горжилзеленстрой» МБ менен таштандыларды чыгарууга келишим түзүүлөрү милдеттүү Тургундар келишим түзүүдөн баш тарткан учурда документтер мэриянын административдик комиссиясына кароо үчүн берилет же КР мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт
3.3.10.ТТКны чыгаруу «Горжилзеленстрой» МБ тарабынан түзүлгөн жана биринчи вице-мэр тарабынан бекитилген график боюнча чыгарылат
3.3.11.Жеке турак жайлардагы керектөөчүлөрдөнТТК үчүн акылар Майлуу-Суу шаардык кеңеши бекиткен жана антимонополиялык комитет менен макулдашылган тариф боюнча алынат
3.3.12.Жеке менчик сектордогу керектөөчүлөр өз аймагындагы таштандыларды идиштерге (капка, кутуларга, башка идиштерге) чогултууга милдеттүү «Горжилзеленстрой» МБ кызматкерлери таштандыларды кабыл алган соң, идиштерин ээлерине кайтарып берүүгө милдеткер
3.3.13.Жеке менчик сектордогу керектөөчүлөргө таштандыларды аңга, Майлуу-Суу суусунун жээктерине таштоого тыюу салынат Аймактарды көрктөндүрүү, тазалыкты жана тартипти камсыз кылуу эрежелерин бузган күнөөлүү жарандар Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө мыйзамынын 488-статьясына ылайык административдик жоопкерчиликке тартылат
3.4.Соода чекиттери
3.4.1.Турак жана турак эмес жайларда, көп батирлүү үйлөрдө (1-кабат) жайгашкан соода чекиттеринин ээлери белгилүү тартипте бекитилген жыйым нормаларына ылайык «Горжилзеленстрой» МБ менен таштандыларды чыгарууга келишим түзүүлөрү милдеттүү.
3.4.2.Соода чекиттеринин ээлери өзүнө бекитилген, бөлүнүп берилген жана караган аймакта өз каражаттарынын эсебинен өз алдынча күн сайын санитардык тазалоо иштерин жүргүзүүгө же акы төлөө шартын көрсөтүп, атайын адистешкен ишкана менен келишим түзүүгө милдеттүү
3.4.3.Аймагындагы таштандыларды өз контейнерлерине же кутуларга бөлүк-бөлүк түрүндө же байланган тартипте жыйнайт, калган таштандыларды капка (жабык идишке) салышат Таштандыларды калк жана коомдук таштандылар үчүн таштанды салгычтарга (контейнерлерге) чыгарууга тыюу салынат
3.4.4.Таштанды салынган идиштерди атайын адистешкен уна каражаты келерден кыйла мурда (бир саат калгандан мурда) өз аймагынан сыртка алып чыгууга жол берилбейт «Горжилзеленстрой» МБ таштандыларды биринчи вице-мэр бекиткен график боюнча алып чыгууга милдеттүү
3.4.5.Жалпы пайдалануудагы жайларды (кире бериштерди, үй алдындагы аймактарды, соода чекиттеринин алдындагы аймактарды ж.б.) кармоонун санитардык эрежелерин бузган кызмат адамдары жана жарандар КР Административдик жоопкердик жөнүндө Кодекстин 487-статьясына ылайык жоопко тартылышат
3.5.Контейнерлер атайын жабдылган аянтчаларга жайгаштырылат (орнотулат) Жайгаштыруу орду жана тосмолоо тиби Майлуу-Суу шаарынын архитектурасы, СЭС, тиешелүү муниципалдык башкармасы, үй жана квартал комитеттеринин төрагалары жана ТТКны чыгарууга адистешкен ишкана менен макулдашылат
Контейнерлерди жолдун өтүүчү бөлүгүнө, тротуарларга, газондорго, ошондой эле сугат каналдарына 10 метр жакын аралыкка жайгаштырууга тыюу салынат
3.5.Контейнер аянтчалары асфальт же бетон жаткырылган болуп, өткөөл жагына ылдыйыш жана кирүүчү жолу бар болууга тийиш
3.6.Контейнер аянтчасы айланадагы аймакка таштанды чыгып кетпесин үчүн үч тарабынан бийиктиги 1,0-1,2 метр тосмолонушу абзел
Бекитилген тартипте иштелип чыккан жана макулдашылган жеке долбоорлор (эскиздер) менен жабык түрүндөгү контейнерлик аянтчаларды даярдоого жол берилет
3.7.Контейнерлик аянтчалар турак жайлардан, балдар мекемелеринен, спорттук аянтчалардан жана калк эс алган жайлардан кеминде 20 метр, бирок 100 метрден ашпаган аралыкта турушу тийиш Зарыл учурларда гана мындай талапты сактоонун мүмкүндүгү болбогон аймактарда алар комиссиянын (Майлуу-Суу шаарындагы архитектуранын, администрациянын, ТТКны чыгарууга адистешкен ишкананын, муниципадык-аймактык башкармалыктын, ТОСтун, үй жана кварталдык комитеттердин, СЭСтин өкүлү катышат) чечими менен орнотулат
Комиссиянын ишин уюштуруу жана тийиштүү актыларды бекитүү Майлуу-Суу шаарынын биринчи вице-мэрине жүктөлөт
3.8.Контейнер аянтчаларынын өлчөмү зарыл контейнерлердин санына карап эсептелиши керек Орнотулуучу таштанды салгычтардын (контейнерлердин) санын аныкташ үчүн ТТКны чыгарууга адистешкен ишкана таштанды салгычтарды пайдалануучулардын санын, калдыктар жыйымынын нормасын, калдыктарды сактоо мөөнөтүн ж.б ар бир жеке участка боюнча эсептеп чыгышы керек
Өзгөрбөгөн системанын шартында тейлөөчү участкадагы орнотулуучу контейнерлер саны төмөнкү формула боюнча аныкталат:
Б н.с.=Пх1хР1/365хЕ, мында:
П–ТТКнын участкадагы жылдык пландуу жыйымы (кубометр);
1–калдыктарды чыгаруу мезгилдүүлүгү (сутка);
Р1–калдыктардын жыйымынын тең өлчөмдө эместигинин коэффициенти (1,25ге тең коэффициент колдонулат);
Е–контейнерлердин сыйымдуулугу (кубометр)
Контейнерлердин тизмедеги санын аныктоо үчүн Б.н.с ремонтто жана резервде турган контейнерлердин санын эсепке алган Р2=1,05 коэффициентине көбөйтүлүшү керек
3.9.Контейнер аянтчалары күнүмдүк таштандылардан дайыма тазаланып турушу, баланста кармоочулар тарабынан тазалыкта жана тартипте кармалышы зарыл
3.10.Контейнерлер техникалык жактан оң абалда болуп, сырдалышы жана ээлик кылуучунун, подряддык уюмдун реквизиттерин, ТТКны чыгаруу убактысын көрсөтүү менен маркировкаланышы ылаазым Май куюучу бекеттерге (АЗС) орнотулган контейнерлер кулпуланышы зарыл
3.11.Контейнерлер жана алардын астында турган аянтча Майлуу-Суу шаарынын СЭСинин талабы боюнча 10 күндө кеминде бир жолу (кыш мезгилинен башка убакта) ТТКны чыгаруучу адистешкен ишкана жана баланста кармоочулар тарабынан дезинфекцияланып, жуулуп-тазаланышы шарт
3.12.Шаар көчөлөрүндө, базарларда, парктарда, скверлерде, эс алуу зоналарында, билим берүү, саламаттыкты сактоо мекемелеринде, калк массалык баруучу башка жайларда, көп кабаттуу турак жайларда, шаардык жүргүнчү ташыган унаалар аялдамаларында, шаарда иштеп турган бардык мекеме-ишканалардын, чарбалык субъекттердин, соода жана тейлөө объекттеринин кире беришинде урналар болууга тийиш Урналар ушул Эрежелерге ылайык өзүнө бекитилген жана курчап турган аймактарды кармаганга жооптуу жеке жана юридикалык жактардын өз каражаттарынын эсебинен орнотулат
Базарларда, парктарда, скверлерде жана калк массалык баруучу башка жайларда урналар бири-биринен 50 метр аралыкта орнотулат
Шаардагы көчөлөрдө урналар бири-биринен 100 метр аралыкта орнотулат
Көп кабаттуу үйлөрдүн короолорунда ар бир кире беришке (подъездге) орнотулат
Шаардык жүргүнчү ташуучу унаалардын аялдамаларына жана мекеме, ишкана, чарбалык субъекттердин, соода жана тейлөө объекттеринин кире бериштерине кеминде эки урна орнотулат
Урналарды тазалоо алар толгонуна жараша баланста кармоочу тарабынан күнүнө эки жолудан кем эмес жүргүзүлөт Урналарды чайкап-жууш иши алардын булганганына жараша аптасына эки жолудан кем эмес жүргүзүлөт Шаардык жүргүнчү ташуучу унаалардын аялдамаларына орнотулган урналар аялдамаларды тазалоону жүргүзүүчү ишканалар тарабынан, ал эми соода жана тейлөө объекттеринде орнотулган урналар соода жана тейлөө объекттеринин ээлери жана ижарачылары тарабынан тазаланат жана жуулат
Урналарды сырдоо баланста кармоочулар тарабынан жылына бир жолу (жыл сайын апрелде), ошондой эле зарылдыгына карап же мэриянын тийиштүү бөлүмүнүн жана Майлуу-Суу шаарынын СЭС инспекторлорунун көрсөтүүсү менен жүргүзүлөт
3.13.Санкцияланбаган таштанды төгүүчү жайлардын пайда болушуна, калдыктардын өрттөлүшүнө күнөлүү атуулдар аракеттеги мыйзамдарга ылайык административдик жоопкерчиликке тартылышат Санкцияланбаган таштандыларга жооптуу киши аныкталбаган учурда калдыктарды чыгаруу жана санкцияланбаган таштанды жайларды рекультивациялоо аймакка ээлик кылуучунун же жерден пайдалануучунун эсебинен ыйгарым укуктуу органдар аныктаган мөөнөттө жүргүзүлөт
4.1.Жалпы пайдалануудагы аймактарды санитардык кармоо жолдун өтүүчү тилкесин жана тротуарды дайыма таштандыдан тазалоону, шыпырууну, кышындасы–кардан, муздан тазалоону, кум чачууну, жай мезгилинде–жолду, тротуарды жуушту, газондорду сугарууну, орууну, жашыл бактарды, кичи архитектуралык формаларды кароону, башка да иш-чараларды билдирет
4.2.Ишканалар, мекемелер, уюмдар, чарбалык субъекттердин ээлери, көп батирлүү үйлөрдөгү турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлери, жеке турак жай ээлери күн сайын бөлүнүп, бекитилип берилген, курчап турган аймактарды (4.41 пунктуна ылайык) өз эсебинен өз алдынча санитардык тазалоого, бул үчүн жалданма кызматкерлерди тартууга же акы төлөп берүү шарты менен атайын адистешкен ишкана менен келишим түзүүгө милдеттүү
Таштандыларды топтоону ТТКны чыгарууга адистешкен ишкана менен келишимге ылайык гана жүргүзүү зарыл
4.3.Шаар аймактарындагы жыйнаштырууну уюштуруу ушул Эрежелерге, Майлуу-Суу шаардык мэриясынын инструкцияларына жана технологиялык сунуштамаларына ылайык жүргүзүлөт Жыйнаштырууну уюштуруу жоопкерчилиги «Горжилзеленстрой» МБга, муниципалдык-аймактык башкармалыктарга, турак жай ээлеринин шериктештигине, үй жана кварталдык комитеттерге, турак жай ээлерине алардын ыйгарым укуктарына жараша жүктөлөт
4.3.1 «Горжилзеленстрой» МБ шаардык көчөлөрдүн, аянттардын, парктардын, бульварлардын жана техникалык карта жана башка документацияларга ылайык муниципалдык буюртма боюнча башка аймактардын жыйнаштыруу иштерин уюштурууга жана жүргүзүүгө, анын ичинде газондордо жана сугат системасында кокусунан пайда болгон таштандыларды жыйноого, ошондой эле муниципалдык буюртма менен жүргүзүлүүчү көчөлөрдөгү кургап турган сугат тармактарын шыпырууга жоопту
4.3.2 «Горжилзеленстрой» МБ парктардагы, скверлердеги, газондордогу, жолдун бойлорундагы «Горжилзенленстрой» МБ балансында турган сугат тармактарын толук кандуу тазалоону (жаз жана күз мезгилинде) уюштурууга жана жүргүзүүгө, аларды мыкты тартипте кармоого, ошондой эле суу өткөрүүчү көпүрөлөрдү, өткөөлдөрдү тазалоого жана ошол иштердин жыйынтыгында пайда болгон таштандыларды чыгарууга жооптуу
4.3.3.Майлуу-Суу шаарынын мэриясы санитардык тазалоо боюнча муниципалдык буюртмага кирбеген кичи райондордо, кварталдар ичинде, короолордо жана башка аймактарда, ошондой эле “Горжилзеленстрой” муниципалдык мекемеси тарабынан санитардык тазалоо жүргүзүлгөн көчөлөрдө, тротуарлардын сырткы жээгинен кичирайондорго, кварталдарга, турак жай жана административдик имараттарга, чарбалык субъекттерге карап, ушул Эрежелерге ылайык жыйноо иштерине курчап турган жана бекитилген аймактарды, менчигине карабастан бардык чарбалык субъекттерди, тейлөөчү турак жай-эксплуатациялык мекемелерди, ошондой эле жеке жана көп батирлүү үйлөрдө жашаган калкты тартуу менен жалпы жыйноо иштерине жоопкер болот
4.3.4.Администрация менен биргеликте муниципалдык-аймактык башкармалар да жеке жана көп кабаттуу үйлөрдү курчап турган аймактарды, ээлерине бекитилип берилген жер участкаларын, короо жайларды, калкты, турак жай-эксплуатациялык уюмдарды, турак жайларда жайгашкан турак жай ээлеринин шериктештиктерин, ошондой эле чарбалык субъекттердин ээлерин тартуу менен жыйноо иштерин жүргүзүүгө жоопкер
4.4.Жыйноо иштерин жүргүзүү, аймактарды көрктөндүрүү, жашыл өсүмдүктөрдү жана сугат тармактарын кароо иштери боюнча жоопкерчилик төмөнкүлөргө жүктөлөт:
4.4.1.Баланс кармоочуларга, имараттардын жана жабдуулардын менчик ээлерине, жер иштетүүчүлөргө жана жерге ээлик кылуучуларга, тийиштүү муниципалдык мекемелерге, жеке турак жай үйлөрүнүн ээлерине жана жалдоочуларына, көп кабаттуу үйлөрдөгү турак жай жана турак жай эмес жайлардын менчик ээлерине, алар өздөрүнө бекитилип берилген аймактардын, короо-бактардын жана тамаркалардын чегинде көчөлөрдү, аянттарды, суу бойлорун, көрпүрөлөрдү, базар аянтчаларын, жол өткөөлдөрүн, тротуарларды, короолорду, парктарды, скверлерди, дайыма тазалап турууга, жашыл өсүмдүктөрдү жана сугат системасын кароого, анын ичинде:
- узунунан–имараттарды, менчик турак жайларды же участкаларды курчап турган аймактарда;
- туурасынан–жолдун же аянттын өтүүчү бөлүгүндө, эгер бир тараптуу курулуш болсо-өтүүчү жолдун толук кеңдигинде, каршы жакта турган тротуарды кошо.
4.4.2.Суунун боюна кептелген аймактарды жыйноо, жыйноо иши толук кеңдикте, анын ичинде тротуарлар менен сууга түшө бериштеринде да жүргүзүлөт
Жыйноо иштери эртең мененки саат 7де бүткөрүлүшү керек, ал эми зарыл тазалык күн бою камсыз кылынышы тийиш
4.4.3.»Горжилзеленстрой» МБ жолдордун өтүүчү бөлүгүн, көчөлөрдү жана аянттарды, тротуарларды, коомдук унаа каражаттарынын аялдамаларын (ижарага алынгандарынан башкасын) жана башка муниципалдык аймактарды, анын ичинде газондордогу жана сугат тармактарындагы кокусунан пайда болгон таштандыларды тазалайт
4.4.4.Шаардыктардын массалык эс алуучу жайларын жыйноо жана кароо ошол аймак бекитилип берилген ишканалар тарбынан жүргүзүлөт
4.4.5.Жамгыр сууларын топтоочу кудуктар, сел канализацияларын, унаа жолдорун жана жөө өтүүчү көпүрөлөрдү, жолдогу көлдөлөң түтүктөрдү «Горжилзеленстрой» МБ тазалайт
4.4.6.Тротуарларды жууш, короо аймактарын, жашыл бактарды жана газондорду кароо, анын ичинде бактар менен бадалдардын сөңгөгүн айланта казып коюу, куураган чөптөрдү оруу жана отоо чөптөргө каршы күрөшүү, газондорду эгүү, аймактарды жашылдандыруу, ошондой эле жашыл фонду сактоо ушул Эрежелердин 2.27 жана 4.4.1 пункттарына ылайык ишканалар жана жарандар аркылуу жүргүзүлөт
4.4.7.Коомдук ажатканаларды кароо жана тейлөө «Горжилзеленстрой» МБга, жеке менчик ээлерине жана ижарачыларга жүктөлөт
4.4.8.Жашылдандыруу объекттерин (парктар, скверлер, газондор ж.б.) кароо ошол объекттер балансында турган «Горжилзеленстрой» МБ тарабынан жүргүзүлөт
4.4.9.Тротуарлардын газон жагын жана газондорду, жолдорду көрктөндүрүүнүн башка да элементтерин жыйноого ошолор балансында турган ишкана жоопкер
Бул иштер аткарылган соң таштандыларды жолдун өтүүчү бөлүгүнө, өткөөлдөргө чыгарып салууга тыюу салынат
4.4.10.Убактылуу көчө соода жайларын, соода объекттеринин (соода павильондору, бат кураштырылуучу соода комплекстери, чатырлар, күркөлөр ж.б.) айланасындагы аймактарды 10 метр радиуста, ал эми базарларды, соода-базар комплекстерин 50 метр радиуста тазалоо ошол соода объекттеринин ээлерине жүктөлөт
Идиштерди айланадагы газондорго, соода чатырларынын, күркөлөрдүн үстүнө жыйып коюуга тыюу салынат
4.4.11.Көптөн бери пайдаланылбаган жана өздөштүрүлбөгөн аймактарды, курулуштары алынып салынган аймактарды жыйноо жана кароо жоопкерчилиги ошол аймак бөлүнүп берилген жер пайдалануучуларга же жер ээлерине, курулушту алып салган подряддык ишканаларга жүктөлөт
4.4.12.АЗСтарга кирген жана чыккан аймактарды, унаа жуучу постторду, май куюучу комплекстерди жана курчап турган аймактарды (кеминде 15-метрлик зонада) жана ага кире бериш жайларды жыйноо жана кароо ошол объекттердин баланс кармоочуларына жүктөлөт
4.4.13.Сырткы жарыктандыруу мамыларынын жана түркүктөрүнүн жана тротуарларда жайгашкан байланыш тармагынын айланасын кол менен тазалоо тротуарларды тазалоого жоопкер ишканага жүктөлөт
4.4.14.Трансформатордук жана бөлүштүрүүчү подстанцияларды, башка да автоматтык режимде иштеген (тейлөө персоналы жок) инженердик жабдууларды курчап турган аймактарды, ошондой эле ЛЭП түркүктөрүнүн айланасын жыйноого ошол объекттер караган баланс кармоочуларга жүктөлөт
4.4.15.Унаа токтогон жайларда, унаа бекеттеринде, гараждарда ж.б. анын ичинде акылуу жайларда да тирилик калдыктарын, карды жыйноо жана чыгарып кетүү ошол объекттер караган баланс кармоочуга жүктөлөт
4.4.16.Ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин, башка да чарбалык субъекттердин (заводдун ичиндеги, короо ичиндеги) аймактарды, ошондой эле аларды курчап турган аймактарды (участканын, тосмонун, имараттын чек арасы), аларга келүүчү жолду жыйноо жана кароо – ошол объекттер менчигинде, ижарасында же балансында турган ишкананын, мекеменин уюмдун администрациясына жүктөлөт
4.4.17.Короо жайларды, ички короо өткөөлдөрүн жана тротуарларды ыпыр-сыпырлардан тазалап шыпыруу, аларды жууп-тазалоо турак жай ээлеринин шериктештиктери, ТОСтор же подряддык турак жай-эксплуатациялык уюмдардын кызматкерлери тарабынан алар менен көп батирлүү үйлөрдө жайгашкан турак жай жана турак жай эмес имараттардын ээлеринин ортосунда түзүлгөн келишим боюнча жүргүзүлөт, алар жумушту механизациялаштырылган түрдө же кол менен эртең мененки саат 8ге чейин аткарышат Аймактагы тазалык күн бою камсыз кылынат
4.5.Эгер талаш маселе келип чыкса, уюмдар, ишканалар, мекемелер, ижарачылар ортосундагы тазалануучу аймакты аныктоо мэрия тарабынан УМС жана «Горжилзеленстрой» МБ (жер жана курчап турган аймакты пайдалануу келишимдерин эске алуу менен) менен бирдикте алар менен жыйноонун келишилген схемалык картасын түзүү аркылуу ишке ашырылат
4.6.Шаар аймактарын жыйноо күнүнө бир жолу: саат 7.00гө чейин жүргүзүлөт Унаа кыймылы интенсивдүү болгон магистралдарда жана көчөлөрдө жыйноо иштери түнкү убакта саат 23төн саат 6.00гө чейин жүргүзүлөт
Талаптагыдай тазалык күн бою камсыз кылынышы зарыл
Короо жайларды, атуулдар массалык баруучу жайларды (базарлар аймактарын, соода зоналарын ж.б.) жыйноо жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлөт
4.7.Аба-ырайынын экстремалдуу көрүнүштөрүнүн шартында (нөшөр жаан, кар, тайгалактык ж.б.) жыйноо иштеринин режими Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын, Майлуу-Суу ШИИБнин жол коопсуздук бөлүмүнүн көрсөтмөлөрүнө, Майлуу-Суу шаарынын мэриясы тарабынан зарылдыгына карап түзүлгөн шаар мекемелеринин аракеттерин координациялоо тобунун ыкчам чечимдерине ылайык аныкталат
Ыкчам топтун (штабдын) чечимдери бардык жеке жана юридикалык жактар тарабынан аткарылууга милдеттүү
4.8.Шаардык агынды суу тармактарынын байкоо салуучу жана жамгыр сууларын топтоочу кудуктарын алдын ала изилдөө жана аларды тазалоо бул жабдуулар балансында турган коммуналдык ишканалар жана уюмдар тарабынан такталган график боюнча, бирок квартал сайын кеминде бир жолу жүргүзүлөт
Агынды суулар канализациясынын агындыларга кептелип калышын болтурбоо максатында жамгыр суусун топтоочу кудуктарга шыпырындыларды жана тирилик калдыктарын таштоого тыюу салынат
Жамгыр сууларын топтоочу кудуктар системасы (анын ичинде торчолору) дайыма оң абалда иштеп турушу ылаазым Кудуктардын жана торчолордун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн азайтуучу булгоолорго жана ылайкалоолорго жол берилбейт
Жаан катуу жааган кездерде жолдордун, тоннелдердин (агынды суу тармагынын бузулушу менен) өтүүчү бөлүгүн суу каптоо учуру байкалганда суу каптоону жоюу чаралары «Горжилзеленстрой» МБ күчү менен ишке ашырылат Суу каптоолор сууну коё бергенден (сууну котловандан сордуруп алгандан, суу түтүтөрүндөгү авариялардан ж.б улам) пайда болгон кезде аны жоюу чаралары (кышында муздарды чагуу жана чыгаруу) ошол нерсеге айыптуу болгон ишкананын эсебинен жүргүзүлөт
4.9.Дарыялардын жана каналдардын акваториясындагы, коллектордук-дренаждык тармактардагы таштандыларды жыйноо «Горжилзеленстрой» МБ күчү менен жүргүзүлөт
4.10.Бактарды кыюу жана аларды ташып чыгаруу сөңгөктөгү шактарды кыркуу жана куурап калгандарын, жыгылгандарын, декоративдүүлүгүн жоготуп койгондорун алып салуу менен алектенген уюмдар (мунициалдык аймактарда–«Горжилзеленстрой МБ, мамлекеттик жана жеке менчик аймактарда–иштин ушул түрү боюнча тажрыйбасы бар башка уюмдар, же акылуу келишим менен «Горжилзеленстрой» МБ) тарабынан жүргүзүлөт
Чыгарып салуу негизги көчөлөрдүн жана магистралдын боюндагы жашылдандырылган аймактарда жумушчу күн ичинде, ал эми экинчи даражадагы көчөлөрдөн жана короо-жайлардан чыгаруу сутканын ичинде жүргүзүлөт Куурап калган жана жыгылган бактарды кесүүдөн калган таарындылар, калдыктар негизги көчөлөр менен магистарлдарда сутканын ичинде, экинчи даражадагы көчөлөрдө жана короо жайларда үч сутканын ичинде чыгарылып кетиши зарыл.
Жыгылган бактар жолдун өтүүчү бөлүгүнөн, тротуарлардан, электр берүүчү линиялардан, турак жай фасаддарынан жана өндүрүштүк имараттардан аймакты баланста кармоочулар тарабынан дароо, ал эми башка аймактардан–ал белгилүу болгондон баштап 6 сааттын ичинде чыгарылышы керек
4.11.Шаарды жашылдандыруу, көрктөндүрүү, жаш көчөттөрдү багып өстүрүүдө мал-жандыктардан коргоо, сактоо максатында мал-жандыктардын ээлери менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү шаардык администрациянын, ТОСтордун, жашылдандыруу, көрктөндүрүү мекемесинин адистери, муниципалдык токой чарба адиси жана участкалык милиция кызматкери тарабынан жүргүзүлүшү зарыл.
5.1.Көчөлөрдүн өтүүчү бөлүгүн жана өткөөлдөрдү күз-кыш мезгилинде жыйноо ушул Эрежелердин талаптарына ылайык жүргүзүлөт
5.2.Күз-кыш мезгилиндеги жыйноо 1-сентябрь-1-март айлары менен аныкталат Аба-ырайынын кескин өзгөрүшү болгондо (кар, суук) кышкы жыйноонун мезгилдик мөөнөтү биринчи вице-мэр жана Майлуу-Суу шаарынын ШИИБнин жол коопсуздук бөлүмү тарабынан өзгөртүлөт
5.3.Күз-кыш мезгилиндеги ишке жыйноочу техниканы даярдоо боюнча иш-чаралар баланста кармоочулар тарабынан агымдагы жылдын 1-ноябрына чейин жүргүзүлөт
5.4.Шаар аймагын тазалоого жооп берген мекемелер (буюртмачылар жана подряддык уюмдар) 1-ноябрга чейин музга каршы зарыл материалдарды керектүү өлчөмдө даярдап, ташып жана жыйып коюшу зарыл
5.5.Кыш мезгилинде таман жолдор, отургучтар, урналар, кичи архитектуралык формалар жана башка элементтер, ошондой эле аларды курчап турган аймактар, баруучу жолдор кардан жана муздан тазаланышы керек
5.6.Объекттердин жана (же) аймактардын менчик ээлери, ээлик кылуучулары же пайдалануучулары, «Горжилзеленстрой» МБ тротуарларды, жөө каттам жолдорун, өткөөлдөрдү, бекитилген жана курчап турган аймактардагы унаа токтотуучу жайларды, кардан жана катып калган муздардан тазалашы милдет Муз каптоо жүз берген кезде аймак инерттик материалдар (кум, шагыл таш ж.б.) менен иштетилет
Көчөлөрдүн өтүүчү бөлүгүн жана аянттарды кардан жана муздан тазалоо «Горжилзеленстрой» МБ күчү менен жүргүзүлөт «Горжилзеленстрой» МБ, баланс кармоочулар жана түзүлгөн келишимдерге ылайык көп кабаттуу үйлөрдүн алдындагы участкаларды тейлөөчү адистешкен ишканалар бекитилген аймактагы кардан жана муздан тазалоону кол күчү менен же кар жыйноочу механизм же автоунаалар менен жүргүзүшөт
Тротуарлардан, көчөлөрдөн, аянттардан, скверлерден жана бульварлардан карды жана музду жыйноо жана чыгарып кетүү иши унаалардын жана жөө кишилердин кыймылынын үзгүлтүксүздүгү үчүн биринчи кезекте магистралдык көчөлөрдөн, аялдамалардан жана кайрылып бурулуучу аянтчалардан, көпүрөлөрдөн, тротуарлардан башталат
5.7.Көчөлөрдүн өтүүчү бөлүгүндөгү жана өткөөлдөрдөгү, тротуарлардагы жана короо жайлардагы жыйноо иштеринин технологиясы жана өндүрүштүк режими аба-ырайынын шартына карабастан унаа каражаттарынын жана жөө кишилердин үзгүлтүксүз кыймылын камсыз кылышы керек
Жолдордогу суу түтүктөрүнүн жана канализация тармагынын авариясынан улам пайда болуп, катып калган муздарды алып салуу ошол көйгөйгө айыптуу эсептелген ишкананын эсебинен дароо ишке ашырылат
Жаңы жааган кардан улам көчөдө, аянттарда, скверлерде пайда болгон кар үймөктөрүн жана шилендилерин сүрүп таштоо көчөнүн кеңдигине жана андагы кыймылдын мүнөзүнө карап чечилет Кар үймөктөрү жөө кишилердин жана унаалардын жүрүшүнө тоскоол болбосун үчүн жолдун өтүүчү эки тарабына тең тротуарды бойлото бордюрдан 0,5 метр аралыкта төшөлсө болот Топтолгон кар үймөктөрү өз кезегинде атайын ажыратылган жайга чыгарылып кетет
5.8.Көчөлөрдүн жана өткөөлдөрдүн жүрүүчү бөлүгүнө кварталдардын ичинен, короо жайлардан, ишканалардын, уюмдардын, курулуш аянттарынын, соода объекттеринин аймагынан тазаланып-чыгарылган карды чыгарып же сүрүп салууга тыюу салынат
5.9.Көчөлөрдү кышта тазалоо.
5.9.1.Жолдорду кышында тазалоого айрым технологиялык операциялар боюнча талаптар
5.9.2.Шаар көчөлөрүнүн өтүүчү бөлүгүн музга каршы материалдары менен иштетүү кар жаап басылгандан кийин эле дароо башталышы зарыл
5.9.3.Сутка бою нөөмөттө турган жана музга каршы материалдар жүктөлгөн бардык машиналар анык бир көчөлөргө жана өткөөлдөргө бөлүнүшөт (иштин маршруттук графиги) Маршруттук графиктин нускасы айдоочуга жолдомо кагаз менен кошо берилет
5.9.4.Карды жыйнагандан кийин биринчи кезекте унаа жүрүшү үчүн өтө коркунучтуу болгон участкалар жана көчөлөр–тик ылдыйыштар жана жондор, эстакадалар, тоннелдер, көчөлөр кесилишиндеги тормоздук аянттар жана коомдук унаалардын аялдамалары музга каршы материалдар менен иштетилет
«Горжилзеленстрой» муниципалдык мекемеси тарабынан милдеттүү түрдө музга каршы биринчи кезекте иштетилиши зарыл болгон көчөлөрдүн участкаларынын тизмеси түзүлөт Бул тизме жана маршруттук график Майлуу-Суу ШИИБнин жол коопсуздук бөлүмү менен макулдашылат
5.10.Кардан тазалоо
5.10.1.Жолдун өтүүчү бөлүгүн кардан механизациялык тазалоо жолдун үстүндө 2,2-3,0 сантиметр борпоң кар массасы турган кезде башталышы зарыл, ал жаңы жааган, таптала элек кардын 5 сантиметрине барабар болот Узакка жааган карда жолдун өтүүчү бөлүгүн механизациялык кардан тазалоо иши жааган кар 5 сантиметрге жеткен сайын жүргүзүлө берет
5.10.2.«Горжилзеленстрой» МБнын бир райондук участкасы тейлеген бардык көчөлөрдү жана өткөөлдөрдү тазалоого кеткен убакыт үч сааттан (механизациялык тазалоонун бир цикли) ашпоосу керек
5.10.3.Узакка созулган интенсивдүү кар жааган кезде «себүү-тазалоо» технологиялык циклинин убактысы 6 сааттан ашпоосу керек
Кар токтобой жааган кезде «Горжилзеленстрой» МБ тарабынан сутканын ичинде үчтөн кем эмес «себүү-тазалоо» технологиялык толук кандуу цикли жүргүзүлүшү керек, башкача айтканда, иш жүзүндө шаар көчөлөрүндө унааларга күйүүчү май куюу жана айдоочуларды тамактандырууга кыска убакыт (бир саатка жетпеген) бөлүп, калган убакта кар жыйноочу машиналар шаар көчөлөрүндө тынымсыз иштеши керек болот
5.10.4.Тазалоонун кезектеги цикли аяктаган соң көчөлөрдүн жана өткөөлдөрдүн ноолорунда кар үймөктөрүн көтөрүү, шаардык жүргүнчүлөр унааларынын аялдамаларында жана жер үстүндөгү жөө өтүүчү жайларда карды тазалоо иштерин баштоо керек
5.10.5.Жолдун өтүүчү бөлүгү механизациялык тазалангандан кийин кар тоңгогунан жана муздан толугу менен тазаланышы зарыл
5.11.Кар үймөктөрүн жасоо.
5.11.1.Көчөлөрдүн жана өткөөлдөрдүн өтүүчү бөлүгүнөн, ошондой эле тротуардан тазаланган кар көчөнүн жана өткөөлдөрдүн четки ноо жагына убактылуу жыйып туруу үчүн үймөктөлөт.
Кар үймөктөрүн жасоого төмөнкү учурда жол берилбейт:
- жолдун, көчөнүн, өткөөлдүн кесилиш жерине;
- жолдордун унаалар менен жабдылган тосмолору же жогору бордюру бар участкаларында;
- тротуарларга
Жол четиндеги кар үймөктөрүнүн кеңдиги 1,5 метрден ашпоосу керек Кар үймөктөрү жүк машиналарына жүктөлүүгө даярдалышы зарыл
Кар үймөктөрүн даярдоонун убактысы кар жаап бүткөндөн кийин 24 сааттан кеч болбоосу керек
Жол четинде кар үймөктөрүн жасоодо карды тротуарга же газонго чыгарып салууга жол берилбейт
5.12.Бир багыттагы кыймылдуу көчөлөрдө жана өткөөлдөрдө жолдун өтүүчү бөлүгүн шыпыруу башталган четки ноо жагындагы 2 метрлик зона бүтүндөй кыш мезгили ичинде дайыма кардан жана муздан тазаланып турушу ылаазым
5.13.Кар үймөгүн сактап туруу мезгилинде жана мүмкүн эрип баштаган кезде (эринди сууларды өткөрүү), ошондой эле карды чыгаруу иштеринин убагында жол четиндеги 0,5 метр аймак тазаланышы абзел
5.14.Тротуарларды, жүргүнчүлөр ташуу унаалар аялдамасынын отуруучу аянттарын, жөө каттам жолдорун жыйноо:
5.14.1.Кар жааган жана муз каптаган мезгилде тротуарлар жана башка жөө каттам зоналары музга каршы материалдар менен иштетилиши зарыл «Горжилзеленстрой» МБга, баланс кармоочуларга жана тузүлгөн келишимдерге ылайык көп кабаттуу турак үйлөрүнүн алдындагы участкаларын тейлөөчү уюмдарга бекитилген тротуарлардын бардык аянттарын тазалоо убактысы кар жаай баштагандан тартып 2 сааттан ашпоосу керек
5.14.2.Тротуарлардагы, жөө каттам жолдорундагы жана отуруучу аянтчалардагы кар жыйноо иштери (механизациялык шыпыруу жана кол менен тазалоо) кар жаап бүткөн соң дароо башталат Узакка созулган интенсивдүү кар жааган кезде кар тазалоо жана музга каршы материалдар менен иштетүү цикли кардын ар бир 5 сантимер жааганында кайталана бериши зарыл
5.14.3.Кар катуу жааган кезде (саатына 1 сантиметрден ашык) тротуарлар жана көпүрөлөрдүн шаты жабдуулары музга каршы материалдар менен иштетилип, жөө кишилердин өтүшү үчүн өткөөлдөр тазаланышы тийиш
5.15.Короо жайларды кышкы тазалоо:
5.15.1.Тротуарлар, короо жайлары жана өткөөлдөр кардан жана муздан тазаланышы керек Муз (тайгалак) пайда болгон кезде майда шагыл менен 2 мм фракция иштетилет
5.15.2.Короо жайлардан, ички кварталдык өткөөлдөрдөн тазаланган карды короо жайларга, унаалардын жана жөө кишилердин өтүшүнө тоскоолдук кылбаган жерлерге үйүп коюуга уруксат берилет Карды үйүп жатканда жашыл бактарга зыян келтирүүгө жол берилбейт Короо жайларда карды үймөктөгөн кезде кар эриндиси кайда кетерин эске алуу зарыл
6.1.Жазгы-жайкы тазалоо мезгили 1-март-1-сентябрь аралыгы менен аныкталат
Аба-ырайынын кескин өзгөрүшү жүз бергенде мэриянын көрсөтмөсү менен жайкы тазалоонун мөөнөттөрү өзгөрүшү мүмкүн Жазгы-жайкы мезгилге жыйноо техникаларын даярдоо иш-чаралары Майлуу-Суу шаарынын мэриясы жана ШИИБнын жол коопсуздугу кызматы аныктаган мөөнөттөрдө жүргүзүлөт
6.2.Жолдун өтүүчү бөлүгүн жууп жатканда суунун шары менен шыпырындыларды тротуарга, газондорго, отуруучу аянтчаларга, шаардык жүргүнчүлөр унааларынын аялдама павильондоруна, жакын жайгашкан имараттардын фасадына, соода объекттерине жана башка жайларга өткөрүп таштоого жол берилбейт
6.3.Жалбырактар түшүү мезгилинде бекитилген аймактарды тазалоого жооптуу уюмдар көчө жана магистралдардын бойлорундагы, короо жайлардагы газондорго түшкөн жалбырактарды жыйнап, чыгаруу иштерин жүргүзүшөт Жалбырактарды бактардын жана бадалдардын түбүнө шыпырып салууга жол берилбейт
7.1.Өтүүчү бөлүгү толугу менен булганычтардан тазаланышы жана жуулушу зарыл
7.2.Нугу жана жөнгө салуучу линиялары көрсөтүлгөн резерв тилкелери дайыма кумдан жана ар кайсы майда калдыктардан тазаланып турушу зарыл Шыпырып-тазалоочу машиналардын ишинин циклдеринин ортосундагы булганып калуу көлөмү 1 чарчы метр аянтка эсептегенде 50 граммдан ашпоосу керек
7.3.Тротуарлар жана анда жайгашкан жүргүнчү ташуучу унаалардын аялдамаларынын отуруучу аянтчалары топурак-кум шилендилеринен, ар кандай таштандылардан тазаланышы жана жуулушу зарыл
Жыйноо циклдеринин ортосунда пайда болуучу айрым кум жана майда таштандылар менен булганууларга жол берилет
Мындай булгануулардын жалпы көлөмү 1 чарчы метрге эсептегенде 15 граммдан ашпоосу керек
7.4.Жол жээктери ири көлөмдөгү жана башка таштандылардан таза болушу ылаазым
7.5.Темир тосмолор, жол белгилери жана көрсөткүчтөрү жуулушу зарыл. Чөптүн өсүү бийиктиги 15 сантиметрден ашпоосу керек
8.1.Юридикалык жана жеке жактар, жеке ишкерлер Майлуу-Суу шаарынын бардык аймактарында, анын ичинде жалпы пайдалануудагы аймактарда жана жеке курулуш аймактарында да тазалыкты жана тартипти сактоолору тийиш, көрктөндүрүү элементтерин (жолдорду, тротуарларды, кичи архитектуралык формаларды, сырткы жарыктандырууну, сугат тармактарын) да бүлдүрбөстөн жана бузбастан, ар кайсы менчиктеги объекттерге этияттык менен мамиле жасашы абзел
8.2.Майлуу-Суу шаарынын аймагында тирилик жана курулуш таштандыларын, өндүрүштүк калдыктарды, идиштерди, кесилген бактарды, жалбырактарды, карды ой келди таштай берүүгө жол берилбейт.
Көчөлөрдү, аянттарды, парктарды, скверлерди жана башка коомдук жайларды булгоого тыюу салынат Арык жана коллектор-дренаждык тармактарга шыпырындыларды жана таштандыларды ыргытууга, булганыч сууларды төгүүгө тыюу салынат
8.3.Майлуу-Суу дарыясынын нугунан өз алдынча шагыл казууга жана алып чыгып кетүүгө тыюу салынат
8.4.Урналарды, көчөнү жарыктандыруучу чырактарды, эстеликтерди, отургучтарды жана башка кичи архитектуралык формаларды бүлдүрүүгө жана жок кылууга тыюу салынат
8.5.Таштандыларды, жалбырактарды, идиштерди, автоунаа дөңгөлөктөрүн, өңдүрүштүк калдыктарды өрттөөгө, от жагууга, жер участкаларында, анын ичинде ишканалардын жана жеке менчик үйлөрдүн ички аймактарында да таштандыларды көмүүгө тыюу салынат
8.6.Жеке менчик унаалардын ээлерине кыш мезгилинде көчөлөрдүн жана өткөөлдөрдүн өтүүчү бөлүгүн унаа токтотуучу жана коюп коюучу жай катары узакка ээлеп алууга тыюу салынат Ички кварталдык аймактарда унаа каражаттарын сактоо же токтотуп коюу бир гана катарда жол берилет, ошол эле кезде жыйноочу жана атайын техниканын өтүшүнө тоскоолдук келтирбеши керек
Жүк ташуучу автоунааларды, анын ичинен жеке менчик унааларды, сактоого жана токтотуп коюуга гараждарда, унаа токтоочу жайларда же автобазаларда гана жол берилет
Шаар аймагында атайын бекитилген аймактардан башка жайларда унаа каражаттарын жууганга, тазалаганга тыюу алынат
8.7.Майлуу-Суу шаардык унаа ишканасы жана унаа чарбасы унааларды линияга таза жана оң абалда чыгарууга, автобустарды жана маршруттук таксилерди ар бир рейстен кийин акыркы токтогон жерлерде нымдап тазалоону жүргүзүүгө милдеттүү
8.8.Топурак, таштандыларды, төгүлүүчү курулуш материалдарын, жеңил идиштерди, жалбырактарды, бактардын кесиндилерин (таарындыларды) брезент же жолдорду булгаганга жол бербеген башка материалдар менен жаппай туруп ташууга тыюу салынат
8.9.Капиталдык эмес объекттердин (автоунаа токтоочу жайлар, бокстук гараждар, ангарлар, көмөкчү кампа курулуштары, жабдуулар, соода жана тейлөө объекттери) бекитилген аймакты санитардык тазалоо жана жыйноо боюнча келишим түзүүлөрү керек
Металл гараждарынын ээлери бул иштерди өз эсептеринен жүргүзүүлөрү тийиш
8.10.Газондорго, клумбаларга, гүл салгычтарга, балдар аянтчаларына, сугат жана коллектордук-дренаж тармактарына ар кайсы түрдөгү объекттерди, ошондой эле сугат тармактарынын жакшы иштешин болтурбай кысып коё турган түтүктөрдү жайгаштырууга тыюу салынат
8.11.Шаарды жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана отургузулган жаш көчөттөрдү өстүрүүдө тоскоол болбогондой, б.а шаардын айлана-тегерегинде жашаган жеке-менчик үйлөрдүн мал-жандыктарынын дарактарды жана жаш көчөттөрдү кемирип, сындырып-бүлүндүрүүдөн сактоо максатында мал-жандыктардын ээлерине, мал-жандыктарын (уй, кой, эчки, эшек ж.б.) шаардын ичинде кайтарып, кармоого тыюу салынат
8.12 Мал-жандыктарды жаз айларынан тартып күз мезгилине чейин алыскы жайыттарда, жайлоодо багып кайтаруу мал-жандыктардын ээлерине милдеттендирилет
8.12.Автомобилдерди сактоо үчүн пайдаланылуучу объекттерди (металл тенттери, бастырмалар, гараждар ж.б.) жана көмөкчү курулуштарды, тосмолорду өз тартиби менен уруксат албай туруп өз алдынча орнотуп алууга тыюу салынат
8.13.Үй жандыктарын (ит, мышык ж.б.) сейилдетүү бул үчүн атайын бөлүнгөн жайларда ноктосу жана кыска чылбыры менен гана жүргүзүлөт
8.14.Бардык менчик түрүндөгү ишканалар, уюмдар, жарандар Майлуу-Суу шаарынын мэриясы уюштурган санитардык тазалоо жана көрктөндүрүү боюнча айлыктарга бекитилип берилген жана курчап турган аймактардын чектеринде катышууга милдеттүү
8.14.Ишканалардын, мекемелердин жетекчилери, балансында имараттары жана жабдуулары бар жеке турак жай ээлери, көп кабаттуу турак үйлөрдөгү турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлери ал жердеги фасаддардын, ошондой эле айрым элементтердин (балкон, лоджия, суу агуучу түтүктөр, тосмолор, металл дарбазалар ж.б.) реставрация, ремонт жана сырдоо иштерин жүргүзүүнү, фасаддарда орун алган маалыматтык таблицаларды, эс тутум тактайчаларын ж.б таза жана оң абалда кармоого милдеттүү
Имараттардын фасаддарын жана алардын конструкциялык элементтерин өз алдынча өзгөртүп алууга тыюу салынат
8.15.Турак жайлар, административдик, өндүрүштүк жана коомдук имараттар аншлагдар, ал эми турак жайлар, андан тышкары, подъезддердин жана батирлердин номерлери менен жабдылы тийиш Аншлагдар таза жана оң абалда кармалышы зарыл Алардын тазалыгына жана оң абалда экенине имараттын баланс кармоочулары жооптуу
8.16.Кыш мезгилинде имараттардын баланс кармоочулары (ижарачылары) тарабынан чатырдагы карды, музду жана салаңдап турган муздарды тазалоо өз убагында жүргүзүлүшү зарыл
Жөө каттам тарапка чыгып турган имараттын чатырын тоңуп калган муздардан тазалоо алар пайда болору менен дароо коркунучтуу участканы алдын ала тосмолоо менен жүргүзүлүшү абзел
8.17.Түшө турган жагы көчөгө карап турган чатырларды кардан, муздан тазалоо, аларды тротуарларга топтоо ишине сутканын жарык мезгилинде гана жол берилет Калган чатырлардан, ошондой эле жапыз чатырлардан карлар короо аймагынын ички тарабына түшүрүлөт
Карды түшүрөрдөн мурда тургундардын жана жөө кишилердин коопсуз өтүшүн камсыз кылган сактоо чараларын көрүү зарыл Имараттардын чатырынан түшүрүлгөн кар жана салаңдап турган муздар жолдун өтүүчү бөлүгүнөн жыйнаштырылып, жолдун өтүүчү бөлүгүн тазалоочу уюм (келишим боюнча) тийиштүү мекеме алып кетиши үчүн жолдун четине үймөктөйт
Карды, музду жана таштандыларды суу агып түшүүчү түтүккө таштоого тыюу салынат Чатырдан карды түшүрүү учурунда бактардын, бадалдардын, көчө жарыктандыруучу линиялардын, керилмелердин, жарнамалык конструкциялардын, светофор объекттерин, жол белгилерин, байланыш линияларын ж.б толугу менен сакталышын камсыз кылуучу чараларды көрүү керек
8.19.Курулуш аянтчаларын көрктөндүрүү жана кармоо, курулуш жана ремонт иштеринен кийин көрктүүлүгүн калыбына келтирүү ушул Эрежелер менен регламенттелет
8.20.Курулуш аянтчалары, курулуш материалдары боюнча өнөр жай объекттери (ЖБИ заводдору, аралашма түйүндөрү ж.б.) милдеттүү түрдө унаа дөңгөлөктөрүн тазалоочу (жуучу) пункттарды жабдышы зарыл Шаар аймагында унаалардын булганыч дөңгөлөгү менен топурак жана ылай ташуусуна тыюу салынат Курулуш, реконструкция жана ремонт объектинин чегинен беш метрлик зонада аймакты жыйноо жана кармоо жоопкерчилиги буюртмачыга жана башкы подряддык уюмга жүктөлөт.
8.21.Курулуш аянтчасында курулуш өндүрүшүнүн таштандыларын жана калдыктарын үймөктөө үчүн курулушту уюштуруу долбооруна ылайык атайын ажыратылган жайлар жабдылышы же топтогуч бункер орнотулушу зарыл
Атайын ажыратылган жайлардан башка жерлерде курулуш өндүрүшүнүн таштандыларын, топурактарын жана калдыктарын үймөктөөгө тыюу салынат
Курулуш материалдарын жана буюмдарын үймөктөөгө тосмолонгон курулуш аянтчасынын чектеринде гана жол берилет
8.22.Курулуш аянтчасын тосмолоо бекитилген нормативдерге ылайык көрүнүшкө ээ болушу, булганбастыгы, жуулушу зарыл, долбоордо каралбаган ачык жерлери, ар кайсы жабыштырылган нерселери, жарнама-жазылмалары болбоого тийиш, тосмолор узунунан периметр боюнча жарыктандырылышы ылаазым
8.23.Курулуштун токтотулуп коюлган объекттерин (узак мөөнөттүү курулуштар) кармоо жоопкерчилиги баланс кармоочуга (буюртмачы-куруучуга) жүктөлөт
8.24.Курулуштун буюртмачысы объекттин ишке берилишин долбоордо каралган аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чараларын толугу менен бүтүрүп, талаптагыдай тартипке келтирүү менен камсыз кылышы зарыл
8.25.Тышкы жарнама жана маалымат каражаттары Майлуу-Суу шаарында тышкы жарнама жана маалыматтарды жайгаштыруунун Эрежелеринин талаптарына ылайык тазалык менен жайгаштырылып, эстетикалык көрүмгө ээ болушу шарт, сутканын караңгы мезгилинде жарыктандырылып турушу зарыл
Аларды кармоо жоопкерчилиги уруксат берүүчү документтер наамына жазылган юридикалык жана жеке жактарга жүктөлөт
8.26.Жарнамалык инструкцияны кураштыруудан (бузуудан) кийин жарнама таркатуучу аймактын же жайгаштырылган объекттин көрктүүлүгүн төмөнкү мөөнөттөрдөн кечиктирбей калыбына келтириши зарыл:
-шаардын өзгөчө маанилүү зона аймактарында 2 суткада
Жарнама инструкцияларындагы сүрөттөрдү (плакаттарды) унаа каражаты менен газонго кирип баруу аркылуу алмаштырууга тыюу салынат
8.27.Имараттарга жана дубалдарга, шаардык жүргүнчү унааларынын аялдамаларына, жарыктандыруу мамыларына, бактарга кайсы бир кулактандырууларды же маалыматтык билдирүүлөрдү жабыштырууга жана жайгаштырууга тыюу салынат
Өз алдынча жайгаштырылган жарнамалык же башка кулактандырууларды, жазмаларды жана сүрөттөрдү бардык объекттерден (имараттардын жана жабдуулардын, дүкөндөрдүн фасаддарынан, байланыш тармактарынан жана жарыктандыруу мамыларынан ж.б.) алып салууну уюштуруу менчигинин түрүнө карабастан “Горжилзеленстрой” МБга, ошондой эле ошол объекттердин баланс кармоочуларына же ижарачыларына жарнама таркатуучулардын каражаттарынын эсебинен жүктөлөт
8.28.Шаардын аймагындагы борборлоштурулган майрамдык жасалгаларды жайгаштыруу жана алып салуу “Горжилзеленстрой” МБ тарабынан жүргүзүлөт
Майрамдык жасалгаларды жайгаштыруу жоопкерчилиги төмөнкүлөргө жүктөлөт:
-имараттардын фасадына мамлекеттик желектерди, фасаддарды жана витриналарды майрамдык жасагалоо Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын райондук администрацияларына, имараттардын баланс кармоочуларына жана ижарачыларына;
-шаар аймагындагы административдик имараттарды, көчөлөрдү жана магистралдарды, анын ичинде шаардык маанидеги өзгөчө зоналарды майрамдык жасалгалоо.
8.29.Шаар аймагында тышкы жарнама объекттерин жайгаштырууну координациялоо жана тартипке салуу көркөм-эстетикалык обликти эске алуу менен жүргүзүлөт
Тышкы жарнама продукциясын жайгаштыруу иши эсепке алынат жана бирдиктүү маалымат базасы түзүлөт
8.30.Көчөлөрдү, скверлерди, аянттарды, имараттарды жана жабдууларды курчап турган аймактарды тышкы жарыктандыруунун тармагын экплуатациялоо жана ремонттоо адистешкен уюмдар, ал объекттер балансында турган юридикалык жактар тарабынан жүргүзүлөт Муниципалдык менчикте турган тышкы жарыктандыруу тармагы “Горжилзеленстрой” МБ тарабынан тейленет
Жарыктандыруу тармагынын элементтерин экплуатациялоо, ремонттоо жана алмаштыруу мөөнөттөрү электр жабдууларынын Эрежелери жана башка да нормативдик документтер менен регламенттелет
8.31.Жаңы объектилерди куруу үчүн архитектуралык-планировкалык шарттарды берүүдө жана долбоордук документтерди макулдашууда бекитилген жана ажыратылган аймакты көрктөндүрүү маселесин эске алуу менен тышкы жарыктандыруу жагын караш керек
8.32.Көчөнү жарыктандыруу жабдыгы борбордук дистанциялык башкаруу жабдуусу менен камсыздалышы жана жарыктандыруу абалы көзөмөлдөнүп турушу ылаазым
Көчөлөргө, жолдорго, аянттарга, кичи райондордун аймактарына жана башка объекттерге жарыктандырууну берүү жана аны токтотуп коюу Майлуу-Суу шаарынын мэриясы тарабынан аба-ырайынын шарттарына ылайыктап түзүлгөн жана бекиткен графиктин негизинде жүргүзүлөт
Турак жайларынын кире бериштеринин, үйлөрдүн номерлерин жана көрсөткүчтөрүнүн түнкү жарыктандыруусун жана ошондой эле архитектуралык-көркөм системанын жарыктандырылышын берүү жана токтотуу көчөлөрдү жарыктандыруунун режиминде жүргүзүлөт
Көчөнү жарыктандыруунун, ошондой эле калган бардык тышкы жарыктандыруу түрлөрүнүн борборлоштурулган башкаруусу, эгер бул алар үчүн каралган болсо, башкаруунун негизги пункту иштен чыккан болсо, анда жарыктандырууну берүү жана токтотуу чектелген орундар боюнча жүргүзүлүшү камсыз кылынышы керек
Жер астындагы жөө каттам өткөөлдөрүндөгү иштебей турган чырактардын саны күндүзгү жана түнкү режимде иштеген чырактардын 10 пайызынан ашпоосу зарыл Өткөөлдөрдө кеминде 20 чырак иштеп турса, бир чырактын иштебей калышына жол берилет
8.33.Тышкы жарыктандыруунун жана контакттуу тармактардын металл мамылары, кронштейндери жана башка элементтери тазалыкта кармалып, коррозия булактары болбостугу зарыл жана зарылдыгына карап, бирок жылына үч жолудан кем эмес баланс кармоочулар тарабынан сырдалып турушу (сырдын түсү архитектура менен макулдашылат) маанилүү
8.34.Сымап (ДРЛ, ДРИ, ДнаТ, люминесценттик ж.б.) менен газразряддык иштен чыккан чырактар муну үчүн атайын ажыратылган жайда сакталат жана шаардык таштанды полигонуна жок кылуу үчүн чыгарылат
8.35.Шаар көчөлөрүндөгү демонтаждалган жана жыгылган мамылар–алар байкалган убактан тартып бир сутканын ичинде чыгарылат
8.36.Шаардык таштанды жайлары ага кирген бардык жабдуулары (көпүрөлөр, түтүктөр, автоунаа каражаттары) менен шаардык жол фондусун түзүшөт
Шаардык жолдордон пайдалануучулардын баары жана жол мекемелери ушул Эрежелердин талаптарын сактоого милдеттүү
8.37.Майлуу-Суу шаарынын милиция органдары жана ШИИБнин жол коопсуздук бөлүмү жолдорду сактоону камсыз кылууга көзөмөлдүктү жүргүзүшөт жана мэриянын ыйгарым укуктуу органдарына жолдордун, тышкы көрктөндүрүү жана жашыл чарбанын элементтеринин сакталышын камсыз кылуу жагынан көмөк көрсөтүшөт
8.38.Курулуш уюмдары курулуш башталганга чейин “Горжилзеленстрой” МБ же башка адистешкен ишкана менен таштанды чыгарууга келишим түзүшү жана жолдордун, тротуарлардын, жол жабдууларынын, жашыл өсүмдүктөрдүн, курулуш зонасында жайгашкан ирригациянын сакталышын камсыз кылышы, ошондой эле курулуш жүргүзүү процессинде жабыркаган көрктөңдүрүү жана жашылдандыруу элементтерин толугу менен калыбына келтириши керек
8.39.Жер астындагы инженердик коммуникациясы бар уюмдар тротуарларда, өтүүчү бөлүктөрдө жана башка да аймактарда орун алган люктардын, кудуктардын жол кыртышынын деңгээлинде болушуна, оң абалда жана жабык абалда турушуна көз алууга милдеттүү Эгерде бузулган же жабыркаган болсо, анда ошол жер астындагы коммуникация тиешелүү болгон уюм бир сутканын ичинде аны тосмолоп, оңдоп чыгышы абзел
8.40.Жол-ремонттоо иштерин жүргүзүү убагында асфальт калдыктарын чыгарып кетүүнү шаардын башкы магистралдарында ишти уюштуруп жаткан уюмдар дароо иш убагында, ал эми калган көчөлөрдө жана короо жайларда–сутка ичинде ишке ашырышат Асфальт-бетон калдыктарын газондорго же жашыл өсүмдүктүү участкаларга үймөктөөгө тыюу салынат
8.41.Жумуш бүткөн соң өтүүчү жолдорго жана тротуарларга, газондорго топуракты жана курулуш таштандыларын калтырып кетүүгө тыюу салынат
8.42.Автоунаа жолдору Майлуу-Суу шаарынын ШИИБнин жол коопсуздук кызматы тарабынан белгиленген тартипте иштелип чыккан жана бекитилген дислокацияга ылайык светофор объекттери, жол белгилери, тосмолор, разметка менен жабдылышы зарыл
Жол белгилерин ремонттоо, кармоо, ошондой эле жок белгилерди орнотуу иштери эксплуатациялоочу уюм жана баланс кармоочу, анын ичинде АЗС, унаа токтоочу жайлар жана башка ведомстволук уюмдар тарабынан жыл бою ишке ашырылып турат
Жол белгилеринин техникалык абалы нормативдик талаптарга жооп бериши ылаазым: белгилердин үстүңкү катмары таза, бузулбаган (чийилбеген) болушу керек
Жол белгилери бекитилген мамылар эксплуатациялоочу уюм же баланс кармоочу тарабынан сырдалышы зарыл
Эксплуатациялоонун нормативдик мөөнөтү ичинде жол белгилери эксплуатациялоочу уюм же баланс кармоочу тарабынан алмаштырууга жатат
Убактынча орнотулган белгилер аны коюунун себептери жокко чыгарылгандан кийин сутканын ичинде алынып салууга жатат
8.43.Светофордун айрым деталдары же анын бекемдөө элементтери көрүнөө бузулган, сынган жана коррозияга учураган абалдагы металл элементтер болбостугу керек
Таркаткычтын сыныгы жана жаракасы болбошу керек.
Таркаткычка чапталган символдор кеминде 50 метр, ал эми светофордун сигналы 100 метр аралыктан көрүнүшү керек
Керектен чыккан жарык булагын алмаштыруу анын бузук экени байкалгандан тартып 72 сааттын ичинде жүргүзүлүшү керек
8.44.Көчөнүн кыймыл үчүн коркунучтуу участкалары, анын ичинде көпүрө жана өткөөлдөр аркылуу өтүүчү жерлери тосмолор менен жабдылышы шарт
Жол разметкасы жыл сайын жаңыланып турушу ылаазым
8.45.Маалымат көрсөткүчтөрү, чакырым белгилери, парапеттер ж.б аракеттеги ГОСТторго ылайык сырдалып, жуулуп жана кирден тазаланып турушу керек
Көрсөткүчтөрдөгү бардык жазуулар даана айырмаланып турушу зарыл
8.52.Бардык сугат тармактары: таркатуучу жана майда сугат тармактары, сугаруучу суу түтүктөрү жана жамгыр дренаждык тармак көчөлөрдө, парктарда жана турак жайларында жайгашканына карабастан шаардык сугат чарбасы эсептелет
8.53.Сугат тармактарынын сакталышына жоопкерчилик төмөнкүлөргө жүктөлөт:
- бардык бөлүштүрүүчү каналдар жана жөнөтүүчү сугат тармактары, ачык жана жабык кургатуучу коллектордук-дренаждык тармактар, шаар чегиндеги Майлуу-Суу дарыясынын жээк бекемдөөчү дамбалары, магистралдардагы, скверлердеги жана көчөлөрдөгү, сугат суу түтүктөрү системасындагы бөлүштүрүүчү сугат тармактары боюнча–Майлуу-Суу шаарындагы “Горжилзеленстрой” МБ
- Кичи райондор ичиндеги сугат тармактары боюнча–муниципалдык-аймактык башкармаларга, ТОСторго, ошондой эле көп батирлүү үйлөрдөгү турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлери менен ошол үйдүн тургундарынын жалпы мүлктү кармоо жана тейлөө боюнча түзүлгөн келишимге ылайык турак жай-эксплуатациялык уюмдарга
- Жеке курулуштар маасивиндеги ички сугат тармактары боюнча–муниципалдык-аймактык башкармаларга, кварталдык комитеттерге жана үй курулуштарынын ээлерине
- Бардык менчик формасындагы ишкана, уюм, мекемелердин аймагындагы сугат тармактары боюнча–алардын жетекчилерине
8.54.Жаңы курулуштар, ошондой эле иштеп жаткан тармактардын реконструкциясы аныкталган тартипте макулдашылышы керек.
8.55.Шаар аймагындагы коомдук пайдалануудагы жайларында кичи архитектуралык формаларды, жасалгалардын монументалдык-декоративдик элементтерин, отургучтарды, коммуналдык-тирилик жана техникалык жабдууларды, мобилдүү жана вертикалдуу жашылдандыруунун жасалгасы үчүн жабдууларды куруу жана орнотуу шаар архитектурасы жана баланс кармоочулары менен макулдашуу аркылуу гана жол берилет
8.56.Кичи архитектуралык формалардын, монументалдык-декоративдик искусство элементтеринин конструктивдүү чечилиши алардын турктуулугун жана колдонуу коопсуздугун камсыз кылышы зарыл
8.57.Отургучтар катуу негизге же пайдубалга орнотулушу керек Эс алуу зоналарында, бак-парктарда, балдар аянтчаларында отургучтарды жумшак негиздерге орнотууга жол берилет Пайдубалы болгон кезде ал анын бөлүктөрү жер кыртышынан чыгып турбашы шарт
8.58.Кичи архитектуралык формалар, бак-парк эмеректери оң абалда турушу зарыл жана жууп-тазаланышы, жыл сайын 12-майга чейин сырдалышы керек
8.59.Кичи архитектуралык формаларды кармоо баланс кармоочулар тарабынан ишке ашырылат
8.59.1.Жазында кичи архитектуралык формалар тыкандык менен каралып чыгат, сынган тактайчалар жана тирөөчтөр алмаштырылат Эски тактайчалардын боёкторунан, металл деталдарын–даттарынан жана эски боёктордон тазалашат, анан аларды кир жуучу курам колдонуу менен жуушат жана чүпүрөк менен кургата аарчышат Кургаган конструкциялар бирдей калыпта тапанча-чачкыч менен сырдалып, металл деталдарын кол менен сырдап чыгышат
8.59.2.Гүл вазаларынын жана урналарынын сыртын (урналардын ичин да) жазында жууп чыгышат, эски катып калган кыртышынан тазалашат, нитросыр менен колдо же компрессордук жабдуунун тапанча-чачыраткычы менен сырдап чыгышат Анан орду-ордуна коюп коюшат
8.53.3.Гүл вазаларын жана урналарды сырткы көрүнүшү жана санитардык-гигиеналык жактан дайыма жакшы кармоо үчүн төмөнкүлөр зарыл:
- сынган нерселердин баарын өз убагында жыйноо же жарым-жартылай бузук абалга келген урналарды жана вазаларды оңдоп чыгуу;
- сырткы жагын нымдуу чүпүрөк менен тактарын жана кирлерин жогото сүртүү;
- кокусунан пайда болгон таштандыларды, карып калган гүлдү же топ гүлдү, куураган бариктерди жыйноо жана алып салуу.
8.59.4.Жайкы мезгилде кичи архитектуралык формалардын баары дайыма кароодон өткөрүлүп турат, алардын өз убагындагы ремонту жана алынып салынышы, ошондой эле жуугуч каражаттарды колдонуу менен бир нече ирет жууп-тазаланышы ишке ашырылат
8.59.5.Айрыкча спорт аянтчаларын, балдар аянтчаларын, ареналарды ж.б жасалгалоо үчүн колдонулуучу кичи архитектуралык формаларга көп көңүл бурулушу абзел Алар дайыма оң абалда болуулары, бардык бөлүктөрү бири-бирине бекем жана ишенимдүү бириктирилиши тийиш.
8.59.6.Жашылдандырылган аймактагы чырактарга электр кубатын берип турган кабелдер адистешкен уюм тарабынан дайым көзөмөлдөнүп турушу шарт
8.59.7.Казыктуу тосмолорун (металл же чоюн торчолорун) кезеги менен көтөрүп, оңдоп, кирлерин тазалап жана сырдап туруу керек
8.59.8.Жашылдандырылган жайлардагы декоративдүү парк скульптурасы, монументалдык скульптурасы, беседкалар, бастырмалар, трельяждар оң жана таза абалда болушу абзел
9.1.Жашылдандырылган аймактар Майлуу-Суу шаарынын ажырагыс бөлүгү болуп саналышат Архитектура менен катар эле жашылдандыруу объекттери шаардын турпатын түзүүгө катышышат, санитардык-гигиеналык, табиятты сактоо, чөйрө түзүү, ландшафттык-архитектуралык, маданий мааниге ээ
9.2.Абада газдардын көп болушу жана чаңдап кетиши абанын жана кыртыштын температуралык жана суу режимдери, кыртыштын химиялык жана физико-механикалык жагымсыз курамы, жер бетинин таштуу, бетон жана металлдуу болушу, көчөлөргө жана аянттарга асфальт төшөлүшү жана капталышы, тамыр системасынын зонасында жер асты коммуникациясынын жана жабдууларынын болушу, калк тарабынан шаардагы бак-дарактарды интенсивдүү режимде пайдаланышы өсүмдүктөрдүн биологиялык жана экологиялык өзгөчөлүгүн калыптандырган шаар экология чөйрөсүнүн спецификалуулугун жана анын табигый кырдаалдан кескин айырмаланышын шарттап турат
9.3.Шаар экологиясынын өзгөрүшүнүн натыйжасында зат алмашуу процесстеринин туруктуулугу бузулууга учуроодо, өсүмдүктөрдүн адаптациялык мүмкүндүгү, башкача айтканда, шаардын өзгөргөн чөйрөсүнө көнүп кетүү мүкүндүгү токтоп калууда, бул болсо акыр аягында өсүмдүк организминин физиологиялык эрте карып кетишине алып келет
9.4.Өсүмдүктөрдүн өсүү чөйрөсүнүн өзгөчөлүгүн эске алуу менен жашыл өсүмдүктөрдү кармоо эрежелерин сактоо шаарда узакка жашаган декоративик туруктуу бак-дарактарды түзүүгө зарыл шарттардан болуп саналат
9.5.Жашылдандырылган аймактардын жайгашкан орду жана чек аралары тарыхый калыптанып калган планировканы жана табигый компоненттерди–рельефти, акваторияны жана ландшафты эске алуу менен шаардын Башкы планы аркылуу аныкталат
10.1.Жашыл өсүмдүктөрдү кароо жана багуу ишине өзгөчө көңүл бурулушу абзел, себеби шаардагы аба жана кыртыш чөйрөсү өсүмдүктөрдү өстүрүү үчүң пайдаланылуучу мурастык биологиялык курамдар калыптанган табигый шарттардан кескин айырмаланат
Жашыл өсүмдүктөрдү кароо ушул Эрежелер жана жашыл өсүмдүктөрдү кароонун нормативдик-өндүрүштүк регламенти менен аныкталат
10.2.Жашылдандыруу объекттерин кароо–бул өзүндө төмөнкүлөрдү камтыган чаралар комплекси:
- агымдагы ремонт;
- бактарды жана бадалдарды, гүлдөрдү кароо–азыктандыруу, сугаруу, жумшартуу, отоо, өсүмдүктөрдү зыянкечтерден, илдеттерден жана отоо чөптөрдөн коргоо, жылуулукту сүйгөн өсүмдүктөрдү калкалоо (бардык тиешелүү иштер аркылуу), жер семирткичтерди, таштандыларды жүктөө жана түшүрүү, куураган жана жыгылган бактарды кыюу ж.б.;
- газондорду кароо иштери–тарап-иштетүү, жумшартуу, азыктандыруу, сугаруу, отоо, таштандыларды жана түшкөн бариктерди жыйноо, топурак төгүү, газон жээктериндеги өсүмдүктөрдү кыркуу, өсүп кеткен чөптөрдү оруу, уу-химикаттар жана гербициддер менен иштетүү;
- бактардын түбүндөгү металл торлорду көтөрүү жана жаткыруу;
- газон жээгин тазалоо жана жууп чыгуу;
- скверлерди жана бактарды тосмолоо;
- гүлдөрдү кароо боюнча иштер–үрөөн себүү, көчөттөрдү отргузуу, сугаруу, жумшартуу, отоо, азыктандыруу, өсүмдүктөрдү коргоо, таштандыларды чогултуу жана башка тиешелүү иштер;
- компенсациялык (толуктап) жашылдандыруу
10.3.Жашыл бактарды талаптагыдай кароо жана сакталышын камсыз кылуу жоопкерчилиги төмөнкүлөргө жүктөлөт:
10.3.1.Жалпы пайдалануудагы аймактарда–парктарда, скверлерде, шаардын көчөлөрүндө Майлуу-Суу шаарынын “Горжилзеленстрой” МБга.
10.3.2.Чектелген пайдалануудагы аймактарда:
- турак кичи райондорунда жана ички кварталдык участкаларда муниципалдык-аймактык башкармаларга, үй жана кварталдык комитеттерге, турак жайлардын ээлеринин шериктештиктерине, кондоминиумдарга, турак жай-коммуналдык кооперативдерге, курулуштардын ижарачыларына жана жер участкаларынын ээлерине;
- жарандык жана өндүрүштүк курулуш, калкты тейлөөчү ишканалар жана уюмдар, саламаттыкты сактоо, илим, маданият, билим берүү аймактарында–ошол мекемелердин жетекчилерине
10.3.3.Жеке турак жай курулуш аймактарында–жер участкаларынын ээлерине
10.3.4.Менчик түрүнө карабай ишканаларда, мекемелерде, уюмдарда, чарбалык субъекттерде–ошол субъекттердин жетекчилерине
10.3.5.Курулушка берилген аймактарда–ошол аймак бөлүнүп берилген жеке жана юридикалык жактарга, ал эми курулуш башталгандан тартып – подряддык уюмдардын жетекчилерине да
10.4 Жашыл өсүмдүктөрдү сугаруу
10.4.1.Айрыкча шаардын көчөлөрүндөгү жана магистралдардагы дарактар жана башка жашыл өсүмдүктөр дайыма сугарып турууга муктаж, алар кыртышта тамырлардын жашап туруусун камсыз кылып туруулары керек Дарактар кыртыштын 60 пайыздык нымдуулугунда жакшы өсүп-жетилишет
10.4.2.Сугаттын нормасы жана мөөнөтү аба-ырайынын шарттарынан кыртыштын механикалык курамынан жана анын нымдуулугунан, нумдуулука канчалык муктаждыгынан жана дарактардын кургакка чыдамдуулугунан да көз каранды Орто эсеп менен бактарды сугаруу жеңил механикалык курамдагы кыртышта 1 чарчы метрге 30 литр суу эсебинде, ал эми татаал механикалык курамдагы кыртышта–50 литр эсебинде жүргүзүлөт, бирок кумдуу жана жарым кумдак кыртыштарда сугаруу кара топурактуу жана ак топурактуу кыртыштарга караганда бат-бат жүргүзүлүшү абзел
10.4.3.Кургакчыл климат шартында жашыл өсүмдүктөрдүн бардык түрлөрү үчүн бактардын жана бадалдардын жаш өзгөчөлүгүнө карбастан сугаруу мөөнөтү май-октябрь айларында 7-10 күндө бир жолудан кем эмес болушу керек
10.4.4.Чуңкурдагы сөңгөк торчосу менен турган бактарды сугаруу ал торчону алып салгандан кийин жүргүзүлөт Торчону сугарылып, чуңкурча көмүлгөндө кайра ордуна коюшат.
10.4.5.Бактар жана бадалдар топ-тобу менен же газондо жеке өсүп турган скверлер, бактар жана парктар үчүн жашыл өсүмдүктөрдү сугаруунун ыңгайлуу жолу арыктардан жалпы сугарууну жүргүзүү эсептелет
10.4.6.Жашыл өсүмдүктөрдү сугат тармактары аркылуу сугаруунун мүмкүндүгү болбогон кезде жашыл өсүмдүктөрдүн баланс кармоочусу сугат суу түтүктөрүн жабдуу аркылуу аларды сугаруусу зарыл же бул иштерге адистешкен техникаларды тартуусу керек
10.4.7.Кургакчыл жылдарда 104.2 пунктунда көрсөтүлгөндөй бактарды үч жолудан сугарып, күзгү жана жазгы нымдуулукту камсыз кылуу зарыл
10.4.8.Бактардын сөңгөгүнүн чаңын жууп кетирүү жана нымдоо үчүн сугаруучу машиналар аркылуу сууну бактарга жамгырлатып чачыратуу керек
Вегетациялык мезгилде жалбырактуу бактар үчүн 5-6, ийне жалбырактар үчүн–8-10 жолу чачыратуу зарыл
10.4.9.Жашылдандыруу объекттериндеги жашыл өсүмдүктөрдү сугаруу саат 7.00-17.00дө сугат жүргүзүүчү “Горжилзеленстрой” МБдан башка да баланс кармоочулар же подряддык уюмдар тарабынан эртең мененки убакта, бирок саат 8.00-9.00дөн кеч эмес же кечки мезгилде саат 18.00-19.00дөн кеч эмес жүргүзүлүшү тийиш
10.5 Сөңгөктү кыркуу, жашыл тосмолорду тегиздөө:
10.5.1.Шаардагы жашыл өсүмдүктөрдү туура кароонун негизги иш-чараларынан болуп сөңгөктөрдү бутоо эсептелет, ал атайын үйрөтүлгөн бригада тарабынан алып барылат Кыркуу-бутоонун төмөнкүдөй түрлөрү болот: санитардык, жашартуучу жана формага салуучу
10.5.2.Сөңгөктү санитардык кыркуу карт, ылаңдаган, кургап бараткан дарактарды жана жабыркаган бутактарды, ошондой эле ийреип өсүп калган же бири-бирине жакындап калган сөңгөктөрдү алып салууга багытталган Негизги сөңгөктөн тик өйдө же вертикалдуу өсүп калган бутактарды кийин ал башкаларына тоскоол болбосун үчүн сөзсүз алып салууга жатат
Санитардык кыркууну жыл сайын вегетациялык мезгил ичинде жүргүзүү керек Бирок, бир эле убакта көп бутактарды бутап салуу максатка ылайыктуу эмес, ошондуктан аларды акырындык менен жылына 1-2 бутактан бутаган жакшы
10.5.3.Ылаңдаган жана кургап калган бутактарды кыркуу көгөрүп турган жерге чейин жүргүзүлөт, ошондой эле бутактар түбүнөн алынып салынса, майда шактарынын түбү сакталып, үстүрөөгүнөн кыркылат
10.5.4.Формага салуучу кыркуу бакка зарыл форманы берүү жана сактоо, анын бийиктигин тегзидөө, скелеттик бутактарынын тегиз жайгашуусуна жетишүү жана жол белгилеринин, светофордун ж.б даана көрүнүп туруусун камсыз кылышы үчүн жүргүзүлөт
Бактарды жана балдарды формага салып кыркуу жашыл өсүмдүктөрдүн жанданып өсө баштаган мезгилинде (апрель-май) жүргүзлбөйт
Кыркуу маалында өсүмдүктөрдүн түрүнүн жана биологиялык өзгөчөлүктөрүн: сөңгөк формаларын, жашы боюнча анын өзгөрүү мүнөзүн, бутоону көтөрө аларлыгын, уйкудагы бүрлөрүнүн ойгонуу мүмкүндүгүн эске алуу керек
Агымдагы жылы гүл төшөгү бар бутактарга ээ бадалдардын жана жайдын жарымында же экинчи жарымында гүлдөгөн бадалдардын бутактары анын сортуна жана түрүнө карап жарым-жартылай же үчтөн бири кыскартылат
10.5.7.Бактарды жана бадалдарды жашартып кыркууну тийиштүү кызматтардан атайын уруксат алуу менен жүргүзүү талапка ылайык
10.19.Питомниктерден алынган отругузуучу материалдар сапаты жана чен-өлчөмү жагынан анык мамлекеттик стандарттарга туура келиши керек
10.20.Токой тилкелеринде жана токой чарбаларында отургузуучу материалды тандап алууга жол берилбейт
10.21.Шаарда чабал, жабыркаган сөңгөктүү (ийрелеңдеген ж.б.), ылаңддары бар, сынган, жаракат алган жана сокку жеген, ошондой эле ар кайсы ооруларга жана зыянкечтерге тушуккан отургузуучу материалдарды алып келүүгө, отургузууга катуу тыюу салынат
10.22.Өсүмдүктөрдү оңдоп-түзөө, реконструкциялоо жана калыбына келтирүү максатында стандарттарда каралган (СНиП 3-10-75) чен-өлчөмдөгү өсүмдүктөр пайдаланылат
10.23.Башка өлкөлөрдөн жана республиканын башка областтарынан көчөттөрдүн партиясын ташып келүүдө ар бир партиянын Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик инспекциянын фитосанитардык карантин сертификаты менен коштолушу зарыл
11.1.Шаар аймагындагы жана жаратылыш зонасындагы бардык жашыл өсүмдүктөр менчигинин түрүнө карабастан Майлуу-Суу шаарынын бирдиктүү жашыл фондун түзүшөт
11.2.Жашылдандырылган аймактарда өсүмдүктөрдү коргоо–бул жашап турган жашыл өсүмдүктөрдү сактоо, калыбына келтирүү жана абалын жакшыртутуга багытталган административдик-укуктук, уюштуруу-чарбалык, экономикалык, архитектуралык-планировкалык жана агротехникалык иш-чаралар.
Жашыл өсүмдүктөрдү коргоо шаардын ар бир тургунунун милдеттүү парзы эсептелет Бардык жарандар жашыл өсүмдүктөргө этияттык менен мамиле жасап, тийиштүү органдарга эреже бузгандарга каршы күрөштө көмөк көрсөтүүсү зарыл
11.3.Менчигинин түрүнө карабастан ишкана, уюм жана мекемелердин жетекчилери, аймагында жашыл өсүмдүктөрү бар жеке жана юридикалык жактар, ошондой эле ушул Эрежелердин 10.3.1–10.3.6 пункттарына ылайык жашыл өсүмдүктөрдү кароо жана сактоону камсыз кылуу жагы тапшырылган жеке жана юридикалык жактар төмөнкүлөргө милдеттүү:
- жашап турган жашыл өсүмдүктөрдүн жабыркашынан жана жок кылынышынан толук сакталышын, ошондой эле өсүмдүктөрдүн зыянкечтерден, оорулардан жана отоо чөптөрдөн сакталышын камсыз кылуу;
- ушул Эрежелерге жана башка нормативдик документтерге ылайык өз күчтөрү менен же жашылдандыруу боюнча атайын адистешкен ишканаларды тартуу аркылуу жашыл өсүмдүктөрдү өз убагында квалификациялоо кармоо жана реконструкциялоо (капремонт) иштерин өткөрү;
- жашыл өсүмдүктөр өсүп турган аймактарда тирилик жана өнөр жайлык калдыктар, курулуш таштандылары, агынды суулар жана өсүмүктөр үчүн башка зыяндуу заттар менен булгоого жол бербөө;
- жайкы убакытта жана кургакчыл аба-ырайында газондорду, гүлдөрдү жана бадалдарды сугаруу;
- газондорду тебелегенге жана аларга курулуш материалдарын, кумду, таштандыларды, карды, муз сыныктарын ж.б үйүүгө жол бербөө;
- бактардын жаңы көчөттөрүн жана бадалдарды отургузууну, жол тармактарынын жана жабдуулардын өзгөрүшүн агротехникалык шарттарды олуттуу эске алуу менен макулдашылган долбоорлор аркылуу гана жүргүзүү;
- жүргүзүлгөн кароо жана ремонт процесстеринде бактарды кесүү жана кайра отургузуу иштеринин баарын ушул Эрежелердин жана технологиялык регламенттин талаптарынын негизинде өткөрүү;
- жашылдандырылган аймактарда суу көлмөлөрү болсо, аларды таза кармоо жана 10 жылда кеминде бир жолу капиталдык тазалоо жүргүзүү;
- өсүмдүктөрдү кароого жылдык сметаларда каражат бөлүүнү колго алуу
11.4.Жашылдандырылган аймактарда буларга тыюу салынат:
- санкциялык кыркуудан же кесүүдөн башка учурларда жашыл өсүмдүктөрдү жабыркатууга жана жок кылууга;
- тийиштүү кызматтар менен макулдашпай туруп бактарды, бадалдарды, огород жабдууларын жана газондорду өз алдынча кесүүгө жана отургузууга;
- бак-парк жолдорунан топтолуп калган таза кардан башка таштандылардын, кардын жана муздун үймөктөрүн пайда кылууга;
- жалбырактар түшүп жаткан кезде жалбырактарды өрттөөгө, аларды арыкчаларга шыпырып таштоого, алар менен бактарды жана бадалдардын сөңгөктөрүн ороп салууга (аларды көчөлөргө чачылып кетпестиги үчүн үймөктөп, компосттоо же таштанды жайына чыгаруу үчүн атайын ажыратылган жайларга алып чыгуу максатка ылайык);
- от жагууга жана өрт коопсуздук эрежелерин бузууга;
- бактардын ширесин, чайырын сыгып алууга, cөңгөгүн кыркууга, оюп жазууга жана башка да жол менен жабыркатууга;
- гүлдөрдү жулууга жана бактардын жана бадалдардын бутактарын сындырууга;
- парктардагы, скверлердеги, бульварлардагы, көчөлөрдөгү жана короо жайлардагы бактардын, айрыкча ак кайыңдардын жана ийне жалбырактуу жыгачтардын сөңгөктөрүн актоого жана сырдоого.
Бактарды сөңгөктөрүн өчүрүлгөн акиташ же атайын курамдагы каражаттар менен актоо санитардык катуу талаптар коюлган айрым участкаларда гана (коомдук ажатканаларга, таштанды жана тирилик калдыктары топтолчу жайларга, химиялык жана тамак-аш өнөр жайынын ишканаларына) жакын жайларда уруксат берилет
11.5 Бактардын бутактарынын электр өткөргүчтөр линиясына тийип калышына, светофорду, жол белгилерин, көрсөткүчтөрдү жана үйлөрдүн номерлерин тосуп калышына жол коюлбайт
Электр өткөргүчтөрүнүн линиясынын коргоо зонасында (1 метр радиуста), ошондой эле көчөлөрдүн көрсөткүчтөрү менен үйлөрдүн сан белгилерин тосуп калган жайларда бутактарды өз убагында бутоону жашыл өсүмдүктөрдү баланста кармоочулар жүргүзүшөт Бутактарды бутоо электр өткөргүчтөр линиясынын ээлери менен келишим боюнча график менен жана өңдүрүштүк иштин технологиясын сактоо менен алар көзөмөлдүгү астында жүрөт.
11.6.Мыйзамсыз кесүү же бактарды жабыркатуу боюнча аракеттеги мыйзамдарга ылайык зыянды төлөтүп алуу чаралары көрүлөт
12.1.Аракеттеги жашылдандырылган аймактарды жаңыдан куруу, реконструкциялоо жана капиталдык ремонттоо, ошондой эле компенсациялык жашылдандыруу белгилүү тартип менен макулдашылган жана бекитилген долбоордук документация боюнча жүргүзүлөт
12.2.Имараттарды, жабдууларды, унаа магистралдарын, инженердик коммуникацияларды куруу долбоорлорунда долбоордук уюмдар топографиялык негизде бактардын санын көрсөтүү менен алынып салына турган ар бир дарактын так сүрөтүн тартууга (эгер дарактар жок болсо бул тууралуу планда түшүнүк берүү), ошентип жашап турган жашыл өсүмдүктөрдү болушунча сактап калууга аракет кылышы зарыл Жер астындагы коммуникацияларды мүмкүн болушунча бош жаткан зоналарга жаткыруу же бул максатта техникалык тилкелерди карап көрүү зарыл болот Башкы планга ылайык жашыл өсүмдүктөр үчүн ажыратылган жалпы пайдалануудагы аймактарда куруу ишине тыюу салынат
12.3.Майлуу-Суу шаарынын архитектурасы тарабынан жер участкасын курулуш үчүн тандап алуу актысын жасалгалоодо жашыл өсүмдүктөрдү, бактардын жана бадалдардын баалуу нускаларын максималдуу сактап калуу мүмкүндүктөрү аныкталат
12.4.Курулуш иштерин аткарууда курулуш жана башка уюмдар төмөнкүлөргө милдеттүү:
- аймактын юридикалык ээси менен жашыл өсүмдүктөр зонасында курулуш иштерин баштоону макулдашуу жана аны иштердин аяктап жатышы тууралуу кеминде эки мурун кабардар кылуу;
- курулуш аянтчасын уюштурууда долбоордук документацияда каралбаган дарак-бадал өсүмдүктөрүн жок кылууга, дарактар жана бадалдардын тамыр моюнчаларын жана сөңгөгүн топурак менен көмүп салууга жол бербөө, этияттап-сактоо чараларын: тосмолоо, айрым ылдыйкы жана жоон сөңгөктөрүн бутоону, тулкусун этияттап таңуу, бадалдардын тулкусун байлоо жана сөзсүз түрдө сугаруу;
- кесүүгө жол берилбеген дарактар бийиктиги 2 метр тосмолор менен бекитилиши керек Тосмолор дарактын тулкусунан кеминде 0,5 метр аралыкта турушу абзел;
- шаардагы өткөөлдөрдү, аянттарды, короолорду, тротуарларды ж.б төшөө жана асфальттоодо кийин темирбетон тосмосун же башка нерсе жаткыруу максатында дарактын айланасында диаметри 2 метр келген эркин мейкиндик калтыруу;
- жашыл өсүмдүктөр турган аймактарда жолдорду, тротуарларды, башка да жабдууларды реконструкциялоодо жана курууда жогорулатуу жана төмөндөтүү үчүн вертикалдуу белгилерди 5 сантиметрден ашык өзгөртүүгө жол койбоо керек Эгерде топурак төшөөдө тамыр системасынын ачылып калышы мүмкүн болсо, долбоорлордо жана сметаларда бактардын өсүшү үчүн зарыл шарттарды сактоо максатында тийиштүү жабдууларды карашат;
- газондордо, ошондой эле бактарга 2,5 метр, бадалдарга 1,5 метр жакын аралыкта курулуш материалдарын үймөктөөгө жана унаалар жана автомобилдер токтоочу жайларды уюштурууга жол берилбейт;
- көтөрмө крандардын кире бериш жолдорун жана ордун өсүмдүктөрү жок жерден тандоо жана бактардын орнотулган тосмолорун бузбоо;
- бактардын жана бадалдардын тамыр системасы зонасындагы иштерди тамыр системасын жабыркатпагандай кылып негизги скелеттик тамырлардан ылдый (кыртыштын үстүңкү катмарынан 1,5 метрге жетпей) жүргүзүү;
- курулуштун бардык участкаларында өсүмдүк өсүшү үчүн керек болгон үстүңкү топурак кыртышын сактоо, аны алуу жана курулуш аянтынын чет жагына кийин газон уюштуруу же жашыл чарба ишканасына ушул участканы же башка жаңы аймактарды жашылдандыруу үчүн кийин пайдалануу максатында өткөрүп берүүгө топурак кыртышын кыркып алуу
13.1.Муниципалдык менчикте турган жашыл өсүмдүктөрдү инвентаризациялоо жыл сайын Майлуу-Суу шаарынын “Горжилзеленстрой” МБ тарабынан шаар аймагында жашыл өсүмдүктөрдүн саны жана абалы тууралуу так маалыматтарды топтоо үчүн жүргүзүлөт Маалыматтар Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу башкармасына берилет
13.2.Жашыл өсүмдүктөрдү инвентаризациялоо төмөнкү максаттарда жүргүзүлөт:
- шаардагы жашыл өсүмдүктөрдүн санын, аларды кароо үчүн каржылоо максатында алардын абалын билүү, жердин тийиштүү категориясына өткөрүү, коргоо статусун жана кароо режимин аныктоо үчүн;
- өсүмдүктөрдүн санын, категориясын жана тибин, жашын, диаметрин (бактар үчүн), абалын аныктоо үчүн бактардын жана бадалдардын көрүнөө курамын билгенге, ошондой эле газон жана гүл аянттарынын кыртышын үйрөнүү үчүн;
- жашылдандырылган аймактарды кароо, капиталдык ремонт жана реконструкция боюнча иштерди регламенттөө үчүн;
- жүз берген өзгөрүүлөрдү өз убагында каттоо үчүн;
- жашылдандырылган аймактардын жер пайдалануучуларын аныктоо жана алардын сакталышы жана абалы боюнча уюмдардын, жеке жана юридикалык жактардын жооптууларын тактоо үчүн;
- жашылдандырылган аймактардагы инженердик-архитектуралык жабдуулардын (фонтандар, эстеликтер, скульптуралар ж.б.) барлыгын жана кимге таандык экенин тактоо үчүн;
- шаардын аймактарын рационалдуу пайдаланууну уюштуруу үчүн;
- статистикалык отчеттуулук жана шаардын жашыл чарбасын өнүктүрүүнүн келечектүү пландарын иштеп чыгуу үчүн
13.3.Шаардын аймагындагы бардык жашылдандырылган, анык чек арасы бар жана жооптуу жер пайдалануучуларга (мекемелерге, уюмдарга, ишканаларга же жеке адамдарга) берилген (ижара же ээлик кылууга) аймактар инвентаризацияланууга жатат
13.4 Жашылдандырылган аймактардагы курулуштар жана жабдуулар паспортто курулуштун же жабдуунун паспортунда жашылдандыруу аймагынын функциялык милдеттерине ылайык баа берлиши менен чыгарып салуу же сактап калуу боюнча чечимдерди кабыл алуу үчүн эске алынат
13.5.Жер участкалары менен болгон бүтүмдөрдү түзүүдө, жер участкаларына болгон укуктар алмашканда жеке жана юридикалык жактардын укук бузган аракеттери аркасында жашыл өсүмдүктөргө ири зыян келтирилсе, ошондой эле жерди курулушка ажыратып берүүнү жасалгалоо учурунда пландан тышкары инвентаризация жүргүзүлөт
13.6.Пландуу эмес инвентаризацияны жүргүзүү жана ага өзгөртүү киргизүү жашыл өсүмдүктөрдүн категориясына карап төмөнкүлөргө жүктөлөт:
- жер участкасына ээлик кылуу, пайдалануу, тескөө укугу өткөн жер пайдалануучунун жоопкерчилигине;
- авариялык жана башка өзгөчө кырдаалдардын натыйжасында жашыл өсүмдүктөргө зыян келтирилсе, Майлуу-Суу шаарынын Муниципалдык мүлктү башкаруу башкармасына, “Горжилзеленстрой” МБга
13.7.Жашылдандырылган аймакты паспорттоштурууда кичи архитектуралык формалардын, имараттардын, жабдуулардын жана суу-техникалык жабдуулардын барлыгы белгиленет;алар тууралуу жана реконструкция жасоо жана объекттин аймагынан тигил же бул жабдууну чыгаруу тууралуу кыскача маалыматтар киргизилет
14.1.Ушул Эрежелерди бузгандык үчүн Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдары жана башка да нормативдик укук актылары боюнча тартиптик, административдик, жарандык-укуктук жана кылмыш-жазык жоопкерчилик колдонулат
14.2.Менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар жана ведомстволор ушул Эрежелерди бузгандык үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат
14.3.Аймактарды көрктөндүрүү Эрежелерин, тазалыкты жана тартипти бузган кызмат адамдары жана жарандар Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” Кодексинин 488-статьясына ылайык административдик жоопкерчиликке тартылат.
14.4.Шаар аймактарындагы дарактарды жана бадалдарды өз алдынча кыйгандыгы же жабыркаткандыгы (анын ичинде мал-жандыктардын ээлери) үчүн кызмат адамдары менен жарандар Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” Кодексинин 182-статьясына ылайык административдик, же Кыргыз Ресубликасынын Кылмыш-жазык кодексинин 279-статьясына ылайык кылмыш жоокерчилигине тартылышат.
14.5.Инженердик тармактардын жана жабдуулардын курулуш жана ремонт иштерин жүргүзүп жатып аймактарды көрктөндүрүүнүн ушул Эрежелерин бузгандыгы үчүн кызмат адамдары жана жарандар Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” Кодексинин 164, 216-статьяларына ылайык административдик жоопко тартылышат.
14.6.Жалпы пайдалануудагы жайларды (кире бериштер, үй алдындагы аймактар ж.б.) кармоонун санитардык эрежелерин бузгандыгы үчүн кызмат адамдары жана жарандар Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” Кодексинин 487-статьясына ылайык административдик жоопкерчиликке тартылышат.
14.7.Атайын уруксат берилбеген жайларда тирилик калдыктарын таштагандыгы жана өрттөгөндүгү үчүн кызмат адамдары жана жарандар Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” Кодексинин 489-статьясына ылайык административдик жоопко тартылышат
14.8.Келишимдик жана кепилдик милдеттенмелерди аткарбагандыгы үчүн курулуш субъектти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык административдик, жарандык-укуктук жана кылмыш жоопкерчилигине тартылышат.
14.9.Административдик жоопкерчилик чарасын көргөндүк эреже бузган жакты аракеттеги мыйзамдарга ылайык келтирилген материалдык зыянды калыбына келтирүү милдетинен жана Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине ылайык бузууга жол коюлган эрежелерди жоюу милдетинен бошотпойт.