Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин XIX сессияснын VI чакырылышы
2014-жылдын 4-декабры № 4
“Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы «Жалал-Абад Тазалык» муниципалдык мекемесинин турмуш-тиричилик калдыктарын ташып чыгуу боюнча жобосун бекитүү жөнүндө”
Жалал-Абад шаардык кеңешине келип түшкөн № 4-3/1658 31.10.2014-жылдагы катты шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, жогорудагы туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде, шаардык кеңештин депутаттарынын ой-пикирлерин эске алып Жалал-Абад шаардык кеңештин кезектеги XIX-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы «Жалал-Абад Тазалык» муниципалдык мекемеси шаардагы жарандардын учурда жашагандыгынын такталышына карап, турмуш-тирикчилик калдыктарына төлөм алуу тартибинин жобосу № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы «Жалал-Абад Тазалык» муниципалдык мекемесинин жетекчисине (Т.Бакиров) өз ишмердүүлүгүн ушул Жобону негизинде жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Адилет министирлигине мамлекеттик реестрге кигизүү жагы шаардык кеңештин жоопту катчысы Б. Беркбаевага милдетендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык Кеңештин төрагасы |
Н.Нишанов |
| Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XIX-сессиясынын токтому менен бекитилген |
1.1. Жалал-Абад шаардык мэриясынын буйругу менен иштелип чыккан «Жарандардын турмуш-тиричилик калдыктарын (мындан ары ТТК) алып чыгаруудагы көрсөткөн кызматына болгон карыздарын жоюу» жана шаардын тазалыгын сактоо максатында шаардагы жарандардын учурда жашагандыгынын такталганына (за фактический проживание) карап төлөмдөрдү жыйноо.
Иштелип чыккан жобо бекитилген тарифтин (эсептөөнун) негизинде жарандын турмуш-тиричилик калдыктарын алып чыгаруудагы көрсөткөн кызматы учун бир айда төлөм алуу боюнча колдонулат.
2.1. Шаардагы жарандардын көрсөтүлгөн даректе жашагандыгынын эсебин алуу, аймактык башкарууларга (мындан ары АБ) үй башкармаларына, кварталдык комитеттердин, кондоминиумдардын жана шаардык ички иштер бөлүмүнүн өкүлдөрүнө ошондой эле “Жалал-Абад Тазалык” муниципалдык мекеменин туруктуу комиссиясынын мучөлөрүнө жүктөлөт.
2.2. Аймактык башкаруулардын, үй башкармалыктардын, кварталдык комитеттердин, кондоминиумдардын жана шаардык ички иштер бөлүмүнүн өкүлдөрү менен биргеликте каттоо жүргүзгөн мезгилде өздөрүнө бөлүнгөн аймактардагы (көп кабаттуу жана жер үйлөр) жарандарды ошол жерде жашап, “Жалал-Абад Тазалык” муниципалдык мекемесинин кызматынан пайдаланып, эсепке кирбей (программага катталбай), ошондой эле каттоодо турбай жашап жаткандыгы аныкталганда жана каттоодо туруп өздөрү жок болгон учурда, ар бир абонентке белгиленген форма боюнча, жогорудагы аты аталгандардын жана үй ээсинин колу коюлуп, акт түзүлөт. Ал эми жашоочу актыга кол коюдан баш тарткан учурда экиден кем эмес кошуналары кол коюшат.
2.3. Аймактык башкаруулардын өкулдөрү түзгөн актылардын негизинде жарандардын тизмеси түзүлүп, АБ мөөрү басылып, “Жалал-Абад Тазалык» муниципалдык мекемесине берилет.
2.4. Турак жай ээлери (үй ээси жээ жалдоочу) жарандарды жашаган күнүнөн тартып каттодо турбаган жана каттоодон чыгып кеткендиги тууралуу аймактык башкаруулардагы (АБ)- үй башкармаларына жана кварталдык комитеттердин, кондоминиумдардын өкүлдөрүнө маалымдап турууга милдеттүү.
3.1. Ар бир үйдо, жатаканада (батирде) жашаган бардык адамдардан жашына, жарандыгына жана убактылуу жашагандыгына карабастан, ар бир адамдан толук календардык айга “Жалал-Абад Тазалык”муниципалдык мекемесинин ТТК ташыган кызматы үчүн Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеӊешинин VI-чакырылышынын XV-сессиясынын № 2 томтомунун 3-пунктунун № 1 тиркемесине ылайык акы алынат.
3.2. Жалал-Абад шаарынын аймагында жайгашкан мекеме ишканалардан (менчигинин түрүнө карабастан) “Жалал-Абад Тазалык” муниципалдык мекемесинин ТТК ташыган кызматы үчүн Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеӊешинин VI-чакырылышынын XV-сессиясынын № 2 томтомунун 3-пунктунун № 2 тиркемесине ылайык акы алынат.
3.3. Эгерде жаран жашаган дареги боюнча каттоодо турбаса, бирок Жалал-Абад шаарынын башка аймагында катталган болсода жашап жаткан жеринен ТТК үчүн акы төлөөгө милдеттүү.
3.4. Аталган даректе каттоо тизмесинде туруп, бирок өздөрү убактылуу жашабаган мезгилде жашабагандыгы тууралуу түзүлгөн акты боюнча жобонун 2.2. пунктуна негиз жарандардан ТТК ташуу кызмат акысы алынбайт.
3.5. Мекеме ишканалар (менчигинин түрүнө карабастан) же жашоочу АБнун өкүлдөрү берген тизмеси боюнча ТТК ташуу кызматына акы төлөөдөн баш тарткан учурда, “Жалал-Абад Тазалык” муниципалдык мекемеси КР мыйзамдарына ылайык кызмат акыны өндүрүп алуу үчүн мыйзамга каршы келбеген бардык чараларды колдонуу укугуна ээ.
3.6. Аймактык башкаруулардын, уй башкармалыктардын, кварталдык комитеттердин, кондоминиумдардын (башчылары) өкүлдөрү туура эмес маалымат берген учурда аларга дисциплинардык, административтик жана тартиптик чара коруу боюнча «Жалал-Абад Тазалык» муниципалдык мекемеси тарабынан шаардык мэрияга сунуш берилет.
4.1. “Жалал-Абад Тазалык” муниципалдык мекемесинин админстрациясы тарабынан аймактык башкаруулардын, үй башкармалыктардын, кварталдык комитеттердин, кондоминиумдардын өкулдөрүнө өзгөчө кызматтары көрсөткондүгу үчүн кошумча сыйлыктар ыйгарылат.