Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 23-октябры № 10-7-4
"Майлуу-Суу шаарынын аксакалдар сотторунун эсепке алуу каттодон өткөрүү тартиби жөнүндө Жобону, Майлуу-Суу шаарынын аксакалдар сотунун иштөө Регламентин бекитүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын 05.07.02-ж. № 113 “Аксакалдар соттору жөнүндө” Мыйзамында каралган аксакал сотторун эсепке алуу каттодон өткөрүү жөнүндө 12-беренесинин жана 33-беренесинин негизинде Майлуу-Суу шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекитилсин:
- Майлуу-Суу шаарынын аксакалдар сотторунун эсепке алуу каттодон өткөрүү тартиби жөнүндө Жобосу (Тиркеме 1);
- Майлуу-Суу шаарынын аксакал сотторун эсепке алуу каттоосу жөнүндө күбөлүгүнүн жана аксакалдар сотунун кызматчыларынын күбөлүгүнүн формалары (Тиркеме 2,3);
- Майлуу-Суу шаарынын аксакалдар сотунун иштөө Регламенти (Тиркеме 4).
2. Бекитилген Майлуу-Суу шаарынын аксакалдар сотторунун эсепке алуу каттодон өткөрүү тартиби жөнүндө Жобонун негизинде социалдык тармак, саламаттыкты сактоо, билим берүү, айлана-чөйрөнүү коргоо, диний иштери, регламент жана этика боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы (Суйумбаев К.А.) аксакалдар сотун эсепке алуу каттосун 2015-жылдын 15-январына чейин камсыз кылсын жана аксакал сотунун кызматчыларынын, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу кеңешинин, укук коргоо органдардын өкүлдөрүнүн, мэриянын кызматчылардын катышуусунда Майлуу-Суу шаарынын аксакалдар сотунун иштөө Регламентинин нормаларын түшүндүрүү боюнча семинар-кеңешме өткөрүлсүн, Майлуу-Суу шаарынын аксакалдар сотунун иштөө Регламентине ылайык аксакалдар сотунун ишин уюштуруусу жана материалдык-техникалык камсыздоосу иш жүзүнө ашырылсын.
3. Майлуу-Суу шаардык кеңештин бюджетинен Майлуу-Суу шаарынын аксакал сотторун эсепке алуу каттоосу жөнүндө күбөлүгүн жана аксакалдар сотунун кызматчыларынын күбөлүктөрүн, мөөрүн,штампын жана бланктарын жасатуу үчүн акча каражаты чыгымдар сметасына ылайык (Тиркеме 5) 2015-жылдын 15-январына чейин бөлүнсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө шаардык кеңештин социалдык тармак, саламаттыкты сактоо, билим берүү, айлана-чөйрөнүү коргоо, диний иштери, регламент жана этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн (К.Суйумбаев).
Майлуу-Суу шаардык кеңештин төрагасы |
Р.К.Бакалаев |
| Тиркеме 1 бекитилди Майлуу-Суу шаардык кеңештин 2014-ж.23-октябрындагы № 10-7-4 Токтому менен |
1. Жалпы принциптери
2. Эсептик каттоо үчүн аксакалдар соттору берген документтер, алардын берүү тартиби жана мөөнөтү
3. Майлуу-Суу шаарынын аксакалдар сотторун эсептик каттоодон өткөрүү
1.1 Майлуу-Суу шаарынын аксакалдар сотторунун эсептик каттосун Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 05.07 № 113 “Аксакалдар соттору жөнүндө” Мыйзамдын 12-беренесине ылайык Майлуу-Суу шаардык кеңеши өткөрөт.
1.2 Эсептик каттоо Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 05.07 № 113 “Аксакалдар соттору жөнүндө” Мыйзамдын 3 жана 4-беренелеринде каралган аксакалдар соттордун милдеттерин жана функцияларын аткаруусунун негизи болот.
1.3 Эсептик каттоо аксакалдар соттордун иш аракеттерин алып баруу чегарасынын чегинде жүргүзүлөт.
2.1. Эсептик каттоо үчүн аксакалдар соттору Майлуу-Суу шаардык кеңешке төмөнкү документтерди берет:
- аксакалдар сотунун мүчөлөрү койгон колдору менен аксакалдар сотунун эсептик каттоо жөнүндө арыз;
- конференцияга катышканыдыгын (келгендигин) каттоо жөнүндө белгиси менен конференциянын делегаттарынын тизмеси;
- аксакалдар сотун шайлоо боюнча жергиликтүү коомдун мүчөлөрүнүн конференциясынын протоколу;
- аксакалдар сотунун мүчөлөрунүн паспортторунун копиялары.
2.2. Каттого берилген документтердин беттери номерлануу болушу зарыл.
2.3. Майлуу-Суу шаардык кеңеш аксакалдар сотунун каттого берилген документтеринин аныгын Майлуу-Суу шаарынын мэриясы, депутаттык топ аркылуу же өзүнүн аппаратынын кызматкерлеринин күчү менен текшерүүгө укуктуу.
2.4. Аксакалдар сотун эсептик каттодон өткөрүүгө кабыл кылбоо учурлары:
- жергиликтүү коомдун мүчөлөрүнүнконференциясы менен өкүлчүлүк берилген эмес адам менен алып келинген документтер болсо;
- документтерди каттого берилген мөөнөтү бузулса;
- документтердин анык эместиги жана толук эместиги;
- жергиликтүү коомдун мүчөлөрүнүн конференциясынын өтүлүшү жана даярдоо процедурасында бузуу фактысы аныкталса.
2.5. Аксакалдар сотун эсептик каттого кабыл албоо сот тартиби аркылуу даттанып алышы мүмкүн.
3.1. Майлуу-Суу шаарынын аксакалдар сотторун эептик каттоодон өткөрүү жөнүндө чечимди шаардык кеңештин сессиясы Жобонун 2.1 пунктуна ылайык берилген документтер боюнча 14 күндүн ичинде кабыл алат.
3.2. Эсептик каттоо шаардык кеңештин аппараты жүргүзгөн Майлуу-Суу шаарынын аксакалдар сотторун эсепке алуу журналында көрсөтүлөт.
3.3. Майлуу-Суу шаарынын, эсептик каттодон өткөн аксакалдар сотторуна, аксакалдар сотунун иш алып баруу аймактык чек аралары жана башка керектүү маалыматтар көрсөтүлгөн Майлуу-Суу шаарынын аксакалдар сотунун эсептик каттоо жөнүндө кубөлүгү берилет.
3.4.Майлуу-Суу шаарынын, Майлуу-Суу шаардык кеңештин эсептик каттоосунан өткөн, аксакалдар сотунун мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасынын 2002-ж.10.12 № 17 Жогорку соту менен бекитилген аксакалдар сотторунун мүчөлөрүнүн күбөлүгунүн бирдей үлгүсүнүн негизинде иштеп чыгарылган күбөлүк берилет.
3.5. Эгерде аксакалдар сотунун иш алып барган аймактын чек аралары өзгөрсө, анда ал аксакалдар соту жаңыдан түзүлгөн аксакалдар соту деп эсептелет жана ушул Жободо көрсөтүлгөн тартипте эсептик каттодон өтөт.
| Тиркеме 2 бекитилди Майлуу-Суу шаардык кеңештин 2014-ж.23-октябрындагы № 10-7-4 Токтому менен
|
Майлуу-Суу шаары | 20014-жылдын “____”___________ |
Бул күбөлүк Майлуу-Суу шаарынын ______________________________________________________________________________________
(аксакалдар сотунун аталышы)
_____________________________________________________________________________________________________________________
аксакалдар сотуна Майлуу-Суу шаарынын аймагында иш алып баргандыгы жөнүндө берилет
___________________________________________________________________________________________________________көчөлөрдүн
(көчөлөрдүн аталышы)
чегинин ичинде.
Майлуу-Суу шаардык депутаттарынын кеңешинин ______-жылдын “___”____________ №____ Токтому менен аныкталган жана өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алып барат.
Шаардык кеңештин төрагасы: МО
| Ф.Аты жөнү
|
| Тиркеме 3 бекитилди Майлуу-Суу шаардык кеңештин 2014-ж. 23-октябрындагы № 10-7-4 Токтому менен
|
Сүрөттүн орду | Шаардык кенешинин аты |
| Наименование городского кенеша |
| КҮБӨЛҮК № 000 | УДОСТОВЕРЕНИЕ № 000 | |
Фамилиясы, Аты, Атасынын аты | Место для герба | Фамилия, Имя, Отчество | |
Кызмат орду | Должность | ||
20__жылдын____________ ___чейин Анык кенештин төрагасы: (колу) П.О. | Действителено до__ ______________20__года Председатель кенеша: (подпись) М.П. | ||
| |||
Гербинин орду | Место для герба | ||
Кыргыз Республикасынын АКСАКАЛДАРДЫН СОТУ | СУД АКСАКАЛОВ Кыргызской Республики | ||
Эскертүү:
1. Күбөлүктүн тышы – кызыл түстө;
2.Тыштагы соттун аталышы-алтын түстө;
3.Үлгү Кыргыз Республикасынын Жогорку соттун судьяларынын чогулушунун 2002-ж.1012 №17 чечими менен бекитилген аксакалдар сотунун мүчөлөрүнүн күбөлүгүнүн биримдик үлгүсүнүн негизинде иштелип чыгылган.
| Тиркеме 4 бекитилди Майлуу-Суу шаардык кеңештин 2014-ж. 23-октябрындагы № 10-7-4 Токтому менен
|
1. Жалпы жоболор
2. Аксакалдар сотунун башка органдар менен өз ара мамилелери
3. Аксакалдар соттору карай турган иштерди (материалдарды) даярдоо
4. Аксакалдар сотунун иш аракетинин материалдык-техникалык камсыздоосу
1.1. Майлуу-Суу шаардык аксакалдар сотунун иштөө Регламенти Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 5-июлдун № 113 "Аксакалдар соту жөнүндө" Мыйзамдын чегинде (мындан кийин Мыйзам) ченемдик укуктук акты болуп эсептелет жана Майлуу-Суу шаардык аксакалдар сотунун иш аракеттерин жөнгө салат.
Аксакалдар сотунун иштөө регламенти иштелип чыгып Майлуу-Суу шаардык соттун төрагасы, Майлуу-Суу шаардык прокурору жана Майлуу-Суу шаардык ИИБ башчысы менен макулдашуудан кийин гана Майлуу-Суу шаардык депутаттарынын кеңеши менен бекитилет.
1.2. Майлуу-Суу шаардык аксакалдар соту- бул өз ыктияры менен жана шайлоо негизинде түзүлгөн өз алдынча башкаруу орган, мыйзам тарабынан коюлган материалдарды карап чыгуусун жүзгө ашырууга милдеттүү.
1.3. Аксакалдар соту шаардын тургундарынын же аймактык коомдук өз алдынча башкаруу кеңешинин (мындан кийин АКК) демилгеси менен кадырлуу жана эл барктаган кишилерден түзүлөт жана Майлуу-Суу шаардык депутаттардын кеңеши менен бекитилет.
1.4. Аксакалдар соттору, эреже катары, төмөнкү принципте түзүлөт:
-эгерде тургундардын саны 25 миңден жогору эмес болсо-бир аксакалдар соту;
-эгерде тургундардын саны 25 миңден 50 миңге чейин түзсө-эки аксакалдар соту.
1.5. Аксакалдар сотунун мүчөлөрү 3 жыл мөөнөткө ачык шайлоо жүзүндө, жашаган жеринде жашоочулардын жалпы чогулушунда, ошондой эле АКК кеңешинин конференцияларында, шаардык кеңештин сессиясында шайланат.
1.6. Аксакалдар соту Майлуу-Суу шаардык депутаттарынын кеңеши менен бекитилген “Майлуу-Суу шаардык аксакалдар сотторун каттоо жөнүндө Жобого” ылайык Майлуу-Суу шаардык депутаттарынын кенешинде каттодон өтүшөт.Аксакалдар сотунда мөөрү жана өзүнүн ысымы менен штампы болот.
1.7. Майлуу-Суу шаардык депутаттарынын кеңеши аксакалдар сотунун төрагасына жана мүчөлөрүнө Кырыгыз Республикасынын Жогорку сот тарабынан көрсөтүлгөн үлгүсү боюнча күбөлүктөр берет.
1.8. Аксакалдар соту каралган иштердин (материалдардын) статистикалык эсебин жүргүзүшөт,Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын администрациясы аксакалдар сотунун сапаттуу иш кагаздарын жүргүзүүсүнө жардам көрсөтөт.Материалдар каралып бүткөндөн кийин аксакалдар сотунун иш кагаздары (даттануунун мөөнөтү бүткөндөн кийин, соттун чечиминин аткаруу фактысы боюнча) шаардык кеңешке сактоого тапшырылат.
1.9. Аксакалдар соту өзүнүн иш аракеттери жөнүндө жылына бир жолудан кем эмес аны түзгөн жараандылардын жалпы чогулуштарында, АККин мүчөлөрүнүн конференциясынын алдында, туруктуу комиссияларынын отурумдарында, ал эми керек учурларда Майлуу-Суу шаардык кеңештин сессиясында отчет берет.
2.1. Аксакалдар соту жайгашкан аймактын шаардык соту ага Мыйзамдын 34-беренесине ылайык мыйзамдарды колдонуу боюнча усулдук жардам көрсөтөт. Майлуу-Суу шаардык соттун төрагасы өзүнүн буйругу менен аксакалдар сотуна усулдук жардам көрсөтүү жана семинарлары өткөрүү үчүн жооптуну аныктайт. Аксакалдар сотуна усулдук жардам көрсөтүүсү мына булардын түшүндүрүүсүнөн турат:
- иштерди (материалдарды) кароого даярдоо боюнча аксакалдар сотунун иш аракетерин (б.а.түшкөн арыздарды текшерүү,жабырланучуларды сурамжылоо,көргөндөрдү, аксакалдар сотуна тартылгандар жөнүндө маалыматтар).
- аксакалдар соту менен иштердин (материалдардын) кароо тартиби, көрүп чыгуу мөөнөтү;
- соттук жыйындын протоколун жүргүүзү(процесстик форма) жана иш тууралуу чечим чыгаруу, аксакалдар сотунун чечимине даттануу тартиби.
2.2 Аксакалдар соту өзүнүн ишин алып барып жаткан аймактын Майлуу-Суу шаардык ИИБүн башчысы, аксакалдар сотуна иштерди (материалдарды) кароо үчүн керек болгон адамды кабарлоого жана камсыз кылууга жардам көрсөтөт, аксакалдар сотунун жыйны өтүүдө тартип сактоосун камсыздайт.
2.3 Майлуу-Суу шаарынын мэриясы аксакалдар сотунун төрагасын алардын иш аракеттерине тийешелүү Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын таныштырып Майлуу-Суу шаарынын жана Майлуу-Суу шаардык депутаттарынын кеңешинин токтомдору менен тааныштырат.
2.4 Аксакалдар сотунун төрагасы сөзсүз түрдө шаардык администрациясында өтүүчү чогулуштар тууралуу кабарланат жана аларга катышат.
3.1 Мыйзамдын 4,15,17,18 беренелерине ылайык аксакалдар соту менен карала турган иштери (материалдары) болуп томөндөгүлөр саналат:
а) Майлуу-Суу шаардык кеңештин материалдары;
б) Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын материалдары;
в) АКК органдарынын материалдары;
г) мамлекеттик органдары жана алардын администрациялык жаза берүугө укугу бар кызматчы адамдары менен берилген материалдар;
д) Майлуу-Суу шаардык соту жөнөткөн жарандык-процессуалдык мыйзам чыгаруу тартибинде каралган жарандык иштери боюнча материалдар;
е) токтотулган кылмыш иштеринин материалдары, мыйзам чегиндеги кылмыштык-процессуалдык мыйзам чыгарууда калган тартибине ылайык коодук таасирлүү чараларды колдонуу үчүн прокурор, тергөө жана алгачкы тергөө органдары тарабынан жөнөтүлгөн материалдар;
ж) жарандардын арыздары;
з) башка аксакалдар сотунун кат жазуу түрүндө өтүнүчү;
3.2 Аксакалдар сотунун иштеринин кароо тартиби Мыйзамга ылайык аткарылат.
3.3 Майлуу-Суу шаардык сотунун судьялары, төрагасы аксакалдар сотунун төрагасын отурумда кароо үчүн иштерди (материалдарды) изилдөө учурунда кайрылса тоскоолсуз аны кабыл алышат жана ага керектүү жардам көрсөтүшөт.
3.4 Аксакалдар сотунун төрагасы (же катчысы) кайрылган учурда Майлуу-Суу шаарынын аймагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана баардык менчик формасы крабай уюмдардын жетекчилери, Майлуу-Суу шаарынын өзүн-өзү башкаруу органдарынын кызматтчы адамдары аны кечиктирбей кабыл алат, 3(үч) күн аралыгында зарылчылыкка карата оозеки же жазма түрүндө жооп берет, аксакалдар сотунун өтүнүчү менен аксакалдар сотунун отурумуна өзүнүн кызматчысынын катышуусун камсыздайт.
3.5 Шаардын мэриясы жана АККун жетекчилери аксакалдар сотунун отурумун өткөрүү үчүн орун бөлүп берүүдө, аксакалдар сотуна катышуусу зарыл болгон адамдарды чакырууга жардам көрсөтүүсү зарыл.
3.6 Аксакалдар сотунун отурумунда тынчтыкты сактоо тартибин, ошондой эле, эгер зарыл болуп калса, аксакалдар отурумуна укук бузуучуларды, жооптууларды, кала калса керек мезгилде арыз ээсин зоордук менен алып келүүнү бекитилген участкалык милиция испекторлору камсыз кылышат.
3.7.Аксакалдар сотунун чечимин зордук аткарууда ал кайрылса соттор Мыйзамдын 32-береннесинде көрсөтүлгөндөй тартипте керектүү жардам көрсөтөт.
4.1 Аксакалдар сотунун иш аракетинин материалдык-техникалык камсыздоосу жана аксакалдар сотунун мүчөлөрүнүн кызыктыруу сыйлоосу шаардык кеңештин каражаттары эсебинен жана ошондой эле, ар кандай юридикалык адамдардан жана жарандардан түшүүчү каражаттардан жүргүзүлөт.
4.2 Аксакалдар соту тарабынан салынган акчалай штрафтар, жергуликтүү бюджетке түшөт жана Мыйзамдын 29- беренесине ылайык шаардык кенештин эсебине которулат жана чыгым сметасы боюнча аксакалдар сотунун иш аракетинин материалдык-техникалык камсыздоосу жана аксакалдар сотунун мүчөлөрүнүн кызыктыруу сыйлоосуна жумшалат.
4.3 Аксакалдар соттунун мүчөлөрүнө каралган акчалай каражаттары эмгек акысы,гонорар, стипендия, турак үй-комуналдык кызмат көрсөтүүгө төлөө боюнча жеңилдик берүү катары берилиши мүмкүн.
4.4 Аксакалдар сотунун чыгымдар сметасы шаардык кеңеш тарабынан түзүлөт жана бекитилет.
4.5Аксакалдар сотун кармоого багытталган акча каражаттардын келип түшүүсүн жана максатту пайдалануусун Мйлуу-Суу шаардык кеңеш көзөмөлдөйт.
| Тиркеме 5 бекитилди Майлуу-Суу шаардык кеңештин 2014-ж. 23-октябрындагы №10-7-4 Токтому менен |
№ | Аталышы | Иштөө мөөнөтү | Экземплярдын саны | Бир экземплярдын баасы (сом) | Жалпы наркы (сом) |
Күбөлүк | |||||
1 | Аксакалдар соту | мөөнөтсүз | 5 | 80 | 400 |
Күбөлүк | |||||
2 | Майлуу-Суу шаарынын аксакалдар сотунун төрагасы жана мүчөлөрү | 3 жыл | 20 | 50 | 1000 |
3 | Мөөр | мөөнөтсүз | 1 | 700 | 700 |
4 | Штамп | мөөнөтсүз | 1 | 700 | 700 |
| Жалпы: | 27 | - | 2800 | |