Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин XIX сессияснын VI чакырылышы
2014-жылдын 4-декабры № 5
“Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигиндеги үй бүлөлүк типтеги жатаканаларда убактылуу жашоо үчүн келишимди, ижара акысынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө”
Жалал-Абад шаардык кеңешине шаар мэриясынан келип түшкөн № 3-2/1764-катыны шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, жогорудагы туруктуу комиссиянын 13.11.2014-жылдагы отурумунун корутундусунун негизинде, шаардык кеңештин депутаттарынын ой-пикирлерин эске алып, Жалал-Абад шаардык кеңештин кезектеги XIX-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарындагы Шопоков көчөсү № 40 жана Шевченко көчөсү № 5 үй бүлөлүк типтеги жатаканаларда жашоочулар үчүн келишим № 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетине (Б.Джусупбеков) жана 2015-жылдын 1-январынан тартып № 1-тиркеме менен бекитилген келишимди иш жүзүнө ашыруу жагы милдеттендирилсин.
3. Жалал-Абад шаарынын Шопоков көчөсү № 40 үй бүлөлүк типтеги жатаканадагы бир бөлмөгө бир айына 1339 сом өлчөмүндө (коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын кошкондо) бекитилсин.
4. Жалал-Абад шаарынын Шевченко көчөсү № 5 үй бүлөлүк типтеги жатакананын 1м 260сом өлчөмүндө бекитилсин.
5. № 3-турак-жай эксплуатациялоо башкармасына (Т.Искаков) ижара акыдан түшкөн акча каражатын максаттуу пайдалануу жагы жана үй бүлөлүк типтеги жатаканалардын коммуналдык карыздарын толугу менен жабуу жагы милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Адилет министирлигине мамлекеттик реестрге кигизүү жагы шаардык кеңештин жоопту катчысы Б. Беркбаевага милдетендирилсин.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
8. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
| Жалал-Абад шаардык Кеңештин төрагасы |
Н.Нишанов |
| ||||||
Муниципалдык менчикте турган үй бүлөлүк типтеги жатаканаларда жашоо келишими
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы № 3-турак-жай эксплуатациялоо башкармалыгынын атынан ____________________________________________________________________________________________________________________ турак жайдын менчик ээсинин аталышы (аты-жөнү) мындан ары Жалдоого берүүчү, КРнын 09.07.2013-жылдагы № 118 Турак-Жай Кодексинин негизинде ишмердүүлүк кылуучу жана __________________________________________________________________________________________________________________ турак жайды жалдоочу жарандын аты-жөнү мындан ары Жалдоочу, үй бүлөлук жатаканада жашоо үчүн Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы турак жай комиссиясынын «_______________» 20___-ж. чечиминин негизинде төмөнкүлөр жөнүндө ушул Келишимди түзүштү:
1. Турак жайды жалдоо келишиминин предмети
1.1. Жалдоого берүүчү Жалдоочуга жана анын үй-бүлөсүнө убактылуу колдонууга _____________________ көчөсүндөгү үй бүлөлүк жатаканадан _______ чарчы метр №______бөлмөнү акы төлөп убактылуу ээлик кылып турууга жана пайдаланууга өткөрүп берет. 1.2. Бул келишим бир жылдык мөөнөткө «_______________» 20____ж. түзүлөт жана «_______________» 20____ж. убакытта жаӊыланат. 1.3. КРнын Турак-Жай Кодексинин 39-беренесине ылайык Жалдоочу турак-жайга муктаж болуп, шаар тургундарына шаарда үч жылдан кем эмес убакыт жашаган жана каттоодо турган жарандарга убактылуу пайдаланууга берилет. 1.4. КРнын Турак-Жай Кодексинин 49-беренесине ылайык бөлмөлөр мүлктүк жалдоонүн объектиси боло албайт, анткени бөлмөлөр жалпы коридор жана кирүүчү болгондуктан, бөлмөлөр убактылуу пайдаланууга берилет. 1.5. КРнын Турак-Жай Кодексинин 55-беренесинин 3-пунктуна ылайык муниципалдык менчиктеги турак-жайда убактылуу пайдаланучу болгондуктан, бөлмөлөрдү пайдалануучулар канча жыл жашагандыгына карабастан, турак-жайга жеке укугу жок болуп саналат.
2. Жалдоочунун укуктары жана милдеттери
КРнын 51-беренесине ылайык Жалдоочу төмөнкү укуктарга ээ: 1. Турак жайды пайдаланууга; 2. Жалдоого берүүчүнүн макулдугу менен башка коммуникацияларды киргизүү түрүндө өз каражатынын эсебинен турак жайды пайдалануучунун шарттарын жакшыртууга; 3. Жалдоого берүүчүдөн турак жайды капиталдык оңдоодон өткөрүүнү талап кылууга.
3. Жалдоочу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1. турак жайды өзүнүн арналышы боюнча жана ушул Кодексте жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген чектерде пайдаланууга; 2. жалданган турак жайдын сакталышын камсыз кылууга; 3. турак жайды талаптагыдай абалда кармоого; 4. турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн өз убагында ар айдын 25нен 30 чейин акы төлөөгө; 5. турак жайды учурдагы оңдоодон өткөрүүгө; 6. мүлктүк жалдоо келишимин узартпоо шартында жалдоого берүүчү тарабынан жазуу жүзүндө эскертүү берилген күндөн тартып эки жуманын ичинде ээлеген турак жайды бошотуп берүүгө; 7. турак жайды пайдалануунун башка эрежелерин сактоого. - КРнын Турак-Жай Кодексинин 18-беренесинин 2-пунктуна ылайык Турак жайдын менчик ээси аларды чарбакерсиз пайдаланууга жол бербестен, өзүнүн турак жайын жана жалпы мүлкүн талаптагыдай абалда кармоого, башка адамдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын, турак жайларды пайдалануунун эрежелерин, көп батирлүү үйдөгү же коммуналдык батирдеги турак жайлардын менчик ээлеринин жалпы мүлкүн күтүү эрежелерин сактоого милдеттүү. - КРнын Турак Жай Кодексинин 18-беренесинин 3-пунктуна ылайык Турак жайдын менчик ээси башка адамдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузган, турак жайлардын же жалпы мүлктүн бүлүнүшүнө алып келген аракеттерди жасаган учурда, бүлүнгөн мүлктү калыбына келтирүү үчүн аларга келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдеттүү. - КРнын Турак-Жай Кодексинин 20-беренесинин 3-пунктуна ылайык Жалдоочу үй бүлөлүк жатакананын сакталышын, талаптагыдай техникалык жана санитардык абалын камсыз кылууга, өз эсебинен жайлардын учурдагы жана капиталдык оңдоону жүргүзүүгө, көп батирлүү үйдөгү жалпы мүлктү күтүү жана оңдоо боюнча жалпы чыгымдарды тартууга, ошондой эле өрткө каршы эрежелерди сактоого, отун-энергетика ресурстарын үнөмдөө боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү. - КРнын Турак-Жай Кодексинин 36-беренесинин 6-пунктуна ылайык Жалдоочу тарук-жай шарттарын жакшыртууга муктаж жана ал жашаган турак-жай жашоочу турак-жай аянттарынын ченемдерине тура келбеген учурда Жалдоочу кезекги менен турак-жай шартын жакшыртууга укуктуу. - Турак-жайдын аянты 12 чарчы метр өлчөмүндө белгиленсин.
4. Жалдоого берүүчүнүн укуктары жана
турак жай жана коммуналдык кызматтар үчүн акыны өз убагында төлөөнү талап кылууга, өз убагында төлөнбөгөн учурда 5% өлчөмүндө календардык күнгө туум салууга; - үй бүлө тибиндеги жатаканалардагы бөлмөлөрдү сарамжалдуу жана таза пайдаланууну талап кылууга; - Жалпы пайдалануучу турак-жайда жана бөлмөлөрдө эрежелердин сакталуусун көзөмөлдөөгө.
5. Жалдоого берүүчү төмөнкүлөргө милдеттүү
1. Жалдоого берүүчү төмөнкүлөргө милдеттүү: 2. турак жайды пайдаланууга жарактуу абалда өткөрүп берүүгө; 3. Мүлктү жалдоо келишиминин шарттарын аткарууга; 4. Жалдоочу жашоо эрежелерин бузган жана башка адамдарга зыян келтирген учурда Мүлктү жалдоо келишимин бузууга; 5. Жалдоочуга башка адамдардын дооматынан эркин турак жайды берүүгө; 6. берилген турак жай турган көп батирлүү үйдөгү жалпы мүлктү тийиштүү түрдө урунууга жана оңдоого катышууга; 7. турак жайды капиталдык оңдоого; 8. Жалдоочу Турак-жай кодекси жана ушул келишим менен бекитилген милдеттерин аткарбаган учурда мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат.
6. Үй бүлө тибиндеги жатаканаларды колдонуу жана коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдөрдү эсептешүү тартиби
6.1. КРнын Турак-Жай Кодексинин 53-беренесине ылайык: 1. Муниципалдык турак жай фондунун турак жайын пайдаланганы үчүн төлөнүүчү акынын өлчөмү турак жайдын сапатына жана ыңгайлуулугуна, үйдүн жайгашкан жерине жараша белгиленет. 2. Турак жайларды пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнүн өлчөмү ээлеген турак жайдын жалпы аянтына жараша аныкталат. 3. Муниципалдык турак жай фондунун үйлөрүндөгү турак жайды пайдаланганы үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан белгиленет. 4. Турак-жайды пайдалануу үчүн төлөмдүн өлчөмүнө жалпы пайдалануудагы турак-жайлардын техникалык, санитардык-гигиеналык чыгымдары кирет. 5. Коомуналдык төлөмдөргө (суу менен камсыздоо, электрэнергиясы менен камсыздоо, турмуш-тиричилик калдыктарын алып чыгууга төлөнүүчү төлөмдөр) акы төлөө батир акысынан тышкары белгиленген тартипте бекитилген тарифтер боюнча алынат жана жарандарга берилген эсептер боюнча төлөнөт. 6. Жалдоочу батир акысын жана товарлар жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акыны өз убагында ар айдын 25нен атртып 30 чейин төлөөгө милдеттүү.
7. Келишимди бузуу жана токтотуу шарттары
КРнын Турак-Жай Кодексинин 51-беренесине ылайык мүлктүк жалдоо келишимин узартпоо шартында жалдоого берүүчү тарабынан жазуу жүзүндө эскертүү берилген күндөн тартып эки жуманын ичинде ээлеген турак жайды бошотуп берүүгө милдеттүү. КРнын Турак-Жай Кодексинин 39-пунктуна ылайык Жалдоочу турак-жай шартын жакшыртуучулардын катарына киргендиктен, үй бүлө тибиндеги жатаканада жашаган Жалдоочу убактылуу жашоочу болуп саналат жана төмөндөгү жагдайлар пайда болгон учурдан тартып бөлмөнү бошотуп берүүгө милдеттүү: 1. Жалал-Абад шаарынын 20 км радиусунда жеке турак-жайы, жер тилкеси, жеке батири бар жалдоочулар соттук чечими жок жалданган турак-жайды башка турак-жай бербей туруп бошотуп берүүгө милдеттүү; 2. Жалдоочунун бөлмөсүндө мыйзамсыз жашап жаткан туугандары, студенттер Жалдоого берүүчүнүн биринчи талабы менен бөлмөнү бошотууга милдеттүү; 3. КМШ өлкөлөрүнө кетип бир жылдын ичинде кайтпаган Жалдоочуну Жалдоого берүүчү келишимди бир тараптуу бузууга жана чыгарууга укуктуу; 4. КРнын Турак-Жай Кодексинин 50-беренесине ылайык Жалдоого берүүчү төмөндөгү шарттарды бузган учурда келишимди бир тараптуу бузуп, соттун чечимисиз Жалдоочуну чыгарууга: 5. Келишимдин шарттарын сактабаган учурда; 6. Жалдоочу тарабынан жашоо эрежелерин бузуп, башка жарандарга зыян келтирген учурда; 7. Үй бүлө тибиндеги жатакананын алдындагы жер тилкесин жана жалпы мүлктү тийиштүү абалда кармоо үчүн тазалоо жумуштарына катышпаган учурда; 8. Үч ай аралыгында ижара акы төлөбөгөн учурда.
8. Төлөмдөрдү төлөө шарттары
Жалал-Абад шаардык кеӊеши тарабынан бекитилгшен тарифтердин негизинде Жалдоочу бөлмө үчүн пайдалануу үчүн төлөмдү № 3-турак-жай эксплуатациялоо башкармасынын кассасына төлөйт.
9. Башка шарттар
9.1. Тараптардын ушул Келишим менен жөнгө салынбаган өз ара мамилелери Кыргыз Республикасынын, турак жай жана жарандык мыйзамдары менен жөнгө салынат. 9.2. Бул келишим эки нускада түзүлдү, бирөө Жалдоого берүүчүдө, экинчиси - Жалдоочуда сакталат.
Тараптардын колдору:
| |||||||||