Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин XIX сессиясынын VI чакырылышы
2014-жылдын 4-декабры № 11
“Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигинин балансындагы кызматтык батирлер жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Турак-Жай кодексинин 56-беренесинин 1-пунктуна, ылайык, Жалал-Абад шаардык кеңешине Тарсус кичи көчөсүнүн жашоочуларынан арызы келип түшкөн, шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, 13.11.2014-жылдагы отурумунун протоколунун негизинде, шаардык кеңештин депутаттарынын ой-пикирлерин эске алып, Жалал-Абад шаардык кеңештин кезектеги XIX-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин V-чакырылышынын XXXIII-сессиясынын № 12-токтомунун 3-пункту жокко чыгарылсын.
2. Биргелешкен Араб Эмираттарынын Султанат Оман кайрымдуулук уюму аркылуу курулган Жалал-Абад шаарынын Тарсус кичи көчөсүндөгү батирлердин кызматтык статусун өзгөртүү жагы № 1-тиркемеге ылайык шаар мэрине милдеттендирилсин.
3. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетине (Б. Джусупбеков) № 1-тиркемеде көрсөтүлгөн Тарсус көчөсүндөгү үйлөрдүн жашоочуларынын жеке менчигине өткөрүп берүү боюнча сунуш берүү жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Адилет министирлигине мамлекеттик реестрге кигизүү жагы шаардык кеңештин жоопту катчысы Б. Беркбаевага милдетендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык Кеңештин төрагасы |
Н.Нишанов |
| Шаардык кеңештин «___»___2014 ж. XIX-сессиясынын № ___ токтомуна № 1 тиркеме |
№ | Жалал-Абад шаарынын Тарсус кичи көчөсүнүн жашоочуларынын тизмеси | Дареги | Иштеген жери |
1. | Айтакалова Салтанат | Тарсус, 4-2 | № 9 мектеп |
2. | Ашимбаев Абдыкайым | Тарсус,7-1 | Обл.филармония |
3. | Борукулов Кочкорбай | Тарсус,6-2 | ММБК |
4. | Жээналиева Гульнара | Тарсус,7-2 | Облустук оорукана |
5. | Команова Зулайка | Тарсус,5-1 | ЖАМУ |
6. | Курбанова Шааркан | Тарсус,6-1 | № 1 ҮДБ |
7. | Хайткулов Нурбек | Тарсус,1-1 | Шаардык финансы бөлүмү |
8. | Шерматов Абдыжапар | Тарсус,5-2 | ЖАМУ |