Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин XIX сессияснын VI чакырылышы
2014-жылдын 4-декабры № 2
“Жалал-Абад шаарынын аймагында «кыдырма баракчасын» киргизүү жөнүндө”
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Эрматовдун Жалал-Абад шаарынын аймагында турак-жай кыймылсыз мүлкүн сатууда жана сатып алууда коммуналдык кызматтардын төлөнгөндүгү туралуу толук маалымат алуу үчүн кыдырма баракча киргизүү жөнүндө баяндамасын угуп, Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги XIX-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын аймагына катоого турууда жана каттоодон чыгууда коммуналдык кызматтардын төлөнгөндүгү туралуу кыдырма баракчасы киргизилсин жана №1-тиркемеге ылайык үлгүдө бекитилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын аймагында кыдырма баракчасын киргизилгендиги тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы Жалал-Абад шаарынын мэриясына милдеттендирилсин.
3. Жалал-Абад шаарынын паспорт жана виза катоо боюнча бөлүмүнө (Ж.Карабаев) жарандарды каттоодон чыгарууда кыдырма баракчасыз катоодон чыгарбоо жагы сунушталсын.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
5. Токтом аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына (К.Усеновго) жүктөлсүн.
6. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык Кеңештин төрагасы |
Н.Нишанов |
| Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги XIX-сессиясынын №___-токтомуна №1-тиркеме |
Аты, жөнү _______________________________________
Дареги __________________________________________
Берилген күнү «___» _________________ 201__-жыл.
№ | Мекеменин аталышы | Күнү | Колу, мөөрү |
1. | Шаардык газчарбасы |
|
|
2. | Электр энергиясын сатуу ишканасы |
|
|
3. | Жалал-Абад сууканал |
|
|
4. | Тазалык мекемеси |
|
|
5. | Телеком |
|
|
6. | Аймактык башкаруу |
|
|