Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин XIX сессиясынын VI чакырылышы
2014-жылдын 4-декабры № 10
“Шаар аймагында көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга берилген муниципалдык жер аянттарынан алынуучу ижара акыларын эсептөө тартибин бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 8-беренесини 1-пунктуна ылайык Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XIX-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын аймагындагы көрктөндүрүүгө жана жашылдандыруууга берилген муниципалдык жер аянттарынан алынуучу ижара акыларын эсептөө тартибинин формуласы №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Муниципалдык жер аянттарын көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга убактылуу пайдаланууга берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын негизинде торук аркылуу берилип, ижары келишимдерди 2015-жылдын 1-январынан тартып түзүү жагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин төрагасына (Б. Джусупбековго) милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине мамлекеттик реестрге кигизүү жагы шаардык кеңештин жоопту катчысы Б. Беркбаевага милдетендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин бюджет, экономика каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык Кеңештин төрагасы |
Н.Нишанов |
| Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XIX-сессиясынын токтомуна №1-тиркеме |
№1-таблица:
Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу м2 | 50гө чейин | 51-100 | 101-200 | 201-300 | 301-500 | 501-100 | 1000ден жогоруу |
Баасы: кв.м (сом: кв.м) | 0,8 | 0,60 | 0,54 | 0,32 | 0,28 | 0,24 | 0,4 |
Апз=(S*C)
Апз-көрктөндүрүү жана жашылдандырууга берилген жер тилкесинин бир айлык ижара акынын өлчөмү;
S-жер тилкесинин аянты;
С-ижара акынын нормативдик ставкасы (сом: кв.м).
Мисалы: Эгер 200м2 муниципалдык жер тилкесин көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга ижарага алса төмөндөгү формула менен эсептелинет Апз=(S*С) 200м2*0,54=108сом*12айга=1296сом/жылдык ижара акы болуп эсептелинет. Ошондой эле кошумча жер салыгы төлөнөт.