Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(Кызыл-Кыя айылдык кеңешинин 2015 жылдын19-июнундагы №32/118, токтомдун редакциясына ылайык)
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
2014-жылдын 14-ноябры № 24/80
“Кызыл–Кыя шаарынын аймагындагы автопарковкалар жөнүндө”
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө негиз, Кызыл–Кыя шаарынын муниципалдык менчик департаментинин 2014–жылдын 11–мартындагы №219 кайрылуу катын жана шаардын коомдук транспорттордун айдоочуларынын арызын карап, маселени сессияга сунуштоо боюнча шаардык кеңештин ишкерлер, өнөр жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин эске алып, элдердин автопарковкаларга болгон муктаждыктарын канааттандыруу максатында, Кызылкыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаарынын Асаналиев көчөсүнүн Молодежная көчөсү менен кесилишкен жеринен жогору карай медучилище тарапка көчөнүн батыш жагына Ленин көчөсүнө чейин автопарковка уюштурууга уруксат берилсин.
2. Кызыл–Кыя шаарынын Молодежная көчөсүнүн “Айсулуу” аптекасынан баштап көчөнүн түндүк тарабына Эгемендүүлүктүн 20 жылдыгы көчөсүнө, “Кыргызстан” АКБнын шаардык филиалынын имаратына чейин автопарковка уюштурууга уруксат берилсин.
3. Кызыл–Кыя шаарынын муниципалдык менчик департаментине жогоруда автопарковка уюштурууга уруксат берилген автостоянкаларды ижарага бербей, стоянщиктерди конкурстук негизде жумушка алып, өзү пайдаланышы милдеттендирилсин.
4. Кызыл–Кыя шаарынын муниципалдык менчик департаментине шаардын аймагындагы кайсы жерлерине дагы автопарковка уюштурса болоору боюнча негизделген сунушун шаардык кеңешке 2014–жылдын аягына чейин берүү жагы милдеттендирилсин.
5. Кызыл–Кыя шаардык аймактык ооруканасынын жана Кызыл–Кыя шаарынын Үй–бүлөлүк медицина борборунун имараттарынын жогору түштүк тарабында жайгашкан автотранспортторду парковкалоочу автостоянкалар акы төлөнүп пайдаланылсын, автостоянкаларга автоунаасын парковкалаган автоунаа ээлеринен автопарковка үчүн акы алынсын.
(Кызыл-Кыя айылдык кеңешинин 2015 жылдын19-июнундагы №32/118, токтомдун редакциясына ылайык)
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин ишкерлер, өнөр жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл-Кыя шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Маткалыков |