Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 11-марты № 220
"Бишкек шаарынын Ардактуу жараны" наамын ыйгаруу боюнча материалдарды жана сунуштарды кароо боюнча комиссиянын курамы жөнүндө”
Депутаттык корпустун өзгөргөндүгүнө байланыштуу, ошондой эле "Бишкек шаарынын Ардактуу жараны" наамын ыйгаруу боюнча материалдарды жана сунуштарды кароо боюнча комиссияны өз убагында өткөрүү максатында, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Бишкек шаарынын Ардактуу жараны" наамын ыйгаруу боюнча материалдарды жана сунуштарды кароо боюнча комиссиянын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Комиссияга "Бишкек шаарынын Ардактуу жараны" наамын ыйгаруу боюнча материалдарды жана сунуштарды даярдоого жана талдап чыгууга илимдин, маданияттын ишмерлерин, иш тармагы боюнча эмгеги сиңген шаардыктарды тартуу укугу берилсин.
3. Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2008-жылдын 26-декабрындагы N 32 "Бишкек шаарынын Ардактуу жараны" наамын ыйгаруу боюнча материалдарды жана сунуштарды кароо боюнча комиссиянын курамы жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары В.М.Лисниченкого жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын милдетин аткаруучу |
В.М.Лисниченко |
| Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 11-мартындагы N 220 токтомуна тиркеме |
Комиссиянын төрагасы | -Бишкек шаардык кеңештин төрагасы |
Комиссиянын төрагасынын орун басары | -Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары |
Комиссиянын катчысы | -Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси. |
- Бишкек шаардык кенештик төрагасынын орун басары;
- Ленин райондук аймактыкдепутаттык топтун жетекчиси;
- Биринчи май райондук аймактык депутаттык топтун жетекчиси;
- Свердлов райондук аймактык депутаттык топтун жетекчиси;
- Октябрь райондук аймактык депутаттык топтун жетекчиси;
- Бишкек шаардык кеңештик уюштуруу иштери, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы;
- Бишкек шаардык кеңештик мандат, регламент, этика, укук маселери, жарандардын кызыкчылыктарын коргоо органдары менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы;
- Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси.