Загрузка документа…
АЛТЫН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Алтын-Булак айылдык Кеңешинин V сессиясынын III чакырылышы
2014-жылдын 20-февралы № 13
“Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2014-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө”
Күн тартибиндеги маселе айыл Кеңешинин “бюджет, финансы-экономика боюнча” туруктуу комиссиясында жана коомдук угууда алдын ала каралып, алардын сунуштарынын негизинде Алтын-Булак айыл Кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-жылы Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгү 8108,8 миң сомго жана чыгаша бөлүгү 8077,3 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. 2014-жылга айыл өкмөтүнүн бюджети кирешелер жана чыгашалары 3697,3 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн 2014-2015-жылдарга жактырылган болжолдуу көрсөткүчтөрү бекитилсин жана аларды кабыл алууда такталууга жатаары белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө” мыйзамынын 21-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 36,9 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
5. Чыгашаларды каржылоо биринчи кезекте коргоого алынган беренелер (эмгек акы, социалдык фондго чегерүү, тамак-аш, дары дармек жана милдеттүү медициналык камсыздандырууга чегерүүлөр) каржылануусу эске алынсын.
6. Айланма кассалык калдык айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча жүргүзүлүүчү накталай акча каражаты 2013-жылы үнөмдөлгөн 80,2 миң сом, 2014-жылдын 1-январына калган 80,2 миң сом калдык ар түрдүү чыгымдарга жумшалсын 2015-жылдын 1-январына карата калган калдык 51,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
7. Айыл өкмөтүнүн 2013-жылы бюджетинин чыгаша бөлүгүнө белгиленип, каржыланбай калган каражаттар 2014-жылдагы бюджетти аткаруу чегинде каржылоо сунуш кылынсын.
8. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл Кеңешинин “бюджет, финансы-экономика боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Алтын-Булак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Саипов |
| Алтын-Булак айыл Кеңешинин 20.02.2014-жылдагы № 13 токтомуна тиркеме |
№ | Кирешелердин аталышы | 2014-жыл | 2015-жыл |
бекитилгени | болжолу | ||
| Салыктын кирешелери |
|
|
1 | Подоход салыгы | 45,0 | 50,0 |
2 | Бирдиктүү салык |
|
|
3 | Милдеттүү патент | 5,0 | 5,0 |
4 | Ыктыярдуу патент | 75 | 75 |
5 | Кызмат корс.алын.салык |
|
|
6 | Кыймылсыз мүлк салыгы | 10,0 | 10,0 |
7 | Транспорт салыгы | 100,0 | 105,0 |
8 | Огород салыгы | 42,0 | 45,0 |
9 | Үлүш салыгы | 138,0 | 138,0 |
10 | А.ч.багыт.эмес жер салыгы | 10,0 | 10,0 |
11 | Сатыктан алынуучу салык | 12,2 | 12,3 |
| Бардыгы | 437,2 | 450,3 |
| Салык эмес кирешелер |
|
|
1 | Жердин ижара акы |
|
|
2 | КБФ (ФПС) | 59,3 | 60,0 |
3 | Таштанды чыгаруу | 14,0 | 14,0 |
4 | Мамлекеттик алым | 30,0 | 34,4 |
5 | Адм.штраф | 31,0 | 0,0 |
6 | Кызмат көрс.алын.төлөм |
|
|
7 | Мамлекет.пайдасына түш.төлөм |
|
|
| Бардыгы | 103,3 | 108,4 |
| Мамлекеттик трансферттер |
|
|
1 | Максаттуу грант | 7572,6 | 7572,6 |
2 | Теңдештирүүчү грант | 1649,3 | 1649,3 |
3 | Респ.бюдж.берилген каражат |
|
|
| Бардыгы | 9221,9 | 9221,9 |
| Жалпы киреше | 9762,4 | 9780,6 |
1 | Салыктык кирешелер | 437,2 | 450,3 |
2 | Салык эмес кирешелер | 103,3 | 108,4 |
3 | Расмий трансферттер | 9221,9 | 9221,9 |
| Анын ичинен |
|
|
| Максаттуу грант | 7572,6 | 7572,6 |
| Теңдештирүүчү грант | 1649,3 | 1649,3 |
| Бардыгы | 9762,4 | 9780,6 |