Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин XIX сессиясынын VI чакырылышы
2014-жылдын 4-декабры № 9
“Жалал-Абад шаарынын 2014-жылга бекитилген бюджетине озгөртүү киргизүү жөнүндө”
«Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндөгү», «Муниципалдык кызмат жөнүндөгү» мыйзамдарынын жана Жалал-Абад шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун негиз кылып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен шаардык кеңештин кезектеги XIX–сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын жергиликтүү бюджетин үнөмдүү пайдаланылган каражаттын эсебинен өндүрүштүк муктаждакка байланыштуу № 1-тиркемеге ылайык өзгөртүү жагы шаардык финансы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
2. Шаардык билим берүү бөлүмүнүн 2013-жылда Евразия фонду тарабынан жеңип алган долбоорлордун үлүштүк каржылоосу каржыланбай калгандыгына байланыштуу № 11- балдар бакчасынын сырткы ремонтуна 18,8 миң сом, № 11-мектепке жайкы актовый зал курууга 135,0 миң сом 2014-жылга үлүштүк каржылоого каралган каражаттын эсебинен бөлүп берүү жагы шаар мэриясына милдеттендирилсин.
3. Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи шаарчасынын Жеңи-Жок көчөсүнүн 18а көп кабаттуу үйүнүн чатырынын капиталдык ремонтуна жашоочулардын жалпы чогулткан каражатынын 30 % үлүштүк каржылоого каралган каражаттын эсебинен бөлүп берүү шаар мэриясына милдеттендирилсин.
4. Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетинен каржыланган мекемелердин жылдык сметасында үнөмдөлгөн каражаттарынын эсебинен бир айлык эмгек акы өлчөмүнө чейин кызматкерлерди сыйлоо (премия) жагы мекемелердин жетекчилерине милдеттендирилсин.
5. Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн жылуулуктан болгон карызын, Жалал-Абад Тазалык ишканасынын күйүүчү майдан болгон карызын төлөө үчүн, муниципалдык жүргүнчүлөрдү ташуучу автобазасына кышка даярдык көрүү жана шаардык статистика бөлүмүнө мал санакты уюштуруу максатында жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекемелердин 2014-жылдын 11 айынын жыйынтыгы менен каржыланбай калган жана үнөмдөлгөн каражаттардын эсебинен жылдырып жана каржылап берүү жагы шаардык финансы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
6. Т. Тайгараев атындагы аймактык башкармалыкка жылдык сметасында үнөмдөлгөн каражатын Жалал-Абад шаардык жолдор башкармалыгына Т. Тайгараев атындагы аймактык башкармалыктын көчөлөрүнө шагыл төгүү үчүн жылдыруу жагы шаардык финансы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
7. Жалал-Абад шаардык кеңештин кезектеги XVIII-сессиясынын № 5-токтомунун 3-пункту төмөндөгүдөй редакцияда окулсун: «Шаардын ар түрдүү маселелерин чечүү максатында шайлоочулардын кайрылууларын аткарууга бөлүнгөн 3100,0 миң сом, шаардын тургундарынын кайрылуусунун негизиндеги шаардык кеңештин буйругу менен каржылануусу бекитилсин».
8. Жалал-Абад шаардык кеңештин кезектеги XVIII-сессиясынын № 5-токтомунун 4-пункту төмөндөгүдөй редакцияда окулсун: «Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгынын «Нак сүт» мал чарбасына 2015-жылдын 1-январынан тартып жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүү токтотулсун».
9. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
10. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
11. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык Кеңештин төрагасы |
Н.Нишанов |
| Шаардык кеңештин 04.12.2014-жылдагы № 9 токтомуна № 1-тиркеме |
к/б № | Мекемелердин аталышы | Кыскартылды | Кошулду | Кошумча маалымат |
5 | Боорукердик борбору | 88,5 | Уномдолгон каражаттын эсебинен | |
6 | Боорукердик борбору |
| 13,1 | Газ алып кируу учун кызмат акы |
| Боорукердик борбору |
| 75,4 | Материалдык жарадам (СПИД) жана медициналык эмерек сатып алуу учун |
7 | Жашылдандыруу чарбасы | 186,1 |
| Уномдолгон каражаттын эсебинен |
8 | Жашылдандыруу чарбасы |
| 33,1 | технадзордун эмгек акысы |
9 | Жашылдандыруу чарбасы |
| 153,0 | эмеректерди сатып алууга жана ар турдуу чыгымдарга |
11 | ШБББ | 2500,0 | Тамак ашка карлган каражаттын уномдолгонунон эсебинен | |
12 | ШБББ |
| 2063,8 | Жылуулукка болгон карызды толоо учун |
13 | ШБББ | 118,0 |
| Уномдолгон каражаттын эсебинен |
14 | ШБББ |
| 70,0 | № 7 мекетепке суу киргизууго |
15 | ШБББ |
| 48,0 | технадзордун эмгек акысы |
1 | Коммуналдык чарба департаменти | 125,7 |
| Уномдолгон каражаттын эсебинен |
2 | Коммуналдык чарба департаменти |
| 125,7 | Жаны жылга карата шаарды жасалгалоо жана жарыктандырууга |
| Шаардык финансы болуму | 50,0 |
| уномдолгон каражаттын эсебинен |
| ММБК |
| 27,0 | ноомоттук кызматтык автоунаа сатып алуу учун жана документтештирууго (айырмасы) |
| ММБК |
| 73,4 | АРИС тарабынан курулуп жаткан обьектилердин автордук козомолдоо кызмат акысы |
| Шаардык кенеш | 200,0 |
| Уномдолгон каражаттын эсебинен |
| ММБК |
| 200,0 | медициналык жабдык |
| Дене тарбия жана спорт болуму |
| 30,0 | Спортчуларды колдоо учун материалдык жардам |
| Дене тарбия жана спорт болуму |
| 76,0 | Спорт мелдештерин уюштуруу учун |
| ШБББ |
| 40,0 | №19- мектеп ремонт иштерине |
| ШБББ |
| 20,0 | №16- мектеп ремонт иштерине |
| ШБББ |
| 108,0 | №10- мектеп ремонт иштерине |
| ШБББ |
| 70,0 | №10-мектепке кышка даярдык учун |
| Социалдык коргоо башкармалыгы | 60,0 |
| Женилдиктерден уномдолгон каражат |
| Социалдык коргоо башкармалыгы |
| 60,0 | Чет мамлекетке сапарга барууга |
| СДЮШОР-3 |
| 30,0 | ремонт иштерине |
| Т. Тайгараев |
| 5,9 | Жердин салыкка болгон карызы |
| Т. Тайгараев |
| 5,9 | соц.толому |
| Т. Тайгараев | 33,6 |
| уномдолгон каражаттын эсебинен |
| Т. Тайгараев |
| 33,6 | ижара акы |
| баары | 3361,9 | 3361,9 |
|
|
|
| 0,0 |
|