Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Премьер-министринин

2012-жылдын 17-апрелиндеги № 401 буйругуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2007-жылдын 10-августу № 388

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-статьясына ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин коллегия мүчөлөрү болуп төмөнкү адамдар бекитилсин:

Султанбеков Даниел Аалыевич - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

Карабалаев Оган Мамбетович - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик эмгек инспекциясынын директору - башкы мамлекеттик инспектор;

Сүйүналиева Бурулсун Шаршеновна - Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин социалдык жактан коргоо жана гуманитардык жардам башкы башкармалыгынын начальниги;

Абазбекова Кымбат Талгарбековна - Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Медициналык-социалдык экспертизалар жана майыптарды реабилитациялоо борборунун директору;

Доконбаев Нурдин Дюшекеевич - Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин ички контролдоо жана аудит башкармалыгынын начальниги.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Т.А.Чолпонкулов жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2006-жылдын 11-февралындагы № 93 буйругу;

- "Н.Д.Доконбаев жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2006-жылдын 11-февралындагы № 94 буйругу;

- "А.М.Сарыбаев жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2006-жылдын 11-февралындагы № 95 буйругу;

- "У.Н.Кыдыралиев жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2006-жылдын 11-февралындагы № 96 буйругу.

 

Премьер-министри

А.Атамбаев