Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык Кеңешинин X сессиясынын V чакырылышы
2014-жылдын 7-февралы № 10/5
“Бел айылдык кеңешинин 2014-жылдын иш планын бекитүү жөнүндө”
Түзүлгөн иш планды угуп жана талкуулап, депутатардын Бел айылдык кеңешиннин бешинчи чакырылышынын онунчу сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутатардын Бел айылдык кеешинин он төртүнчү жылга негизги иш планы бекитилсин.
2. Түзүлгөн иш-пландын аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жооптуу катчысы Жумаева Анар Сатевнага жүктөлсүн.
Бел айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Бекботоев |
| Бел айылдык Кенешинин 2014-жылдын 7-февралындагы № 10/5-токтомуна тиркеме |
№ | Аткарылуучу иш пландын мазмуну | аткаруу мөөнөтү | Жооптуулар
|
1. | Бел айыл аймагынын 2013-жылдагы социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнүн жыйынтыктары,2014-жылга милдеттер жөнүндө. | 2014-жылдын биринчи чейреги | ФЭБү |
2 | Бел айыл Өкмөтунун 2013-жылы бекитилген бюджетинин аткарылы-шы 2014-жылдынбюджетин бекитүү | 1-чейрек 2014-ж | ФЭБү |
3. | Калкты медициналык жактан тейлөөдө № 19ҮБДТобунун жүргүзүп жаткан иштеринин абалы | 2-чейрек 2014-ж | Ырысбаев А.К. туруктуу комиссия |
4. | саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын отчету | 2-чейрек 2014-ж | туруктуу комиссия |
5. | Бел айыл Өкмөтунун 2014-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарган иштери боюнча айыл Өкмөтүнүн башчысы Каратаевдин отчету | 3-чейрек 2014-ж | Айыл Өкмөтүнүн башчысы М.Каратаев |
6. | Калкты таза суу менен камсыз кылуу багытында ИСКАК Бнын жүргүзүп жаткан иштеринин абалы | 4-чейрек 2014-жыл | Шакиров Н. айыл Өкмөтү |
УЮШТУРУУ ПРАКТИКАЛЫК ИШ ЧАРАЛАР:
1. | Кыргыз Республикасынын Президентинин,Жогорку Кенештин,Кыргыз РЕспубликасынын Өкмөтүнүн токтомдорунун аткарылышын камсыз кылуу | дайыма | айылдык Кенештин депутаттары,туруктуу комиссиялар |
2. | Шайлоочуларды кабыл алууну уюштуруу ,алардын арыз-даттанууларын кароо | дайыма | айылдык Кенештин төрагасы |
3. | Депутаттардын өз шайлоочуларынын алдында отчет берүүлөрун уюштуруу | мезгил-мезгили менен | Бекботоев Турдуев Жумаева. |
4. | Депутаттык окууларды өткөрүу | чейрек сайын | Жумаева. |