Загрузка документа…
АЛТЫН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Алтын-Булак айылдык Кеңешинин V сессиясынын III чакырылышы
2014-жылдын 20-февралы № 12
“Алтын-Булак айыл Кеңешинин 2014-жылга карата түзүлгөн иш планын бекитүү жөнүндө”
Алтын-Булак айыл Кеңешинин 2014-жылга карата түзүлгөн иш планын талкуулап чыгып, Алтын-Булак айыл Кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алтын-Булак айыл Кеңешинин 2014-жылга карата түзүлгөн иш чаралар планы бекитилсин.
2. Бекитилген иш пландын негизинде иш алып баруу жагы айыл Кеңешинин төрагасына жана туруктуу комиссияларынын төрагаларына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлөө жагы айыл Кеңешинин төрагасынын орунбасары М.Байдөлөтовго жүктөлсүн.
Алтын-Булак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Саипов |
| Алтын-Булак айыл Кеңешинин 20.02.2014-ж № 12 токтомуна тиркеме |
№ | Аткарылуучу иштердин мазмуну | Аткаруу мөөнөтү | Жооптуулар |
1 | 1-Кеңешме Алтын-Булак айыл Кеңешинин 2014-жылга карата түзүлгөн иш планын бекитүү жөнүндө. | 2014-жыл февраль | Саипов С Туруктуу комиссия |
2 | Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2014-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү | 2014-жыл февраль | Бакеев К Маматов Э Мамажанова Б Туруктуу комиссия |
3 | Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн 2014-2017-жылдарга карата социалдык-экономикалык жактан өнүгүү стратегиясынын болжолдорун бекитүү жөнүндө | 2014-жыл февраль | Туруктуу комиссия Бакеев К Маматов Э |
4 | Айыл Кеңештин кабыл алган токтомдорун юридикалык каттоодон өткөрүү жөнүндө. | 2014-жыл февраль | Маматов Э Туруктуу комиссия |
5 | Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн экономикалык-пландоо аймагын аймактык “ К” коэффициентинин маанисин жана кыймылсыз мүлктүн 1-2-3-топтогу объектерине салык чегерүү жөнүндө. | 2014-жыл февраль | Маматов Э Мамажанова Б Туруктуу комиссия |
6 | Жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин бюджетин бекитүү жөнүндө. | 2014-жыл февраль | Келдибаев С Мамажанова Б Туруктуу комиссия |
7 | “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамын аткаруу жөнүндө. | 2014-жыл февраль | Бабышев С Туруктуу комиссия |
5 | Учурдагы маселелер | 2014-жыл февраль | Жалпы |
| 2- Кеңешме |
|
|
1 | 2014-жылдын 6 айы ичиндеги айыл өкмөттүн социалдык экономикалык жактан өнүгүү стратегия планынын аткарылышы жөнүндө. | 2014-жыл июль | Бакеев К Маматов Э Мамажанова Б Туруктуу комиссия |
2 | 2014-жылдын 6 айы ичиндеги салык планынын аткарылышы жөнүндө. | 2014-жыл июль | Маматов Э Мамажанова Б Туруктуу комиссия |
3 | Учурдагы маселелер | 2014-жыл июль | Жалпы |
| 3- Кеңешме |
|
|
1 | Айыл өкмөттөгү айыл башчылардын, социалдык маселелер боюнча адисинин, жайыт комитетинин, ветинспектор, ВУС инспекторунун жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө | 2014-жыл октябрь | Айыл башчылар, жайыт комитет төрагасы, ВУС инспектору Соц адис Туруктуу комиссия |
2 | Участкалык жана жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторунун жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө | 2014-жыл октябрь | Жарматов М Абдуллажанов Н Туруктуу комиссия |
3 | 3- квартал ичинде жергиликтүү бюджеттин 9 айы ичинде аткарылыш абалы жөнүндө | 2014-жыл октябрь | Маматов Э Мамажанова Б Туруктуу комиссия |
4 | Учурдагы маселелер жөнүндө | 2014-жыл октябрь | Туруктуу комиссия |
| 4- Кеңешме |
|
|
1 | Депутаттык наказдардын аткарылышы жөнүндө | 2014-жыл декабрь | Ар бир депутат |
2 | 2014-жылдын бюджетинин 11 ай ичинде аткарылышы жана 2015-2016-жылга карата бюджетинин план прогнозу жөнүндө коомдук угуу уюштуруу жөнүндө. | 2014-жыл декабрь | Маматов Э Мамажанова Б Кадыров А Туруктуу ком. |